АҢГЕМЕ
Ал эчак карылыкка моюн сунуп, оорукчан, бул ааламда эч кимге кереги жок, жакырчылыктан эртең кандай оокат кылам деп ойлобой, ушул күнгө чейин кантип тирүү жүргөнүнө өзүнө өзү таң берген абалда эле. Көптөгөн оору-сыркоосунан башка, анын бул дүйнө менен байланыштырып турган эч нерсе калган жок.
Жыйырманчы жылдары Россиядан чогу чыгып, эрге тийбей так өткөн эжеси эчак өтүп кеткен: эжесинин түспөлү окшош боштукка көнүп, аны деле эстебей калган; бирок бүгүн трамвайда, профессор Д...ны акыркы сапарга узатып мүрзөдөн келатып, эжесинин жайы абдан каралбай калганын, крестеги боёгу жыртылып, липанын көлөкөсү түшкөн жерде мүрзөнү сыдырып кеткен көлөкө тамгаларын өчүрүп жаткансып, аты-жөнү окулбай калганына айласы куруп, капа болуп ойлонуп келатты.
Профессор Д...ны жайына берген жерде, ары жок өлүм бардыгынын даражасын эрөөн-терөөнү жок теңдеп койгон ондон ашык улгайган адамдар чогулган экен, мурдагы ак сөөктүктөн калган салттын учкундары үзүл-кесил сакталып, коштошуу аземи өтүп жатканда муң басып, кандайдыр бир кейиштүү күтүү менен, мындай жерде боло жүргөндөй; топ-топ да, жалгыздан да турушту. Күн ачыгып калгандай куйкалайт, ал тамтыгы чыккан костюмун элге көрсөтпөш үчүн пальто кийип алган. Профессор Д...ны жакындан билчи, ушул жылуу, жаркыраган июлдун мээримдүү жели менен кошо улам бириндеп, үзүктөлүп, колдон жулунуп бараткан анын жаркын элесин көз алдына сактоо аракетине болбой, эжесинин көнүмүш адаттары эсине түшүп, ошол адаттары менен бирге тирилип келгендей болуп, эжесине ой-сезими улам жылмыша берди, өзүнө окшогон толук, оор салмактуу, эркектердикиндей чоң, майлап койгондой жалтыраган кызыл мурдуна так эле өзүнүкүндөй кубаттуу көз айнек тагылган, ушул күнгө чейин орус коомдук иштериндеги аялдар кийип жүргөн боз жакет кийген; мээрман, жумшак кыял, бир караганда билгичтик менен, шайдоот, акылдуу жашоо кечирген, бирок таң калыштуусу; ошол жашоосун күтүлбөгөн жерден пайда болуучу өзүнө гана белгилүү муңайым, кейиштүү кусалык аралап, ошондой сезимдери үчүн ого бетер кымбат көрүнгөн эжесинин элеси оюн ала кача берди.
Трамвайда сыгылышкан берлиндик бейтааныштардын арасында мүрзөдө акырына чейин чогу болгон – Василий Ивановичке анча деле жакын тааныш эмес, карыган, мурдагы присяжный поверенный[i] (анын да менден бөлөк эч кимге кереги жок) келатат. Василий Иванович бир топко чейин, эгерде трамвайдагы тыгылыш капилеттен беттештирип калса, аны менен сүйлөшсөмбү, же унчукпай эле койсомбу деп ойлонуп жатты; ал болсо терезеден көзүн албай арып калган өңүндө белгисиз бир мыскыл ойноп, айланып жаткан шаардын көчөлөрүн тиктейт. Акыры (ошондон кийин мен аны көз алдымдан чыгарган жокмун), Василий Иванович көздөгөн жерине келип, эти оор, калчылдап эби жоктугунан узунунан кеткен таш аралчага түшүп калганга кондуктор жардам берди. Түшүп, өйдөдө кондуктор жеңинен кармап турган колун жай, ыраазылык менен кабыл алды, тамандарын шашылбай жайгаштырып, бурулуп, кооптуу жерлерди мерчеп, көчөдөн өтмөккө асфальтка бут салды.
Өттү. Өгүнү калчылдаган иерей чиркөөдө, кудайга түбөлүк даңкты ырдоону сунуштаганда, Василий Иванович көпкө кыйналып жатып тизесине араң жыгылды эле, ал тизелегиче бардыгы бүтүп да калган, а кайра бутуна тура албай атканда, азыр кондуктор жардам бергендей, карыган Тихокий жардам берген. Ушул эки окуя эсине түшүп, өзгөчө бир сезим жаратып, жер менен киндиктеш болуп калгандай, өзүнө жагымдуу чарчагандыкты сезип, ойлонуп туруп, өзү тамактанып жүргөн жакшы, бирок өтө эле суз адамдарга баргысы келбей, анын үстүнө эртерек деп ойлогон Василий Иванович, таягы менен өзүнө өзү отургуч жакты көрсөттү, акырындык менен, акыркы секундаларга чейин жердин тартылуу күчүнө моюн бербей отурду, багынып берди.
Ушул азыр жан дүйнөсүн бийлеген ачык, чоң, кымбат баа, бактылуу сезим кайдан, кантип келгенин түшүнсөм деди. Мындай карасаң карылыгы жеткен, оорукчан, жүзүнө өлүмдүн белгиси тагылган адам го, ал бардыгын, кимди сүйсө ошонун бардыгынан айрылган: Россияда экенде эле белгилүү черносотенчи, доктор Малиновскийге тийип кеткен аялын, өзү иштеп жүргөн гезитти, бала кезден бирге өскөн досу, аны жакшы көрүп окуган, аты уйкаш, кымбаттуу Василий Иванович Миллерди, граждандык согуш учурунда провинцияда кыйноо тартып Харбинде рактан өлгөн агасын, эжесин.
Кайрадан эжесинин каралбай калган, жаратылыш менен жуурулушуп бараткан мүрзөсүн кейип эстеп турду; мына, жайына коюп, каралбай калганына жети жылдай өткөн экен. Эмнегедир Василий Иванович күтүүсүздөн эле кыжыры келип, эжеси сүйгөн. Эжеси жалгыз гана ошону сүйгөн, - гаршин тукумундагы, акылы жок, кургак учукка чалдыгып алган, келишимдүү капкара сакалчан, кошулуп турган кара каштарынын астынан тикчийип, атып ийчүдөй болгон цыган көздүү, көйнөк жеңиндеги кандын тагын, көйрөң штиблетчен кичинекей буттуу адамды эстеп калды. Андан эч байланышы жок эжесинин өспүрүм кези көз алдына тартылды, тифтен кийин чачтары кыркылып жаңы баштуу, дивандуу бөлмөдө отуруп алып, өзү өздөштүргөн, буюмдар менен болгон ички байланыштын татаал ыкмаларын түшүндүрүп жатат, анын бардык жашоосу буюмдар менен адамдардын бири бирин сезүү тең салмактуулугунун сырларын сактоо убаракерчилиги менен өтүп жатат. Өтүп баратып, дубалды сол колдун алаканы менен сылап өтүү, оң кол буюмду сезип, ага тийип жаткандай, сезим таза болуп, бир ыргак, бир дүйнөдө бири бирине чагылышып тургандай. Кийин көбүнчө аялдардын маселесине кызыга баштады, аялдар үчүн дарыканаларды уюштуруп, өлүктөрдөн абдан коркоор эле, анткени өзү айткандай Кудайга ишенчи эмес.
Эми мына: мындан жети жыл мурда түнкү көз жаштары үчүн айрыкча жакшы көргөн эжесин берген мүрзөдөн кайтып келатып, көмүлгөн жерине байланган убара ойдон улам байыркы өткөндөр эсине түшүп; ушунчалык оор, жармач, олдоксон, тизелей албаган, трамвайдан өзү түшө албаган (кондуктордун ырайымдуулук менен сунулган колдору, менимче жүргүнчүлөрдүн бирөө да жардам берди көрүнөт), чарчаган, жалгыз, толук, эскиче уялгандардын бардык сезими менен өзүнүн жамаачыланган ички кийиминен, түлөгөн шымынан, каралбай калган, эч ким жактырбаган, жүдөгөн толуктугунан уялып, ошол эле убакта жеңил, анын узак, оомалуу-төкмөлүү жашоосунда бир нече жолу күтүлбөгөн жерден, кайдан келгени белгисиз пайда болуп, таң калтырган бир бактылуу сезимден толкуп турду.
Ал колдорун таягынын сабына коюп (анда-санда манжаларын кыймылдатып), жоон сандарын жайып, ошондон улам бүчүлөнбөгөн пальтосунан чыккан карлар отургучка эшилип, тынч отурат. Төбөдө гүлдөгөн липаны аарылар тейлеп; андан, гүлдөрү коюу жеринен балдын жыты сызылып, а ылдыйда, липанын көлөкөсүндө таш төшөлгөн жерди бойлой майдаланган тезекке окшош сары гүлдөр жайнайт. Бак ичиндеги гүлзарда суу болгон ичеги жатат, арыраакта, учунан чачырандылары күнгө түркүн түскө кубулуп суу атырылат. Четин бадалдардын жана шале[ii] түрүндө салынган ажаткананын ортосунан көчө баш багат; анда бултук маскарапоздой болгон жарнама тумба турат, калдырап-шалдырап трамвай өтүп барат.
Ушул бакча, ушул розалар, ушул чөптөрдү ал ар түрдүү абалында миң жолу көрсө керек, бирок менин да, анын да сезимин кайдан-жайдан келгени белгисиз рахат каптап турганда, бардыгы жашоо чагылдырып, жаңыланып, анын тагдырына тең орток болуп тургандай. Анын жанына ошол эле кара-көгүш боёк менен сырдалган, күнгө ысыган, меймандос жана бардыгына кайдигер отургучка орусча гезит кармаган бирөө келип отурду. Ал адамды сүрөттөп бериш мага оор, анын кажети деле жок, автопортрет дайым эле жакшы чыга бербейт, анткени сүрөттөгү көздө дайым эле чыңалуу сакталып кала берет: күзгүдөгү чагылуу гипнозу, ансыз сүрөт тартылбайт. Эмнеге катар отурган адамды Василий Иванович деп койдум? Жөн эле, анткени бул ысымдын айтылышы кресло менен айкалышып турат, ал адам да кенен, жумшак, бети да чоң көнүмүш, анан колдорун таягына коюп, абдан жайлуу, кыймылдабай отурат, - көз айнектин артындагы каректери гана жылат: бир багытта бараткан булуттан, андан тескери багытка бараткан жүк тарткан машинеге же майда таштардын арасында баласына тамак берип жаткан эне чымчыктан, кичинекей бала сүйрөп бараткан жыгач автомобилдин үзүлүп серпилген кыймылына (мына, капталына жыгылып калды, болбой эле сүйрөп баратат). Профессор Д...нын некрологу гезиттин көрүнүктүү жеринен орун алган, анан мына, мен, Василий Ивановичтин таң эртедеги турмушун кейиштүүрөк жана окшошурак жасалгалайм деп, шашып жатып ушул аза күтүүгө барганды киргизип койдум, а чынында некрологдо профессор Д...ны жерге берүү күнү кошумча айтылат деп жазылган эле, бирок кайталап айтам, мен шашып калдым, анын үстүнө ушундай болорун өзүм каалап жаттым. А анткени ал адам чет мамлекетте бир маселелер менен орустар салтанаттуу чогулган жерде көрүп жүргөндөрдүн өзү эле, маселеге тиешеси жоктой түр менен четте, ошонусу менен катышып жатканын атайын басым жасап белгилеп жаткандай, жана да мен бала кезден жакшы билген, ал бизге алыскы туугандардан болчу, - москвалык коомдук айым А.М. Аксаковага окшоп кеткен, таза кырылган болбураган жумшак бети, анан мен аны байкоосуздан эле, бирок так өзүндөй кылып анын эжеси кылып койдум. Ушунун бардыгы көз ачып жумганча болуп калды, анткени мага так ушундай адам, мен үч жылдан бери алпурушуп жаткан романдын эпизодуна керек эле.
Ушул мен трамвайда түшүп жатканда көрүп калган, азыр жанымда отурган толук, кары адам балким, такыр эле орус да эместир? Менин ишим канча. Мен ага абдан ыраазымын! Ал ушунчалык көлөмдүү экен! Белгисиз бир сезимдердин тогоолушунан менде пайда болгон, дене боюмду дүркүрөтүп, жарк дей түшкөн бакыттын учкундары менен, ушул адамды да бөлөп жаткандаймын... Ал адам Василий Иванович, карылыгына, оорукчандыгына, ичиндеги чоң шишигине карабай, мен сезип жаткан рахатты кошо сезип, ага татыктуу эместигимди тең бөлүшкөнүн кааладым. Каалаганда да, жан дүйнөмдү жин ургандай каптап, удургуган шоола сымал эстен тандыра бийлеп турган ушул рахат, эч кур дегенде эки адамга бирдей болуп, алардын сүйлөшкөн сөзү болуп, ошол аркылуу сакталып калышын кааладым, ансыз мени муунтуп турган ушул жапайы бакыт сезим толук болбой калчудай. Василий Иванович (ушул эле ат ал кишиге жарашып турат) кара фетр шляпасын башын сергитип алыш максатында эмес, так эле менин ойлорума макулмун деп жаткандай колуна алды. Ал шашылбай, чоң колдору менен чыкыйын сылады эле, липанын жалбырактарынын көлөкөсү анын колдоруна жабыша калып, анан кайрадан ак чачтарына жармашты. Дагы эле шашпай, башын мен жакка жай буруп, гезитимди, гезитти ынтаа коюп окумуш болгон менин жүзүмдү карады, анан ары бурулуп, шляпасын кайрадан кийди.
Бирок ал меники болуп калган. Мына эми ыкчына ордунан турду, түзөлө калып, таягын бир колунан экинчи колуна алды, анан биринчи кадамын өзүн сынап жаткандай кыска шилтеп, жөн гана кетип калды. Эгерде жаңылып жатпасам, түбөлүкө, бирок ал кеткен менен, жугуштуу нерсени кийин бир мүнөткө болсо да романымдын бир жеринде, кандайдыр бир сөздөрүнүн кайрыгында калкып чыккандай кылып мага чума сыяктуу жуктуруп салды.
Менин өкүлүм эми отургучта жалгыз калды, анан ал Василий Иванович олтурган көлөкөгө жылып алгандан кийин, анын маңдайын эми эле кетип калган адамдын маңдайын сылап жаткан салкын көлөкө сылап турду.
1935-жыл.
Которгон Марсел ИСАКОВ