Бир күнү дыйкандын картошкасын бариндин чочколору жеп кетет, жөн жебей таң атканча майкандап казып, тебелеп-тепсеп толугу менен жараксыз кылат. Жайлата кылган мээнети текке кеткен дыйкан ызасы менен падышанын өзүнө даттанмай болот. Бирок ак сарайга барса сакчылар киргизишпейт, киргизмек тургай жакын жуутпай кубалашат. Байкуш дыйкан арызын кантип айтарды билбей аңкайып ак сарайды карап турса, бирөө падышага кат жазып кайрылууну сунуштайт.
Муну туура көргөнү менен дыйкан сабатсыз эле. Айлана-чөйрөсүндөгүлөр да кат билчү эмес. Ал эми билимдүүлөр жарым барак кат үчүн көп акы доолашат. Ары кетип, бери кетип, арга таппаган дыйкан акыры катты өзү жазмай болуп кагаз-калемди алып, алгач көп чекиттерди жасайт, анан кичирек тоголокчолорду, мындан соң чоң сүйрүлөрдү тартып, баракты төрт бүктөп чөнтөгүнө салат да, ак сарайга жөнөйт. Катын падышага кантип беришти билбей ак сарайды айлана басып акмалап жүрсө, ал жактан каадалуу баскан бир киши чыгат.
- Сен кимсиң? - дейт ал саламга келбей.
- Мен дыйканмын, падышага берчү катым бар эле, - дейт дыйкан андан сүрдөп.
- Кана берчи катыңды, - тиги киши ого бетер сүрдүү карап кол сунат, коркуп кеткен дыйкан катын кармата салат.
- Бул эмне деген чааралакейлериң? – дейт тиги кагазга үңүлө берип эч нерсеге түшүнбөй.
- Майда чекиттер менин картошкаларым, чоңурактары бариндин торопойлору, сүйрүлөр анын чочколору, - деп түшүндүргөндө тигил каткырып жиберет. Мындан улам тартынганы жоголгон дыйкан падышага арызданып келген себебин төкпөй-чачпай айтат. Муну уккан ал ойлоно түшүп:
- Азыр катыңды сакчыга алып барып бер да, үйүңө бара бер, - деп басып кетет.
Дыйкан ал айткандай кылат.
Эртеси падыша билермандары менен кеңешчилерин топтоп, элдин кат жүзүндөгү доо-арыздарын карай баштайт. Каттарды безирчи окуп, өзү баш болуп угуп отурат. Катчы дыйкандын баягы катына жеткенде эч нерсеге түшүнбөйт.
- Окубайсыңбы! – дейт падыша.
- Окуйт элем таксыр, түшүнүксүз болуп атат...
- Түшүнүксүз болсо билермандарга бер, түшүндүрүп берсин, - дейт падыша сыр алдырбай.
Дыйкандын каты колдон колго өтүп, кыйынмын деген ак сарай билермандарын аралайт. Бирок эч ким окуп түшүнө албайт. Ошондо падышанын жини келет:
- Бир катты окуй албасаңар силерди эмнеге кармап жүрөм! Кана бергилечи, өзүм окуюн!
Катты бере салышат. Падыша катка көз жүгүртүп:
- Мунун эмнеси бар экен! Бир дыйкандын жайлата өстүргөн картошкасын бариндин чочколору жеп салыптыр.
Билермандар падышага таң кала да, түшүнбөй да карашат. Муну байкаган падыша буйрук берет:
- Мага каттын ээсин таап келгиле!
Көп өтпөй дыйканды алып келишет. Аны падышанын алдына чөгөлөтүшкөндө, ал бариндин чочколору картошкасын жеп салганын саймедиреп берет. Кошоматтана албай араң турган билермандар падышанын акылмандыгын даңазалап бүтө албай жатып калышат. Дыйкан болсо баш көтөрө берип, тактыда кечээ өзү жолуккан киши отурганын көрөт.
Ошентип падыша макоо дыйкандын арты менен билермандарына акылдуу көрүнөт. Дыйкан да кур калбай падышанын буйругу менен баринден доосун эки эсе өндүргөн экен.
Орусчадан эркин которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ