АҢГЕМЕ
Бул жылы октябрь айы мурунку жылдарга салыштырмалуу суук жана жаанчыл болду. Ушундан улам бири-бирине кыналып жабылган үйлөрдүн жыгач чатырлары да карайып кетти.
Тынымсыз жааган жамгыр чырмалышып өскөн чөптөрдү да жерге жабыштыра жапырайтып салыптыр. Бир гана дубал түбүндө өскөн кичинекей күнкарама башын ыйбаа кылгансып жерге ийип, гүлүн күбүй элек.
Дарыядан бери созулган жайыттардын үстүндө түнөргөн булуттар салаңдайт. Алардан тажатма жаан тынбай төгүлүп жатат дейсиң...
Жолдордун баары чыла болуп, жөө да, унаа менен да өтө албай тургандай болуп калган. Ушундай аба ырайынын кесепетинен малчылар жайытка мал жайганын токтотушту.
Ошентип, койчунун кернейи тээ ала жазга чейин тынчый турган болуп калды окшойт да. Катерина Петровна мурдагыдай таң заарда туруп, бөлмөлөрдө жагылбай ыш жыттанган мештин ачуу жытын сезбей калды. Ал үчүн чаң баскан үстөл үстүндөгү “Европа жарчысы” гезитин, саргайып калган чыныларды, эзелтен бери тазаланбаган кир самоорду жана тамда илинген сүрөттөрдү көрүү кыйла эле кыйындап калган сыяктуу. Балким, бөлмөлөрдүн ичи күңүрт болгондуктанбы же Катерина Петровнанын көздөрү начар көргөндүктөнбү, ал тамда илинген сүрөттөрдүн кимиси ким экенин ажырата албады. Сүрөттөр убакыттын өтүшү менен жедеп оңуп, кимдин элеси түшүрүлгөнү да билинбейт. Катерина Петровна тек гана эсинде калганы боюнча кээ бир сүрөттөрдө ким бар экенин билет. Мынабу анын атасынын портрети. Береги алтын алкактын ичиндегиси – Крамскойдун белеги. Бул анын жанагы “Белгисиз кыз” деген сүрөтүнүн эскизи болчу.
Катерина Петровна атасы курган эски үйдө ичер суусу түгөнүп, өмүрүнүн акыркы күндөрүн кечирип жатты. Анын атасы кезинде белгилүү сүрөтчү эле.
Сүрөтчү картайганда өз айылына кайтып, тынч жашоого баш коюп, бакча иштетүү менен эле алек болуп калган. Сүрөт тарткан колдору калчылдап, көзү начарлап, сүрөт тартуудан алыстап кеткен.
Үй Екатерина Петровна айтмакчы, “мемориалдуу” үй эле. Аны облустук музей кайтарууга алган. Бирок бул үйдүн тагдыры жана анын акыркы жашоочусу Екатерина Петровна өмүрдөн өтүп кетсе кандай болуп каларын эч ким билчү эмес. Үй ээси да билчү эмес. Булардын айылын Заборье дешчү. Бул айылда Петербургдун таң тамашалуу, салтанаттуу жашоосу, сүрөттөр тууралуу, баягы Парижде жашап жүргөн кезде Виктор Гюгону акыркы сапарга узатуу зыйнаты тууралуу айтып берсең, угуп-түшүнө турган бир жан жок болчу.
Муну колхоздун өтүкчүсүнүн кызы Манюшкага айтып бермек беле. Бул кыз кемпирге күнүгө кудуктан суу алып келип, полдорду шыпырып, самоорун кайнатып бере турган.
Катерина Петровна Манюшага кызматы үчүн бырышкан мээлейлерди, страустун канаттарын жана кара шляпа белек кылып берген.
– Булардын мага эмне кереги бар? Бул көр-шөрдү эмне кылмак элем? - Манюша мурдун шыр-шыр тартат.
– Чырагым, сага жакпаса сатып жибер, - Катерина Петровна араң үн ката. Кемпирдин бир жылдан бери алы кетип, катуу сүйлөгөнгө да дарманы келбей калган.
– Сен сатып жибер.
– Эски-ускуну алган жерге өткөрүп жиберем, - Манюша бергенинин бардыгын колуна алып, жолуна түшчү.
Кез-кез айылдагы өрт өчүргүч кызматынын имаратын кайтарган Тихон аттуу тыржыйган, эзилген жээрде мурутчан сары кароолчу да келип калат. Ал тээ бир убактарда Катерина Петровнанын атасынын Петербургдан келип үй куруп, бул тегеректи ирээтке келтиргенинен бери билет.
Анда Тихон жаш бала. Бирок карт сүрөтчүгө болгон сый-урматын ал өмүр бою жүрөгүнө сактады. Анын тарткан сүрөттөрүн карап алып:
– Чыныгы иш деп ушуну айтса болот! Оо, мындайды чебер сүрөтчү гана тартат, - деп терең үшкүрүнүп отуруп калар эле. Анткен менен ал Екатерина Петровнага боору ооруп, чарбачылыкта жардамын аячу эмес. Тегеректеги куураган бактарды кыйып, чоркелеп, андан кийин жарып берчү. Анан кетер маалда ар дайым эшиктин алдына токтоп:
– Екатерина Петровна, Настя кат жазып жатабы же жокпу? Дегеле анын кабары билинбейт ко, – деп сурай турган.
Катерина Петровна унчукпай, кипкичинекей бүкүрөйгөн абалында сары булгаары баштыгынынын ичиндеги кагаздарды иргеп отура берет. Тихон бир далайга чейин босогодо мурутун жанып, тыңгылыктуу деле жооп ала албаган соң, акыры тажаганда:
– Эмесе барайын, Катерина Петровна, - дейт.
– Барсаң бар, Тиша. Кудайым сага жар болсун,– Катерина Петровна үнүн акырын узатат.
Тихон эшикти акырын жаап, сыртка чыгары менен кемпир солуктап ыйлайт. Сыртта шамал ышкырып, жылаңач бакка илээшип турган акыркы жалбырактарды жулуп кетип жатат. Үстөл үстүндөгү кересин куюлган чырак сырттагы шамалдын эпкининен титирейт. Ушул бүлбүлдөгөн чырак эле бул үйдөгү тирүүлүктүн жалгыз белгисиндей сезилчү. Бул от болбогондо Катерина Петровнанын таңга чейин жүрөгү жарылып кетер беле? Таң да бир далайда барып атып, жердин жарымайы тозок дейсиң. Уйкусуздук менен коштолгон түндөр узарып кеткендей. Терезеден качан жарык кирет деп таңды зарыга шыкаалап күткөн Катерина Петровнанын көзү кабатталган терезе алкагынын ортосунда былтыртан бери туруп калган бир кезде сары, азыр капкара жалбыракка үңүлөт.
Катерина Петровнанын эң жакын адамы, жалгыз кызы Настя алыста жашайт. Ленинградда турат. Бул жерге акыркы жолу үч жыл мурун келген. Кары кемпир кызынын энеси менен иши жогун деле билет. Жаштардын кары киши түшүнбөгөн кызыкчылыктары, өздөрүнүн бактысы бар эмеспи. “Андан көрө аларга жолтоо болбош керек” деп кээде өзүн сооротот. Ошондуктан кызына катты өтө сейрек жазчу. Бирок анткен менен кызы жөнүндө ойлобогон күнү жок. Жедеп эскилиги жетип жалпайган дивандын кырында ар дайым Настяны ойлоп отурат. Жымжырттыктан пайдаланган көк чычкан мештин артынан чыгып, арткы эки бутуна тура калып, мурдун созо желдебей калган бөлмөдөгү каңырсыган абаны ыракаттана жыттагансыйт.
Настядан дале кат келбейт. Бирок Василий аттуу жаш шайыр почтальон эки-үч айда бир жолу кызы которгон 200 сомду алып келип берет. Василий Катерина Петровна калчылдап акчаны алдым деп ведомостко кол коюп атканда “жыгылып кетпесе экен, тескери жакка кол коюп албасын” деп этияттык менен колунан сүйөп турар эле.
Василий кеткенде Катерина Петровна колуна акчаны кармап делдиреп отуруп калат. Анан эсине келип, көз айнегин тагынып, акча которулду деген кагазда жазылган бир канча сөздү кайра-кайра окуйт. Мында жазылган сөздөр баягы эле да: “жумуш ушунчалык көп болгондуктан келмек турсун, кат жазууга чоло тийбейт”.
Катерина Петровна этияттык менен акчаларды кармалап көрөт. Кары киши бул акчалар кызынын колунан өткөн акчалар го деп ойлойт. Акчадан Настянын атырынын жыты жыттанчудай сезилет. Кызынын колдорунун жытын издейт.
Бир жолу октябрдын аягында го, түн ичинде кимдир-бирөө бак түбүндө мындан бир канча жыл мурда мыктап салган эшикти ургулап жатыптыр.
Катерина Петровна тынсызданып, башына жылуу жоолугун ороп, бутуна жылуу өтүгүн кийип, быйылкы жылдын эсебинен биринчи жолу эшикке чыкты. Ал аябай этияттап, жай басып келатты. Муздак абадан башы кеңгиреп ооруп чыкса болобу? Тээ качан эле унутулган жылдыздар жымыңдашып, жерге үңүлүп тиктеп турушкан экен. Жер толо күбүлгөн жалбырактар бутка илээшип, басууга жолтоо кылып жатат.
Каалганын жанына жетип акырын гана:
– Такылдатып жаткан ким бул? – деп сурады. Бирок дубалдын ары жагынан жооп берген киши болбоду. – Каңырыш уккан окшойм ээ? - Екатерина Петровна артка илкип жөнөдү. Бир маалда деми кысылып, суу болгон клен дарагынын бутагын кармай калды. Бул бакты тааныды. Тээ кыз кезинде муну өзү отургузбады беле. Эми муну карасаң. Бутактары жайылып, тарбайып өсүптүр. Бул дагы үшүп, жайсыз, суук, шамалдуу түндөн качууга арга таппай турган шекилдүү.
Катерина Петровна клен дарагына боору ооруп, быдырлуу бутактарын сылап, үйдү көздөй араң илкип жөнөдү. Ал бул түнү кызы Настяга кат жазды.
«Менин эркетайым, каралдым, - деп баштады Катерина Петровна. - Кыязы, мен бул кыштан аман чыкпайм го, жалгызым. Жок дегенде бир күнгө келип кетсең боло! Колдоруңан кармап, ак жүзүңөн сүйүп сылап, бир эркелетип алсам арманым болбос эле дейм. Карылыгың курусун. Алым кетип, басмак түгүл дем алганганым да күндөн-күнгө оорлоп барат. Отурган менен турганды айтпа. Кургур, өлүм да мени унуткан сыяктуу. Бакча да мурдагыдай болбой мага окшоп соолуп барат. Мен эми аны чыгып караганга жарабай калдым. Быйылкы күздүн да кебетеси жакшы эмес. Аябай кысылып кеттим. Өмүрүм да ушул кеч күздүн соңуна окшоп этегине чыгайын деп калды”, - деп катын жазып бүтүрдү.
Манюша мурдун шыр тартып, бул катты почтого алып барды. Катты почто жашигинин тешигине кайра-кайра тыгып атып араң салды. Катты салып атып, анын тешигин утуру-утур карап коёт. Ичинен бирдеме көрүнөт деп ойлоду го. Бир темирдин ичиндеги аңгыраган боштуктан башка көзүнө эч нерсе көрүнбөдү.
Настя Сүрөтчүлөр союзунда катчы болуп иштечү. Анын жумушу чынында эле аябай көп. Көргөзмөлөрдү, мелдештерди уюштуруу мойнунда эле.
Энеси жазган катты Настя жумушта жүргөндө алды. Ал аны окубай туруп сумкасына салып койду. Жумуш бүткөндөн кийин окуюн деп чечти. Катерина Петровна жазган кат Настянын көңүлүн тынчтандырып, бир аз жеңилдене түштү. Кат жазган соң, демек, апам аман-эсен турбайбы. Бирок ошону менен катар кат аны терең убайымга да салды. Сыягы, кызга ар бир кат унчукпаган жеме сыяктуу сезилсе керек.
Жумуштан кийин Настя жаш скульптор Тимофеевдин өнөрканасына барып, анын жашоо-турмушун көрүп келиши керек болчу. Ал Тимофеевдин абалы тууралуу Союздун башкармалыгына билдириши керек. Тимофеев өнөрканасынын сууктугуна арызданып, аны эч ким укпай, иш кыла албай атканына арызданып жаткан.
Кайсы бир аянтчага жеткенде Настя күзгүсүн алып, бетине упа сыйпап, өзүн ыраазы боло карап койду. Ушул учурда ал өзүнө-өзү аябай жакты. Сүрөтчүлөр аны сары чачтары жана муздай көз карашы үчүн “Сольвейг” деп аташчу.
Эшикти бою кичинекей, өзү чечкиндүү, ачуусу мурдунун учундагы Тимофеевдин өзү ачты. Ал пальто кийип алган экен. Анан калса мойнуна килейген шарф да оронуп алыптыр. Настя анын бутунан аялдар кие турган фетр бут кийимди байкады.
– Чечинбеңиз, суранам! Болбосо тоңуп каласыз, - Тимофеев бурк этти.
Ал Настяны караңгы коридордон өткөрүп, бир канча тепкич жогору көтөрүлүп, өнөрканасынын ичке эшигин ачты.
Өнөркананын ичи топурак жыттанат экен. Полдо суу чопо толтурулган челектин жанында керосинка күйүп туруптур. Станоктордо суу чүпүрөктөр жабылган скульптуралар нестейишет. Кенен терезенин айнегине кардын бүртүктөрү кыйгачтай тийип, ылдый карай кулап баратат. Айнектин нары жагында Нева дарыясынын үстүнөн жылып бараткан туман анын капкара иримине сиңип жаткандай. Шамал терезенин жыгач кашектериндеги тешиктерден ышкырып, жерде жаткан эски гезиттерди кыймылдатып жатты.
– Кудай ай, эмнеге мынча суук! – деп наалыды Настя. Ага тамда башаламан илинген ак барельефтер да өнөркананын ичин ого бетер суутуп жаткандай туюлду.
– Мынакей, шартымды көрүңүз! - Тимофеев Настянын алдына чопо тийип кирдеп калган креслону жылдырды.
– Мен ушул муздак үңкүрдө тоңуп өлбөгөнүмө өзүм да таңгалам. Першиндин өнөрканасында Сахарадан үйлөгөндөй болуп колориферден жылуулук уруп турат.
– Сиз Першинди көп жактыра бербейт окшойсуз, - Настя аярлай сурады.
– Ал деген дилетант да! Кол өнөрчү деп койсок болот. Анын фигураларынын ийиндери пальто илгичтерге окшош. “Колхозницасы” кир фартугу аласына тыгылган таш катынга окшош, – жаны кашайды Тимофеевдин.
– Жумушчусу да неандертал адамга окшош. Скульптураларын жыгач кашык менен чаптап жасайт. Аа, куулугучу? Куулугу римдик кардиналдан ашып түшпөсө кем эмес, - деди.
– Мага өзүңүздүн Гоголуңузду көрсөтүңүзчү, - Настя сөздү башкага бургусу келди.
– Жүрүңүз, - кабагын чыта буюрду скульптор.
– Ал жакка эмес, тигил бурчка. Ии, ошол жерге.
Ал фигуралардын биринен суу чүпүрөктү сыйырып, аны туш тарабынан сын көз менен карап чыкты. Керосинканын жанына тизелеп отура калып, колун жылытып, мындай деди:
– Мынакей, Николай Васильевичти эми көрсөңүз болот, - деди.
Настя чочуп кетти. Аны узун тумшугунун ары жагынан шылдыңдагансып бүкүрөйгөн киши карап туруптур. Настя анын чыкыйында ичке склеротикалык кыл салаңдап турганын көрдү.
«Сумкеңиздеги катты эмне үчүн ача элексиз? – деген Гоголдук көз караш ар жактан теше тиктеди. “Эх, энесин ойлобогон сендей да сагызган болобу?” дегендей көз караш мында.
– Ии, кандай болуптур? Олуттуу байке бекен, ия? – деп сурады Тимофеев.
– Укмуш, - Настя араң жооп берди.
– Бул чынында эле укмуш болуптур.
Тимофеев ызалуу каткырып жиберди.
– Укмуш, –деп кайталады.
– Бардыгы укмуш дешет. Першин да, Матьящ да, комитеттеги бардык билермандар укмуш дешет. Жыйынтыгында эмне? Баарыңар жакшы деген менен майнап барбы? Першин бир нерсе десе баары даяр. Скульптор катары менин тагдырым чечилип жатканда Першин мурдун чүйрүп койсо, иштин бүткөнү. Түнү менен уйкуң качат, - Тимофеев өнөркананын ичинен боталарын дүкүлдөтүп чуркап баштады.
– Муздак чопону кармап жүрүп, колдорум ревматизм болду. Үч жылдан бери Гоголь жөнүндө ар бир сөздү изилдеп окуп жүрөм. Акырында чочконун азуу тиштери да түшүмө кире баштады!
Тимофеев үстөл үстүнө бир топ китепти абага көтөрүп, күч менен кайра артка ыргытты. Үстөл үстүнөн гипстин чаңы буруксуй түштү.
– Гоголь тууралуу айта тургандарым ушул, - деп ал өзүнө келе түштү.
– Эмне? Сиздин жүрөгүңүздү түшүрүп койдум окшойм. Сулуу кыз, мени кечирип коюңуз. Бирок мен салгылашканга даярмын..
– Эми сиз менен бирге биз да салгылашабыз, - Настя ордунан турду.
Тимофеев кызды колунан бекем кысып узатты. Настя бул таланттуу адамды белгисиздиктен сууруп чыгуу үчүн колунан келишинче жардам берүүнү чечти.
Настя Сүрөтчүлөр союзуна кайтып келип, башкарма менен Тимофеев тууралуу бир топко сүйлөштү. Ал шашылыш түрдө Тимофеевдин иштерине көргөзмө уюштуруу керек деп кызууланды. Башкарма бир топко чейин карандашынын арты менен үстөл үстүн койгулап ойлонуп, акыры көргөзмөну уюштурууга макул болду.
Настя Мойкадагы шыбы алтын жалатылып чапталган өзүнүн эски бөлмөсүнө келип, энеси жазган катты ачып окуду.
– Жумуш кайнап жатканда кайдан барам! Бияктан бир жакка кете аласыңбы? – сүйлөнүп ордунан турду.
Ал киши толгон поезддерди, ат арабага отуруш керектигин, куураган бакты, апасынын кургабаган көз жашын, айылдагы оор, эч бир боёгу жок кызыксыз күндөрүн көз алдынан чубуртту. Ошентти да катты үстөлдүн астындагы тартмасына шык этип салып койду.
Настя эки апта Тимофеевдин көргөзмөсүн уюштуруу менен алек болду. Бул учурда ал оюндагысын бербеген скульптор менен бир канча жолуп урушуп, кайра табышты.
Тимофеев көргөзмөгө өз эмгектерин аларды бирөө кыйратып, талкалап жибере тургансып араң жөнөтүп жатты.
– Сиздин колуңуздан эч нерсе келбейт. Мен жөн эле сизге убактымды коротуп жатат окшойм, - деп кыйды сүрөтчү өзүнүн эмес, Настянын көргөзмөсүн уюштуруп жаткансып кара күчкө наалып.
Настя башында капа болуп, бирок скульптордун сыймыгы ызага буулукканын, тебеленгенин, анын оор мүнөзүн акырындап түшүнүп баратты. Бирок тереңинде Тимофеев өз көргөзмөсү өтө турганына өтө кубанып жатты.
Көргөзмө кечинде ачылды. Тимофеевдин ачуусу келип, скульптураны электр жарыгы менен көрүүгө мүмкүн эмес деп жатты.
– Бул деген өлүү жарык, - деп наалыды. – Мындан зеригип жатып өлө тургандайсың. Электр жарыгынан көрө кересиндин жарыгы жакшы.
– Деги сизге кандай жарык жагат? Минтип отурсаңыз сизге адам түтөбү? – Настя түтөп кетти.
– Бизге чырактар керек. Чырактар. Гоголду кантип электр жарыгы менен көрмөк элек. Бул деген ойго келбеген нерсе да, - жаны кейип кыйкырып жиберди Тимофеев.
Ачылышка скульпторлор, сүрөтчүлөр келишкен экен. Билбеген киши скульпторлордун сөзүн угуп, Тимофеевдин мактап жатканын же тилдеп жатканын түшүнө бербейт болчу. Бирок кыйды Тимофеев көргөзмөсү максатына жеткенин түшүндү...
Картаң, ачуусу чукул сүрөтчү Настянын жанына келип, далысынан таптап:
– Ыракмат. Тимофеевди жарыкчылыкка алып чыкканыңызды уктум. Эң сонун иш кылган турбайсызбы. Бизде сүрөтчүгө көңүл бөлүш керек деп сүйлөгөндөр көп. Чынында, иш жүзүнө келгенде жөн эле бош көз карашка, куру сөзгө алданган учурлар көп. Сизге дагы бир жолу ыракмат, - деди!
Ошентип талкуу башталды. Көп сөз болду, скульпторду макташты. Кызууланып да кетишти. Карт сүрөтчүнүн унутулган жаш сүрөтчүгө көңүл буруу тууралуу айтылган оюн бардыгы кайталап, кубаттап жатышты.
Тимофеев эңкейип паркетти тиктеп отурса да, көз кыйыгы менен сүйлөп жаткандарды утуру-утуру карап коёт. Оюнда буларга ишенсе болобу же болбойбу деген күдүк бар.
Ушул маалда эшиктин алдында Союздун курьери болуп иштеген мүнөзү шайыр, бирок көп нерсени аңдап түшүнө бербеген Даша пайда болду. Ал Дашага жаңдап белгисиз бир ишараттарды колу менен көрсөтүп жатты. Настя ага акырын басып келери менен Даша анын колуна телеграмма кармата койду.
Настя өз ордуна кайтып келип, эч кимге билгизбей телеграмманы ачып окуп, бирок эч нерсени түшүнгөн жок.
Телеграммада “Катя өлүм алдында. Тихон” деген гана жазуу бар экен. Кайсы Катя? Эмне болгон Катя? – Настя эч нерсени түшүнө албай дел болду.
– Кайсы Тихон? Балким, бул телеграмманын мага тиешеси болбосо керек деген ой кетти.
Бир маалда Настя телеграмманын дарегин карады. Телеграмма чын эле мунун өзүнө багышталган экен. Ошондо гана кагаз лентага жазылган “Заборье” деген басма шрифт менен жазылган жазууну көрдү.
Настя телеграмманы бырыштыра кармап, кабагын чытыды. Бул учурда кеп кезеги Першинге келген экен. Ал чайпалып, колундагы көз айнегин кармалап:
– Биздин күндөрдө адамга кам көрүү өсүшүбүзгө жана иштешибизге жардам берген эң сонун реалдуулукка айланды. Мен биздин скульпторлорго, сүрөтчүлөргө, дегеле биздин чөйрөбүзгө ушинтип кам көрүп жатканыңарга абдан ыраазымын. Менин бул сөздөрүм Тимофеевдин көргөзмөсүнө түздөн-түз тиешелүү. Бул көргөзмөнүн ачылышы үчүн өз жетекчилигибизге милдеттүүбүз. Анын ичинен эгер союздагылар таарынбаса, Союздун катардагы кызматкери Анастасия Семеновнага карыздарбыз, - деди.
Першин Настяга ийилип жүгүнүп койду эле, бардыгы кол чаап кубаттап жиберишти. Көзүнөн жаш айланып араң турган Настя көпчүлүктөн ого бетер уялып кетти.
Бул учурда арт жактан бирөө аны колунан тартты. Караса, баягы картаң сүрөтчү экен.
– Баары жайындабы. Деги жаман кабар эмеспи? – шыбырап сурады.
– Жок, анчейин. Андай деле эмес. Бир таанышыман келген экен.
– Ии, - деп коюп картаң сүрөтчү бир нерсе деп күбүрөндү, сүйлөп жаткан Першиндин сөзүнө кулагын төшөп.
Бардыгынын көзү Першинде. Бирок Настя ким-бирөөнүн желкеден өтүп турган оор көз карашын сезип, башын жогору көтөргөндөн коркту. “Бул ким болушу мүмкүн?” – баш катырды. “Бирөө билип калды окшойт. Кандай гана келесоолук. Мээм чачырап кетет ко”, - деп Настя бушайман болду.
Ошентип ал кара күчкө башын жогору көтөрүп, көзүн ала качты. Баягы Гоголдун айкели муну шылдыңдагансып карап турган экен көрсө. Анын чыкыйындагы ичке склеротикалык кыл катуу дирилдеп жаткандай сезилди. Настяга Гоголь тиштеринин арасынан:
– Эх, энесин ойлоп койбогон сагызган! – деп наалып тургандай сезилди.
Настя тез тура калып залдан чыгып жөнөдү. Ылдый жактан шашылыш кийинип, көчөгө чуркады.
Сыртта суу аралаш кар сампарлап жаап турган экен. Исаакиев соборунун алды бопбоз. Бүркөк асман шаарды, Настяны көздөй, Нева дарыясын көздөй кулап келаткандай туюлду.
«Эркетайым, каралдым, каралдым менин!" – апасы кечээ жакында жиберген каты эске түштү. “Каралдым!” деген сөзү жүрөгүнө ийне болуп сайылып жатты.
Настя Адмиралтействонун жаныдагы сквердеги отургучка отуруп, каңырыгы түтөп ыйлады. Бетине жааган суу кар ызага бууккан көз жашы менен аралашып, акырек ылдый куюлду.
Настя бир маалда сууктан ичиркенип, ушул бардыгы таштап кеткен зерикмелүү Заборье айылындагы карыган кемпирден башка өзүн чындап эч ким жакшы көрбөгөнүн түшүндү.
«Бардыгы кеч болуп калбадыбы! Мен эми апамды тирүү көрө албай калдымбы», – Настя өзүнчө күбүрөндү. Бала кезде көп айткан “апа” деген сөз көп жылдан бери биринчи жолу тил учуна эми келгенин эстеди.
Ал тура калып, бет аралаш урган карга карабай басып жөнөдү. “Апалап” көзүнө эч нерсе көрүнбөй алдыга жүткүнүп кете берди.
– Кантип ушуга чейин жеттим? Сенден башка бул дүйнөдө кимим бар эле? Сенден башка мага эч ким жакын боло албайт. Көзүңдүн тирүүсүндө эптеп жетишип барып калсам экен. Апа, мени көрүп, кечирсең экен”, - жолду карай өксүп баратты.
Настя Нева проспектисине чыгып, шаардык темир жол станциясын көздөй бет алды.
Кечигип калган экен. Поездге билет калбаптыр. Эриндери титиреп, кассанын жанында селейип калды. Сүйлөөгө дарманы келбей, ким-бирөө жылуу сөз айтса буркурап ыйлап ие тургандай абалга келди.
Жашы өтүп калган кассир аял кыздын кассанын жанынан кетпей турганын көрүп, терезенин ары жагынан:
– Сизге эмне болду, чоң кыз? – жактырбагансып бурк этти.
– Эч нерсе. Менин апам... Менин апам... - деген бойдон шарт бурулуп, сыртка жөнөдү.
– Чоң кыз, сиз каякка? Бая эле ошентпейт белеңиз. Бир мүнөт күтө туруңуз, - кыйкырды кассир.
Ошол кечте Настя апасын көздөй жол тартты. Жолду карата ага поезд араң эле кыбырап жүргөндөй сезилди. Анткен менен поезд ысык буусун бүркүп, узакка созулган эскертүүчү кыйкырыгын озондотуп коюп, тоо-токойду аралап зымырап баратты.
Тихон почтого келип, Василий почточу менен бир нерсе жөнүндө шыбырашып, андан телеграфтын бланкасын алды. Аны колунда бир топко тегеретип кармап, утур-утуру жеңи менен мурутун сүртүп, бланкага ийрелеңдеген кол жазмасы менен бир нерселерди жазды. Жазып бүтүп, бланканы этияттап бүктөп, баш кийиминин алдына салып койду. Ошентип ал кайра Катерина Петровнанын үйүнө жөнөдү.
Катерина Петровна он күндөн бери төшөк тартып туралбай жатты. Эч жеринин деле ооруганы билинбегени менен, эс тандырган алсыздык көкүрөгүнөн, башынан, бутунан кысып туруп алды. Барган сайын дем алуусу кыйындады.
Манюшка алты сутка бою Катерина Петровнанын жанынан карыш жылган жок. Түнкүсүн чечинбей жапырылып калган диванга жатып уктайт. Манюшага кээ бир учурда Катерина Петровна дем албай калгандай сезилди. Ошондо ал чочуп: “тирүүсүзбү?” деп үн чыгарып коёт.
Катерина Петровна жууркандын алдынан колун кыймылдатканда “Ии”, - деп Манюшанын санаасы тына түшөт.
Бөлмөлөрдүн бурчтарында таң эртеден бери ноябрдын коюу иңирти тарабай турганы менен күн жылуу. Манюша алоолонтуп меш жагып жатты. Оттун жалыны ашталган карагайдан тургузулган тамга жарыгын чачып, бөлмө ичин шаңга бөлөйт. Катерина Петровна акырын дем алып, жаны жай ала түшкөндөй болот. Ушул учурда бөлмө киши жашагандай болуп, тээ Настянын кичинекей кезиндегидей жандуу боло түшкөндөй. Катерина Петровна көздөрүн жумду. Көзүнөн аккан жападан жалгыз тамчы көз жаш саргайган чыкыйынан ылдый сызылып, чатышып калган аппак чачтарынын арасына сиңип жок болду.
Жөткүрүнүп сырттан Тихон келди. Кебетесине караганда толкунданып алгандай түрү бар.
– Тиша, эмне болду? – араң сурады Катерина Петровна.
– Күн сууп кетти, Катерина Петровна! – Тихон жайдарылана сүйлөп, баш кийимин карап койду.
– Ырас, жакында кар жаачудай көрүнөт. Жолдор тоңуп, келишине оңоюраак болот да, - деди Тихон.
– Кимдин келишине? – Катерина Петровна көзүн ачып, шалдыраган колдору менен жууркандын сыртын сыйпалай баштады.
– Ой, ким болмок эле? Настасья Семеновна да, - Тихон кыйшалаңдап баш кийиминин ичинен телеграмманы сууруп чыкты.
– Ким келмек эле, кызыңыз Настя келет, - деди.
Катерина Петровна турайын деп аракет кылды, туралбады. Жаздыгына кайра кулады.
– Мына! – Тихон телеграмманы ачып, Катерина Петровнага акырын сунду.
Бирок Катерина Петровнанын аны колуна алууга дарманы келген жок. Ал Тихонду гана жалооруй карап жата берди.
– Окуп бербейсиңби! Кемпир окуй албай калды го. Көздөрүнүн нуру кетти да! – Манюшанын кыргылданган үнү чыкты.
Тихон чочугансып эки жагын аяр карап, жээрде чачын сылап, ишенимсиз, басыңкы үнү менен: “Күткүлө, мен жолго чыктым. Сизди ар дайым сүйгөн кызың - Настя, - деп окуду.
– Тиша, жөн эле койчу, чырагым. Сени кудай колдосун. Жакшы сөздөрүң үчүн, жакшы мамилең үчүн сага ыраазымын, - деди Катерина Петровна.
Катерина Петровна болгон аракети менен дубалды карай бурулуп, уктап калгансыды.
Тихон шамал урган суук кире бериштеги отургучта башын ылдый салып, тамекисин кере-кере соруп, кез-кез түкүрүнүп, кез-кез үшкүрүнүп отурду. Бир маалда Манюша Тихонду Катерина Петровнанын бөлмөсүнө кол булгалап чакырды.
Тихон бут учу менен акырын басып, алаканы менен бетин сүртүп койду. Катерина Петровна өңүнөн азып, кипкичинекей болуп уктап жаткандай тынчып калыптыр.
– Күтө албай калбадыбы. Шордуу байкушум, – Тихондун каңырыгы түтөдү.
– Арман күн ай ээ! Бул эмне деген азап! Көрбөй турасыңбы, келесоо. Жакшылыкка жакшылык менен жооп бериш керек. Мээси бош немедей эмне турасың, - деп ачууланып, Манюшага бир тийди.
– Сен бул жерде отуруп тур. Мен сельсоветке барып, кабар берип коёюн, - деди. Тихон кетип, Манюшка төрт буттуу отургучта тизесин кучактап силкилдеп, көзүн Катерина Петровнадан албай карап отура берди.
Катерина Петровнаны кийинки күнү жерге беришти. Кыламык кар жаагандан кийин жер кичине тоңголок боло түшкөн экен. Күн ачылып, жарык түшкөнү менен аркасы дагы эле бүркөк. Дарыянын арт жагындагы мейкиндик бозоруп турат. Андан жаңы түшкөн кардын какаары менен кошо мажүрүм талдын кабыгынын жыты уруп турат. Кемпирди акыркы сапарга узатууга жалаң кемпирлер менен жаш балдар чогулушту. Табытты Тихон, Василий жана картайып калган эки бир тууган Малявиндер көтөрүп баратышты.
Манюшка Володя аттуу агасы менен табыттын капкагын көтөрүп алышкан. Алар да эки жакты карабай, алдын карап түз баратышат.
Мүрзө айылдын ары четиндеги суу жээгинде эле. Мүрзөнү бойлой бийик сары талдар өсүп турат.
Табытты көтөргөн жолдо айылга облустагы шаарлардын биринен которулуп келген жаш мугалим эжей жолугуп калды. Ал жаңы келгендиктен заборьеликтердин эч кимисин деле билчү эмес.
– Эжей келатат. Эжей келатат, - балдар шыбырашып калышты.
Эжей өтө жаш, уялчаак, кыскасы бала эле бойдон экен. Ал Катерина Петровнаны акыркы сапарга узатуу тажиясынын үстүнөн чыгып, мектепке бараткан жолунан дароо токтоп калды. Табыттын ичине салынган кичинекей кемпирдин сөөгүн көргөндө бир эсе чочугансышты. Кемпирдин бетине бак башынан кечээги жааган кардын бүртүкчөлөрү түшүп, ошол эле замат эрип кетип жатыптыр. Тиги өзү мурда иштеген облустук шаарда так эле ушундай, чачы куудай, дайыма кызын ойлоп убайым жеген бул жаш мугалим кыздын да энеси калбады беле...
Мугалим кыз бир саамга карап туруп, табыттын артынан ээрчиди. Кемпирлер кызды карап шыпшынышып: “Жаш экен. Жоош да окшойт. Биздин Заборьенин тентек балдары буга баш беришпейт ко. Эми кантээр экен? – деп өз ара сүйлөшүп баратышты.
Мугалим кыз чыгынып, Матрена аттуу кемпирден:
– Жалгыз жашаса керек ээ? – деп сураганга батынды.
– Ооба, садагаң кетейин. Жалгыз жашачу, - узатуу кошогун муңкана созгон Матрена эне жолун улады. Анын кошогу жан дүйнөңдү сыга эзип, акырет сапарга бет алган Катерина энени узатып баратты. Ара-чолодо ээрчип келаткан мугалим кызга: –Ленинградда кызы бар болчу. Диванда жалгыз отуруп ошол кызын канча күттү. Же тигиниси бир келип койсочу. Сүйлөшөргө кишиси жок өтүп кетпедиби. Байкушка бооруң ооруйт. Кызы Ленинградда аябай көтөрүлүп, жогорку кызматта иштейт окшойт ко. Байкуш кемпир же жакындары жок, же балдары жок жалгыздыкта өлбөдүбү, - кейип баратты.
Көрүстөнгө жеткенде табытты жаңы казылган мүрзөнүн жанына коюшту. Кемпирлер табытка жүгүнүп, колдору менен уучтап топурак салышты. Мугалим кыз да табыттын жанына эңкейип, Катерина Петровнанын жедеп шалдырап кургап калган колунан өптү. Анын акырын туруп боюн түздөп, бурулуп кыштан тизилген тосмонун жанына туруп калды.
Тосмонун ары жагында жаңы жааган кардын алдында кайгы-муңу көп, сүйүктүү мекен керилет.
Мугалим кыз бир топко чейин өз ара сүйлөшүп турган чалдардын кожурун, табыттын үстүнө утур-утур ыргытылган топурактын үнүн, тээ алыстагы короолордон ар түрдүү үн менен кыйкырып жаткан короздордун үнүн эшитип, көрүп турду. Короздордун кыйкырганынан кыш жеңил өтүп, тынч болот деп жоромолдоп койду.
Заборьеге Настя энесин койгондон кийинки күнү келди. Ал энесинин мүрзөсүнүн үстүнө үйүлгөн жаңы топурагын гана көрүүгө үлгүрдү. Мүрзөнүн үстүндөгү топурактар да бүртүк-бүртүк болуп, жаны небак чымчык болуп учуп кеткен Катерина Петровнанын түбөлүктүү караңгы үйүнүн үстүнө үйүлүп калган экен.
Өзү чоңойгон, энеси карааны үзүлгөнчө күткөн бул бөлмөдө Настя таң атканча көз жашын көлдөтүп ыйлады. Сырттан эртеңки күндүн түмөн түйшүгүнөн кабар берип, агарып таң сөгүлүп келатты.
Настя Заборьеден уурданып, эч кимге көрүнбөй кетип калууга аракет кылды. Ал өзүн бирөө көрүшүн, ар нерсени сурашын каалаган жок. Бечара кыз бир гана Катерина Петровнадан башка эч ким анын оңолгус күнөөсүн кечирип, айыбын жууп, көкүрөгүндөгү оор жүгүн алып сала албастыгын сезип кетип баратты...
Которгон Талгат ДЕРКЕМБАЕВ