Уильям Фолкнер: Эмили үчүн роза

  • 15.12.2021
  • 4444

АҢГЕМЕ

1.

Эмили Грирсон айым кайтыш болгондо, аны акыркы сапарга узатуу зыйнатына шаар эли агылып келди: эркектер урап түшкөн эстеликке урмат-сый көрсөтүп, келген аялдар бир нече ондогон жылдар бою анын тамагын бышырып, үй кызматын кылган кызматчыдан башка эч ким калбаган үйдүн ичин көрүүгө кызыкдар.

Заңгыраган чарчы түрүндө салынган үй ошол кездеги белгилүү көчөдө жайгашып, курулушу да өзгөчө эле. Жетимишинчи жылдардагы үйлөрдүн алды болуп сырты аппак сырдалган, тегереги тепкич менен курчалган үйдүн чатырына катар-катар мунаралар, ар бир мунаранын чокусуна найза кадалган бул үй сырттан караганда өзүнчө эле кансарайды элестетет. Кийин бул аймакка гараж жана пахта тыткан ишканалар үстөкө-босток салынып, бул атактуу райондун кунарын качырды; бензин түтүктөрү, сапсайып пахта жүктөлгөн арабаларга толуп, кебетеси келишкен бул жайда жалгыз Эмили айымдын үйү калды. Мына эми Эмили айым да Жефферсондогу салгылашууда [1] курман болгон Союздун жана Конфедерациянын жоокерлеринин аттары ардактуу жазылып коюлган каз катар бейиттерди өз кучагына алган карагайлуу мүрзөнүн бир четинен түбөлүккө орун алды. 

Тирүүсүндө Эмили айым дайыма камкордук астында жашады. Баягы ынды кара аялдар көчөдө алжапкыч жамынып жүрүүгө тийиш деген жарлыктын атасы – шаар мэри, полковник Сарторис 1894-жылдан баштап шаар моюнуна илинген милдеттемеге ылайык аны атасы өлгөндөн баштап бүткүл салыктардан бошотуп келген. Эмили айым бул кайрымдуулуктан алгач баш тартты. Муну укканда полковник Сарторис ыраматылык атасы шаардын гүлдөп-өсүшү үчүн шаарды ушул кезге дейре каржылап келгендиги, эми ошол карызды ушундай жол менен болсо да аманат катары кутулуу үчүн жасалгандыгы тууралуу бирдемелерди чатыштырып оюнан токуп жиберди. Мындай амалды табуу полковник Сарториске окшогон мырзалардын гана колунан келет, мындай нерсеге аялдар эле ишенет.

Кийин мэрияга жаңыча көз караштагы жаңы муундун өкүлдөрү келгенде бул келишимдин күчү кете баштады. Жаңырган жылдын алгачкы күнү ага салык боюнча эскертме кагазы жолдонду. Бирок февраль айы келсе да, буга эч кандай жооп болбоду. Эми алар ага каалаган убакта мэрдин кеңсесине телефон чалып коюшун өтүнүп расмий кат жөнөтүлдү. Бир жумадан соң мэр андан телефон чалышын же өзү барарын, болбосо ал кыйналбаш үчүн атайын авто-унаа жөнөтө тургандыгын билдирип өтүнүч кат жолдогондо, андан капкара сыя, ипичке ариптер менен жазылган кат келди. Катында ал үйдөн эч жакка чыга албасын билдириптир. Конвертке андан сырткары эч кандай кеп-сөзү жок, жөн гана дүмүрчөк кагаздын өзү кошо салыныптыр.

Шаардык Кеңештин кезексиз жыйынын өткөрүүгө топурап калышты. Ал он жыл илгери фарфорго сүрөт тартуу сабагын токтоткондон бери эшигине бир жан басып келбеген короонун дарбазасын каккылап, мэриядан өкүлдөр турушту. Картая түшкөн ынды кара бирөө аларды төр жагын караңгылык чулгаган, тепкичтерге чейинки күңүрт холлго баштап жөнөдү. Дарбазадан баш багар замат адамды тумчуктурган нымдуу, оор, чаң аралаш жыт мурунду өрдөдү. Ынды кара [2] андан ары аларды конок бөлмөгө баштады. Бөлмө ичи сырты булгаары капталган мебелдерге толгон. Ынды кара терезе пардасын ачып жибергенде, бөлмөгө кирген жарыктан булгаары каптамалар туурулуп кеткендиги көзгө урунду; алар олтурар замат көтөрүлгөн чаң терезеден кирген кууш жарык нурун айланчыктап уюлгуп турду. Мештин алдындагы оңуп кеткен мольбертте Эмили айымдын атасынын түстүү портрети турат.  

Белине ичке алтын чынжырчалар кадалган белдемчи тагынып, толугунан келген чыканактай аял өңү өчкөн алтын чокморлуу капкара аса таякка таянып кирип келгенде, баары ордунан турушту. Ичке сөөк-саагынан улам, денеси толуп кеткенге караганда, көпкөн камырдай туюлуп, бир караган адамга сууда жатып көөп чыккан денедей көрүндү, өңүндө кан-сөөлү жок, купкуу. Өкүлдөр келген себебин түшүндүрүп жатканда, кудум камырга чаптап койгондой болгон капкара көздөрү келгиндердин ар бирин сыдыра тиктеди.

Келгендерди бир ооздон олтургула дешке да жарабады. Өкүлдөрдөн бирөө сүйлөп, мукактана токтоп калганга дейре ирегеде үн-сөзсүз тыңшап турду. Андан соң алтын чынжырчанын учуна тагылган сааттын чыкылдаганы угулганчалык жымжырт боло түштү.

- Жефферсонго [3] эч кандай салык төлөй албайм. Муну убагында мага полковник Сарторис өзү айткан. Кааласаңар шаардык архивди аңтарсаңар, бул боюнча тиешелүү кагаздар да бар, – деди ал турган жеринде мисирейип.

- Мунун баары бар бизде. Биз, шаар бийлигинин өкүлдөрүбүз, Эмили айым. Мэрдин колу коюлган эскертме кат колуңузга тийген жок беле?

- Ооба, ал кагаздар колума тийген, - деди Эмили айым, - Ал өзүн мэр эсептейт имиш… Дагы айтам, мен Жефферсонго эч кандай салыктан карызым жок.

- Муну тастыктай турган маалымат эч бир китепчеге жазылбаптыр, түшүндүңүзбү? А биз мунун баарын…

- Муну ошол полковник Сартористен сурагыла. Мен эч кандай Жефферсонго салык төлөөгө милдеттүү эмесмин.

- Об-боо, Эмили айым. Ал деген…

- Полковник Сартористен сурагыла дедим (Полковник Сартористин өлгөнүнө он жылдай болгон). Мен эч кандай салык төлөбөйм. Тоб! – сырттан ынды кара кирип келди. – Бул мырзаларды сыртка узатып кой.

2.

Ошентип мындан отуз жыл илгери үйүнөн сасыган жыт чыгат деп омуроолоп келген булардын аталарынын сазайын берип, оозун жапса, бул ирет да келген өкүлдөрдүн сазайын дал ошондой берди.

Бул иш анын атасы өлгөн соң эки жылдан кийин болгон. Атасы өлгөндөн бир аз өтпөй багы жокко дагы жок болуп, ага үйлөнөм деген мырзасы да муну таштап кетип жатпайбы. Атасын жерге бергенден кийин көчөгө деле көп чыкпады; сүйгөн мырзасы таштап кеткен соң көчөдөн такыр эле көрүнбөй калды. Көптөн бери көрүшпөгөнгө мындан кабар алганы келген айрым аялдарды да кабыл алган жок. Бул үйдө тиричилик жүрүп жатканын колуна себет кармап анда-санда кирип-чыккан ынды карадан эле билишпесе, үйдүн короосу дайыма жым. Ынды кара киши ал кезде жапжаш жигит эле.

- Ушул эркек киши кайдан үй ишин жөндөй алсын, - деп кеп кылып жүрүштү аялдар. Үйдөн чыккан сасыган жытты мына ушундан деп да боолгоду көпчүлүк. Даңазалуу Грирсон тукуму менен бок-жини аралашкан тышкы дүйнөнү байланыштырган дал ушул сербеңдеп кирип-чыккан эле ынды кара жигит.

Сасыган жыт тууралуу кошуна аял мэрге, жашы сексенге таяп калган сот Стивенске арызданып келди бир күнү:

- Мени эмне кыл деп жатасыз, айым? – аялга суроолуу карады мэр.

- Ага бир ооз эскертүү берсеңер боло, - деди аял. - Мыйзам деген иштейби силерде?

- Эскертүү бериштин деле кажети жок, - деди мэр. - Анын үйүндө сербеңдеп жүргөн ынды кара жигит жылан, калемиш сыяктууларды өлтүрүп, короого ыргытса керек. Мен ал жигитке эскертип коём сөзсүз.

Эртеси үй тараптан чыгып жаткан сасык жыт тууралуу дагы эки адам арызданды.

- Буга бир чара көрбөсөңүз болбойт, улуу урматтуу сот, - деди бирөөсү. - Мен деле Эмили айымдын тынчын алып, кыжаалат кылгым жок. Бирок үйүнөн чыккан сасык жыттан өлө турган болдук.

Ошол түнү Шаардык Кеңештен курам түзүлдү – үч аксакал жана өсүп келе жаткан болочок муундардан бир жаш жигит.

- Мунун жарасы жеңил, - деди мэр, - Үйүн бир сыйра тазаласын деп айттыралы. Эгер буга көнбөсө, анда…

- Об-боо, кокуй десе, койсоңорчу, - анын сөзүн жыра тартты сот Стивенс, - Эмили айымдын бетине үйүңдөн сасык жыт чыгып жатыптыр деп кимиң айта аласың?

Анын эртеси, тээ түн бир оокумда төрт эркек Эмили айымдын короосун ашып түшүп, кудум түн каракчысы сымал бышык кыштан салынган кампанын пайдубалын, оронун ичтерин жыттагылап шимшилеп жүрүштү. Бириси жонуна артынган каптан улам бирдеме алып чыгып, туш тарапка себелейт. Оронун эшигин бузуп, ичине жана бүт жерге акиташ себелешти. Кайра чыгып баратып, күңүрт терезедеги жарыктан терезеге артын салып кыймылсыз олтурган Эмили айымдын карааны көрүндү. Короодон ашып, жол боюнда өскөн дарактардан түшкөн караңгыга житишти. Бир-эки жума өтпөй үйдөн чыккан сасыган жыт жоголду.

Мына ушундан кийин адамдар Эмили айымга боор ачып калышты. Шаар эли анын жакын тууганы Уайэт акылынан айнып калганын эстешкенде, Грирсондун урпактарынын кедергиси кетиптир деген ойго келишти. Же Эмили айымга татыктуу мырза табылса да бир жөн. Биздин эсте бутун кере таштап, колуна камчысын мыкчый кармап ызырынган атасы, артында аппак кийинип сустайган Эмили айымдын келишимүү келбети эски сүрөттөй сакталып калды. Жашы отузга келсе да кара далы кыз болуп жүк түбүндө отуруп калганда, албетте, буга таба эмес тообо дедик, үй-бүлөсү тегиз акылынан айнып калса деле, минтип кара далы атыкканча, көңүлү жаккан бирөөгө макулдугун бере салса эмне.

Атасы өлгөн соң үй-жайы баарыбир Эмили айымга мураска калганы белгилүү; эл мунун туура чечим болгонун ырастап, буга көңүлдөрү бир аз жылыды. Бечара Эмили айымдын да ырыскыдан уучу кур эмес экен. Жалгыз калганда гана бечара бир аз адамга окшоп калды. Бул да эми тиричилик башка түшкөндө, турмуш эмне экенин бара-барып түшүнөр.

Атасы өлгөндүн эртеси колу-коңшу аялдар салт боюнча ага көңүл айтып, акыркы сапарга узатуу зыйнатында кол кабыш кылууга бара калышпайбы. Кадимкидей кийинген, жүзүндө кыпындай кайгынын изи жок Эмили аларды босогодон тосуп, атам эч кандай өлгөн жок деп айтат имиш, тообо. Үч күн бою ага келгендерди, ар кайсы мекемедеги адамдарды, доктурларды ушинтип босогодон узатат. Ошондо гана топтолгон эл муну мыйзамга жана күчкө салып, анын эркине койбой үйгө кирип барышып, атасынын өлүгүн арыдан-бери жерге беришет. Мына ушундай кыскасы.

Албетте, муну акылынан айныган үчүн жасабады. Муну атайын өчөшүп жасады. Атасы кызына келген мырзаларды камчысын көтөрө кубалап, бирөө босогосун экинчи аттап келгис кылды, мындан улам кызынын тагдырына балта чапты. Адам болгондон кийин бойго жеткен кыз деле убакты-сааты келсе, көңүлүнө жаккан бирөө-жарымды этектеп кеткиси бар эмеспи.

3.

Кийин көпкө сыркоолоп жатты. Дагы бир ирет көрүнгөндө чачын кыска кырктырып алганын байкадык. Бир караганда чиркөөнүн гүлдүү терезелерине кадалып, мемиреп суз турган периштелерди эске салат. 

Шаардын жолдорун оңдоп-түздөө иштери планга коюлуп, анын атасы кайтыш болгон жай мезгилинде бул иш колго алынды. Курулуш компаниясы араба чиркелген качырлар жана ынды кара адамдардан түзүлгөн куруучулары, керектүү техника-жабдыктары менен тарактатып ишин баштады. Курулуш ишин тескеген прораб Гомер Беррон – олбурлуу, кыймылы шайдоот, кара торусунан келген янки мырза. Көздөрү тим эле жалын. Жол боюнда мадыра баштар анын жумушчуларды күрүлдөп урушканын, ынды кара жумушчулар керкини утур жерге кериле чаап, токтоосуз шарактап ырдашканын тамаша кылып калышар эле. Көп өтпөй бул күрүлдөгөн шайыр жигитти шаар эли бүт тааныды. Андан кийин жекшемби күндөрү түштөн кийин Эмили айым экөө тору аттарга кошулган арабада сейилдеп жүрүшкөнүн көрүп калчубуз.

Муну көргөндө баарыбыз ичтен кубандык, Эмили айым да аял катары мырзалар менен мамиле түзгөнү жакшы жышаан, бирок кээ бир «Грирсондун кызы ушул түндүктөн [4] келген мандикерге мурду бүттү дейсиңби, бул жөн гана...» - деген аялдар да чыкты. Айрым көптү көргөн кексе адамдар «Бул айымдын төрө пейилинен – noblesse oblige [5] башына түшкөн кайгы да кайтара албайт» дешти, муну өзүнө айта алышпаса да.

Кээси: «Бечара Эмили. Туугандары деле бир басып келгенге жарашпады» - дешип, өзүнчө кейип-кепчип жүрүштү. Булардын Алабамада туугандары боло турган; бирок көп жыл илгери атасы алжыган кемпир тууганы Уайэт менен мурасты бөлүшө албай уруша кетишип, ошондон бери алар менен туугандык катташуу токтогон. Аларды атасын жерге бергенде да келгенин көргөн жокпуз.  

Картаң кемпир-чалдардан «Байкуш Эмили» атка конгондо, дагы күбүр-шыбыр тарады. «Ии, ботом, эми ушул кантип болсун?» - бири экинчисине суроолуу карайт. «Албетте, болот. Болбогондо анан...» - экинчиси анын кулагына шыбырайт. Жибек, атлас пардалар жекшембинин чак түшүндө акырын тартылып жабылат да, мына ушундай кептер башталат: «Байкуш Эмили...»

Биз аны байкуш ойлогон менен, ал баарыбир башын бийик көтөрүп, эч кимге шек алдырбай жашады. Эл анын улуу Грирсондун акыркы төрө тукуму экенин билип жүрүүсүн талап кылып, тим эле аттан түшсө да, ээрден түшкүсү келбей, төрө пейилинен эч кайткысы жок. Келемишке уу мышьяк сатып алганда да өзүнүн ушул пейилин көрсөттү. «Байкуш Эмили» атка конгондон бир жыл өткөндө, мындан кабар алып эки ата өтүшкөн тууган – эки эжеси келди.

- Мага уу керек эле, - дарыканага кирер замат ушинтип сураптыр бир күнү. Бул убакта жашы отуздан эбак ооп, мурункудан да бир аз арыктап, жүзүндө тээ алысты мелжеп тиктеген кароол сымал кишини түнөрө караган капкара көздөр. – Мага уу керек эле, - дагы кайталайт.

- Жарайт, Эмили айым. Кайсыдан берейин? Келемишке каршы уу-дарыбы? Мен сизге…

- Айырмасы жок. Күчтүүсүнөн болсун.

- Бул уу-дарылар ал тургай пилди жыгат. Сизге кандайы керек? –деди дарыгер уунун бир нечесин текчеге коюп жатып.

- Мышьяк берчи. Өтө күчтүүсү ушул деп уккам.

- Мышьяк? – дарыгер селейди. – О, кокуй, ал өтө жаман уу да!

- Бере бериңиз.

Дарыгер ага үңүлүп калды. Эмили айым башын бийик көтөрүп, анын жүзүнө карады.

- Макул, - деди дарыгер, - Мышьяк керек болсо алыңыз. Бирок мыйзамга ылайык муну эмнеге колдонуш максатта алганыңыз тууралуу кагазда көрсөтүшүңүз керек.

Эмили айым башын бир аз чалкалатып, дарыгердин көзүнө тике карады. Алар бир азга тиктеше калган соң, дарыгер жүзүн буруп, ары басып кетти. Дарыны ошол жайда мандикерлик кылган ынды кара баладан берип жиберип, өзү кайра ал жактан чыккан жок. Үйгө келип оролгон кагазды сыйрыганда, кагаздын ичинен сыртына «Келемиш үчүн» деген жазуусу бар, адамдын баш сөөгүнүн сүрөтү чапталган кутуча чыкты.

4.

Анын эртеси эле эл арасында: «Эмили айым өзүн өзү жайлаганы жатыптыр» - деген күбүр-шыбыр тарады. Муну укканда минтип азапта жүргөндөн көрө тынып алганы да ырас дегендер чыкты. Кийин кайра эле Гомер Бэррон мырза менен колтукташып жүргөнүн көргөндө: «Эми экөө баш кошкону калыптыр» - дегенге жорусак, «Ал мырзаны кетиргиси келбей, башын айлантып алыптыр» - деген да өйдө-ылдый кептер жайылды. Биздин баамыбызда Гомер мырза көпкө үйлөнбөй жүрүп, бойдок жашоого ыктап калгандай. Көбүнчө шарактап жалаң эркектер менен ичип жүргөнүн көрчүбүз. Кийин кош атка чегилген арабада баратканын парда артынан көргөндө, «Байкуш Эмили» - деп, дагы үшкүрүнүп тим болдук. Арабада Эмили айым башын бийик көтөрүп, Гомер Бэррон мырза шляпаны башына кыйшайта кийип, тамекини чычайта тиштеп, чылбырды бекем кармаган бойдон аттарды утур камчыланып барат.

Көп узабай айрым аялдар булардын мындай жүрүш-турушун шаар ичиндеги жосунсуз жорук катары баалашып, булар жаштарды бузат деп чыгышты. Эркектер албетте, бул ишке башын тыгып кызыкпады, аялдар пасторго [6] чейин жетип барышып, Эмили айымдын ата-жотосу епископ болушканын, ал Эмили айымга барып анын тизгинин тартууну бежирешти. Пастор бир күнү Эмили айымга зыяратка барганын танбайт, бирок эмнегедир экинчи жолу басып барбаптыр. Кийинки жекшембиде экөө арабада дагы шарактап жүргөнүн көрүшкөндө, пастордун аялы Эмили айымдын Алабамадагы туугандарына арызданып кат жолдошту.

Алабамадан анын тууганы – эки аял келгенде, эми эмне болот деген тейде элдин назары Эмили айымга бурулду. Азырынча жым. Аз өтпөй алардын үйлөнгөнү бизге толук маалым болду. Эмили айымды зер буюмдар дүкөнүнөн мырзалар үчүн белек – зер буюмдарга «Г.Б» деген кеште салдырып жатканын көргөндөр бар экен. Андан эки күн өтпөй дүкөндөн эркектер үчүн саркеч кийимдерди тандап жүргөнүн көргөндө, баарыбыз: «Демек алар баш кошкон тура» - деп ойлодук. Акыры экөө баш кошуп, жандары калган тура. Бул жакшы. Ылайым экөө тең арып, тең карысын. Тиги Алабамадан келген тууганы – эки аял да Эмилиден өтүп, Грирсондун тукумусуң деп жүргөн текебер жандар.   

Шаардык көчөнүн оңдоп-түздөө иштери бүтүп, Гомер Бэррон мырза жок болуп кеткенде буга таң калган жокпуз. Муну көбүртүп-жабыртып көчөгө айтып чыкпасак да, а мүмкүн Гомер Бэррон мырза Эмили айымдын келишине үй-жайын даярдоого кеткендир деп ойлогонбуз. Анүстүнө Алабамадан келген туугандары – эки аял менен да ыйкы-тыйкы мамиле болуп жатканда, баарыбыз Эмили айым тарапта болдук. Кудай жалгап бир жумадан кийин эки тууганы бул жерден кетишти. Биз күткөндөй эле андан үч күн өтпөй Гомер Бэррон кайтып келди. Бир күнү кечки күүгүмдө ынды кара жигит аны дарбазадан киргизип жатканын алардын коңшусу көрүптүр.

Ошондон кийин Гомер Бэрронду көргөн пенде болбоду. Эмили айым да бир топ мезгилге дейре көрүнбөдү. Анда-санда колуна себет кармаган ынды кара жигиттин гана сербеңдеп кирип-чыкканын көрүп калбасак, сырткы дарбаза качан болбосун жабык. Баягыда үйүнөн сасыган жыт чыгып баштаганда, түнкүсүн келип анын короосуна акиташ себелеп кеткен эркектер гана түн бир оокумда Эмили айымдын терезеге сыртын салып олтурганын күңүрт жарыкта көргөндөн бери аны алты ай бою көчөдөн көргөн жан болбоду. Анын тагдырына балта чапкан атасынын кейпин кийип, бул да акыркы убакта жиндеп калса керек деген ой келди бизге.

Эмили айымды кийинки ирет көргөнүбүздө, анын бир аз толуп, чачтарын ак аралаганын байкадык. Күндөн күнгө чачтары агаргандан агарып, аягында чачтары куудай агарды да калды. Жетимиш төрт жашты чамалап өлгөнгө чейин баскан-турганы чыйрак, чачы куудай ак аял бир караган адамга темир аялды элестетет.

Жашы кыркка чамалаганда үйүндө жети жылдай форфорго сүрөт тартуу өнөрүнөн сабак берип жүрдү да, ошондон бери кире бериш дарбазасы жабылган бойдон калды. Биринчи кабаттагы чоң бөлмөсүн өнөрканага айландырып, ал жерге полковник Сартористин тааныштарынын кыздары, неберелери кудум жекшемби күндөрү кайрымдуулук үчүн колуна жыйырма беш центти кармап чиркөөгө келгендей каттап, андан сабак алып жүрүштү. Ал кезде аны шаар башкармалыгы салыктан да бошоткон. 

Кийин шаар башкармалагына жаңы жүздөр, жаш муундар келип, ага каттаган окуучулар бой жетип, анын үйүнө сабакка да каттабай калышты. Бир кездери колдоруна гүл салынган кутуча, кисти жана аялдар журналынан кыркылып алынган ар кандай картиналарды кармап, анын үйүнө каттаган жаш секелектердин бири жок. Ошондон баштап короосунун башкы дарбазасы түбөлүккө жабылды. Шаардагы үйлөргө кыдырата номер кадалып, дарбазасына почта жашиги орнотула баштаганда, Эмили айым чырдашып, мындан баш тартты. Алардын сунушун уккусу да келбеди.

Анын үй ишин кылчу бир кездеги шыңга бойлуу ынды кара жигит да күндөн күнгө, айдан айга биздин көз алдыбызда чачтарын ак аралап, талпыйып толмоч тартып карып баратты. Ар жылы декабрда салык тууралуу билдирме кат жолдонуп, бир жумадан соң жөнөтүлгөн кат жоопсуз кайтып келет. Анда-санда биринчи кабаттын терезесинен анын таш эстелик сымал бир ордунда катырып койгондой олтурганын көрөр элек. Көргөн көзгө анын тирүү же өлүү экенин аңдоо кыйын. Үстүнкү кабаттын терезелери бүт жабык. Ошентип анын элеси кол жеткис, тарыйкасы эч кимге белгисиз жана азыр эч кимге керексиз таш эстелик сымал муундан муунга өтүп кала берди. Андан бери далай суулар акты.

Ошентип жашап жүрүп, акыры өлүп тынды. Ичинде ынды кара кишиден башка бир жан жок, чаң баскан, эзели жарык кирбеген караңгы үйүндө сыркоолоп жатып жан бериптир. Анын сыркоолоп жатканынан деле эч ким кабардар эмес; анда-санда көчөдөн көрүнүп калчу ынды кара киши менен деле эч кимдин иши болбой калган.

Ынды кара кишинин үнү да эч ким менен сүйлөшпөй жүрүп дат баскан сымал, сүйлөгөндө булдуруктап, үзүл-кесил, күңк-мыңк.

Эмили айымдын жасаты астынкы кабаттагы бөлмөдө жайгашкан жаңгак тактайдан жасалган оор керебетте жатат. Керебетке көшөгө тартылган. Эскилиги жетип саргарган, күн нуру тийбегенге көктөп кеткен жаздыкка куу чачтуу башын койгон бойдон узаптыр.

5.

Ынды кара киши келген аялдарды эшикке дейре ээрчитип келип, булдуруктап күңк-мыңк сүйлөп аларды ичкериге киргизип жиберди да, тиктеп-тиктеп алып жок болду. Үйдүн ичине кирип барып, арткы эшиктен чыгып кетиптир, ошол бойдон аны көргөн адам жок.

Туугандарынан Алабамадагы эки аял дароо жетип келишти. Экинчи күнү коштошуу зыйнатын уюштуруп, үстүнө гүл каланып табытта жаткан Эмили айым менен коштошууга шаардыктар агылып келишти. Табыттын башына үңүрөйүп турган атасынын портрети коюлган. Айланасында өз ара күбүр-шыбыр сүйлөшкөн маанайсыз аялдар; эшик алдында жашыл майса чөп эгилген аянтчада каадалуу кийинген чалдар Эмили айым менен замандаш болушканын, жаш кезде той-топурда аны менен бийге далай түшүшкөнүн, артынан чуркаган ошол мезгилдеги жигиттер тууралуу, убакыттын ушунчалык зымырап өтөрүн үшкүрүнө эстешип, өткөн өмүрдүн кайтып келбешин, жаштык кез жашыл шалбаа сымал тээ алыста калганын, карылык доордогу бир буту көрдө, бир буту жерде калган жашоодон кеп сала өз ара күбүр-шыбыр кеп салып олтурушту.

Үстүнкү кабаттан кырк жыл бою ичине эч бир жан кирип көрбөгөн жабык бөлмөнү көрдүк. Эмили айымды жерге берип келгенден кийин мунун эшигин бузуп кирүүнү эп көрдүк.

Эшикти күчкө салып тарактатып бузганда, бөлмө ичи уюган чаңга толду. Жаңы үйлөнгөндөр үчүн көшөгө даярдалып койгондой бөлмөнү чириген өлүктүн чаңы бөлмө ичин жука чаң катмары менен жаап калгандай. Терезеге манаттай кызыл парда тартылып, чакан үстөл үстүндө кызыл түстөгү түнкү чырак коюлган. Жанында эркектер үчүн хрусталдан жасалган атыр куюлган ар кандай идиштин түрү жатат. Идиштин күмүш менен сырдалган капталындагы тамгаларын чаң басып билинбей калган. Арыда азыр эле бирөө чечип салгандай мырзалар тагынчу галстук менен ак жаканы көзүбүз чалды. Аны ордунан алганда, чаң баскан жерден жарым ай түрүндө орду билинди. Отургучка эркектин костюм-шымы тыкан үтүктөлүп, ирээттүү коюлуп, отургучтун астында эркектин саркеч туфлиси, байпак жатат. 

Тор көшөгө тартылган керебетте эркек киши жатат.

Керебеттеги эркектин сөөгүн көргөндө, турган жерибизде селейип каттык. Сөөк бирөөнү кучактагансып, бир капталына бурулуп жатат. Мезгилдин өтүшү менен оттой ысык сүйүүнү каардуу өлүм жеңип, азыр эми эркектин каркайган сөөгүнөн башка эчтеме калбагандай. Кийим ичиндеги дене чирип, топуракка айланып, дене керебетке жабышып катыптыр. Башы жөлөнгөн жаздык катмар чаңга жабылган.

Анын жанындагы жаздыктан чаң баспаган ордун байкадык. Карап тургандардан бирөө эңкейип, дем албастан жаздыкты акырын көтөрүп караса, жаздык бетине жармашып жүргөн узун куудай чачтар көзгө урунду.

Англис тилинен которгон Кубантай ЭРНАЗАРОВ, Москва шаары

[1]. Жефферсон салгылашуусу – АКШнын түштүк аймагындагы кул иштеткен он үч штат Британ Империясы жана Франциядан көзкарандысыздык үчүн күрөшүп, 1861-жылы эгемендик алып, өзүнчө Америка Конфедеративдик Штатын түзүшкөн. 18611862-жылдары АКШдагы жарандык согушта дал ушул Конфедеративдик Штат менен АКШ ортосунда согуш жүрүп, натыйжада АКШнын жеңиши менен аяктаган. Аңгемедеги учур ошол жарандык согуштан бир топ кийинки мезгилге туура келет.

[2]. Ынды кара – адабий тилде теги африкалык, афро-америкалык адамдын аталышы.

[3]. Жефферсон – АКШнын Миссисипи штатында жайгашкан шаар. 1799-жылы негизделген.

[4]. Гомер Беррон АКШнын түндүгүнөн келген жигит. Аңгемедеги сюжеттин андан ары өнүгүшүндө Гомер Беррон түндүктөн экени баса белгиленип жатышынын өз орду бар. 1861-жылдагы АКШдагы жарандык согушка чейин АКШ расмий эмес түрдө түндүк жана түштүк болуп экиге бөлүнгөн. Түндүк тарапта кара жумушчулар жана аларды иштеткен капиталисттер жашаса, түштүк тарапта жумушчулардан сырткары үй чарбасында кулдарды кармаган төрөлөр, байлар жашаган. Мына ушундан улам бир топ мезгилге дейре АКШнын түндүк жана түштүк тарабы өз ара солгун мамиледе болгон. АКШдагы жергиликтүү түштүк тургундардын түндүктөн келген жумушчу Гомер Беррон менен түштүк кызы Эмили айымдын мамиле курганына таң калышканы ошондон. Ал эми Уильям Фолкнер АКШнын түштүк колоритин чагылдырган чебер жазуучу. Чыгармаларында негизинен АКШнын түштүк тарабы сүрөттөлгөн.

noblesse oblige – француз ылакап сөзү. Төрө тукумунан чыккан адам тектүү жердин тукуму болгондуктан, ар кандай ушак, жаман пикирлерден оолак болушу өзүнчө милдет деген мааниде. Тектүү жердин баласынын кадыр алдындагы жоопкерчилиги.

[6]. Пастор (лат. pastor, малчы) – Чиркөөнүн ичи-тышын кароо менен бирге христиан динин элге жайылтуу ишин аркалаган кызматкер.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз