Элүүнчү жылдары Үрүмчүдөгү «Эл басмасында» бирге иштешкен уйгур жолдошторум «Кызыл-Суу кыргыз автоном областы жөнүндө обзор» деген кытай тилинде бир китеп жиберишиптир. Китеп 1985-жылы жарык көргөн. Окуп көрсөм, кытай авторлору кыргыз областынын боштондуктан кийинки жалпы абалына кеңири токтолуп, кыргыздардын байыркы тарыхына да бир аз орун беришиптир.
Байыркы кытай жылнаамаларына (летопистерине) таянып, кыргыздар жөнүндө эмнелер айтылгандыгына кызыгуучу окурмандар үчүн кыргыз тарыхына тиешелүү тексттерди которуп жарыялоону ылайык таптым. Байыркы гунндар менен түрк тилинде сүйлөгөн уруулардын тарыхын изилдөөчү окумуштуулардан кытай булактарына кайрылбаганы жокко эсе. Тексттерде кездешкен айрым даталарга, коомдук тарыхый окуяларга колдо бар башка булактардан пайдаланып түшүнүк берүүгө да аракеттендим. Бирок тилекке каршы, бул китептен кытай булактарынын дал өзү менен жүздөшө албайбыз, бүгүнкү күндөгү кытай авторлорунун ал жөнүндө жазган кыска-кыска пикирлери менен гана таанышабыз. Ой жүгүртө билген окурмандар үчүн бул түшүнүктүү аракет.
Китепте: «Мамлекеттик Улуттар комитети тарабынан улут маселеси боюнча чыгарылган беш китептин бири. Кытайдагы аз улуттардын жергиликтүү автономиясы жөнүндө обзор берүү сериясынан» – деп эскертилген. Ошондой эле китеп областтык, партиялык, өкмөттүк органдардын жетекчилиги астында «КызылСуу кыргыз автоном областы жөнүндө обзор» жазуу группасы тарабынан ишке ашырылгандыгы» да жазылып коюлган. Китепти кандай адистиги бар адамдар жазгандыгы бизге белгисиз жана алар көбүнчө кандай булактарга таянгандыгы жөнүндө эскертишпейт. Адатта, биздин синологдорубуз, Батыштын синологдору Кытай булактары менен накта илимий тыянак ортосундагы аралык өтө эле алыс экендигин айтышат. Бул пикир негизинен, жылнаамалардын көбү фантасмагориялык болгондугунан жана ал бир нече миң жыл үстөмдүк кылган конфуцийчилик, даосизмдик, кийинчерээк буддизмдик идеологиянын таасиринде жазылгандыгынан келип чыккан.
Ишке киришүүдөн мурда буга мисал катары Үрүмчүдөн чыккан уйгур тилиндеги китептен көзгө чалдыккан бир маалыматка окуучулардын көңүлүн бурмакчымын. Уйгур элинин байыркы тарыхы жөнүндө кытай булактарынан дарек издеген уйгур авторлору (Тургун Алмас, Шерпидин Өмер) «Түндүк Чжоу хандыгынын (557–581) жылнаамасынын» «Туралар (Түрктөр – ред.) жөнүндө баян» деген бөлүгүнөн тикелей которгон текстинде төмөндөгү сөздөр жазылган: «Түрктөрдүн ата-бабалары Су (?) деп аталган элден келип чыккан. Булар гунндардын түндүгүндө жашаган. Түрк урууларынын беги (аксакалы) Апанбо деп аталган. Булар 17 бир тууган болушкан. Бир туугандардын биринин аты Илкништу (Ичженту) деп аталып, карышкырдан төрөлгөн. Апанболордун мүнөзү бир түрдүү келип, маңоо экен. Булардын эли жоюлуптур. Илкништу өтө сергек, курч болгон экен, шамал менен жаанды чакырып келтире алган. Ал эки аял алыптыр. Аялдарынын бири – жаз Теңиринин, дагы бири кыш Теңиринин кыздары экен. Алардын бойлоруна бүтүп, төрт эркек бала төрөлөт. Аларынын бири ак аңырга айланып кетиптир.
Бир баласынын эли Абакан дарыясы менен Кама дарыясынын ортолугунда жашаган экен. Буларды кыргыздар деп атаган. Дагы бир уулунун эли Шен чу цзи тоосунда (Шерипидин Өмер – Зиагил дарыясынын боюнда деп которот. – А.С.) жашайт экен. Бул төрт уулдун туну экен. Бул жерде Апанбонун урпактары да жашайт экен. Алар ачык жерде үшүп, кыйналышканда тун уулу от чыгарып, жылытып, асырап калыптыр. Бардыгы тун уулду урматтап, башчы кылып, ага моюн сунушуптур. Өзүлөрүн «түрк» деп аташыптыр».
Легенда кытай авторлору тарабынан мындан бир жарым миң жыл мурда кагазга түшүрүлгөн. Албетте, легенданын пайда болушу андан да эртерээк. Жогоруда айтканыбыздай, легендада синологдордун пикирин далилдеген фантазия көп. Бирок андагы жер жана уруулардын аттарына маани бере келсек, түрк уруулары жаңыдан калыптана баштаганда (легенда боюнча – өзүлөрүн «түрк» деп атаган), башка урууларга караганда ири алдыда оозго алынганы кыргыздар экендиги, алар Абакан менен Кама дарыяларынын аралыгында жашагандыгы көңүлүбүздү бурат. Ал эми ушул эле легенданы аарчып, тазалап илимий деңгээлге көтөрүүгө аракеттенген түркологдорубуздун бири Л.Н. Гумилев «Байыркы түрктөр» деген китебинде мындай деп жазат: «Вторая легенда выводит тюрок от местного рода Со и опять – таки волчицы. Все представители рода Со, по легенде, погибли «из-за собственной глупости» (в чем она проявлялась, не объяснено), только четыре внука волчицы уцелели. Первый превратился в лебедя, второй поселился между реками Абу и Гянь под именем Цигу, а третий и четвертый – на р. Чуси (Чуе) в южном Алтае. Эта легенда объяснена Н.А. Аристовым, который сопоставил Со легенды с родом Со у кумандинцев – североалтайского племени на р. Бие, первого внука увязал с племенем лебединцев – ку-кижи, а второго – с киргизами, жившими между Абаканом (Абу) и Енисеем (Гинь-кем)».
Мындагы кыргыздардын жашаган жери жана аты-жөнүндөгү Н.А.Аристовдун жыйынтыгы туура деп ойлойбуз. Анткени III–VI кылымдарда кытай жылнаамаларында кыргыздар «Цигу» деп аталганы чын. Бул жөнүндө төмөндө айтылат. Уйгур авторлору Енисейди Кама дарыясы менен, ак кууну аңыр менен чаташтырып жазышкан. Мисалда келтирилгендей, кытай жылнаамаларынын байыркы авторлору жалгыз бул эмес, тарыхый окуялар жөнүндө фантазиялуу ой жүгүртүүлөрдү көп колдонушат. Албетте, ал жөнүндө биз бул макалада кеңири токтоло албайбыз.
Эми «Кызыл-Суу кыргыз автоном областы жөнүндө обзор» деген китептеги байыркы кыргыздар жөнүндөгү пикирлерге кайрылалык. Эң алды менен кытайдын эски жылнаамаларында кыргыздардын аталышы жөнүндө: «Кыргыз улутунун аты, – деп жазат авторлор, – элибиздин тарыхый китептеринде мындан эки миң жылдан ашыгыраак убакыт мурда эле пайда болгон. Аныгын айтканда (кыргыздар) эң байыркы «Ши цзи», «Хань шу» деген китептерде «Ли (?) кун», «Цзянь кун» деп аталган. Бирок ар кыл тарыхый мезгилде (иероглифтерди) окуу жана которуу бирдей болбогондуктан, ал тарыхый мезгилде ар түрдүү окулуп, ар түрдүү жазылган.
Хань (206 б.э.ч. – 220 б.э.), Саньго (220–280), Цзинь (265–420), Суй (581–619) династияларынын мезгилдеринде кыргыздар «Ли (?) кун», «Цзянь кун», «Ци гу», «Хэ гу» деп аталган. (Л.Н. Гумилев кытай булактарына таяна отуруп, ушул мезгилдеги кыргыздар: «Гэ гу», «Йэ гу» – деп да аталгандыгын жазат. – А.С.). Тан династиясы (618–907) мезгилинде «Цзе цзя сы» (экөө окшош окулганы менен экинчисинин акыркы «сы» иероглифи башка. – А.С.) Ляо (916–1201), Суң (960–1279) династиялары мезгилинде «Ся цзя сы», «Юань (1260–1368), Миң (1368–1662) династиялары мезгилинде «Ци эр цзисы», «Цзи ли цзи сы», Цин династиясы (1636–1911) мезгилинде «Бу лу тэ» (Бурут) – деп аталган ... (18-бет).
Бул тексттеги кыргыздар жөнүндө алгачкы маалыматтарды берген «Ши цзи», «Хан шу» деген китептерге кыскача токтоло кетүүгө туура келет. «Ши цзи» – тарыхый жазмалар. Академик Н.И. Конрад кыскартып «Тарых» деп атаса, синолог В.М.Алексеев «Исторические записки» деп иероглифтерди так которгон. Автору Сыма-цянь (б.э.ч. 135–93). Китепте Хуаң ди (легенда боюнча эрабыздан үч миң жыл мурдагы кытайдын эң байыркы падышасы. – А.С.) доорунан тартып, Хань династиясынын алтынчы падышасы Хань У-диге (эрабыздан мурдагы 140–86) чейинки тарыхты камтыйт. Анда 526500 иероглиф пайдаланылган. Кытай тарыхчыларынын жазышына караганда тили көркөм, оңой окулган «эң алгачкы тарыхый улуу китеп».
Батышка да белгилүү. Н.И.Конрад китептин автору Сыма Чиеньди эң алгачкы грек тарыхчысы Полибий (б.э.ч. 210–122) менен катар коюп изилдейт. Экинчи китеп – «Хань шу». Бул 230 жыл өмүр сүргөн Батыш Хань династиясы жөнүндөгү китеп. Эрабыздан мурдагы 206 жылдан эрабыздын 24 жылына чейинки убакытты камтыйт. Автору Бангу. Кытай изилдөөчүлөрүнүн жазышына караганда, китепте байыркы иероглифтер көп колдонулган, окуу кыйын.
Кийинки династияларда айрым тарыхчылар «Хань шуга» кошумча түшүндүрмө китептер да жазышкан. Биз азырынча бул китептерде кыргыздар жөнүндө эмнелер жазылгандыгын билбесек да, ата-бабаларыбыз мындан дээрлик 23 кылым мурда эле цивилизациясы бар элдер менен мамиле түзүп, Чыгыштын тарыхый сахнасында өзүн көрсөтө баштагандыгын бүшүркөйбүз. Бул эки китепке тең Чыгыш-Батыштын, ошондой эле Кытайдын өзүнүн синологдору да зор маани берип, али да изилдешүүдө. «Кызыл-Суу...» жөнүндөгү китепте кыргыздын тили, жазуусу жөнүндө кыскача маалымат бар. Кыргыздын тили жөнүндөгү бир нече сүйлөмгө токтолуу кажетсиз, анткени авторлор негизинен, биздин түркологдорубузга таянып пикир айтышат. Ал эми кыргыздын жазуусу жөнүндө мындай сөздөр бар: «Кыргыздар эрабыздын 7-8-кылымдарында эле өзүлөрүнүн байыркы жазуусун колдонушкан. Аныгын айтканда, ал Орхон-Енисей жазуусу. Кийин араб, фарсы тамгаларын негиз кылган чагатай жазуусун жана Чагатай жазуусунун негизинде кыргыз жазуусун ойлоп таап колдонушкан» (18-бет).
Эскерте турган бир нерсе, ушул маалыматтар кытай тилинде Үрүмчүдө жарыяланганына карабастан, ошол эле басмадан чыккан уйгурча китептерде уйгур авторлору Орхон-Енисей жазуусун уйгурлардыкы деп жазышууда. (Шерипидин Өмер. «Уйгур классик адабиятынын очерктери».) Китеп андан ары кыргыздын байыркы тарыхына кыскача токтолот: «Тан династиясынын (618–907) доорунда кыргыздар күчөй баштаган... 9-кылымга аяк басканда кыргыздар мамлекетибиздин түндүк-батышындагы эң күчтүү мамлекетке айланып... «Кыргыз хандык мамлекетин» түзүшкөн. Цзянь дарыясын (Енисей дарыясынын жогорку агымын) борбор кылган кыргыз мамлекетинин чегарасы – чыгышы Байкал көлүн, Батышы Талас дарыясынын өрөөндөрүн камтыган. Ал (кыргыз мамлекети) күчөйүп чегарасы бир мезгил Аньси (Кучар – А.С.), Бэй тин, (Бишбалык – А.С.) өрөөндөрүнө да жеткен. Бул мезгилде ... (кыргыздар) буудай, шалы (күрүч), кара буудай эгишип, дыйканчылыкта алдыңкы куралдарды пайдаланышкан. Ошондой эле аштык тазалоонун, ачыткы жасоонун прогрессивдүү ыкмаларын колдонушкан. Кыргыздардын атактуу «бозосу» ошол доордо ачытыла баштаган. Металлдардан алтын, темир, калай эритип иштетишкен жана өндүрүш куралдарын, учтуу аскери куралдарын жасашкан. Ичкери менен (кытайлар менен – А.С.) барыш-келиш соода жүргүзүп, мал чарба өнүмдөрүнө кездеме, жибек жана башка турмуштук буюмдарын соодалап алышкан. Кыргыздар өзүлөрү ойлоп тапкан календарды пайдаланышкан. Күн, ай, мезгил эсебин жана 12 жыл мүчөл боюнча кайталанып туруучу жыл эсептөөнү жүргүзүшүп, дыйканчылык жана мал чарбачылык кесиптерине пайдаланышкан. Булар азыр да пайдаланылат. Адабият, искусствосу да кыйла жогору өнүккөн. Музыкалык аспаптардан комуз, добул, чоор, сыбызгы, паньлин (?) болгон. Ушулардын бардыгы ошол кездеги Цзе цзя сылардын маданиятынын жогору деңгээлде өнүккөндүгүн көрсөтөт.
Енисейдеги байыркы кулпу таштарга жазылган эстеликтерге караганда Цзе цзя сылар таптык коомго киргенден кийин бай, кедейи ажыралып, таптык карама-каршылык күчөй түшкөн. Кийим, тамак, турак жай жагынан гана бай-кедейи билинип турбастан, алардын лексикасында «мүлк», «мүлк ээси», «кожоюн», «кул» деген сөздөр да бар болгон. Мындан биз бай-кедейдин ажырымы, менчиктенүү көз карашы, мал-мүлккө эгедерчилик кылуу мамилелери бир кыйла өнүккөндүгүн көрөбүз. «Шин таң шу» (Тан династиясы жөнүндөгү жаңы китеп – А.С.) деген китепте жазылышына караганда, Цзе цзя сыларда уруулук түзүм жоюлуп, анын ордуна жер-жерлерге бөлүнгөн «Ба гэ» (?) аттуу коомдук түзүлүш пайда болгон. «Ба гэде» бир канча майда уруулар баш кошуп, көчмөн топторго – «а у ли» (айылдарга) биригишкен ... Бул абал Цзе цзя сылардагы көчмөн феодалдык түзүмдүн өзгөчө белгилери бар экендигин түшүндүрөт...» (22-бет).
Жалпы эле тарых илими жөнүндө ой жүгүрткөнүбүздө, болуп өткөн коомдук окуяга баа берип жатып, ар кандай автор кантсе да өз доорундагы философиялык жетекчи ойдун алкагынан алыс кете албагандыгын байкайбыз. Табигый же жасалма болсо да, тарыхчылар мындан качып кутула албайт. Бирок ортодо бир нече кылым айтылбай арабөк калса, кашкайып турган тарыхый доорлорду аттап кетсе, аны окуган адамдар канааттанбай калышы табигый. Кытай династияларында байыркы замандан тартып эле өзүнчө жылнаама жазып калтыруу адатка айланган. Укумдан тукумга келе жаткан бул машакаттуу жүк – хандыкты башкаруудагы, коңшулар менен дипломатиялык мамилелерди өнүктүрүүдөгү мурдакы ыкмаларына жаңы падышанын өзүнчө көз карашын, салымын даңазалоо ошентип, кылымдар бою жыйналып келе жаткан башкаруу жана дипломатия машинасына жаңы доорго ылайык толуктоо киргизүү, улантуу зарылдыгынан келип чыккан. Ошон үчүн ар династия ченебеген патриоттук рух менен милдеттүү түрдө колго алууга тийиш болгон.
«К XIX в. таких историй накопилось, не считая побочных, всего 24, в 3243 книгах, что при переводе европейские языки дало бы столько же томов», – деп жазат советтик көрүнүктүү синолог В.М.Алексеев. Авторлор аттап кеткен Суй династиясынын (589–619) жылнаамасынын 7-кылымдын башталышындагы түрк урууларынын аттарын, жашаган жерлерин жазып калтырышкан. Аны үрүмчүлүк уйгур авторлорунун тикелей котормосу боюнча келтире кетейин:
1. Байкал көлүнүн түштүгүндө тоба жана башка уруулар жашайт.
2. Тугла дарыясынын (Орхон дарыясынын бир айрыгы) түндүгүндө бөкө, конра, байырку, уйгур, бөрикли ... мончин, торугур, иске, хун, хугурсулар жашайт.
3. Хамидин (Кумул шаарынын – А.С.) батышы, Яньци (Карашаардын – А.С.) түндүгүндөгү Ак-Тоо (Теңри тоосунун) этектеринде калпактар... азилар, сыгынактар... огуздар, кыргыздар, онголор жашайт.
4. Алтай тоолорунун батыш-түштүгүндө Сур Тардуштар… Забиндир, Түргештер жашайт.
5. Каңлынын түндүгүндө (Арал-Балкаш көлдөрүнүн аралыгы жана Волга дарыясынын жээктеринде)..., мажарлар, болгарлар, биченектер, чукастар, кыпчактар, бортастар жашайт.
6. Урал дарыясынын батыш-түндүк бөлүгүндө... саксиндер, мукшалар жашайт.
7. Рим империясынын (Византиянын) чыгышында огуздар, аландар, башкырттар жашайт».
Бул маалыматта 7-кылымдын башында кыргыздар жашаган Карашаардын түндүгү, Теңри тоосунун (Тянь-Шандын) этектери айтылат. Биз китепке 7-кылымдын башындагы кыргыздын жашаган ордун жазбай аттап кетиптир дебейбиз. Сөз ошол орунга байланышкан тарыхый окуянын калып калгандыгында болуп жатат.
Кытай тилиндеги «Жаңы билим сөздүгүндө» уйгурлардын ататегине токтоло келип: «840-жылдары Хуй хэде (уйгурларда – А.С.) граждандык согуш чыгып, Яньцинин (Карашаардын) түндүгүндө жашаган Цзе цзя сылардан (кыргыздардан) жеңилип...» деген сөздөрдү кошот. Келтирилген эки цитатадагы кыргыздын жашаган орду ортодо эки кылым өтсө да бирин бири далилдеп тургансыйт. Китепке кайрылалык: «7-кылымда, – деп жазат китептин авторлору, – Чыгыш түрктөр күчөйүп кыргыздарга жана кытайларга коркунуч туудура баштады. Ушул себептүү Таң династиясынын өкмөтү аскер чыгарып, Чыгыш түрктөрүн багындырууну чечти.
718-жылы Цзянь (кыргыздын) улуу аскер башчысы Дулупице кэхан кыргыз жоокерлерине жетекчилик кылып (кытайларга жардамдашып) агрессиялык согушка каршы активдүү катышкан. 755-жылы Орто түздүктө (кытай жергесинде – А.С.) «Аньши чжи луань» окуясы (генерал Ань Лу шань жана анын кол астындагы аскер башчысы Ши Сыминдердин мунту – А.С.) пайда болду. Таң династиясынын падышасы Ли Луньци качууга мажбур болуп, борбор ээсиз калат. Баса көптөп кирген аскери бийликтеги көтөрүлүшчүлөр бардык жерде башаламандык пайда кылды. Мына ушундай улут башына коркунуч түшүп турган кырдаалда кыргыздар менен түндүк батыштагы уруулар мунтту басууга катышып, Тан династиясынын бүтүндүгүн сактап калышты» (22-бет).
Бул текстте «... улут башына коркунуч түшүп турган кырдаалда…» деген сөз бар. Жөнөкөй окуучу байкабашы мүмкүн. Бирок эмне үчүн «коркунуч империяга түшпөй, улут башына түштү» деген суроону койсок, маселе айкындала баштайт. Көрсө, көтөрүлүш чыгарган империялык чегарачылардын генералы Ань Лушань түпкү теги кытай эмес, түндүктөгү көчмөн уруулардан экен. Ань Лушанды Грумм Гржимайло – хунн, Кордье – кидань, Пуллейбланк – согдиялык ... деп божомолдойт, – деп жазат Л.Н.Гумилев. Уйгур авторлору болсо кытмыр, нары эр жүрөк генералды түрк тукумунан деп жазышууда.
Улуу акын Ду Фу көтөрүлүш чыгаардан бир нече ай мурда империянын ушул эле Түндүк армиясына арнап ода жазып, армиянын кол башчысы Ань Лушанды шумкарга теңейт. Ал эми көтөрүлүш чыккандан кийин Ань Лушанды «Ху» деп атап, көтөрүлүшчүлөрдү «Хунун аскерлери» деп кайрадан жек көрө ыр жазууга мажбур болот. Ошол мезгилдерде кытайлар түндүктөгү кытай эмес урууларды «Ху» (иероглифтин мааниси – жапайы) деп атаган. Болуптур, – деп коёлук да, өзүбүз кызыккан дагы бир башка маселеге өтөлү. Китепте жогоруда келтирилгендей Ань Лушань мунтун басуу үчүн кыргыздар да келгендиги айтылды. Бирок бардык тиешелүү булактардан жана ал жөнүндөгү Чыгыш-Батыштын синологдорунун изилдеп жазган тыянактарынан пайдаланып, тогуз жылга созулган көтөрүлүштү ыкый-чыкыйына чейин жазып чыккан Л.Н.Гумилев Таң империясына каршы болгон же ага жардам берген уйгурлар 758-жылы кыргыздарга чабуул жасап, алагды болгондугун жазат. Эгер кыргыздар империя менен союздаш болсо, союздаштардын бири болгон уйгурлар кыргыздарга каршы аттанбаган болор эле деген ой туулат. Анын үстүнө мунт мезгилинде аз болсо да аты чыккан жеке адамдардын бардык иш-аракетине, ата-тегине чейин маани берип изилдеген окумуштуу мунтту басууга катышкан кыргыздарды четте калтырышы мүмкүн эмес эле.
Мунтту басууга уйгурлар эки жолу чакырылган. Биринчи жолу уйгурдун ханы Моюнчурдун уулу Ябгу командалык кылган уйгур аскерлери, экинчи жолу Моюнчурдун кичүү уулу Идигань Мэуюй хан командалык кылган аскерлери мунтту басууга катышат. Азыркы уйгур авторлору, бул окуядан кеминде бир жарым кылым мурда өтүп, сөөгү сөпөт болгон. Батыш Түрк каганатынын ханы Стеминин уулу Бөкөханды (Карачуринди) уйгурдун ханы деп иликтейт да, аны Ань Лушань мунтун басуу үчүн экинчи жолу келген Идигань Мэуюй хан менен чаташтырат. Алар мындай деп жазышат: «Монголдордун купуя тарыхынын» автору Досан «Бөкөхан жөнүндөгү легенданын качан пайда болуп, качан жазылгандыгы жөнүндө ооз ачпайт... Ишенимдүү тарыхый материалдарга (?) негизделгенде эрабыздын 647-жылынан 846-жылына чейин 200 жыл өкүм сүргөн Орхон Уйгур хандыгы доорундагы уйгур хандарынын ичинде Бөкөхан аттуу хан болгон. Ал Орхон Уйгур хандыгынын күчөгөн доорундагы (745–780) хакандардын үчүнчүсү эле. Ал хакан Моюнчурдун кичүү баласы. Бөкөхандын өз аты Идикут[1]». Атасы Моюнчур дүйнөдөн өткөн соң такка отурган.
Бөкөхан жөнүндөгү легендада: «Баласагун шаарын салдырып, 12 жыл ичинде көп элдерди багындырып...» деген сөздөр бар. Легендадагы жылдарды эсептегенде… Бөкөхан болжол менен 760–780-жылдарда Орхон хандыгынын тагында отурган. Легендада Бөкөхандын беш бир тууган экени жана алардын аттары ... согуштук жортуулдары жазылган. Агасы Шуңкар текин монгол, кыргыз элине, Кутчур текин Таңгуттар өлкөсүнө, Бука текин Кытайга, өзү Батышка багыт алган...
Таң (династиясынын) падышасынын өтүнүчү боюнча 756-жылдагы Ан Лушань мунтун басуу үчүн Ябгу текин барган болсо, 761-жылындагы Ши Сы-мин мунтун басуу үчүн 762-жылы Бөкө текин өзү барып, 9 жылга созулган мунтту тынчытып кайткан. Ага Таң падышасы «эр жүрөк, ак адил хакан» деген наам берген».
Биз окуп жаткан китепте, «Эрабыздын 843-жылы Таң падышасы У-цзун кыргыз жергесине Ли Янь деген элчи жиберип, (кыргыздардын) көсөмүнө (?) «Эр жүрөк, ак Эдил хакан» деген наам берген» (22-бет) – деп айтылат. Гумилевдин жазышына караганда, бул мезгилдеги кыргыздын ханы – Ажо. Ал болжол менен 847-жылы каза болгон. Текстте айтылбаса да, жогорку наам Ажого ыйгарылган болуш керек деген ой туулат.
«Эрабыздын 890-жылы, – деп жазат авторлор андан ары кыргыздын тарыхы жөнүндөгү пикирлерин улап, – Таң династиясынын чегара коргогон генералы Ли Кэ-юн козголоң чыгарып, Таң династиясынын императорлук тактына коркунуч туудурат. Кыргыздар төө минген жоокерлери менен келип, Таң империясына жардамдашып, мунтту басып, династия аймагынын бүтүндүгүн сактап калууга салым кошту (22-бет).
Бул пикир да жогорудагыларга кошулуп, тереңирээк изилдөөнү талап кылат. Кыргыздардын экинчи жолку күчөйүшү жөнүндө: «Миң династиясынын (1368–1642) акыркы жылдарында, Тянь-Шань өрөөнүнө (мурда) көчүп келген бир бөлүк кыргыздар узак жылдар бою жашап, акырындык менен күчөйө баштаган. Кыргыздар Тянь-Шандын түндүк-түштүгүндө көчмөн турмушта жашоо менен, Тянь-Шандын түштүк жагындагы Кашкар өрөөнүнө чейин жеткен. (Кыргызга) караштуу жерлердин кеңейишине жана өзүнүн күчөйүшүнө байланыштуу 16-кылымга жеткенде Кашкар өрөөнүндө «Яарчен (Жаркент) кыргыз хандыгын» курду. (Китептин акыркы бетиндеги хронологиялык таблицада Жаркент кыргыз хандыгынын мезгили – 14–17-кылым деп көрсөтүлгөн. – А.С.). Бул кыргыздар тарыхындагы экинчи жолку күчөйүшү болуп эсептелет.
Бул мезгилдеги кыргыздардын өнүгүшүндөгү өзгөчөлүк: кыргыздар дыйканчылык (буудай айдоо) менен иришип, темир эритүү, кол өнөрчүлүк (шайы жана кездеме токуу) иштерин да жолго койгон. Ал түгүл өздөрүнүн шаары болгон. Дагы бир өзгөчөлүгү кыргыздар башка уруулар менен байланышын күчөтүп, алардын алдыңкы маданиятынан үйрөнүп, өзүлөрүнүн экономикалык жана маданий деңгээлин көтөрүүгө шарт түзгөн» (22-бет).
Эми кыргыздын комузу жөнүндө: «Кыргыз музыкасынын тарыхы узак мезгилди камтыйт. Хан (династиясы) доорунда Батыш өлкөлөрдүн (Орто Азия, Түркстан – А.С.) жана түндүктөгү уруулардын музыкасы «Ху юе» (Хулардын музыкасы – А.С.) деп аталган. Кыргыздардын музыкасы анын бир бөлүгүнө таандык.
Таң (династиясы) доорундагы хан сарайында ойнолуучу он түрдүү музыканын үчөө Синьцзяндыкы (Түркстандыкы). Бул үч музыкага: «Гаочан юе (?)», «Цюцы юе (?)» кирет. Кыргыз музыкасы «Гаочан юе» музыкасынын бир бөлүгү. Синьцзяндагы Турфан (шаарынын) батышындагы «Чжао ха чун гао чан» (?) өрөөнүнөн IX кылымдын башталышына таандык байыркы бир сүрөт табылган. Сүрөттөгү кичине бала чертип жаткан аспап – кыргыздардын комузу («Жэнь мэн ин юе чубаньше» – «Эл музыкасы басмасы» чыгарган «Майда улуттардын музыкалык аспаптары жана жекече ойнолгон салттуу күүлөрдүн жыйнагы» деген китепти караңыз).
«... Комуз «муцин» – «жыгач комуз» деп да аталат. Комуз бүтүндөй жыгачтан жасалып, ага тагылган үч кылды кагуу аркылуу үн чыгарылат. Ал – кыргыз элинин эң байыркы жана кеңири тараган музыкалык аспабы...»
Байыркы заманда эле (комуз) башка улуттар жашаган аймактарга, ал түгүл, чет элдерге да тараган. Таң (династиясы) доорунда кыргыз эли Таң падышасына белек катары бир комуз беришкен. Кийин, Таң падышасы ал комузду япондорго сыйлык катары тартуулаган. Авторлор андан ары кызыл-суулук кыргыздардын бизге белгилүү элдик күүлөрү, азыркы музыкалык аспаптары жөнүндө кыскача токтолгон.
Акырында, сөз кылып жаткан китепке тиешеси жок болсо да айта кете турган нерсе, синьцзяндык көрүнүктүү акын, тарыхчы Тургун Алмас кытай булактарынан гунндар жөнүндө дарек издей отуруп, «Таң династиясы жөнүндөгү жылнаамадан» көзүнө урунган, кыргыздарга тиешелүү бир нече сүйлөмдү которуп чыгармасына киргизген. Мурдатан бизге белгилүү болгондугуна карабастан аны да киргизе кетүүнү ылайык таптым: «Тилекке каршы, кытайдын эң байыркы жылнаамаларында гунндардын өңү-түсү жөнүндө эч кандай маалымат берилген эмес. Бирок ага карабастан, – деп жазат Т. Алмас, – «Байыркы Таң жылнаамасынын» кыргыздар жөнүндөгү бөлүгүндө, Енисей дарыясынын жогорку агымында жашаган кыргыздарды: «Жазуу, тил жагынан уйгурлар менен окшош. Алардын чачтары кызыл, көздөрү көк, чырайы ак» – деп баяндаган.
Махмуд Кашкарийдин «Түрки тилдер сөздүгүндө» кыргыздар накта түрк тилинде сүйлөшөт деген сүйлөм бар. Демек, Орхон, Енисей, Селенга жана башка жерлерден табылган байыркы кыргыздардын жазма эстеликтери тил жагынан тереңирээк изилдөөнүн зарылдыгын алдыга коёт.
Менин оюмча, кытай булактарынан алынган жогорудагы материалдар кыргыз тарыхын изилдөөчү окумуштууларыбыз үчүн жаңылык деле эмес. Анткени өткөн кылымдын башында эле орус миссионери Иакинф (Бичурин, Никита Як) деген монах Пекинде 14 жыл туруп, Кытайдын түндүк жана түндүк-батышындагы көчмөн уруулардын байыркы тарыхына байланыштуу маалыматтарды, кытай булактарынан орус тилине которуп үч томдон турган баалуу мурас калтырган. Француз, немис миссионерлери колониялоо максатындагы агент окумуштуулары, азыр да чети оюла элек маселелердин даамын андан мурдараак татышкан. Алар «дүйнөнүн төбөсүндө» жашаган тибеттиктердин байыркы жазма эстеликтерин да изилдешти. Бирок советтик түркологдор, орустун, батыштын түркологдору, синологдору жазган жүздөгөн макалалар, ондогон китептер, чыгыш-батышы Сары деңизден Кара деңизге чейин, түндүк-түштүгү Саян тоолорунан Түндүк Иранга чейинки Евро-Азиянын бул кеңири аймагы али да изилденип бүтө элек дешет. Байыркы түрк уруулары жөнүндөгү маалыматтар грек, араб, персия, кытай булактарын кошуп эсептегенде Европа менен Кара деңиз бойлорундагы элдердин кийинки урпактарына калтырган маалыматтарынан артык болбосо, кем эмес экендиги жөнүндө көп окуп жүрөбүз. Л.Н.Гумилев жазгандай, бул аймактагы тынчы жок көчмөндөрдүн байыркы өмүрү али да өзүнүн изилдөөчүлөрүн күтүүдө. Биздин алдыбызда булактарга кайрылуудан мурда изилдөө методун, илимий тыянактын критерийин бойго сиңирүү, советтик түркологдордун калыптанган, жөрөлгөлүү изилдөө ыкмаларын чыныгы түрдө билүү милдети тургансыйт. Антпегенде, эбак айтылган пикирлерди кыргыз тилинде түшүндүрүү алкагында кала бермекчибиз.
Эскертүү: Кытай иероглифтеринин транскрипциясы доктор И.М.Ошаниндин 1955-жылы чыгарган «Китайско-Русский словары» боюнча берилди. Династиялардын даталары жана айрым тарыхый маалыматтар 1958-жылы Пекинден чыккан кытай тилиндеги «Жаңы билим түшүндүрмө сөздүгүнөн» алынды. Аныктоо зарыл болгон орундарга суроо (?) белгиси коюлду.
"Жаңы Ала-Тоо" 2013 №13
[1] Л.Н. Гумилевдун китебинде «Идикут» кишинин аты эмес. Айтылып жаткан мезгилден бир кылым өтүп, кыргыздар тарабынан Уйгур-Орхон хандыгы талкалангандан кийин, Жунгар уйгурларынын князы Бугу цзундун 860-жылдары Бешбалык жана Турфан өрөөнүндө курган чакан уйгур хандыгынын титулу «Идикут» деп аталган деп жазат.