Осман Чевиксой: Деңизден келген кыз

  • 28.02.2022
  • 3230

АҢГЕМЕ

«Жаңы мугалимибиз. Измирден келди" - деп жетекчи тааныштырган. Бою кыска, арыкчырай, ак жуумал, бирок сулуу деп айтууга болбойт, аз сүйлөгөн бир кыз болчусуң. Сен жөнүндө "текебер жана сабатсыз" – деп  ойлодум. Сабатсыздыгыңды текебердигиң менен жашырганга аракет кылчусуң. Боюңдун кыска экенине карабай баарыбызды үстүртөдөн  карачусуң. Ушул менин кыжырымды кайнатчу. Маңдайыңда жазылуу эмес болчу, бирок мамилеңден, кыймылыңдан, турган турушуңдан маданиятсыз экениң оңой эле билинип турду. Өтө сулуу да эмес элең. Бизди бой көтөрүү менен кароо ал эмнең эле? Эмнеңе ишендиң?

Чынын айтсам, сага ичим жылыган жок. Жактырган жокмун. Ошон үчүн мектептен чыкканда сен отурган унаага отурбастан кийинкиси менен кайра Анкарага кайтчумун, эртең менен Анкарадан сен түшкөн автобуска түшүп калсам, арткы орундуктардын бирине отурчумун. Унчукпаганыңа, амалдарыңа, жагымсыз жүрүм-турумдарыңа карап отургандан көрө, мен  көбүн тааныган айдоочулар менен тамашалашканым жакшы болчу. Жок дегенде алар аң -сезимдүү. Аларда бийик көз караш, текеберлик, жок эле. Алар жанга жакын.

Күндөр өттү. Анкара менен Кырыккаленин ортосунда бир нече күн же өзүнчө автобустарда же бир эле автотранспорттун орундуктарында бири-бирибизден алыс отуруп жумушка барып келип жүрдүк. Бирок, Анкарадан келген бир мектептин эки мугалими катары жанаша жүрүп, баарлашып, сүйлөшүп жүрсөк болбойт беле? Мага негизи баарынан да ушундай дос керек болчу. Бир жарым сааттан үч саатка созулган жолдо баарлашууну жана ынактыкты ким каалабайт?

Мектепке барган алгачкы күндөрү мен жашын, тажрыйбасын сыйлаган Махир агай менен сүйлөшүп калчусуң. Ал сенин нөөмөтчү досуң болчу. Кесиптештер менен ынак  болуп жүрдүң. Алар сага эмне айтып берсе да каткырып күлө берчүсүң. Ал күлгөндөрүңдү көргөндөн кийин сен жөнүндөгү ойлорум акырындап өзгөрө баштады. Сен серт, супсак, сезимсиз адам эмес элең. Сезимсиз адам башка адамдарга текебердик мамиле кылмак беле? Мен эки нерсеге кызыктым. Класста окуучулар  менен, үйдө үй-бүлөң менен жалгыз калганда кандай болдуң экен?

Мен сени алыстан сынап жүрдүм. Класс жакын болгондуктан, чай маалында баарынан мурда мугалимдердин бөлмөсүнө келип, стакандардын баарын ысык суу менен чайкап, анан чайга толтуруп койчусуң. Ал аз келгенсип, тейлеп да  жиберчүсүң. Болбосо, биз өзүбүз чай куюп көнүп калганбыз.

Бул кыймылдарың “Мен келген мектепте ушундай болсун, колум сынып калбайт буларды жасагандан” дегениң, кээде билгениңди ачык айтканың бир эле мен эмес, баарынын көңүлүн бурду. Баары бат эле сага көңүлдөрү жылып калышты. Албетте, кээ бир аялдарды кошпогондо...

Бара-бара сен бардык мугалимдер менен  чын ыкластуу, ынак  жакын мамиле курдуң. Көпчүлүк айымдар менен достук мамиледе болуп калдың. Дээрлик бардыгы сен жөнүндө урмат-сый менен сөз кылышчу. Артыңдан "жакшы кыз" дешчү. «Билимдүү кыз, тарбиялуу үй-бүлөнүн кызы...» деше турган. Баарына жакын, бир гана менден алыс элең. Мен да сенден алыс болчумун. Биз дагы деле өзүнчө автобустарда же бир эле автобустун алысыраак орундуктарында келип-кетип жүрдүк.

Жогорку окуу жайда окууруңду бир айдан кийин гана Махир агайдан билдим. Анан дагы сен да мен сыяктуу мен кечкисин окуган мектепте окуйт экенсиң. Сен өзүнчө бөлүмдө болдуң. Бирок биз окуган имараттар карама-каршы жайгашкан. Кээде кечинде ашканада мени арт жактан көрүп калчу экенсиң. Мен сүйлөшпөгөнүм үчүн сен да сүйлөбөйт элең. Булардын баарын Махир агайдан уктум. "Бул кандай адам?" – деп мени андан сураптырсың. "Ал жакшы дос, сенден да жакшы болбос." — дептир Махир мырза. Ал мен жөнүндө билгендерин сага айтып бериптир. Бир эле ошол адамды жакшы тааныбайм - деп күлүптүрсүң.

Махир агай мага ушунун баарын айтып берген күнү көзмө-көз жолугуудан коркуп, байкатпастан жүзүңө кылдаттык менен тигиле карадым. Көрсө, адамды бир бүтүндүк катары карашыбыз керек экен. Мектепке биринчи келген күнүңдөн алда канча сулуу болуп көрүндүң. Анан эмне болгонун билесиңби? Көзүм сенин жүзүңө тигилгенде, жүрөгүмдү жагымдуу бир жылуулук акырын серпип өттү. Анан ошол жай титирөө денеме жылуу тумандай тарады. Күтүлбөгөн жерден мен ушундай абалга келдим... Баары болмок, бирок мындай болушу мүмкүн эмес. Коркуп кеттим. Чайымдын жарымын ичип, классыма жөнөдүм. Башка күндөрдөгүдөй эле  сенден мурун мектептен чыгып кеттим. Аялдамага сенден мурда жеттим. Маршруткага сенден мурун түштүм. Алдыңкы орундукта бир жарым саат бою күн тийгенине карабай, сенден мурун Анкарага баргам. Эмнеге мындай кылдым, билбейм. Балким мен сенден качтым. Мүмкүн алсыздыгымды билгеним үчүн өзүмдөн качып кеткендирмин. Сөзсүз мен бирөөдөн, бир нерседен качтым окшойт.

Эки күн, үч күн, беш күн... Адам чындыкты кабыл алганга чейин же кармалмайынча качат. Бирок андан ары кутулуу мүмкүн эмес. Кармалдым... Ал мени ээрчип баратканын, экөөбүздүн ортобузда бир аз эле аралык бар экенин билбептирмин. Станцияда менден башка эч ким жок болчу. Автобустун эшигине сунуп жаткан колуңду көрсөм, тездик менен эшикти тартмак белем?.. Ооруганынан «аа!...» деген үндөн кийин көрдүм сени. Манжаларың эшиктин ортосуна кыпчылды. Эшиктин жаракасынан кан жая берди. Дароо ачтым, бирок аным эмнеге жарайт эле? Болоору болду. Сен экинчи колуң менен карманып кичи автобуска түштүң. Ары жакта бирөө колун сунуп, эшикти жаап койду. Отургандан кийин кол аарчыңды алып, соо колуң менен көгөргөн манжаларыңды ородуң. Кечирим сурадымбы же башка сөз айттымбы билбейм.  – Эч нерсе эмес - деп айттың. Шаардын борборуна чейин ушинтип келдик. Колуң ооруганынан кыйналып турганың менен  жүзүң жайдары эле. Жүзүң такыр чөкпөдү , көзүңдөн жаш тегеренген жок.

«Сөөгүңүз аман – эсен экен. Жараат териде…”

Дарыканадагы фармацевт так ушундай деди.

- Сенчи?...

"Ооба муну бул кылды. "Сен менин үстүмдөн фармацевтке ушинтип арыздандың. Үнүңдө кымындай да ачуулануунун белгиси жок болчу. Жашооңо ыраазы көрүндүң. Дарыканадан чыккандан кийин автобекетке чейин жанаша басып бардык. Менин этиятсыздыгымдан болгон бул кырсык бизди жанашууга алып келди. Билетти мен сатып алдым, отургучтардын номерлерин көргөндө "таң калдым" - дедиң. "Биз жанаша орундарда барабызбы?" Анан мени шылдыңдадың: «Артта бош орун калбаптырбы?

Көрсө, биз бири-бирибизге ошончолук муктаж экенбиз. Бир жарым сааттык жол кандай аяктаганын байкабай калдык. Кийинки күндөрү Анкарадан Кырыккалеге, Кырыккаледен Анкарага чейин он үчүнчү автобустун жетинчи жана сегизинчи орундуктары дайыма биздики болду. Алгач бири-бирибизди “жолдош” деп атап жүрдүк. Анан “дос” дедик. Оозубуз дагы башка бир нерсе дегенге барбаганыктан дос болуп калдык. “Достук” деген жылуу да, чын жүрөктөн айтылган сөз да эмеспи?...

Эртең мененки биринчи автобустан эч качан калчу эмесмин, анткени сенсиз жол жүрө албасымды билчүмүн. Сен мен турган аялдамага чейин жетинчи автобус менен келчүсүң. Мен автобуска киргенде терезе жакка жылып, ордуңду мага берчүсүң. Экөөбүз ушунчалык терең маектешкендиктен, убакыт токтоп тургандай болчу. Кырыккаледен автобустан түшкөндөн кийин  убакыт токтобой агып баштачу. Аялдамага чейин басып баратканда, автобуста, сабактардын ортосунда бирге болчубуз. Анан ошол эле күн ичинде убакыт экинчи жолу токтоп турду. "Ортолорунда сүйлөшө турган темасы жок эки достун достугу бүттү" Сөзүңдү айттың деп ойлойм. Достугубуздун үзүлүшүн каалабагандыктан улам жаңы темаларды издеп жүрчүбүз. Илим, психология, адабият, аял-эркек мамилеси жана башкалар... Мүнөт менен өлчөнө турган жымжырттык да ортобузга кире албады. Тыюуга карабай, зериксем чалуу үчүн жашаган жатакананын телефон номерин бергенсиң. Жан дүйнөм тарыганда сага телефон чалып турчумун. Кээде ишемби, жекшемби күндөрү бир жерде жолугуп, отуруп сүйлөшчүбүз.

Биздин мамилебиз мектеп жабылганга чейин уланды. Жайкы каникулда кабыл алган чечимибиз боюнча кат жазышкан жокпуз. Бири-бирибизге кээде менен карттарды жөнөттүк. Ошентип мамилебизди үй-бүлөбүздөн жашырып жүрдүк. Ал эми эки дос ынтымактуу эки адам болчубуз. Биздин мамилебизде жашыра турган эч нерсе жок болчу, андай болушу мүмкүн эмес, болбошу керек эле. Эмне үчүн биз аны сактап калдык? Аны “уят сыяктуу сыр” дегендей сактап жүрдүк. Туура эмес баа берген адамдар болушу мүмкүн деп жүйө келтирип четке кактык. Бул эмне демек? Биз өзүбүзгө ишене алган жокпузбу? Чындыгында туура эмес түшүнө турган жагдай бар беле? Биз мунун бул жагы жөнүндө эч качан ойлогон эмеспиз. Же ойлонуп туруп, бири-бирибизден жашырдык.

Айларды камтыган каникул тууралуу айтпай эле коёюн. Жалгыздык жана кусалык... Баары ушул эки сөздүн ичинде эле...

Мектептин ачылышынын биринчи күнү... Автобуска түшөөрүм менен көзүм сени издеди. Сен келген элең. Жетинчи номерде отуруптурсуң. Жаның бош болчу. Көздөрүң кубанычтан жанып турду. Кубаныч менен сегизинчи орундукка жылдың. "Кош келдим" деп кармаган колумду Кырыккалеге чейин кое бердиңби же жокпу билбейм. Сен такыр өзгөрбөптүрсүң. – Сен да такыр өзгөрбөптүрсүң – деп айттың. Биз аз сүйлөштүк. Көзүбүздү айрыбастан бири-бирибизди тиктедик, уктук. Измирде деңизге түшчү болушуң керек. Анткени сенин жүзүң абдан кара тору болуп калыптыр. "Деңизден келген кыз" – дедим мен. Бул сага канчалык жактыбы, жаккан жокпу? Анан былтыркы токтогон жерден кайрадан жашообузду уланттык.

Мен жүрөгү таза деп эсептеген, дайыма тамашалашып жүргөн Айдын айдоочунун тамашасы мени эсиме келтирди. Кечинде уктабай, саресеп сала турган болдум. Чындыгында, ар бир адам күндү эсепке алгандан кийин укташы керек. Айдындын айтканын туура деп таптым. Мен аны коё беришим керек болчу. Айдындын сөзү менен алганда, мен унду элеп, электи илип койгон адам элем. Үйлөнгөм. Балдарым бар болчу. Эгерде менин максатым көңүл ачуу болсо, мен өзүмө "ошол типтеги" кыздарды, аялдарды табышым керек болчу. Эки күндөн кийин мажбурлагандарына чыдай албай буларды сага айттым. "Ойлогонун кара..." –  деп сен мага ачууланып кеттиң. Эл сенин башкаруучуң эмес экен. Анын үстүнө биздин ортодогу мамилебизде жаман эч нерсе жок экен? Ар бир адам биздей дурус мамиле кура билсе болот экен да. Эч кимди көңүлүңө албаптырсың...

Бир аз унчукпай отургандан кийин былтыр автобустун эшигине кыпчылган манжаларыңызды көрсөттүң. Жаранын издери көрүнүп турду, так калыптыр.

"Карасаң! Мен бул достук үчүн бул манжаларды атайылап жанчтым. Эч кимге капа болбо." –  дедиң сен.

Айтайын дегеним, мени менен сүйлөшүп, дос болуш үчүн ортого келген кырсыкты атайылап эшиктин жабылышынан кармадыңбы? Ал калп айтты. Бул жүз, миллион эсе калп эле. Мындайды сен эмес, эч ким жасай албайт болчу. Сага бул маанисиз калптын эмне кереги бар эле деп  бир нече күн ойлондум. Талкууларымдын баары абада калды. “Биз чынчыл, ачык жүрөктүү болууга убада бербедик беле” -  деп мен сенден сурадым.

"Туура" - дедиң. «Мени көрбөгөнүңдү, эшикти жаап жиберээриңди билгем. Мен билип жасадым» - деп  түшүндүрдүң.

Себебин сурадым.

«Жалгыз барып-келүү мени тажаткан болчу. Сен мага керек болчусуң” - деп айттың.

"Сен келесоосуң."- дедим.

"Балким."- деп мойнуңа алдың.

Мойнума алганым туурабы дагы деле билбейм. Ошол маалда колуңду кармап, оозума алып келип, манжаларыңдагы тырыктарды өөп, "мен сени абдан жакшы көрөм" - деп айткым келди. Антип айтууга болбойт... Ар бир чындык бардык жерде жана ар дайым айтыла бербейт... Бул бирде болбогон сөздөрдөн, бирде балакеттен куткарат. Унчукпоо бул көбүнчө баш калкалоо. Унчукпай койдум…

Эртеси күнү сен унчукпадың.Таптакыр сүйлөгөн жоксуң, кабагың салыңкы болчу. Кандай суроо менен кайрылсам да сүйлөтө албадым. Мен да унчукпашым керек болчу. Элмадагга чейин такыр сүйлөшпөгөн бойдон бардык. Айдындын машинасында болчубуз. Албетте, биздин бири-бирибизге таарынганыбызды көрүп ал сүйүнгөндүр. Жолдун экинчи жарымында баарын айтып бердиң. Бул жылы кайрадан тапшырган университетте экзамендериңден жогорку балл алуу менен Измирдеги жакшы бир окуу жайга тапшыруу укугуна ээ болдуптурсуң. Муну атаңдын каты сүйүнчүлөдү. "Мына, оку." – деп катты колума карматтың. Баары түшүнүктүү болду. Эң кеч дегенде он күндүн ичинде биз бирге иштеген орто мектептен чыгып, мугалимдиктен баш тартмаксың. Педиатр болууну каалачусуң. Мына эми мүмкүнчүлүк. Муну колдон чыгармак эмессиң. Анын үстүнө үй-бүлөңдөн алыс жашоо сага абдан кыйын болгон. Кетишиң керек болчу. Эгерде кечиксең, анда бул мүмкүнчүлүктөн ажырап калышың мүмкүн болчу.

Ошол күнү жүрөгүмдө жүргөн ооруну сага айттым, сүйлөштүк. Мени күлдүрүү үчүн аракет кылганың, айткан тамашаларың мага таасир эте албады. Чынында, сен да мендей сооронууга муктаж болчусуң. Сенин мени сооротуу аракетиң маанисиз болчу. Кызматтан кетүү тууралуу тил катыңды мен жаздым, чогуу тапшырдык. Мектептен документтериңди, автобекеттен билетиңди чогуу барып алдык. Он биринчи күнү акыркы жолу жолугушуп анан ажырадык.

Ошол түнү бою ойгоо жаттым. Ойлондум. Иштин ушундай болуп кеткени бизге жакшы болду. Сен менин досум болчусуң, бирок эң негизгиси мен айта албасам да сен менин сүйгөнүм элең. Үй-бүлө башчысынын аялынан башка сүйгөн адамы болобу? Болгон эле. Мындан бир жыл мурун сенден кабарсыз сени сынап жүрүп, жүрөгүмө агып кирип, мени чочуткан жылуу бир оору сүйүү, махабат болчу... Күн өткөн сайын ал чоңоюп, жүрөгүмдү өрттөй баштаган. Бул туруштук бере алгыс жүрөк өртү болчу. Бирок, менин үй-бүлөм, аялым, балдарым бар эле... Акыры кетип калдың. Жүрөгүм козголуп, ыйлаганына карабай, акылым мындай ажырашуу экөөбүзгө тең жакшы болот деп жатты. Эмне болсо да ажырашмакпыз да?

Мен терминалга атайын эле кеч келдим. Жатаканадагы досторуңуздун курчоосунда экенсиң. Автобус кетээрине аз калган. Мени көргөндө муңдуу жүзүң бир аз күлүп жибердиң окшойт. Ордуңан туруп колумдан кучактадың.

– Сен кечиктиң, досум - дедиң.

"Билем." — деп жооп бергиче, мен атайылап кечигип келгенимди дароо түшүндүң. Анан досторуңа “ Айтып жүрчү эмес белем...” -  деп мени тааныштырдың. Биз жүрө турган автобустун жанына жөнөдүк. Биргеликтин акыркы мүнөттөрүн жашап жатканбыз. Алгач досторуң менен коштоштуң. Баарын ыйлаттың. Сен да ыйладың. Анан мага колуңду сундуң.

– Бири-бирибизге айта турган сөзүбүз калды беле? – деп кыйыр түрдө сурадың.

"Дагы көп нерсе бар болчу" - дедим.

Нымдуу көздөрүң чачырай түштү.

“Жакшы... Арабызда сүйлөшө турган сөздөр бүтпөгөнүнө караганда демек дос бойдон калып, ажырашып жатабыз... Бул абдан жакшы...” - дедиң.

Баарыбызга жазам деп автобуска түшүп кеттиң. Терезенин жанына олтуруп, жашыңды сүртүп, бизди карай баштадың. Мага сөөмөйүң менен жаңсап чакырганыңда, айдоочу ордуна отуруп, автобус жүрөйүн деп турган. Жаныңа шашылып келдим. Мен сенин акыркы сөздөрүңдү угайын деп эңкейдим. Бирок сүйлөшө турган маанайың жок эле. Токтобостон эчкирип ыйлап жаттың. Курбу кыздарың бизди сырттан тиктеп турушту. Айдоочунун чыдамы кетти. Жүргүнчүлөр, узатуучулар, балким ар кимдин көзү бизде болду...

Бир аз демиңди бастың.

«Фатих!...»  - дедиң.

Бул сенин атымды атап биринчи жолу кайрылышың.

« Фатих, баарынан да сенден айрылып кетип жатканыма кайгырып атам...» - дедиң.

Ал эми айдоочу айдоо буйругун алды. Мен түшөөрүм менен автобус жүрүп кетти.

Ошол күнү кечке чейин досторуң менен болдук. Сен жөнүндө гана айтып беришти. «Ал сени баарынан жакшы көрчү. Ал сенин үй-бүлөңдү ойлогондуктан сүйүүсүн жашырды” - дешти алар. «Досубуздун кеткенине караганда сүйгөн адамынан айрылганына ыйладык. Сага жакын болуу ага жетиштүү болчу” - дешти. Сен менин курулган жашоомду бузуп аламбы деп коркуптурсуң. Өз каалооң менен эмес, кетүүгө мажбур болгон үчүн кетиптирсиң.

Мындан аркысын билбейм. Убада берген боюнча кат да, карта да жиберген жоксуң. Жылдар өттү. Туурасы чейрек кылым өттү. Тагдыр сени ушул ооруканада тумчугуп калуу коркунучунда турган неберемдин дарыгери катары маңдайыма чыгарды. Мындан жыйырма беш жыл мурункудай толкундануу жок болчу бизде. Мезгил көп нерсени өзгөрткөн болчу. Биз карып калганбыз. Неберелүү боло элек экенсиң, бирок  балдарың бар болчу. Эски эки дос катары сүйлөшүп отурдук. "Унуткан жокмун." – дедим, ишенбедиң. "Түшүндүр" – дедиң. Түшүндүрдүм... Майда-чүйдөсүнө чейин түшүндүрдүм. Албетте баары алыс калды...

Эми сен сүйлө. Кичүү уулум менен сенин кызың бири-бирин абдан жактырышты. Аларды үйлөндүрөлүбү, кандай дейсиң? "Алар өздөрү чечим кабыл алышы керек." –дейсиң билем. Ошентсе да мен алар менен кечки тамакта бул жөнүндө сүйлөшүүнү чечтим. Балким алар эчак эле өз чечимдерин кабыл алышкандыр.

Түрк тилинен которгон Клара КУДАЙБЕРГЕНОВА

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз