АҢГЕМЕ
Таза жазуудан сабак берген мугалим Сергей Капитонович Ахинеев кызы Натальяны тарых жана география мугалими Иван Петрович Лошадинге күйөөгө узатмак болгон. Той ойдогудай өтүп жатты. Залдагы эл каалашынча ырдап-бийлеп, жырга-куунап жүрүштү. Бөлмөлөрдөн бөлмөлөргө атайын жалдап келишкен кара фракчан, кирдеген ак галстуктарын тагынган кызматчылар жандары тынбай жүгүрүп тамак-ашын, суусундуктарын, ичимдиктерин ташып ары-бери безилдешет.
Зал ичи күжүлдөгөн элдин үнүнөн күрү-гүүгө толуп турду. Математика мугалими Тарантулов, француз Падекуа, эсептөө палатасынын кенже текшерүүчүсү Егор Венедиктыч Мзда диванга тизилип олтуруп алышып, адамдарды тирүүлөй көмгөн учурлар жана спиритизм жөнүндө биринин сөзүн экинчиси оозунан жула качып, ар кимиси өз билгенин айтып берүүгө ашыгып жатышты. Үчөө тең спиритизмге ишенишпейт экен, бирок бул дүйнөдө адамдын акылы жетпеген көп нерселер бар экенин моюндарына алышты. Башка бөлмөдө сөз чеберчилигин үйрөтүү боюнча сабак берген Додонский конокторго күзөтчү кайсы убактарда адамга ок чыгара аларын түшүндүрүп жатты. Өзүңүздөр баамдагандай, айтылган сөздөр коркунучтуу нерселер жөнүндө болсо дагы, жагымдуу болчу. Терезеден коомдук абалы боюнча ичке кире албаган адамдар шыкаалап жатышты.
Түн жарымы болгондо тойдун ээси Ахинеев кечки тамактын даярдыгын билиш үчүн ашканага баш бакты. Ашкана каз-өрдөктүн жана башка толтура жыттар аралашкан түтүн менен бууга толуп турган экен. Эки үстөлдө ичкиликтер менен закүскөлөр көз жоосун алып жайнайт. Үстөлдүн жанында ичин кош кабаттап таңып алып, ысыктан жүзү албырып чыккан ашпозчу Марфа өз иши менен алек.
– Кана, энекебай, осетрди көргөзчү! – Ахенеев алакан ушалап, жаланып алды. – Жытын карачы, тим эле каңылжаарды жарат! Эркиме койсо баарын өзүм эле жеп алчудаймын! Кана, алып келчи бери!
Марфа үстөлдөрдүн биринин үстүндө турган чоң идиштин бетиндеги майланышып калган гезитти өйдө көтөрдү. Чоң идиште өзүнүн муздатылып килкилдеген сорпосунда, каперс бадалынын бүчүрлөрү, сабиз жана оливкалар менен кооздолгон килтейген осетра балыгы жаткан. Ахинеев балыкты көргөндө жүзү жайнап, көздөрү жадырай түштү. Ал эңкейип балыкты жыттап, таңдайын такылдатып тамшанып жиберди. Ал ыракатын узарткысы келгендей, бир тынымга көзүн жүлжүйтүп кыймылдабай турду да, дагы бир жолу эриндерин тийиштире чоп эткизе үн чыгарып тамшанып алды.
– Ба! Бул ысык өбүшүүдөн чыккан үн... Марфуша, сен бирөөлөр менен өбүшөсүңбү?
Кошуна бөлмөдөн келе жаткан адамдын дабышы угулуп, класстык тарбиячылардын жардамчысы Ванькиндин чачы кырылган такыр башы көрүндү.
– Ким менен сүйлөшүп жатасың? А-а-а... Мына сага! Сергей Капитонович турбайбы? Жарайсың абышка! Жалгыздап келип өбүшмөйбү?
– Бул жерде өбүшүп жаткан киши жок,– Ахинеев ыңгайсыз боло түштү, – сен, келесоо, эмне деп жатасың? Мен бул... балыкка тамшанып... эриндеримди чопулдаттым...
— Айта бер, аныңа ким ишенсин!
Жалжайып күлгөн Ванькиндин башы бир заматта эшиктин ары жагына кирип, көрүнбөй калды. Ахинеев кызарып чыкты. “Шайтан алгыр! Бул акмак эми шаардын баарына жайып, кишини уят кылат, айбан...”— деп ойлоду.
Ахинеев залга кирип, көз кыры менен Ванькинди издеди. Ванькин фортепианонун жанында эңкейип алып боору эзилип күлгөн инспектордун балдызынын кулагына бир нерселерди шыбырап жатыптыр.
“Мен жөнүндө айтып жатат! – деп ойлоду Ахинеев. – Мен жөнүндө айтып жатат, тилиң үзүлгүр! А тигил ишенип алыптыр... анан ишенбей коймок беле! Тигине, жыргап күлүп жатпайбы! Оо кудай! Айтпай койсо бирдеме болобу... Жок, сөзсүз жайыш керек да... Анын сөзүнө ишенбегидей бирдеме кылыш керек. Бардыгына өзүм болгонун болгондой кылып айтып берейин, ошондо тигинин ушагына эч ким ишенбей калат.”
Ахинеев башын бир тырмап алып өзүн колго алды да, Падекуанын жанына барды.
– Азыр эле ашканага барып, кечки тамактын жайын билдим, – деди ал французка. – Сиз балыкты жакшы көрөрүңүздү жакшы билем, бүгүнкү балыкты эми сурабай эле коюңуз, вво! Чоңдугу эки аршин келет! Хе-хе-хе... Айтмакчы, аз жерден эсимден чыгып кете жаздаган турбайбы... Ашканада ошол осетрга байланыштуу бир окуя болду, уксаңыз бооруңуз эзилет! Кечки тамактын жайын билейинчи деп ашканага барбаймынбы...
Осетрди көргөндө... эми тим эле укмуш, жытынын бурулдаганычы... көңүлүм ушунчалык көтөрүлдү дейсиң... таңдайымды такылдатып, эриндеримди чопулдатып жибердим! Аңгыча жанагы келесоо Ванькин кирип келип айтып жатпайбы... ха-ха-ха... Өбүшүп жатасыңарбы дейт, кара баскыр. Ким менен дебейсиңби... ашпозчу Марфа менен! Акмактын ойлоп тапканын карабайсыңбы! Же ал аял өбө турган аял болсочу, адам кызыга турган неме эмес, а ал... ошону менен өбүштү дегенин айтпайсыңбы! Кемпай!
– Ким кемпай? – деп сурады алардын жанына турган Тарантулов.
– А тетиги Ванькин да! Мен ашканага барбаймынбы...
Ал Ванькин тууралуу аңгемесин кайрадан айтып берди.
– Бул келесоо боорумду эзип салды! Менимче, Марфа менен өбүшкөнчө барбосту өпкөнүм жакшы, – деп кошумчалады Ахинеев, артына кайрылып Мзданы көрдү. – Биз Ванькин жөнүндө сүйлөшүп жатканбыз, – деди ал ага. – Апенди! Ашканага кирип Марфа экөөбүздүн турганыбызды көрүп, кишинин оюна келбеген тамашаларды ойлоп таба баштады. “Эмне өбүшүп жатасыңар?” – деп жатпайбы. Ичип алган немеге көзүнө көрүнүп жатса керек да. Мен Марфа менен өбүшкөнчө үндүктү өппөймүнбү, мен аялым бар кишимин, сен жинди болбо дедим. Боорду эзет да!
– Ал ким сенин бооруңду эзген? – деп сурады алардын жанына келген мыйзамдарды окутуучу, аксакал адам.
– Ванькин да. Ашканада осетрди карап турсам...
Ошентип, сөздөн сөз чыгып улана берди. Жарым саатка жетпеген убакытта Ванькин жана осетр балыгы тууралуу окуяны коноктордун баардыгы угуп үлгүрүштү.
“Эми каалашынча айта берсин! – деп ойлоду Ахинеев, алаканын ушалап. – Айта берсин! Ал айта баштаганда: “Жетишет келесоо, болбогон нерсени айта бересиңби? Биз баарын билебиз!”— дешип жандарына жолотпой кууп салышат”.
Ахинеевдин көңүлү ушунчалык жайлангандыктан төрт рюмканы ашыкча ичип жиберди. Кечки тамактан кийин жаштарды бөлмөсүнө жөнөтүп коюп, өз ордуна барып жатты да, наристе бала сыяктуу мемиреп тынч уйкуга кетти, а эртең менен ойгонгондо осетр менен болгон окуяны эстеген да жок.
А бирок! Тагдырдын тамашасын болжоп болбойт тура. Узун тил өз ишин кылды, Ахинеевдин куулугу жардам берген жок! Туптуура бир жумадан кийин, тактап айтканда, шаршемби күнү, үчүнчү сабактан кийин мугалимдердин бөлмөсүнүн ортосунда Высечкин деген окуучуну жаман кылыктардан оолак кылууга тарбиялап жаткан кезде, директор басып келип, аны четке чакырды.
– Сергей Капитоныч, – деди директор. – Сиз мени кечирип коюңуз… Менин ишим эмес дечи, ошентсе да мен түшүнгүм келет… Менин милдетим… Кандай айтсам, сиз жанагы... ашпозчу менен жашап жүрөт деген кептер айтыла баштады… Албетте, менин ишим эмес дечи, бирок… жашайсызбы, өбүшөсүзбү… эмне кылсаңыз ошо кылыңыз, ошондо да элге жарыя кылыштын кереги жок! Мен сизден суранам! Педагог экениңизди эсиңизден чыгарбаңыз!
Ахинеевдин денеси титиреп, тили күрмөөгө келбеди. Аарынын уюгу талап, ал аз келгесип башынан ылдый кайнак суу куюп жибергенсип үйүнө жөнөдү. Жолдон аны бүт шаардын эли башынан аягына чейин кара май куюнуп алгансып карап жатышкансып сезилди... Үйдө аны жаңы кырсык күтүп жаткан.
– Сен эмне тамак жебей олтурасың? – деди дасторкондун жанында отурган кезде. – Эмнени ойлоп олтурасың? Марфушкаңды сагындыңбы? Мени эмне эч нерсе билбейт, укпайт дедиң беле?! Элден эч нерсе жашыра албайсың, менин көзүмдү да ачып кетишти. У-у-у...карган теке!
Жаагы чуулдай түштү... Ал теңселип туруп, жылаңбаш, пальтосун да кийбей Ванькиндикине жөнөдү. Ванькин үйүндө экен.
– Акмак экенсиң! – деди Ахинеев Ванькинге ызырынып. – Бул эмне кылганың, ушак чыгарып элдин алдында шерменде кылдың! Менде эмне өчүң бар эле?
– Эмне ушак? Эмнени айтып жатасыз!
– Марфа менен өбүшүп жатат деп ким айтты? Мен эмесмин деген турасыңбы? Сенден башка ким айтмак эле, каракчы!
Ванькиндин кебетеси кете баштаган бетиндеги болгон булчуңдары былкылдап, көзүн ачып-жумуп алды да бурчта илинген иконага карап чокунуп жиберди:
– Кудай урсун! Сиз жөнүндө бир ооз ушак сөз айтсам оозум жырылып калсын! Эч жакшылык көрбөй калайын! Күн батканга чейин жетпей калайын!.. – Ванькиндин чын дили менен карганып жатканына шек жок эле. Демек, ушакты ал чыгарбаптыр.
“Ким болду экен? Бул сөздү ким таратышы мүмкүн?”— Ахинеев тааныштарынын баарын көз алдынан чубуртуп өткөзүп жатты, – Ким?”
– Чын эле ким болду экен? – биз дагы окурмандардан сурап көрөлүк...
Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ