Багжан Азат уулу: Кем дүйнө

  • 19.11.2021
  • 3983

АҢГЕМЕ

Эрке желдей эркин учуп, эркек киндиктүүнүн жүрөгүнө чок салган качанкы бир шайыр мүнөз тентек кыздын эми мажүрөө, түнттөшүп калганын сезет болду бэкенсиң?! Сезген да чыгарсың, сезгенде эмне?.. Өткөн балжууран балалыгыма, бетим ачылбаган беш көкүл курагымды кайра жасап коёт белең?! Жо, эч качан! А эгер баарын түгөл жасап алууга мүмкүндүк болгондо, бу саамда ботосун жоготкон боз ингендей боздоп турбас элем го, аттиң!

*    *    *  

Экөөбүз таанышкан күн али эсимде. Ал убакта толуксуздун биринчи жылдыгынын акыркы мезгили эле. Окуу натыйжам алдыңкы катарда болбосо да орто бааланып, кадыресе келип-кетүү жана жеке тазалык жагымдан кынтыксыз элем. Айрыкча мектептин өткөрүлүүчү иш-чараларына активдүү катышып, эчендеген сыйлыкка татыктуу болгон күндөрдү азыр эстеп, ошол «убакыт» деген нерсенин жеткен ырайымсыз экенине ызаланам. Убакыт кургур эч багытсыз жортуп өткөн шамал сыяктуу каш кагымда өтө чыкканына ишенгим да келбейт. Ошол бактылуу көз ирмемдердин бир кыйырын махабат сезими капылет чулгап, ургаачылык насилиме бейчеки жерден дак түшүрүп, «аягы суюк» атыкканым үчүн өлгүм келет.

Аттиң, ушу мага кыйчалыш түшкөн тагдырдын ташын колдон келсе талкалап салууга арга болсо не?! Жумуру баш, айры буттуу адам баласы тагдыр чийининен алкып кете албай, башка түшкөнүнө аргасыз көнүп жашайт окшобойбу! Ошондо балалык баёо сезимим жалбырттап күйгөн өрт учкунуңдан албырып, эс-акылым бүтүндөй өзүңө менчиктелип кетери түк оюма келген эмес. Тим эле андагы таанышуу эреркете бир башкача сезимдин агымына балкытып, соңу чарт этип чагылгандай күтүүсүз аякталып жок болорун анда кайдан билипмин.

Дал ошондо классташ досумдун туулган күнү болуп жатпайбы, соолгур! Башкасынан куру жүрсө мейли, бирок бир жылда бир келген туулган күндү шаан-шөөкөттө өткөрмөйүнчө окуучулардын көңүлү жай алчу эмес. Жыл аттатып өткөрсө анын жөнү бөлөк дечи. Дүйнөдө ошолор эле туулгансып ар жыл сайын өткөрүү адатка айланган. Ар кимиси ата-энесинин зорго тапкан акчасынын бир бөлүгүн ошол каргашадай «туулган күн» деген балээге коротушат. Мен да оокатына жардамдашып, көңүлүн улап жүрүп байкуш апамдан бираз акча алдым.

Классташ досубуздун туулган күнүнө жакшы баруу үчүн камылга көрө баштадык. Балдар салабаттуу кийинишсе, кыздардын кээси жарашып-жарашпаганы менен эсептешпей, бет май сыяктуу ажарлуу буюмдарды ченебей сыйпаган экен. А мен андай кылуудан ыңгайсызданып, болгону жарашыктуу гана кийиндим. Алыс-жакындан тааныш-билиш, башка класстан, анан өзүбүздүн классыбыздагы окуучулар түгөл чакырылыптыр. Дал ошо күнү убадалашып алгансып ал кыздын ата-энеси айылдан алыс бир жакын тууганынын тоюна кетиптир. Көрсө, ал күнү келбейт экен. Торт, түрдүү жемектиктер, арак жана сыра сыяктуу дүр дүйнөнү чакан бир бөлмөгө жайгарыптыр. Баарыбыздын көңүлүбүз куунак. Бирок көңүл түпкүрүмдү кандайдыр бир таруудай нерсе өйүп тургансыды. Ал сен эмес белең, түгөнгүр! Сенин кайдан келгениңди, ким ээрчитип келгени табышмак болду. А деп соорун башталганда эле эл назарын бура комузду күүгө толгоп, бирде элдик ыр-дастандан оболото калсаң, бирде “Манас” айтып албууттанып, көптүн бүйрүн кызытканың айрыкча туюлган ошондо.

Комуз десе бөтөнчө кызыгар элем. Бир кездерде комуз үйрөнгүм келгенин атама айтканымда: «Бу комуз тээ ата-бабаларыңдан учугу үзүлбөй уланып келген эң баалуу таберик. Комуз үйрөнүүгө ниеттенгениң ата мурасын аздектегениң. Азыркы жаштардын көбү электрондук оюнчукка баш оту менен берилип, салттуу мурастарын көмүскөдө калтырууда. Бирок комуз жөн жерден жаралган эмес, балам, анын анты бар дешет. Абдан бойго жет, андан соң атаң сөзсүз үйрөтөт» - дегени жадымда. Ошондон тарта комуз үйрөнүүгө болгон ышкыбозум улам күчөп, үйрөнүүнү төрт көз менен күсөп жүргөнүм качан!..

Соорун ансайын кызып, сен черткен комуз күүсү көл толкунундай жан дүйнөмдү чарпып өттү. Жөнөкөй бир куураган куу жыгачка үч кыл тартып, форматы адам таңдангыдай тири укмуш да эмес, бирок жүрөк менен жан дүйнөнү ээликтирген бу сыйкырды жараткан ата-бабамдын талантына тан берип, миң мерте ыраазы болдум. Чиркин, бет маңдайымда ошол жөнөкөй жасалгалуу аспаптан «Улуу тоолор» күүсүн алда бир эргүүдө дембе-дем черткениңде, албан-түмөн сырдуу күүнүн ыргагында жагалмайдай кайкып, жаабарыстай жагалдуу айбат менен алмустактан бери көчмөн элге эришـаркак жашаган улуу тоонун тилсиз күчүн жан туйгум менен сезгендей болдум ошондо.

Соорун башталгандан бери сенин ыр-күүлөрүңдү моюп укканым болбосо өз-өзүмчө коомайланып, арак-пивонун ачкыл жытынан жипкире түштүм. Өмүрү мындай нерсени оозума алып көрбөгөн мен үчүн чакан соорун кандайдыр бир өөн учурап тургансыды. Жан дүйнөнү кылчалык чаң баспаган, көп иштерден беймарал, эне сүтү оозунан кете элек жакшынакай окуучу арак ичти десе кимдин эле куйкасы курушпасын! Ооба, алар анда окуучу экендиктерин түптөн унутуп, кадимкидей чоң кишиче рюмканы так көтөрүштү. Кызы кайсы, уулу кайсы; айтор, азил-чыны аралаш не деген гана сөздөр айтылбады. Кыздар сыра, уулдар ач бөрүдөй арак менен сыраны кошул-ташыл ичкен сайын шайманы кетип, алка-шалка терге чумулду. Бирок сенин аракты ошончо жакшы көтөрөрүңдү эч ойлогон эмес элем. Сенин нурдуу жүздөрүң, салабаттуу толмоч келбетиң, баарынан бөлөкчө комуз черткениң жан дүйнөмдү эрксиз мейитпеди беле! Ошондо неге сага арбалганымды күнү бүгүнгө дейре түшүнө албайм. Сүйүү дегениң – коркокту баатыр, чоркокту ишмер, акылдууну акылсыз кылат деген ырас белем. Кыз башым, кыл чачым менен акмактарча сага берилгеним үчүн ким күнөөлүү? Албетте, өзүм күнөөлүү, өзүмдүн бала кыялдыгым. Ошондо сени жолуктурбай койгонумда минтип тагдырдын капшабына кабылбас элем го, ал сүйүү эмес эле кара башыма көрүнгөн касирет турбайбы, кокуй!..

Өзүңө назарым бурулганын сездиңби, айтор умсуна карап, улам кайра көздөрүңдү ала качтың. Бир убакта күтүүсүз эле:

- Карындаш, сырадан ичип олтурсаң боло. - Бу сөздү кандай максатта айканыңды толук аңдай албай шашкалактап калдым. Мени чындап ичсин дедиңби, же атайын сынамакка айттыңбы, ал жагы бүдөмүк эле.

- Жо, мындай нерсени мүлдө ичи көрбөгөм, эң жакшысы мени бөөдө кыйнабасаңар. Мейли кандай болбойлу, досубуздун куттуу күнүндө көңүлдүү болсок жетишет.

Жылмайган түрдө андан ары үндөбөдүң. Силердин араңарда ичпеген бир гана мен болуп, көзүңөргө ого эле комсоо көрүнсөм керек ээ? Бирок анда кыздык намыс мүлдө жол бербеди. А түгүл арак ичкен мас адамды жеткен ыплас сезер элем. Жаш чагында атамдын ичип келип апамды ур-токмокко алганы көңүл түпкүрүмдө кыттай уюп, дегеле эсимден чыккыс болду. Ошондон болсо керек, арак ичкен адамды эгерим кыртышым сүйбөйт.

Көңүл терметкен соорундун сонорунда тааныш эмес жат көздөр да бирине бири ысык сезилип, сырдашуунун мөртү келет эмеспи. Сырдашып гана тим калбай телефондору менен байланышын кошуп жатышты. Ошол убакта бар болгону үчـтөрт гана телефон экен. Калганыбыз энесине таарынган баладай үңкүйүп, телефондун жоктугуна бүшүркөп турдук. Ансыз да мектепте телефон алып келүүгө тыюу салынчу. Өзүбүздө менчиктүү телефон болбогон соң көпчүлүгүбүз тыныгуу күндөрү ата-энебиздин телефонун талашып, ар нерсени көрүп жыргар элек. Байланышымды алуунун кыябын таппай, көз кыйыгың менен алдырттан карап жатканыңды эбак шекшип, бирок чалдырбоого аргалап үн-сөзсүз отура берүүгө мажбурландым. Анткени эс тарткандан бери эркек чымын коно элек аруулугум ачык-айкын сүйлөшүүгө жолтоо болуп, тик багып кароого да эрким жетпеди.

Эртеси таң эрте сабакка кирүү коңгуроосу чалынары менен жарыша класс жетекчибиз дайындык дептерин көтөрүп класска кирди. Класс күндөгүдөн жымжырт. Кечээги туулган күндө бирге болгон сабакташтарымдын көбү келбегенин билдим. Адатта жайдары мүнөз мугалимдин ындыны сууп, үлүрөйө түшкөнү ак жуумал жүзүнөн даана байкалды. Ак көңүлү кармаганда берерге эчтекесин таппай калдактап, ачуусу келгенде ааламды астын-үстүн кылуудан кайра тартпаган мүнөзү катаал ургаачы эле. Бүгүн сабактан жаңы мазмун өтөрүн айтып, келбеген окуучулардан бирден кабар тапты. Арак аттуу балээге катылбай, элден мурда кетип калганым үчүн кубандым. Бирөөсү башым десе, бирөөсү ичим деп, айтор ыксыз шылтоо менен кутулушуптур. Ошо күнү Кубат аттуу сабакташымдан бир барча кат жиберген экенсиң. Катты ачуудан мурда эчен бир кыйырсыз ойго чидерленип, жүрөгүмдүн лакылдап какканы кулак түбүмө чейин анык угулуп турду. Кубаттын: «Сага ашык бирөөнөн кат» - деп кытмыр күлүп, колума кармата салганын эстеп, ансайын түкшүмөл ойго эрксиз жетелендим. Анткени, сенден бөлөк бирөө-жарым эч качан кат жиберип көргөн эмес. Ошого, колумдагы эң алгачкы катты миң түйшөлүп, миң ойлонуп, ишенип-ишенбей, алда ким шекшип калып колумдан жула каччудай кооптоно жатаканага жалгыз барып окудум. Алат күн, оболу өзүң озунуп кат жазарың мүлдө оюма келбептир. Туулган күн отурушунда бир көрүп ашыктык сезимиң алоолоп, ал учурда сыр бөлүшүүгө толук оңуттун жоктугунан аргасыз жайбаракат отурууга мажбур болгонуңду айтып, барактын эң соңгу бурчуна байланыш номуруңду калтырыпсың. Бир паска нес боло калдым. Бир көргөн адамдын күн узабай кат жибергени чындап мага ашык болгонубу? Же эбин таап мендей акмакты эптеп колго кондуруп, каалаганча калчап ойносом дегениби? Бирде оң, бирде терс ойлордун чеңгелинде чиеленип, капканга түшкөн кийиктей айлам куруду.

Үйгө кайтканымда каттагы калтырган байланышың боюнча СМС жазышып, дайыныңды, учурдагы иштериң жөнүндө кең-кесири баарлаштык. Айылыбыздын Чагансай кыштагынан болоруңду, бир үйдүн кенже уулу экениңди, мектептен чыккандан тарта ар кай жерден жумуш таап иштеп жатканың жөнүндө түшүндүрдүң. Ошентип күндө кечинде аңгеме дүкөн куруу адатка айланып, апам уктагандан кийин телефонун алам да, ички бөлмөгө кирип, сени менен уурданып сүйлөшөм. Телефонун адатта терезе тараптагы шкафка коёр эле. Сүйлөшүп болгон соң эшикке чыгууну шылтоолоп телефонун абайлап ордуна коюп, кайра кирип жатып алчумун. «Уурунун көтү кууш» деген ырас белем, апамдын телефонун уурдап иштеткеним узакка барбады. Сени менен сүйлөшүп жатып кашайган көзүм кашайып уктап кетсем боло. Ошол уктагандан корооздун ачуу кыйкырыгынан чочуп ойгонсом, апам күйпөлөктөп чай кайнатып жүргөн экен. Мен жаткан бөлмөнүн эшиги коомай ачылып туруптур. Апам ачып койгонун билдим. Аңгыча болгон жок, апам кирип келди да:

- Сен кыз, ашынып баратасың, түн оогончо уйкуга көзүң ирмелбейт, бул жоругуң менен сабакты кантип укканы жүрөсүң? - мени ачуулуу тиктеди. ـ Мындай кыла берсең окууңа терс таасири болорун ойлодуңбу, үмүтүмдү жер менен жексен кылар болдуң го! ـ Үмүтсүз таризде колун шылтеп басып кетти.

Көкүрөк көтөрүп, башыма түк чыккандан бери апамдын ачуу жемесин ошол күнү алгач ирет угуптурмун. Апам түн теңинде заарасы кыстап талаага чыгып, анан телефондун күчтүү нуру терезеге чагылышкандыктан шекшисе керек деп боолгодум. Анткени телефон коюлган жер шкафтын ичинде. Болбосо кантип билмек. Урушкандын да жөнү бар. Байкуш апам менин келечегимди дебесе ошол сөздөрдү айтабы?! Азыр ойлоп апама ичим ооруйт. Арзыбаган сендей акмакты деп байкуш апамдын көңүлүнө көлөкө түшүргөнүм үчүн ичимден кан өтөт, өкүнөм! Керек болсо сендей эр сөрөйдүн сексенин жолуктурарым чын, бирок бул ааламда ата-энеме татыктуу жан адамды жолуктурушум мүмкүн эмес. Демек, ар нерсени учурунда баалай албай өтүбүз жарылгыча өкүнгөн менен айла жок тура.

Мен өзүм элетте чоңойгон кызмын. Жаз-жайлоо, кыш-кыштоого көчүп-конуп кадымки ата-бабабыздын салтын аздектеген үй-бүлөдөн элек. Дегинкиси, балалыгымдын теңи ошол тоо койнунда өткөн. Бир тууган иним окууга кирди, колайлуу болсун үчүн жакынкы жылдан бери жакага көчүп түшкөнбүз. Түпкү тегим тоолук кыз болгонумдан шаардыктардан алда канча айрымаланып, кыймыл аракетим, жүрүп-турушум сага өзгөчө көрүнсө керек. «Туулган күндө сени бир көрүп, негедир көзүмө чоктой басылдың. Башкалардан кийген кийимиң да иреттүү, ары таза сезилди. Бирок түшүнө албадым, эмнеге чачыңды башкаларга окшотпой далыңа түшүрүп өрүп алгансың» ـ деп сөз калтырган жайың бар. Анын да себеби бар эле. Апам чынында салтты катуу карманган киши. Мени менен бирдикте ойногон кыздардын кээсинин чачтары кыска боло турган. Көрсө, кесип кыскартып салышкан экен. Апам мага аларды сындап акыл-насаатын дамамат айтып турар эле. «Чачты кескен туура эмес, чачты кескениң ырыскыңдын кесилгени. Бирок кеспедим деп чачын жайып жүргөндөр канча! Чач жаюу аза күткөндү көрсөтөт. Жакын тууганы же күйөөсү өлгөн келин-кыздар чачын жайып аза күткөн учурлар болгон», ـ деп эскертип, чачымды тыкандап өрүп берер эле. Энемдин бул сөзүнүн түп төркүнүнөн азыркы кыргыз коомчулугу өтө эле бечел абалда калганын сезиндим. Замандын агымына ылайык жаштарыбыз миң түркүн кубулуп жатышканын ким танат?! Ошол сурооңдон улам кыздарга таандуу адаттардын өз боюман табылып жатканына сүйүнгөмүн. Ошентип кызуу аңгеменин учугу күн сайын уланып, сени менен бир маал сүйлөшпөсөм жакынымды жоготкон сыңары жалгызсырап калчу болдум. Үйүр алышкан малды бөлөк жайга бөлүп жиберсең деле акыры үйрүн издеши турган кеп. Адам баласы андан жаман экен. Бирөөнө көнүп калдыңбы, айрылмагың кыямат. Тим эле бул жашоонун чыйыр жолу өчкүндөп, ансыз өмүрүң татыксыздай сезилет. Таң калам, башка жериңерден оозуңар өнүгүп жатканына. Оозуңар менен бакытка, байлыкка да жетесиңер, а түгүл оозуңар менен сүйгөнүңөрдү бактылуу да кыласыңар... деги койчу, оозуңардан бар балээнин баары келет. Сөзүңөр бал, дилиңер муз экен. Баардык жигиттерди андай дегенден алысмын, сен сыяктуу оозу менен орок оргон жалганчыларга айткым келет.

Акыры жолугушуу да болду. Бак-дарактар менен курчалган ээн токойдон алгачкы ирет жолуктук. Эл көзүнө коопсуз деп ошол токойду тандасаң керек, өзүң чакырдың. Телефондогу мен ойлогон жигиттен башкача билинип, барпылдап оюңдагыны оңой эле айта салчу шайыр көрүндүң. Мен да кысылып-кымтырылып турбастан сурооңо ылайык сөз жөнөтүп жаттым. Телефондон маектешип тил табышканыбыздын жардамы бейм, кадимки сырдана көөнө досумдай ийменүү сезими болбогонуна өзүм да айран калдым. Антпегенде анчалык ачык айкын болуп кетүүм даргүмөн эле. Бир сүйлөсөң бир жылмаясың, үнүң өтө сылык, ак куба жүзүңө жараштырып кийген киймиң таза, тыкан. Дене боюңдан атырдын жытыбы, айтор бир башкача жагымдуу жыт урат. Көз алдыма ички жан дүйнөң менен тышкы сулуулугуң айкалышкан оорактуу жигит сезилдиң.

Жөн гана жактыруу сезими экенин же чындап эле жүрөгүмө махабат оту туташып жаткандыгын биле албадым. Үч маал тамактанууну унутсам унутам, бирок кыялымда калдайган карааның чарк айланып, эс учумду эбегейсиз эрке мөнөзүң, айрыкча тамашакөй бала кыял турпатың ээлеп, дегеле эсимден чыкпас болдуң. Мугалимдин ынты-зынты менен берилип сабак сүйлөгөнү зээныме кыпындай да кырбейт. Сабактан да төмөндөп, мугалимдердин мага болгон көз карашы бөтөнчө боло баштады. «Сабактан төмөндөп баратасың, бир иш болдубу? Же табың кетип бир жериң ооруп жатабы?...» - деген сыяктуу көптөгөн сөздөрдү такып сурай берчү болду. Ал ансайын алдастап, экөөбүздүн мамилебизди чандыртпоого далбас кылар элем. Кызык, башка оорудан оорусаң эптеп айыгарсың, бул оорунун себеби эмне экенин, дарысы кайдан табыларын билбей кыйналганың жаман тура. Ал тапта бирден бир дарысы сен болуп калбадыңбы, алат күн!

Адам өмүрүнүн эртеңки күнү эмне менен тынарын, эмне болумуштар жүз берерин алдын байкоого арга болсо, балким адам аттуунун баары бакытка маарып, өз тагдырын өзү чечп, эч бир тоскоолдуктарга кабылбас эле го чиркин! Жок, мындай мүмкүндүк өңүбүздө түгүл түшүбүздө да болуп көрбөгөн нерсе дечи. Албетте, алдымда өкүнүчтүү каргаша күтүп жатканын, жаштыгымдын бир бүчүрү кыйыларына сааты келип турганын өң-түшүмдө да сезген эмес элем, кокуй күн!

Ашыктар майрамын утурлап кыз-жигиттер оодан шаарчасына барып көңүл көтөрүп жаткандыгын ойдо жокто айтып калдың. Ашыктар майрамы деп белгиленген ошол күн таптакыр эсимде жок. Мурда эркек атмайдын этегин кармап бөлөк-бөтөн жерге көңүл ачуу деген болбогон. Бирок көңүл сүйгөн көөхардай асыл адамымдын чын дилдүү суранычын тепсөөрүн кылууга азиз жүрөгүм батына албады. Айтканың боюнча оодан шаарчасына эртелеп жөнөп кеттик. Кыйма-чийме машиналар, тим эле чукул жумушка ашыгып бараткан сыяктуу шаштысы кеткен кымгуут эл. Ийин тирештирип колтукташа баскан кыз-жигиттер оодан базарынын тең жарымын ээлеп алган сыяктуу көрүндү. Кыздардын колдорунда бирден гүл, дегеле түркүн-түстүү кийинишип, жомоктогу периштедей чакан базардын көркүнө көрк кошуп тургансыды. Бир ааламдан өзгөчө бир ааламга учуп келгенимдей укмуштай сезилди. Бир убакта менин да кымбат баалуу роза гүлүн кучактап калганымды бир билдим. Колдорубузда балмуздак жана башка ар түркүн жемектиктер. Чиркин, өзүмдү бул дүйнөдө эң бактылуу адамдай, сени менен ушул жүрүштө эч кайда токтолбой аалам кезип жүрө бергим келди. Айланада эл болбогон болсо кучагыңа өзүмдү атып көпкө чейин эркелегим келет. Бирок канча кыялдаганым менен, эл алдында колтукташып жүрүүгө да дараметим жетпеди. Кокус тааныш бирөөлөрдүн көзүнө чалдыгып, ата-энеме айтып коюшса абийиримдин кеткени эмеспи. «Окууңду бүткөй жатып эр издеп баштапсың» - десе кай бетим менен жооп бермек элем. Арасат ойдо не кылууну билбей жатканымды туюп, колтукташып басууга макул эместигиме каршы болгон жоксуң.

Учкан куштай убакыт канатын күүлөп, өчөшкөн өңдүү сабалап өтө чыкты. Түш болуп түшкү тамактады да ичтик. Анан мага бүгүн үйгө кайтпай турганыбызды, оодан четинен бир бөлмөлүү жатак буюртуп койгонуңду айттың. Ошончо көңүлүң менен акча каржылап чарпылып жатканыңа ичим ооруса, бир эсептен мен үчүн иштеген иштериңе тымызын ыраазы болдум. Сенин андай ичиңде котур ташың барын билсем, түн катып жөө болсо да айылга чыгып кетер элем го. Болгону, өзүмдүн ишенчээк, энөөлүгүмдөн көрөм...

Түш оой жатаканага жайгаштык. Жатак ичи көз жоосун алган түрдүү буюмдар менен жасалгаланыптыр. «Күндө ушундай апакай мамыктай төшөктө жатса, чиркин!» - деп тамаша-чынын кошуп бир нерселерди сүйлөп жаттың. Ал сөздөрүңдү дээрлик элес албагам. Көрсө, ошол тапта эле адамдык жүгөнүңдү бош коё берип, аза боюңду арамдык уялаган тура.

Бир оокумда телефонуң чырылдады. Телефонду кабылдадың. «Жарайт... канчада...е, акылдашайын...» ـ деп бир нерселерди сүйлөшүп жаткансыңар. Анан мага достуруң махабаттары болуп оодан ичинде жүрүшкөндөрүн, бизди да чакырып жатканын айттың. Менин көөнүмөн өткөн жок, кыскасы, баргым келбеди. Бирок сөзүңдүн кыязында бирдикте баралы деген өтүнүч билинген соң аргасыз болуптур дедим.

Иңир кире баштаган маал. Бирок оодан шаарчасынын каршы-терши асфальт жолдорун чырак нурлары күндүзгүдөй эле жап-жарык көрсөтүп турат. Сигнал уруп аркы-терки удургуп өткөн машиналар менен тең кумурскадай кымгуут элдин карааны шаар көрүнүшүн айгинелеп тургансыйт. Айтпаса да ошондой, каптаган эл бар үчүн шаарың шаанилүү көрүнөт экен. Антпегенде ың-жыңсыз көрүстөндөй сүрдүү болмок! Бирок ошол эл ичинде кандай гана адамдар бар дечи, «эл» аталганы менен канчалаган ичи бузук адамдар барын кимдер байкайт? Бир карап ар кимдин кандайлыгын билүүгө арга болсо, бу жалганда алда небак жаман адамдардын аягы суюлар эле го. Алар өзүн кантип билгизбей жүрсө, дал ошентип билгизбей эле коомго зыян туудуруп, кечирилгис күнөөгө батып жатышпайбы!

Күндүзгүдөй эмес, кадыресе жүрөк токтотуп, кудум айрылгыс түгөйлөрдөй кынала басып алиги досторуң чакырган жайга шашылып жөнөдүк. Кадамды тездетким жок. Баёо жүрүштө барар жерибизге жете албай, таң атканча кең көчөдө колтукташып баса бергим келди. Ал жактагы досторуңдун өң-түспөлүн али көрө элекмин. Ушундайча жетип барсам кандай кабыл алышаар... Ой сокту болуп жатып, биз барчу жердин каалгасына кантип жеткенимди сезбептирмин. Эшиктен кире бергенимде каптаган уул-кыздардын жарданган жуп көздөрү ала-кызыл чырак нуруна коштоло ак жуумал жүзүм анардай кызарып, кантеримди билбей бир саамга деңдароо боло түшкөн боюмду «жүрбөйсүңбү» деген сөзүң селт эткизди. Күнөөкөр адамдан бетер артыңдан илкий басып, жоон топ уул-кыздарга чукулдай өзүмдүн негедир калтаарып кеткенимди сездирбестен аста-секин мыйыгыман жылмайып амандашууга араң жарадым. Табиятымдан уялчаак өскөнүм үчүнбү, анчалык неге уялчаак боло калганымды такыр түшүнбөйм.

Тегеретме үстөлдө баарыбыз уй мүйүз тартып олтурдук. Тим эле оозу-мурдуна кеп жукпай алда нелерди кобурашкан кыздардын үнүн бир убакта шаңдуу музыканын ыргагы кан буугандай чорт үздү. Эбакта эле буюртма берип коюптур. Тоок эти куурмасы менен мен билбеген ар түрдүү куурмалар тегеретме үстөлгө кыдырата тизилип, каздай моюнун койкойтуп ак тунук сыралар келип жатты. Тамак менен аралаштырып кыздарга сыра куюлса, жигиттердин көпчүлүгү ак арак ичмей болушту. Араксыз тамак супсак, соорун кызыксыз сезилсе да ошол нерселерин тим коюшса кандай сонун болмок. Ичкенче адам, ичкенден кийин жадагалса төрт аяктуу макулукка да тең болбой, инсактык оорагы тепсөөрүн болуп, аза боюн бүтүндөй жин аралайт тура. Аракты ашаанча ичип, башы сынып ооруганда же ичип алып кылмыштын тузагына сайылган ошол тапта «экинчи ичпейм, аракты желкемдин чуңкуру көрсүн» ـ деп наалат айтып, өз-өзүнө канчалык шерт бербесин, кутулгандан соң шайтаны кайра «ич-ич» деп тукуруп, акыры ичип алгандарды не десек?! Арак жексур коомго ыпыластык алып келерин билип турсак да, напсибизди тыюуга аргасыз экенбиз. Демек, адам баласы качан өз напсисин тыйганда, ошол күнү чыныгы адам калыбына келери чындык тура.

Кыздарга рюмка менен бир баштан сыра куюлду. Баарысы ичет экен. Кезек мага келгенде «ичпейм» деп баш тартып канчалык актанганым менен эч майнап болбоду. «Ичип көрбөгөм, жайыма койгула», ـ деп каршылык көрсөткөн эркиме көнгөндөй сезилген. Бирок «достурумдун көңүлүн, биздин бактылуу болушубуз үчүн кичине ичип бер» деген сөзүң оозума кургак талкан салгандай болуп, эч нерсе дей албай нес болдум. Менин сөзүмдү сүйлөп, андай балит нерседен обочолосоң болбойт беле, өз сүйгөнүңдүн акактай таза болушун каалаган жоксуңбу ошол тапта. Көрсө кийинкиңе жол чаап жаткан турбайсыңбы... Кайдан билейин аңкоо жаным.

Бир рюмка ичкенден кийин «ийне өткөн жерден жип өтөт» ـ деп, жана бирди ичирдиңер. Ошентип жаалашып жатып кыйла рюмка ичирген экенсиңер. Айтор көңүлүм башкача эргий түшкөндөй болду, башта тымпыйып бир ооз кепке келбей зыңгырап олтурган кыз заматта чечилип сүйлөп, кең-кесири сөз козгоштук. Анан бийге чыга баштады. Мен да алардын катарын толуктап бир сапар бийлеп да үлгүрдүм. Соорун өз нугунда уланып жатты...

Түндүн салкын сыдырым жели өз ыргагынан жаңылбай, оодан шаарчасын таза абанын кучагына көшүлтөт. Узак жолдо тынбай жөө жүрүп абдан кажып, кадам шилтөөгө дарманы калбаган эки жолоочудай ары-бери теңселе басып, колтукташып келаттык. Бутум таш байлагансып оор, кадам шилтесем эле чалыштайм. Көчөнүн күчтүү чырагы көзүмө күңүрт сезилгенсийт. Араңдан зорго жатаканага жетип, эптеп көчүк басканымды билем. Андан кийин энеден туума жатканымды бир билдим. Жанымда сенин бейгапар коңурук тартып уктап жатканыңды көргөндө, бөлмө ичи ачуу үндөн бир жаңырды. Жаның көзүңө көрүнүп чочуп ойгондуң. Күндүн нуру терезеге түшүп, экөөбүздү мыскылдап жаткан сыңары…

Мага ошол күнү өмүрлүк күйөөң болом деп убаданы чоң бергенсиң. Сени мындан ары эчтекеден кор кылбай, бир тал чачыңды жерге тепсетпейм, мага ишен, колум менен кылганды моюнум менен көтөрөм дедиң. Кана ошондогу убадаң? Кана ошондогу күйөө болчу эркек сөрөй? Жаштыгыман пайдаланып, жаш балача алдап кеткениңди ылайым убалым уктатпасын!

Болору болуп, боёосу сиңип бүткөн соң, күчүмдү эки көзүмдөн чыгарып ыйлагандан башка колумдан эчтеке келген жок. Тосмосу бузулган суудай жиндене ыйладым. Ушундай тагдырга туш болуп, жаштыгым менен эрте кош айткан күнүмө наалып ыйладым. Кыздыгымды жоготконум жетпей жаткансып, тагдырымды таш каап, курсагыма арам сийдигиңден түйүлдүк бүтүп калганына чыдабай ыйладым.

Кыз десе жантыгыңан жата калып, сугалак сезимге арбалган жеңил ойлуу жигит экениңди кеч түшүнбөдүмбү! Мурда сен жөнүндө элдин аңырт кептерин эч эрөөн кылбай, жанымда болсоң тим эле чечекейим чеч, дүнүйөм түгөл сезилгенин кантесиң! Мендей шор маңдайдын тагдырын талкалоого кантип гана дитың барды?..

Кыз десе эбедейиң эзилип, качантан берки бүркөө кабагың булуттан чыккан күн сыяк «жарк» дей түшүп, ич-ичиңен кымыңдап калар өнөкөтүң барын мурдарак билгенимде эмне! А мендей уяң, сөзгө төкөк, жөп-жөнөкөй кыздын кирсиз жан дүйнөсүн дээрлик таназарыңа албай, тагдырым менен эсептешпей, акыры бирөөнү таап жылас болдуң. 

Сүйүү деген тилсиз күч бүт дени-кардыңды, өпкө-жүрөгүңдү... кала берсе утурумдук өмүрүңдү да аманаттап алат тура. Бар ынтаам менен балапан жүрөгүм уламдан сага дегдеп, сагынып, сенсиз күнүм какыраган чөлдө калчудан бетер жипсиз байланыпмын мен акмак! Канча айыбың ачыкка чыгып жатса деле сенден шек урбай, аялуу сезим менен баары оңушту болуп кетерине ишенгем. А балким сүйүүнүн көзү көр деген ырас белем!.. 

Сыртыман тың-чыйрак көрүнгөнүм менен ичимде быкпырдай кайнап жаткан дил азабымды, намысыма чыдабай эки бутту эптеп сүйрөп жүргөнүмдү жан пендеси туйган жок. «Бул курсактагы бала эмей эле балээни кантип бир жаңсыл кылып, эл алдында жайбаракат баш көтөрүп жүрүүгө болот» - дегенге ой токтотуп, акыры бир аргасын тапкандай болдум. Өп-чап жыйган акчамды көтөрүп ошол эле оодандык оорукананын бирине бардым да, бар жагдайды ийменбей түшүндүрдүм. Бирок менин өтүнүчүмө оңой-олтоң макул болушкан жок. «Бир нерсени эскертип койбосок болбойт, бул деген кичик баланын оюну эмес, өмүрлүк иш. Жаш экенсиң, баланы алдырсаң эми бойкат болушуңа таасири болуусу мүмкүн», ـ деген аныктама коюшту. Кандай кылууну билбей көзүмөн эрксиз куюлган жашымды аарчыганга дарманым жетпеди. Баланы төрөсөмбү? Элеги жок эл эртең эле бүт жамаатка шерменде кылышпайбы, кокуй! «Палендин кызы эрге тийбей жатып этегинен бузулуптур», - десе байкуш ата-энем намыстан чүнчүп жок болбойбу. Кантишим керек? Неси болсо да тобокелчиликке салып түшүртүп таштап, башка келгенин көргөндөн башка аргам жогун ойлодум. Ошентип оодандан атайын музыка үйрөнүү үйүрмөсү курулгандыгын, Гүлзат аттуу жан бирге досумдун музыка үйрөнүшүбүзгө шарт түзүп койгонун, бир апта жүрүп келеримди ата-энеме айттым. Көрбөй жүрүп көргөн мендей жалгыз кызын обу жок жектеп кетчү эмес. Акыры бу шылтоом кабыл болуп, бала чоңоё электе түшүртүүгө чоң жардамы тийди.

*   *   *

Ошол эле жылы мектептен кол үздүм. Мен үчүн анда окуу эмес керт башымдын кайгысы мүнөт сайын жүрөгүмө жебедей сайылып, сайда саны, кумда изи жок шамал өңдүү акыл-оюм алда каяккадыр жортуп учуп, намысыман кубарым кулабадыбы, катыгүн! Тирүүлөй намыстан өлгөнчө, көрөр күн, ичер суубуз түгөнүп бу жалгандан биротоло карааныбыз өчкөн тынч экен. Башыма түк чыккандан бери намыс дегендин чыныгы жүзүн ошондо тааныдым.

Мектептен чыккан соң түйшүгү түгөнгүс көр оокаттын шарданына шашылыш аралаштым. Кыялымда ийненин көзүнчөлүк санаа жок, эрке да, эркин жүргөн, окуунун алекчилиги менен ар бир күнүм майрамга тете мектеп кучагындагы күндөрүм артта калып, эл алдында жалданып иштөө сапарым башталды. Иштебей жүрүүгө да чарам жок эле. Акчанын арааны жүрүп жаткан коомдо үй күчүк болуп, үй тиричилигине тушалып жүрө бергенде мага бирөө кош колдоп акча береби. Ансыз да өлбөстүн күнүн, өчпөстүн отун жагып, эптеп чай-туздук акчаны араң таап жүргөн ата-энеме жүк болгонум акылга сыйбабы. А көрөк өз алдымча акча табуу үчүн оодан базарындагы ресторандардын бирине тейлөөчү болуп иштедим. Айлык маянам өзүмө жетерлүү болду. Акчамдан ата-энеме жөнөтүп жаттым. Бирок элдин көзүнө карап, айтканын кылып, айдаганына жүрүп, калың койдун ичиндеги жалгыз улакча ийин кысып жалдырап иштөө мага анча жага бербеди. Сен болбогондо элге көз каранды болуп иштейт белем? Минтип тагдырым тар жолго кептелип, намысыман жакын досторумдун да жанына жакын жуубай, чыгайын десем асман алыс, кирейин десем жер катуу болуп жөн гана адам сөлөкөтүндө жашап жатканым кыялыңа кылчалык келсе эмне. Көрүнгөн бузулган кыздар менен бой кошуп, ага ыраазы болбой, баягы мен сыяктуу он гүлүнүн бири ачылбаган акактай кыздардын шоруна чычып, бейгапар жүргөнүң элестейт. Алардын да мен өңдүү тагдыры талкаланып, кан жутуп каларын каалабайм. Дал сендей жексурлар зыяндуу курт сымал коомду калайман кылып, кыямат туудурары бышык. Бирок анын бетин нары кылсын. Тагдырым мындай болбогондо тээ ичкери өлкөлөргө чейин тырышып билим алып, эл катары окуйт элем го, минтип элдин жуундусун тазалабай... Түрмөктөлгөн калың ойлор жатсам-турсам кыялымда чарк айланып, ыйга муунам.

*    *    *

«Өлбөгөн жанга жаз келет». Ооба, нар көтөргүс оор жүктөрүмдөн аздап жеңилдеп, баягы көзүмдүн жашын он талаа кылган азаптуу күндөрүмдү капилет кубаныч коштоп, дагы бир сүйүүгө жолуктум. Жо, мен үчүн бул жолкусу дээрлик сүйүү эсептелбеди. «Сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет» ـ болуп, сүйүүдөн көңүлүм калган үчүнбү, ал жигитке деген сүйүү сезимим толук ойгоно койбоду. Мен иштеген ашканага бат-бат келчү болгон. Анан бош убакта узун сабак аңгемеге түшүп, өткөн-кеткенди айтып ичибиз бошоп калар эле. Мурда үйлөнүп, тилекке каршы, жубайы төрөттөн каза таап, ортодо бала калбаптыр. Жан дүйнөсүн мен сыяктуу жер көтөргүс азап чыйырлаган алсыз пенде экенине ич ооруттум. Башынан өткөн кызыктуу окуялар менен азаптуу иштерин саймедиреп канча айтканы менен, өзүм жөнүндө жарытарлуу эч нерсе айтканым жок. Айтканга да жүрөк даабады. «Бүткөн кызмын, кыздыгымды алдыргам», ـ дешим керекпи? Сойку деп жаа боюн ала качсачы. Же айтсамбы, кийин билсе алдапсың деп жаңжал салса көргүлүктү көргөнүм ошол. Жо, жок, мүмкүн эмес, мени жактырып үйлөнгөн экен, билсе да анчалыкка баруусу кыйын... Бир оюм дагы бир оюма чаташып, акыры ал жөнүндө айтпай турууну чечтим.

Үйлөнүү демекчи, ал мага үйлөнүү жөнүндө оюн билдирген. «Макул» ـ дей салууга кайдан болсун, эрге тие албай араң туруптур дебейбы! Ал жигит көңүл элегимден өткөнү ырас. А бирок ойлонуп көрөйүн, убакыт бериңиз дегенге мажбур болдум. Ошентип бир айга жуук созуп, аны тымызын сынап жүрдүм. Менден төрт жаш улуу болгону болбосо, өөн жоктой. Жаштан эмне туруптур, өзүнөн улууга тийсе бактысыз болот деген мыйзам барбы! Илгери алтымыш жаш чалга он сегиз жаш селки тийгени төгүнбү? Турмушту түшүнгөн, өз оокатына камбыл жигит кимди болсо бактылуу кылары шексиз. Минтип эл алдында жалдырап иштегенден көрө, беш күндүк жашоону көңүл сүйгөн адам менен өткөргөнүм кандай бакыт! «Кемедегилердин жаны бир» дейт, турмуш кемесин орток айдап, чөксөк бирге чөгүп, башка түшкөнүн чогу көрмөй бекимине келдим. Дүйнөдө эң күлүгү кыял экен, өз кыялыма өзүм манчыркап, турмуш куруу жөнүндө үмүтүм тоодой эле. Ооба, үмүт деген жаман экен, кийинки турмуш жолумдун даңгыр же таштак экени беймаалым болсо да кыялым өңчөй таттуу үмүттөргө арбалып, «сөзсүз болот» деген көмүскө сезим-кыял дүйнөмө мыктап орногон экен. Аттиң, ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет демекчи, баардык иштер мен күткөндөй болбосун билсем, ушундай тагдырда калбайт белем, ким былет?!.

Үйлөнүү иштерин ата-энеме айтуудан жалтандым. Жылкы теппей, жылан чакпай жөн жерден эле өзүмдөн алда канча чоң бирөөнө турмушка чыгарымды билишсе, сөзсүз каршы болору турган кеп. Кичигимден түйшүгүмдү тартып эрезеге жеткирсе, ансыз да мектепти бүтпөй чыгып алсам, анан көп жыл өтпөй өзүмдөн чоң бирөөнө тийем десем, ачуудан жүрөгү жарылбайбы.

Ал жигит мени ала качып алды. Бир үй-бүлөнүн кенжеси экен. Демек, чоң үй-бүлө анын ээлигинде калыптыр. Айыл арасындагы аксакалдар, тууган-туушкандар ак бата, кызыл кандын үстүнө чогулуп, алакан жая аянбай батасын беришсе, достору ак никесин куттукташты. Али жаш туруп башкага бүлө болуп кеткениме ата-энем кыя алышпады. Той мен ойлогондой салтанаттуу өттү. Көңүлүмдө эч кандай кадиксинүү жок, бактылуу болуп кетериме көзүм жеткендей жан дүйнөм кубанычка толуп турду. Ах чиркин, жылуу үй, жылуу сөз, кирип-чыксаң сүйгөн адамың кашыңда күлмүңдөсө, куттуу төрдө ата-энеңдей жароокер жандар балпайып олтурат! Мындан артык бакытты кайдан талап кылмак элем, кудайым ушул күнүмдү кут кылса деп күн-түнү тилебедим беле!

Бирок мага турмуштан бак айтпаптыр, «багы жокко дагы жок» болуп, баш курагандан жарым жыл өтпөй, айыптуу жеримден этек кир түспөлдүү ак суюктук жылжып агып, жыттанып, жан этимди жеп кычыштыра берген соң аргасыз доктурга көрүнүүгө мажбур болдум. Мурда бала түшүрткөндө туура эмес алынганбы же өзүмдөн каталыктар кеткенбы, «микробдошуп, дене сезгениптир, жагдайыңыз оор», - деп диагноз коюшту. А түгүл мындан ары балалуу болушум кыйын экенин түшүндүрүп, дарылануумду суранышты. Бирок өтүшүп кеткенгеби, оорукананын химиялык дары-үкөлү кеселимди калыбына келтире койбоду. Жаңжалдын чоңу ошондо башталды.

Алдамчылыгымды жашыра албадым, күйөөм мурдагы иштерим жөнүндө толук кабар тапкан соң, мага болгон мамилеси өзгөрдү. «Эмне мага бир ооз айтпагансың, эми эл ичинде кай бетим менен басып жүрөм, ушул бойдон мени туяксыз өтсүн дейсиңби?» ـ бул кеби жаныма батты. Өлбөдүм, өлгөндөн жаман болдум! Алдап тийип алгандай эле жүзсүздүк кылганым үчүн тизесине жыгылып ыйладым. Бирок анткен менен иш бүтпөдү. Ал мага кектенгенин койгон жок. Ал үйдө тура берүүгө да дитим чыдабады. Акыры эки ажырым жолду тандадык.

Кечээги кубанычка балкыган мөлтүрөгөн жаш келиндин бүгүнкү күндө жан дүйнөсү дүрбөлөңгө түшүп, көзүнөн жаш эмес кызыл жошо кан агып, азаптуу тагдырга кабыларын ким ойлоптур. Көрсө, баары утурумдук гана болору чындык экен. Кечээ кайгырган болсоң, бүгүн кубанасың! Бүгүн күлсөң, эртең ыйлайсың... Мына, жашоо дегениң ушундай мыйзамсыздыгы менен татаал, ары сырдуу тура!

Канаты сынган куштай сомодой жалгыз калдым! Досторум, кала берсе туугандарыма чейин табалаганын токтотушпады. Ата-энемдин кандай азап тартканын айтуудан тилим күйөт. Мына эми көчөдө жалгыз баратам. Ошол иштер бир мүнөт да жадыман чыгар эмес. Азыр бет алдымда эки жуп кыз-жигит кичинекей чүрпөсүн эркелетип баратат. Кандай гана бактылуулук! Мен да ушундай моокумум кангыча наристе жытын жыттап, эзиле эркелетсем болбойт беле! Өкүнмөк тургай башымды ташка урсам да андай күн эми кайда? Көчөдө максатсыз барам. Колтукташып баскан кыз-жигиттер көзгө урунат. Мурдагы мен кейиптенип силер да чексиз бактылуусуңар ээ? Бирок никесиз сүйүүдөн никелүү сүйүү ошончо таттуу, ошончо бактылуулук алып келерин, канчалык эрте ачылган гүл ошончо эрте соолуй турганын эсиңерден чыгарбагылачы!

Ургаачы болуп жаралганың менен энелик парзыңды өтөй албасаң дүйнөдө бут тиреп турганыңдын кереги не! Өкүт дүйнө-ай, мен сыяктуу асыл эне болуудан ажырап, жалганчылыкка толгон дүйнөнүн бир бурчунда азапка уугуп калышыңарды эч каалабайм. Эми мага огожу болуп, азабымды ким угат? Өзүбүз кылганды акыры өзүбүз тартат экенбиз…

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз