ЖОМОК
Абийир жоголду. Эл мурдагыдай эле көчөлөрдө, театрларда топурап жүрүштү; кээде бири кубалап, бири качып, кээде бири-биринен ашып кетишет; мурдагыдай эле кымгуут, чаң-тополоң, көздөрүнө көрүнгөн нерселерден куру калбай жула качышат, бирок эч кимиси капыстан эле бир нерсе жетишпей, жашоонун оркестринде бир чоор ойнобой калганын билишкен да, сезишкен да жок. Тескерисинче, кээси өздөрүн сергек жана эркин сезе башташты. Адамдарга бир нерсе жасоо эми оңой болуп калды: бирөөнү байкатпай чалып жыгыш, кошомат кылуу, көшөкөрлөнүү, жагынуу, алдоо, ушак айтуу, жамандоо, досун сатып кетүү эми уят нерсе болбой калды.
Бардык тоскоолдуктар капилеттен жок болду; жай баскан адамдар жоголуп, баары эле учуп бараткансыйт; аларды эч ким капаландыра албайт болчу, ошондой эле эч бир нерсе аларды ойлонууга мажбурлай албайт эле; учурдагы чак да келечек да – бардыгы жөн эле келип калган сыяктуу, – алар абийирдин жоголгонун байкабаган бактылуу жандар эле.
Кайгы
Абийир капилеттен жоголду... бир көз ирмемде! Кечээ эле бул ирегеде жан баккан тажаткыр көз алдыңдан кетпей, оорулуу кыялдарыңды козутуп турар эле, анан капыстан... жок болуп кетти! Аны менен бирге айыбыңды ачып, чукулап турчу абийир менен кошо жүргөн көңүлдү дүрбөлөңгө салып өкүнтүп туруучу жалган элестер да жок болушту. Эми бул жарык дүйнөдө жыргап жашоо гана керек: дүйнөдөгү акылмандар бул жашоодогу алардын аракеттерине тушоо салган акыркы эзүүдөн кутулганын түшүнүштү, албетте, колго тийген эркиндиктин жемишинен ооз тийүүгө шашылышты. Адамдар жаалдана баштады: талап-тоноолор жана каракчылык күч алды, талкалап-бүлдүрүүлөр башталды.
Тебелендидеги абийир
А бечара абийир ал убакта ары-бери өткөн адамдардын таман алдында тамтыгы чыгып, тебеленип-тепселип жолдо жаткан. Ар ким аны кереги жок эски-уску нерседей көрүп, өзүнөн алыс тээп кетчү болду; алар ушундай таза шаардын көчөсүндөгү эл эң көп жүргөн жерде, буга окшогон ыпыр-сыпырдын жатканына таң калгандарын сураба.
Эгерде кайсы бир шордуу аракечтин, мас көздөрү эскилиги жеткен абийирди көрө калып, жок дегенде бир стакан шарапка алмаштырып жиберем деген үмүт менен жерден албаса, байкуштун ал жерде дагы канчага чейин тебеленип жатарын бир кудай гана билмек.
Ал капыстан электр тогу ургандай бир нерсени сезди. Тунарган көздөрү менен эки жагын карап, капилеттен эле шараптын буусунун таасиринен чыгып, ага жашоосунда болгон күчүн коротуп жүрүп араң кутулган ачуу турмуш чындыгын сезүү жөндөмүнүн кайтып келе баштаганын сезди. Адегенде ал кандайдыр бир алдыда турган чоң кырсыкты сезген адамдай калтырап коркуп чыкты; анан эс-тутуму чакчелекей түшүп, кыялдары ойгонду. Эстутуму караңгылыктын кучагынан анын адам уккус жорук-жосундарын: кылган зордуктарын, алдамчылыктарын, чыккынчылыктарын, калптарын, ичкиликтин айынан жасаган иттиктерин сууруп чыгып, кыялы ал нерселерди көз алдына тирилтип алып келди. Анан албетте, абийир соту ойгонду...
Сезим
Бечара аракечке анын өткөн турмушунун баардыгы жалаң кылмыш жасап өткөнсүп көрүндү. Ал талдаган да жок, суроо да бербеди, эч нерсени ойлонуп отурбады: ал көз алдына тартылган өзүнүн нравалык кыйроосун көрүп көңүлү аябай чөктү, өз эрки менен өзүн соттоого жасаган процесс, ага адамдардын эң катаал сотунун чечиминен да катуу тийип жатты.
Ал өзүн өткөн иштери үчүн жооптуу сезип, өзүн соттоп жаткан нерселердин көпчүлүгү ага, бечара аракечке тиешелүү эместигин, а кайсы бир талаадагы куюн, бир тал чөптү чимирилтип айланткандай, аны айлантып, чимирилтип жаткан укмуштуудай бир күч барын да эсепке алган жок.
Ал өткөн турмушун кандай өткөздү? Ал эмне үчүн башкача эмес, дал ушундай жашады? Деги ал өзү ким? – бул акылга салып ойлонбой туруп жооп берүүгө боло берер суроолор эмес. Анын жашоосу өз эркинен тышкары өтүп: кимдир-бирөөнүн эрки менен туулду, кимдир-бирөөнүн эрки менен өлөт.
Мынакей, эми сезими ойгонуп жатат – а анын кимге кереги бар эле? Ал эмне, аёсуз суроолорду берип коюп, жоопту унчукпай берүү үчүн келди беле? Же талкаланган, бузулган жашоосу кайрадан анын быкпырдай кайнаган агымын батыра албай бузулган храмына кирүүсү үчүнбү?
Аттиң! Ойгонгон сезим ага жан-дүйнөсүндөгү бейпилчиликти да, үмүттү да алып келбейт, а зирпилдеп, кылганыңды жактырбай турган абийир ага бир гана жолду – жыйынтык, чыкпаган түшүмсүз, өзүн өзү күнөөлөгөн жападан жалгыз жолду көргөзөт. Ооба, мурда айланасын мунарык басчу эле, ошол мунарык азыр деле каптап, айырмасы ага жанын жай алдырбай кыйнаган көрүнчү-элестер кошулду; мурда билектеринде оор чынжырдын үнү угулчу, азыр деле ошол чынжырдан кутулган жок, а анын салмагы эки эсе өстү, анткени ал эмне болгон чынжыр экенин түшүнө баштады. Аракечтин пайдасыз көз жашы көлдөп акты; жанына токтой калган ак көңүл адамдар аны ыйлатып жаткан шарап деп ойлошту.
— Оо кудай! Чыдай албайм…жададым! — деп кыйкырып жатты бечара аракеч, а карап турган эл аны шылдыңдап күлүштү. Эл анын шараптын таасиринен көптөн бери мынчалык эркин болбогонун, ал байкуштун жолдон таап алган азап-шорлуу табылгасы, анын жүрөгүн эзип жатканын кайдан түшүнсүн.
Албетте, эгерде өздөрү ошол олжого кабылса, алар дүйнөдө ушундай күйгүлтүккө салган нерсе барын, ааламдагы күйгүлтүктөрдүн эң чоңу – капыстан таап алган абийир экенин түшүнүшмөк. Алар ошондо гана өздөрүнүн канчалык деңгээлде мурунтукталып, жетекте жүрүшкөнүн, канчалык бузулгандарын билишмек, ошондо гана алдыларында турган аракечтин абалын сезишмек.
“Жок, мындан кандай кылса да кутулуш керек! Болбосо жолбун иттей өлүп тынчуудайсың!” – деп ойлоду бечара аракеч, ал оюн жаңы эле ишке ашырмакчы болуп, жол жээгине ыргытмакчы болгондо, жакын жерде турган тартип сакчысы көрө калды.
— Эй, тууган, сен эмне акыр-чикириңди ыргытканы жатасыңбы! – деди сөөмөй кезеп, – байка, бул ишиң үчүн жооп берип каласың!
Аракеч олжосун чөнтөгүнө салып, ал жерден тез кетип калды. Эки жагын абайлай карап, жүрүп олтуруп эски таанышы иштеген шарап сатуучу жайга жакын келди. Ал адегенде терезеден шыкаалап, Прохорыч жападан жалгыз үргүлөп олтурганын көрдү. Эшиктен тез кирип келип, Прохорыч эсин жыйгыча олжосун анын колуна сала койду да, көз ачып жумгуча сыртка чыгып кетти.
Абийир Прохорычта
Бир тынымга чейин Прохорич көздөрүн алайтып туруп калды; анан алка-шалка тердеп чыкты. Ага эмнегедир патенти жок соода кылып жаткансып сезилип кетти; бирок жакшылап карап көрүп бардык патенттер көгү да, жашылы да, сарысы да ордунда экенин көрдү. Ал колундагы жука чүпүрөккө окшогон нерсеге карады, ал ага тааныштай көрүндү.
«Ого! — деп эстей баштады ал, — чын эле бул баягы мен патент алчуда сатып жиберген чүпүрөкпү! Ооба, дал ошол турбайбы!
Буга көзү жеткен соң, ал эмнегедир мындан ары иши артка кетерин туйду.
— Иштеп жаткан адамга ушуга окшогон жаман нерсе жабышса, – иштин бүткөнү дей бер! Мындан ары эч кандай иш болбойт, болушу да мүмкүн эмес! – деп ойлонду ал, анан капыстан көзүнө ушул убакка чейин көрүп-билбеген коркунучтуу нерсе көрүнгөнсүп, бүткөн бою титиреп, купкуу болуп чыкты.
— А байкуш элди ичкиликке сугаруу мындан да жаман эмеспи! — деп шыбырады уйкудан ойгонгон абийир.
– Байбиче! Арина Ивановна! – деп кыйкырып жиберди коркуп кеткен Прохорыч.
Арина Ивановна чуркап чыгып, Прохорычтын колундагы чүпүрөктү көрүп, башка бирөө кыйкыргансып ачуу үн менен бакырды: “Жардамга! Оо кудай! Тоноп жатышат!”
“Бир акмактын айынан бир мүнөттө бардыгынан айрыламбы?” – деп ойлоду ал чекесинен тынбай тер тамчылап, анын эсине колуна бул нерсени ыргытып кеткен аракеч түштү.
Аңгыча аракканага акырындап эл толуп, бирок Прохорыч келген элди кадимкисиндей жылмайып тосуп, каалаган ичкилигин куюп бермек тургай, жан дили менен ичкилик адамга жакшылык алып келбесин айтып, даабат айта баштады.
— Бир рюмка ичсең – бул эч нерсе эмес! Ал тургай пайдалуу! – деп жатты ал ыйламсырап – а сен бир ичкенде токтоп калбай, бир чака болсо да ичсем деп жулунуп жатпайсыңбы! Андан ары эмне болот? Мас болгонуңду көрүшсө алып барып камап салышат, жөн эле камалбай таяк жейсиң, анан ал жерден коё беришсе байге алгансып кубанасың! Өзүң ойлонуп көрчү, кымбаттуум, ушунун сага кереги барбы, аның аз келгенсип мага окшогон жиндиге маңдай тер менен тапкан акчаңды төлөйсүң!
— Прохорыч, сага эмне болгон, жин тийдиби! – таң калышты аракканадагы кардарлар.
— Тууганым, момундай нерсе колго тийсе жинди болбой ким калат! – деп жооп берди Прохорыч – мына карабайсыңарбы, мен бүгүн кандай патентке ээ болгонумду.
Ал колундагы абийирди көргөзүп, балким кимдир-бирөөңөр алып жүрбөгүлө, – деп сунуш кылды. Бирок кардарлар иштин жайын түшүнгөндөн кийин, абийирди алууга макул болмок тургай, чочулап андан алыстап качышты.
— Патент деп ушуну айт! — кошумчалап койду Прохорыч.
— Эми эмне кыласың? — деп сурашты кардарлар.
— Эмне кылмак элем: мага өлгөндөн башка арга калбады го! Анткени силерди алдай албайм; бечара элди аракка сугарууга да болбойт; анан өлгөндөн башка эмне кылам?
— Сөзүңдө чындык бар! — деп күлүштү кардарлар аны шылдыңдап.
— Мен минтип ойлойм, – сөзүн улантты Прохорыч, – бул жердеги идиштин баарын талкалап, ичкиликтин баарын арыкка төгөм! Анткени, шарап эч кимди жакшылыкка алып барбайт!
— Ошентип эле көрчү! – деп бакырды чыдабай кеткен Арина Ивановна, Прохорычтын акылын тумандаткан абийир анын жүрөгүнө жете элек сыяктуу, – бир заматта ак ниет боло калганын кантейин!
Бирок эми Прохорычты токтотуш кыйын болчу. Ал көз жашын тыйбай сүйлөй берди.
– Ошондуктан, – деди ал, – бул бактысыздык бирөөгө келдиби, демек, ал бактысыз адам болуш керек. Ал өзү жөнүндө мен соодагермин же көпөсмүн деп ойлогонго да акысы жок. Анткени бул болбогон убаракерчилик. Ал минтип ойлонуш керек: “Мен бул дүйнөдөгү бактысыз адаммын – андан башка эч ким эмесмин”.
Ушундай философиялык ой жоруулар менен кеч кирди, Арина Ивановнанын чечкиндүү каршылыгы менен эри идиштин баарын талкалап, болгон ичкиликти арыкка төкмөк болгон аракети ишке ашпаса да, ал күнү бир тамчы да ичкилик сатылбады. Кечке жуук Прохорычтын көңүлү ачылып, жатаарда ыйлап жүргөн Арина Ивановнага кайрылды:
— Мынакей, сүйүктүү байбичем! Бүгүн эч бир пайда тапкан жокпуз, ошентсе да абийириң таза болсо кандай жакшы!
Чындыгында эле ал башы жаздыкка тиер замат уйкуга кетти. Уктап жатып күндө элди алдап пайда таап, бирок абийирсиз жүргөн күндөрдөгүдөй, төшөгүндө таң аткыча ары-бери ооналактабай, мемиреп тыптынч уктады, ал тургай коңурук да тарткан жок.
Аялы абийирди уурдап алды
Бирок Арина Ивановна бул жөнүндө башкача ойдо эле. Ал араккананын ишинде абийир табуу пайда алып келбеген, анчалык деле жагымдуу табылга эместигин жакшы түшүнчү, ошондуктан кандай болбосун чакырылбаган коноктон кутулууну чечти. Ал түнү менен кыйналып араң жатты, араккананын чаң баскан терезелеринен жаңы гана жарык шооласы кире баштаганда, уктап жаткан эринен абийирди уурдап алды да, алды-артын карабай көчөгө атып чыкты.
Кудай жалгап бүгүн базар күн болчу: шаардын айланасындагы айылдардан дыйкандар жүк жүктөлгөн арабалары менен агылып келе баштаптыр, а кварталды көзөмөлдөөчү Ловец тартипти байкап туруш үчүн бараткан экен. Шашылып бараткан Ловецти көрөр замат Арина Ивановнанын башында жакшы ой кылт эте түштү. Ал анын аркасынан кубалап жетип, жанына жанаша калды да, укмуштуудай чеберчилик жана шамдагайлык менен анын пальтосунун чөнтөгүнө абийирди билдирбей салып жиберди.
Абийир Ловецте
Ловец караманча эле уятсыз адам эмес болчу, бирок көзүнө чалынган нерседен өзүн куру кол калтырганды жактырчу эмес, алам дегенин колун чыканагына чейин уялбай этпей эле салып жибермейи бар эле. Кебетеси бетпакка окшобогон менен, жулуңдап турчу. Колдору тентектик кылбаса да, жолдо жаткан нерсенин бардыгын илгиртпей илип кетчү. Кыскасы, накта шылуундардын бири.
Анан эле капыстан бул кишиге бардык нерсе башкача көрүндү.
Базарга киргенде андагы арабалардагы, үкөктөрдөгү, дүкөндөгү буюмдар ага өзүнүкүнө окшобой, чоочун көрүндү. Мурда эч качан мындай болчу эмес. Ал уятсыз көздөрүн ушалап, минтип ойлоду: “Мага эмне болду же түш көрүп жатамбы?” Бир арабага жакындап, кол сунгусу келди эле, колу көтөрүлбөдү. Башка арабага барып, дыйканды сакалдан алмакчы болду, – оо, шумдук! алаканы жумулган боюнча ачылбай калбаспы!
Ал коркуп кетти.
“Бүгүн мага эмне болгон? – деп ойлоду Ловец – минте берсем иштин баарын бузам! Акылымдан айный электе үйгө кайтсамбы?” Бирок оңолуп кетермин деп үмүттөндү. Базарды аралап баса баштады, караса жаныбарлар жүрөт, жаймада ар түркүн буюм-тайымдар жайнайт, ошонун баары ага: “Көрүп турсаң да чыканагыңды тиштей албайсың!” —деп жатышкансыды.
А базардагы адамдар анын өз үлүшүн алганга жарабай, акылы ордунан жылып кеткенин көрүшүп, мурдагыдай коркуп калгандын ордуна Ловецти шылдыңдап күлүп, Фофан Фованыч дей башташты.
– Мага бир оору тийди көрүнөт! – деп чечкен Ловец үйүнө бир да баштык албай, куру кол жөнөдү.
Үйүндө аны аялы “сүйүктүү эрим бүгүн кандай олжо менен келет?” – деп күтүп жаткан. Анан эле эри эч нерсеси жок шалпайып өзү келип жатпайбы. Анын жини ушунчалык кайнады дейсиң, өзүн кармана албай Ловецке кыйкырды:
— Алган оокаттарың кайда?
— Абийиримдин алдында айтайын… — деп баштады Ловец.
— Баштыктарың кана деп жатам, дагы кайсы шуркуяңа берип келдиң?
— Абийиримдин алдында айтайын… — кайрадан баштады Ловец.
— Бар, эмки базарга чейин ошол абийириң менен тамактан, менин сага берер тамагым жок! — деп чечим чыгарды аялы.
Ловец башын ылдый салып туруп калды, ал аялынын сөзгө бекем экенин жакшы билчү.
Ал үстүндөгү пальтосун чечти, – мына кызык, ал дароо эле башка адамга айланды! Абийир анын пальтосунун чөнтөгүндө калгандыктан, ал кайрадан өзүн жеңил, эркин сезип, дүйнөдө ага чоочун эч нерсе жоктой, андагы болгон нерсенин баардыгы өзүнө гана тиешелүүдөй сезилди. Ал кайрадан жулуп-жегенге даяр экенин туйду.
—Эми менден кутула албайсыңар, досторум! – деди Ловец алакандарын ушалап, ал базарга кайрадан учуп жетмекчи болуп шашкалактап пальтосун кийди.
Бирок оо шумдугуң кургур! Пальтосун кийе электе кайрадан кыйпычыктай баштады. Анда эки башка киши жашап жаткандай: пальто кийбесе – уятсыз, күлдү өз көмөчүнө тарткан өзүмчүл, ач көз; а экинчиси пальтосун кийген кезде – уялчаак, тартынчаак.
Ал дарбазадан чыгар замат жоошуй түшкөнүн билсе да, базарга барам деген оюнан кайткан жок. Барганда көрө жатармын деп ойлоду.
Базарга жакындаган сайын жүрөгү дүкүлдөп, болбогон акча үчүн керелдин кечке ысык-суукта, жамгыр менен ылайда соода кылган бечаралардын алдында өз күнөөсүн моюнга алгысы келди. Башкалардын түйүнчөктөрүнө көз артмак тургай, чөнтөгүндөгү өз капчыгында ишенимдүү булактардан өзүнүн эмес, бөлөк бирөөлөрдүн акчалары жатат деген кабар уккансып, ага оор сезиле баштады.
– Ме, досум, бул сага! – деди да өтүп бараткан адамга он беш тыйын сунду.
– Муну мага эмнеге берип жатасың, Фофан Фофаныч?
– Мурда жасаган жаман мамилем үчүн, досум! Кудай үчүн мени кечирип кой!
– Мейли, Сени кудай кечирсин!
Ошентип ал базарды айланып чыкты, болгон акчасынын бардыгын элге таратты. Бирок бул ишинен соң көңүлү жайланып, жеңилдеп калганы менен, катуу ойго батты.
– Жок, бүгүн ооруп калдым көрүнөт, – деди өзүнө, – үйгө кетиш керек, андан көрө жолдон баратып үй-жайы жок жүргөндөр болсо ээрчитип барып, кудайым жиберген ырыскы менен курсактарын тойгузуп жиберейин!
Ал айтканын жасады: үйүнө бир короо кайырчыларды ээрчитип келди. Аялы таң калып, бул дагы эмне шумдуктун ичинен чыкканы жатат дегенсип күтүп калды. Ал анын жанынан өтүп баратып, эркелете сүйлөдү:
– Мына, Федосьюшка, сен айткан ачка адамдарды ээрчитип келдим, кудай үчүн тамак берип койчу!
Бирок үйүнө кирип мыкка пальтосун чечип илер замат ал кайрадан өзүн жеңил жана эркин сезе баштады. Терезеден карай койсо эшик алдына шаардагы кайырчынын баары толуп алыптыр! Карап алып эч нерсе түшүнгөн жок.
—Бул эмне болгон эл? Булар мында эмне кылып жүрүшөт? – ал короого чуркап чыкты.
–Эмне болгон эл болмок эле, өзүң тамак бер деп ээрчитип келбедиңби! – жинденди аялы.
—Бирин да калтырбай кубалап чык! – деп кыйкырды да, жинди болгон немедей кайра үйгө жүгүрүп кирип кетти.
Ал бөлмөдө ары-бери басып, деги мага эмне болду? – деп көпкө ойлонду. Ал жыйнактуу адам эле, кызматын аткарганга келгенде тим эле жолборс болчу, анан эле минтип үлжүрөгөн немеге айланды!
— Федосья Петровна! Садагам! Кудай үчүн мени байлап салчы! Азыр мен бир жыл бою оңдой албас иштерди жасарымды сезип жатам! — деп жалдырап жиберди ал.
Ловчиха Ловецтин кыйналып жатканын көрдү. Аны чечиндирип, төшөккө жаткызып, ысык чай берди. Жарым саатча анын жанында олтурган соң сырткы бөлмөгө чыкты. Балким пальтосунун чөнтөгүнө бир нерсе сала келгендир деген үмүт менен чөнтөктөрүн оодара баштады. Бир чөнтөгүндө бош капчык жүргөн экен, а экинчи чөнтөгүнөн майланышкан кагазга оролгон нерсени сууруп чыкты. Оролгон кагазды ачып көрүп көздөрү чакчая түштү!
— Эми баардыгы түшүнүктүү! — деди ал кобуранып, — чөнтөгүнө абийир салып алган экен да!
Анан абийирди кимге берсем туура болот деп ойлоно баштады. Бул жөнөкөй эмес нерсени көтөрө билген киши гана көтөрөт эмеспи. Ойлонуп олтуруп мунун орду мурда дүң соода кылып жүрүп, а азыркы учурда финансы иштери менен алектенген, темир жолду ойлоп тапкан еврей Шмуль Давыдович Бржоцкийде деп тапты.
– Анын моюну бир топ жоон! —деп чечти ал, – балким бир аз чайналар, бирок чыдайт!
Мына ушинтип чечкен соң, ал абийирди штемпель басылган конвертке салып чаптап, ага Бржоцскийдин дарегин жазып, почта жашигине салып келди.
— Мына эми базарга коркпой эле бара берсең болот, кымбаттуум, – деди ал үйүнө кайтып келип.
Абийир финансисте
Самуил Давыдыч Бржоцский үй-бүлөсү менен тамак ичип олтурушкан. Жанында он жашар уулу Рувим Самуилович көңүлүндө банкирлердин эсебин жүргүзүп жатты.
– Атакебай, эгерде сен белек кылып берген бир алтынды айына жыйырма пайыз өскөндөй кылып берсем, жылдын аягында канча акчам болот?
— А кандай пайыз: жөнөкөйбү же татаалбы? — деп сурады өз кезегинде Самуил Давыдыч.
— Албетте, татаал, атакебай!
— Эгерде татаал болсо, бөлчөктөрүн эске алганда кырк сом, жетимиш тогуз тыйын!
— Анда берем, атакебай!
— Бер, менин акылдуум, бирок ишенимдүү күрөө алганды унутпа!
Бери жагында анын дагы бир жети жашар уулу Иосель Самуилович олтурган, ал дагы учуп бараткан каздардын тобун сап-сабы менен көңүлүндө эсептеп; андан кийин олтурушкан Соломон Самуилович менен Давыд Самуилович экөө Давыд Самуилович Соломон Самуиловичке андан пайызга алып жеген момпосуй үчүн канча карыз болгонун эсептеп жатышкан. Үстөлдүн аркы башында Самуил Давыдычтын сулуу аялы колуна эмчектеги кызы Рифочканы алып олтурган. Кичинекей наристе тубаса сезими менен колун энесинин билегиндеги алтын билеригине сунуп жатты.
Кыскасы, Самуил Давыдыч бактылуу болчу. Ал алдындагы брюсселдик оймо-чиймелер менен кооздолуп, өзгөчө соус менен берилген төө куштун канаттарына жаңы эле кол салар болгондо, кызматчысы ага күмүш табакчага салынган конвертти алып сунду.
Катты колуна алып эле күйүп турган чок кармап алгансып, тыбырчылап жиберди.
— Мен эмнеден жаздым! Мунун мага эмне кереги бар эле! – боздоп жиберди бүт денеси титиреп.
Эмне болуп кеткенин эч кимиси түшүнбөсө да, бирок андан ары тамак ичүүнүн уланышы мүмкүн эмесин бардыгы билишти.
Эми Самуил Давыдычтын мындай эстен кеткис күнү кандай азап тартканын сүрөттөп айтып бербей эле коёюн; бир гана айтарым сырттан караган кишиге алсыз, чабал көрүнгөн менен эң эле катаал сыноону баатырдык менен көтөрдү, ал тургай беш алтындык акчаны артка кайтарып бергенден да баш тартты.
– Бул эмне дегендик? Кантип ушундай болсун? Лия, мени бекем карма! – деп жатты ал айласы түгөнгөн учурларда, – эгерде мен кутучаны сурасам да бербе, таптакыр бербе! Андан көрө өлгөнүм жакшы!
Бирок бул дүйнөдө чечүүгө болбой турган оор маселе жок эмеспи, бул абалдан да кутулуунун жолу табылды. Самуил Давыдыч жакшы тааныш генералга анын карамагындагы кайрымдуулук ишканасына жардам берем деп убада кылганын эстеди, ал көптөн бери убадасын аткарганга ыңгайлуу учур таба албай, улам кийинкиге жылдырып жүргөн. Мына эми ошол ыңгайлуу учур келип, берген сөзүнүн өтөөсүнө чыгууга сонун мүмкүнчүлүк чыгып олтурат.
Ал ойлогонун ишке ашырууга ошол замат киришти. Конверттеги белекти кыпчуур менен акырын кыпчып сууруп чыкты да, башка конвертке салды, жанына жүз сомдук акчаны кошту. Аны чаптап алып генералга жөнөдү.
– Улуу урматтуум, уруксат берсеңиз сиздин ишканаңызга бир аз болсо да жардам берейин дедим эле, – деди ал кубанып кеткен генералдын алдына конвертти коюп.
– Жакшы! Бул ишиңиз мактоого татыктуу!— деп жооп берди генерал. – Мен ар дайым сиз... еврей катары... Давиддин мыйзамына ылайык... ушундай болсо керек, туурабы?
Генерал чын эле Давид ошондой мыйзам чыгарганбы же бул башка бирөөнүн мыйзамы беле – чаташып калды.
— Дал ошондой, бирок бизди еврей деш деле кыйын, улуу урматтум! — шашып кетти Самуил Давыдыч, ал өзүн жеңил сезе баштаган эле, — атыбыз эле еврей болбосо, затыбыз орус болуп калбадыкпы!
— Чоң рахмат! — деди генерал, — бир нерсе гана өкүндүрөт… христианин катары… мисалы сиз менен... эмне үчүн болбосун?.. а?..
— Улуу урматтуум… бизде андай ден-соолук кайда… ишениңиз, сыртыбыздан эле соо кишидей басып жүрөбүз!
— Ошентсе да?
— Улуу урматтуум!
— Мейли, мейли кыйнай албайм! Кудай колдосун!
Самуил Давыдыч үйүнө канат байлап алгансып учуп жетти. Ал ошол эле кечте көргөн азап-тозогун унутуп койду жана ушундай бир адамдын оюна келбеген, жалпы элдин көзүн байлаган шумдуктай бир операция ойлоп тапты эле, эртеси күнү аны билген элдин ооздору ачылды.
Ошентип, бечара абийир дүйнөнүн кайсы бурчуна барса да куугунтукталып, миңдеген адамдардын арасында көпкө чейин темселеди. Бирок аны эч ким батырган жок, тескерисинче, түрдүү амалдар менен андан кутулуштун аракетин жасашты.
Акыры ал байкуш ушинтип туруктуу үй-жайы жок, бирөөлөрдөн бирөөлөргө өтүп кор болуп жүргөндөн өзү да тажай баштады. Ал акыркы жолу барып кабылган чаң сатып, соодасы жыргалдуу жүрбөгөн, чоң базардын кичинекей соодагеринен жалынып суранды.
— Мени мынча эмне кыйнайсыңар! – ыйламсырады бечара абийир – эмне үчүн мени кир майлыктай көрөсүңөр?
— Эч кимге керегиң жок болсо, мен сени эмне кылмак элем, абийир бийкеч? — деп жооп берди майда соодагер өз кезегинде.
– Анда эмесе мындай кылыңызчы, – деп суранды андан абийир,— кичинекей бала таап, анын таптаза тунук жүрөгүнө мени салыңыз! Күнөөсү жок наристе мени өз жүрөгүнө кабыл алып, багат болуш керек. Ал жашына жаш кошуп өскөн сайын мен да анын жүрөгүнөн бекем орун алып өсөм, кийин элге мени менен чыккандан эч тартынбай, уялбай чыгат.
Балдар өссө – абийир да өсөт
Анын каалаганы орундалды. Майда соодагер кичинекей баланы издеп таап, анын булгана элек аруу жүрөгүнө абийирди жайгаштырды.
Бала өскөн сайын аны менен бирге абийир да өсөт. Кичинекей бала абийири таптаза чоң кишиге айланат. Ошондо дүйнөдөгү бардык жалган нерселер жоголуп, эки жүздүүлөргө, арамзаларга, зордукчуларга орун болбойт, анткени абийир ал кезде тартынчаак болбойт жана бардык нерсени өз колуна алат.
Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ