Союз кезинде бир топ акын-жазуучулар жазуучулук бактысын издеп борборго кетишкен. Чөйрө, таалим-таасир, үлкөндөрдүн көзүнө илинип, ак батасын алуу, чыгармаларын басма сөзгө жарыялоо, китеп чыгаруу сыяктуу түйшүктүн жеңилин көздөшкөн. Албетте, максатына жеткени болду, жетпегени да болду. Ошондо мындай суроо жаралат. Жазуучу болуш үчүн айыл менен шаарда жашоонун айырмасы барбы же жокпу?
Эмгек жолун райондук гезитте кабарчылыктан баштап, күндөлүк энергияны, колду байлаган түмөн түйшүктүү журналисттик кесипти аркалап жүрүп, жазуучу деген атакка, таанымга ээ болгон элеттик чоң калемгерлердин бири, таланттуу прозачы Аскаралы Ражабалиев. Агайдын аңгемелерин басма сөздөн окуп журуп, кийин бир-эки жолу кездешип сүйлөшкөн учурум болду. Бүтүндөй турган турпаты менен аруулукту, тазалыкты жана адамгерчиликти туу тутуп жашаган жазуучунун ой-кыялы, мүдөөсү, максаты да жазган көркөм чыгармаларында так ошондой берилет.
Журналистиканын күнүмдүк түйшүгүнөн баш тартуу дегеле мүмкүн эмес, жазуучунун убактысын, энергиясын, күч-кубатын сүлүк курттай соруп турган комбайнды (гезит, журнал, сайт ж.б) толтурам деп жүрүп, изги тилегинен таптакыр алыстап кеткендер толтура. Аскаралы Ражабалиев деле ошол көнүмүш тиричилик зарылчылыгынан качып-кечип отуруп, улуттук адабиятта өз стилин, өз жолун тапкан, кара сөздүн ааламына биротоло аралашып кеткенин кийинки жылдары жарык көргөн “Бейиштөр” (Бишкек-2018), “Мусаапыр” (Бишкек-2021) аттуу прозалык жыйнактарынан таасын сезилет.
“Бейиштөр” аталган жыйнакка “Ата-журтум-бейиштөрүм, “Көкдайрам менин, Көкдайрам!”, “Топозчу”, “Өкүм”, “Адам кээри, карышкыр мээри”, “Сагыныч кушу”, “Адам-келемиштер”, “Куру кайткан жуучу”, “Жыландын көз жашы” деген аңгемелери, “Өмүрмаңыз”, “Көпөлөктүү өрөөн”, “Күн жолунда” аттуу повесттери, “Сагыныч кушу” драмасы жана сын-макалалар, эскерүүлөр, Грант Мотевояндын “Жашыл өрөөн” деген аңгемесинин котормосу кирген. Ал эми “Мусаапыр” деген китепке “Ай-чырактын арманы” аңгеме-жомок, “Каар когу”, “Жайлоо-жомогу” аңгеме-притча, “Эрен өксүк” романы, “Мусаапыр” повесть-поэмасы топтоштурулган.
Жазуучунун тематикасы бай, көп кырдуулугу азыркы менен өткөн болмушту синтездөөдө аяр, этият, сактык менен гана мамиле кылбастан, эл эсинде түбөлүк сакталып калган уюткуга көркөм чеберчилик менен жан киргизип, кейипкерлерди бүгүнкү күндүн көзү менен караганга аргасыз кылат.
Ток этерин айтканда, жазуучунун чыгармаларында баткендик калемгерге таандык жекече стиль, өзүнчө көркөм образ дүйнөсү, көркөм сөз каражаттарынын ийкемдүү, сиңимдүү, элестүү кору, чыгарманын эстетикалык таасири, тарбиялык мааниси менен шайкеш келиши ар бир чыгармасында байкалат, кызыктуу сюжети менен окурманды жетелеп алат.
Өзүм менен өзүм жыйырма жылдай күрөштүм...
Бир кездерде ыр жазып жүрүп, прозадан жазуучулук тагдырын сынап көргүсү келген калемгердин бир топ мезгилге чейин өзү жакшы көргөн, сүйүп урматтаган устаты Мурза Гапаровдун таасиринен чыга албай, жазгандары кумирин кайталагансып, туурагандай туюла бергени, эки ортодо чайналып, өз стилин, өзүнүн жазуу манерасын кантип тапканын “Айгүл тоого зыярат” деген эссесинде ыймандай сырын минтип бөлүшөт; “Жазганы башка акындарга окшош боло бергенинен, айтылуу испан акыны Антонино Мочадо минткен экен: “Жетишет, мындан ары бирөөлөрдүн ырларын окубайм!” Мен дагы кийинчерээк бир нече жыл Мурза Гапаровдун чыгармаларын атайылап окубай койгон учурларым болду. Философия илиминде комформизм деген термин-түшүнүк бар. Кимдир-бирөөлөрдүн жакшы чыгармаларын өтө жактырып, бериле окусаң, ал сенин сезимиңе сиңип калат. Убакыттын өтүшү менен ошол сезимиңе сиңген таасир окуяны сен чып-чыргасын коротпой, төл чыгармам деп кагазга түшүрөт экенсиң. Мындай окуялар адабият тарыхында кайталанып турат дешет. Менимче, мындан арылуунун жолу: качан гана өз жан дүйнөңдү, өз өзөк ааламыңды таап-таанып, жазганыңды өз сезим отуңа жуурулуштура алсаң гана кутуласың. Бул кезең кээде көпкө, кээде аз убакытка созулат шекилди. А, мен үчүн атактуу жазуучулардын, айрыкча устатымдын таасиринен кутулуу кыйла убакытка созулду. Өзүм менен өзүм жыйырма жылдай күрөшүп, ички жоопкерчилигим, өзүмдүк сезим-туюмум акыры сырткы таасирди жеңип чыкты!” (“Мусаапыр” 302-бет).
Автордун мындай ою колуна калем алып жазуучу болом дегендер үчүн мыкты практика. Анткени, жазуучунун өзүнө таандык жолду таап кетиши оңой-олтоң эместиги, өзүн-өзү таанып, чанып-жерип, өзүн-өзү сындап, чыдап-сыздап отуруп жеке жолун чабарын мыкты деген жазуучулардын өмүр-тарыхынан жакшы билебиз.
Баткендик жазуучунун жазуучулук дасмиясында жер-суусу, топурак-ташы, асман-тоосуна болгон чексиз сүйүүнү жүрөгүндө катып жүргөн каармандарынын дээрлик көпчүлүгү өз айылдаштары, замандаштары. Орустун айылга жүрөгүн арнаган жазуучусу В.Шукшин сымал, карапайым адамдардын айыл мүнөзүнүн штрихтерин бирден чубап-синтездеп отуруп, кумдан кызылды бөлүп алгандай майдадан бүтүнгө, жекеликтен типтүүлүккө жеткирген. Мындай артыкчылык эсседен тартып, повесттерине чейинки чоң турмуштук картиналарда гана эмес, майда деталдарда (м; бөрүлөр топоздорго кол салмакчы болгондо, топозчу Түнт акенин аракети эрдик эмей эмне!) адамгерчилик, ыйман, тазалык, мекенге кызмат кылуу, жарыкчылыкка келгендин маанисин сездирген, маңызын туйдурган, жумуру баштуу пенденин вазыйпасын ачыктаган ойлор коюлана салмактанып, кээде түтөп, кээде “дүрт” эте жалындап кетет.
Эки китептеги ар бир чыгармага токтолуп, анализдеп, маңыз-мазмунун татып отуруу келечектин иши экенин эске салып, биз чыгармалардагы өзөктүк тематикага, өздүк ой-туюмга, сандан сапатка кантип көтөрүлдү, калемгерлик тагдырдын утугу менен утулушунун айрым бир маселелерине карата пикирди айткыбыз келди.
Ата-Журтту, тууган жерди жазбаган калемгердин өзү жок. Бирок ким кандай деңгээлде жазат? Кеп ошондо эмеспи. Жазуучунун “Бейиштөр” аттуу китебиндеги дээрлик чыгармалардын кантамырынын арасында жазуучунун туулуп-өскөн Көкдайранын (Сох деп айтылып калбадыбы...) жээгиндеги Зарташ айылы, алыстан карасаң кебелбеген алптай Алтын бешик тоосу, кашыктай суу жылжып, жылкы кылындай ичкерип аккан Ничке суу жайлоосу жөнүндө кызыктуу баяндайт.
- Уулум, бул жайлоо ыйык да, таберик. Ушул кашыктай суу мал-жанга жетип, артчу экен. Бул ынтымакчылыктын шааниси да. Азыр элге бир канал толо сууну жеткире алышпаганына таңмын. (9-бет)
Эсселердин ар биринен өз балалыгы өткөн күндөрдү, Баткендин сиз көргөн жана көрө элек табиятын, эң жакын адамдарынын алардын өздөрүнө таандык сапаттарын, нарк-насилин, менталитетин баткенчилерге гана таандык кулк-мүнөздөгү (топозчу Түнт аке, Токтомуш карыя, Айтол апа, Нооруз ж.б) кайталангыс образдарды кездештиресиз. Туулган жерди мактоо максат эмес, туулган туурдун топурак-ташынын эмне себептен ыйыктыгын, жерди, сууну кадырлаган ата-бабалардан калган ыйык мурасты кастарлап, баалаганга аргасыз кылган күчтүн сырын билгенге, аздектеп аны келерки муунга чачпай-төкпөй калтыруу парз, карыз экенине ынандырган башкы идея, кызыл сызык менен чийилген ой чыгармадан чыгармага көчүп, кеңейип отурат. Он бештеги уланды ээрчитип алып, тоонун эң бийик чокусуна чыккан чоң атанын монологуна кулак салалы.
- Аңкоо кыргызым ай-э! Качан көзүң ачылар экен? Бириңди-экинчиң омуроолой, кодулай бербей, ийин кагыштыра жашасаң боло. Башка өркөнү өскөн элдер өз улуту эмес, бөтөндөрдү койнуна тарта эл кылып алып, өзүнө сиңирип, көбөйүп, кубаттуу болуп жатпайбы. Бир атанын баласы кыргызымдын түндүк, түштүк, чыгыш, батышка бөлүнүп, жиктелишине түтпөй кетем. Кыргыздын кымбат наркына, ынтымагына, биримдигине доо кетирген, рак оорусуна тете уруулук эски дартынан качан качан кутулар экенбиз атани-ия? “Кулалы таптап куш кылдым, курама топтоп журт кылдым” деген Манас атабыздын насаат-керээзин жадыбызга сактасак, ов! (18-бет)
Жазуучу жашоодогу көрүнүш, окуя, тагдырлар же мүнөз, кыял-жорук, адамдык сапаты артыкча адамдарды көркөм образга айландырат, айрымдарын ийкемдүүлүк менен типтештирет. Өткөндү чыгарманын тили менен анын синтездештирет, май боёк менен иштеген кыл калемгердей баткенчилердин жеке өзүнчө таандык элеттик образдарды түзүүгө жетишет. Өмүр-тагдыры жерге байланган карапайым пенделердин көзү өткөнчө мойнуна Тууган жерди тумар кылып тагып өтүшүнүн мааниси ушунда.
Байкасаңыз керек, элдик оозеки речте “атани-ия” деген сөз ички сезимдин абалын гана билдирбестен, (катуу да, жумшак да эмес, ичкиликтердин диалектикасына мүнөздүү майиндик менен айтылып жатпайбы) сүйлөмдүн синтаксистик курулушуна боёк сүртүп турат.
Сүйүүнү акарааттаганга болбойт
Адабият тарыхында түбөлүктүү темалардын бир канча категориясы бар эмеспи. Алардын бири – сүйүү, махабат. Алмуздактан бери бул теманын тегерегинде сөз бүтпөйт же түгөнбөйт, канча кылым, канча доорлорду карытып, адам жашоосуна берилген энчидей эриш-аркак жашап келет.
Жазуучунун өспүрүм курактын көзүн ача элек күчүктөй баёо, таза, ымыркай, эч бир кытмырлык, айлакерликтен таптакыр алыс мезгилин чоң эргүү, кушбак сүймөнчүк менен сүрөттөгөн “Сагыныч кушу” деген аңгемеси. Бой тартып келаткан уландар менен жаш көчөттөй бурала сеңселген кыздардын бир мектепте чогуу окуган классташтардын сабакка бараткан-келаткан ойноо кезин жаратылыштын сулуулугу менен паралелль чагылдырышы адам баласынын алгачкы сүйүү сезиминин жышаанын көкүрөгүнөн ойготуп, анын өң-түсүн, таасир-табиятын тааныткан, алардын гармониялык биримдигин ушунчалык куштарлык, назик эмоциялык абалы кылдат талданган. Мектеп партасынан ойногон сезим кандай болбосун ошол кишинин өмүрүнө изин калтырары адамдын руханий жактан өсүп-жетилишине таасир этпей коё албашын, чыгармадагы композициялык элементтин-сүтактын армандуу сайраган кайрыгы аркылуу үй-бүлөлүү, очор-бачарлуу болгонуна карабай, ошол баёо, акактай тунук сезимдин илеби өмүр-дүйнөсүн коштоп жүргөнүн кыйытып айтат. Автордун жеке өмүр баяны сымал туюлган аңгеменин башкы каармандары жазуучу менен анын аздектеген классташы Гүлүнүн, “Ак терек, көк терек” ойногон классташтардын элеси өрүкзарда али күнгө чейин кетпей калганына ынандырат. Чыгарма ыр сымал куюлушуп, ыргактары бирин-бирин коштогон сайын, ажары ачылып, ушунчалык берилүү-элирүү, ички-сырты лирикалык чегинүүгө бай, драматизмдин апогейине жеткен чегинен үн салып тургандай таасир калтырат.
Сүйүүгө туруктуулук, аруу сезимди баалай билүүнүн, анын кадырына жетип, кастарлай алгандар аз дешет азыркылар. Ушу ойдун канчалык чындыгы бар, бирок А. Ражабалиевдин чыгармалардындагы каармандар жашы жетимиштен ашып калганына карабастан, тагдырын оош-кыйышынан сүйгөнүнө жетпей калган “өзүм жесир калбасам да, көңүлүм жесир калды” деген Айтол апанын армандуу сүйүүсүн баяндаган “Өкүм” агемесинин кульминациясы бир кездеги ашыгы Токтомуш карыянын ааламдан өткөн күнү салтта жок жорук жасап, эл-журттун кеп-сөзүнөн намыстанбай кошок кошуп, акыркы ичиндеги арманын ачыкка чыгарган Айтол апанын чечкиндүүлүгү, эрктүүлүгү, бетке чабарлыгы, чындыкка тике караган кашкөйлүгү аялзатында чанда кезикчү сапаттардан.
Сүйүүнүн сынап алар кези турмушта көп учурайт. Ширин менен Дастандын таза сезими турмуштук олуттуу чоң сыноого кабылбаганда, кийинки тагдырлары кандай болору белгисиз эле... Бир класста окуган эки достун кимиси адам, кимиси күн тийген жердин күкүгү экенин сынаган окуя капилеттен жүз берди. Үчөө машинада баратканда Санжардын айдаган авто-унаасы бузулуп, кыштын кычыраган суугунда, карды матап, аңгыраган ээн, түнт талаада калышат. Тизеден жааган кардан каякка басып кете алмак? Түндүн бир оокумунда карышкырлардын улуп-уңшуган үйүрү үчөөнүн айласын кетирди. Санжар коркконунан ала качып бараткан кызын да таштап, талдын башына чыгып кетти. Ал эми Дастан сүйгөн кызын калкалап, кандай болбосун аны аман сактап калыштын аракетинде болду. Дастан дөбөт карышкыр менен бетме-бет тиктеше калганда, жаш адамдын күрч көзүнөн сүрдөдүбү, эзелки же улуп-уңшуган үйүрүнөн калгысы келбедиби, айтор, адамга кол салган жок. Досунун Ширин менен сүйлөшүп, ысык мамиледе жүргөнүн билсе да, ич күйдүлүктөн, көрө албастыктан, колунда бар оокатына ишенген Санжардын адамдык дареметин, адамдык сапатын жолдо калган бир түндүк өмүрү айкындап койду.
Бир мезгилдеги (эр жетип келаткан улан эле...) ок тийген карышкырды көзүн ача элек бөлтүрүктөрү менен мергенчилердин огунан аман сактап калганын эне-карышкыр унутпай, адамдын кээрине, мыкаачылыгына мээрим менен жооп кылганын баяндаган “Адам кээри, карышкыр мээри” деген аңгемесинде.
Дегеле эркек аттуунун намысына тийе турган, сыртынан тымпыйып билдирбегени менен сулуу сымак кыз-кыркын, келин-кесек көрсө напсисин тыйалбагандарды тикеден тик тургузуп сойгон чыгарма “Куру кайткан жуучу” деп аталат. Жолдо машине күтүп турган кызды “Тайотасына” салып алып, ыржалаңдап тийишкен айдоочу машинасын катуу айдап баратып, жол четиндеги аял кишини коюп кетип, жардам бермек түгөл, “доктурга алпарыңыз” деп безилдеген салондогу кызды: “Жөн кет! Сен да ошондой болуп жүрбө! Тим койсо!” (97-бет) - деп акырая карап, кайра жекирип; “Кокус шыбырт эле чыкса, сени жер түбүнөн издеп таап, жайлап кетем” (98-бет) деп коркутуп, эч нерсе болбогондой көздөн кайым болот...
Жолдон үйүнө кеч калдым деп безилдеген кыз эч нерсе оюнда жок токтогон машинага чыгып алды. Жазуучунун кыз-келиндердин келбетин, көркүн, каармандарынын кебете-кепширин, өң-түсүн (жашы кырктарга таяп калган кишини элестетиңиз; “Жарганаттын канатындай мойлоосунун эки учу күлмүңдөп турган эки ууртун жаап, чала жумулган эрдинин жылчыгынан кашкаят алтын тиштери” (95-бет)) сүрөттөө чеберчилиги аңгемеде ушунчалык ишенимдүү, элестүү, таптак, ашкере мыкты чыккан. Ишенбесеңиз, өзүңүз күбө болуңуз, окурман...
Айдоочу көп учурда жолоочуларды отургузарын отургузуп алып, куйсала “чыйт” түкүрчү. Мунусу машинесин алардан кызганып, аяган кылыгы эле. Антпеди бу сапар “Тайотасына” гиларстай мөлтүрөгөн жапжаш кыз отурбадыбы!
Өзүнчө ичинен кымылдап, сүйүнүп алды ал. “Ай-ий! Жүзүмдөй кыз экен!...” Кашылап койду чыкыйын. Ырсая артына кылчайды. Селкинин буттары түптүз, балтырлары балыктай. Бир тутам тоо гүлүндөй аруу! Баланыкындай туптунук көздөрү жоодурайт. Кош алма сымал көкүрөгүнүн учтуу үрпү тикчиет. Кыз ийменип, тизелерин кысып, бүрүшө түштү айдоочунун сугалак көздөрү көздөрүнө урунганда. Напсиси бузулду айдоочунун. Сол колу менен рулду кармап, оң колун артына узата, кыздын санын мыкчыды; “Улагым!”
– А-а-ай! Тартыңыз колуңузду!
Мындайды күтпөгөн кыздын оозуна келди жүрөгү.
– Элик кыз! Коркпо-о! – жылмайды мыйыгынан.
– Токтотуңуз, машинаны!
– Ой! Не болуп кетти?
– Түшөм.
– Ээн талаа, эрме чөлдөбү?- ал дагы колун артына сунду. Кыз отургучтун бурчуна чегине тыгылды.
– А мейлиге, ананыраак... Өзүңө келип ал!..
Жапжаш кыздын санына тийген колун эрдине тийгизди айдоочу. “Ө-өх! Бал татыйт!” Эреркеп кетти, жүрөгү элжиреп. (96-бет)
Окуя ушунчалык чеберчилик менен баяндалган, телевизордон көрүп тургандай таасирлентет. Ургаачыларды көрсө напсисин агызган, үйүндө кой оозунан чөп албаган момун сындуу, аялынын, үй-бүлөсүнүн алдында аппак болуп көрүнгүсү келгендер канча? Анын жийиркеничтүү образы окуянын чиеленишинде “мен мындамын...” деп тургансыйт. Өзүнөн башка бир дагы адам билбейт деп ойлогон айдоочунун чыныгы жүзү кандай, ким экенин билбешине жүз пайыз ишенген кишинин абийирин бейтааныш кыз ачып салды. Ал эч кимден мынчалык сынбаган, мынчалык төмөнгө түшүп, тебеленгендей уят болбогон эле... Элде айтылган “Көрбөйт деп уурулук кылба, укпайт деп ушак айтпа” демекчи, анын абийири төгүлгөн “уурулугун” баласы менен сүйлөшүп жүргөн кыз ачып таштады. Көр дүйнөсүнө чиренген баласына келин алмакчы болуп, жуучулукка барып, шерменде болуп кайтаары үч уктаса түшүнө кирген эмес эле.
“Мусаапырдын” көркөм дүйнөсү
Согуш темасы дүйнөлүк жана улуттук адабиятта кеңири чагылдырылгандыгына карабастан, дүйнөлүк экинчи апааттын айынан өз жеринен качып-тозгон качкындар темасы сейрек учурайт. Чыгармадагы башкы каарманды 1942-жылы Саратов темир жолунан Кыргызстандын Таласына алып келген каргашалуу, узак жана машакаттуу жол азабын, тагдыры топ таштай чачылган адамдардын эртеңки күнү белгисиз эле...
Жаш акын, мектепте окуп жүргөндө жаш талапкерлердин поэзия фестивалына катышып, ыр жазып жүргөн бактылуу кези, алгачкы арзуусу, Волга дарыясынын шоокумунан, кооз табиятынан илхам алган өспүрүм курактын бейкапар, романтикалуу күндөрү кино тасмасындай эсинде калды. Немис улутундагы жапжаш жигит көрүнгөндүн кордугун улуту немис болгону үчүн көрдү, жектелди, жеме-каргыш укту. Ага кандуу согуш себепкер болгонун баары билсе да, сезсе да, көрсө да немис деген сөздүн өзү кыжырды келтирери жөн жерден эмес эле. Фашисттик Германия СССРге кол салды, Батышта кан күйдү, жанды карайткан, жүрөктү эзген коркунучтуу апаат адам өмүрүн заматта жалмап, жок кылып жатты. “Бардыгы фронт, бардыгы жеңиш үчүн!” деген ураан-чакырык күндүн темасына айланды.
Тагдыр Иохан Кунцту элеттеги кыргыз айылдарынын бирине алып келди. Согуш убагындагы айылдын турмушу баарына маалым эле. Эр жеткен жигиттер, эркектер согушка кетип, чарбанын ишинде өңчөй аялдар, бала-бакыра, майып адамдар гана калган. Бөтөн эл, бөтөн жердеги тили жат, чочун жерге аралашып кетиш оңой болгон жок. Уулу аскерге кеткен Кайры эне өз баласындай (атына тили келбей Рахим деп алды) мээрим төгүп кабыл алганы менен сол бутунан сылтый басканы үчүн кан майданга жараксыз деп табылган Жантемир чарбага башкармалык кылат. Турмушка жаңы эле чыкканда согуш жаш жубайлардын кубанычына суу бүрктү, жаңы келин Айтол күйөөсүн Батышка аттандырып, өзү колхоздо ашпозчулук кылып калды. Табелчи аял Ташмаманын чыныгы жүзү Жантемирге жагыныш үчүн жасаган жасакерлиги, эки жүздүүлүгү күн өткөн сайын ачыкка чыкты. “Өзүм билем, өтүгүмү төргө илем” деген башкарма кызмат ордунан, элдин жүрөктүн үшүн алган оор кыйынчылык кезинен куп пайдаланды. Өзүнө жакпаган кишилерди, каяша айткандарды (Каныштын уулунун азабы) кантип жазалаштын жолун ойлоп таап, адам чыдагыс кордук көрсөткөндү адатка айландырды. Өзүнө душман санап, аларды адам ордуна көрбөй, оюна эмне келсе, кордогондон, кесинткенден, кол тийгизгенден кайтпады. Аны тыйып коёр, кой-ай деген кишинин жоктугунан эки тизгин бир чылбырды колго алып, таш боордук менен митаайымчылыктын, эки жүздүүлүк менен анткорлуктун чегинен ашып түштү.
- Раис өспүрүмдү тезирээк үйүнө жеткирип, атала ичирип, өзөк жалгатпасак өлүп калат.
- Өлсө өлгөнүн көрөбүз. Согуш деген шундай. Бирөө өлөт, бирөө ачка калат, бирөө тирүү калат. Тирүү калганыңарга шүгүр деп, ишиңерди кылгыла. Кана, Рахим, кайтар арабаны! (126-бет)
Чыгарманын так ушул эпизодунда Иохандын адамдык абийири чыдабай, сөгүнгөн-бакырган райистин сөзүн эки кылып, аттарды демите айдап, арабасын баланын үйүн көздөй бурганда дүңгөлөктүн бири огунан чыгып кетип, араба жолдон чыга ооп баратканда, сулк жаткан өспүрүмдү колуна көтөрүп алып, секирип түшүп калат. Анын бийик адамгерчилиги, өз кызматынан пайдаланып ар кимди какмалап, урушуп-тилдеп көнгөн башкармага каяша айтканы ошол мезгил үчүн эрдик эле. Адамдар арасындагы нараазычылык бири-бирине күбүң-шыбың эте ич ара айтылганы менен эч ким жексур Жантемирдин бетине тике карап, ак сөзүн, каяшасын айталчу эмес. Иохандын чечкиндүү аракети менен өспүрүм өлбөй аман калды. Дилдеш адамы Рахимдин чукул кездеги тайманбастыгы демине дем кошуп, арабакеч карыя да райистын бетине карап тике сүйлөдү:
- Эй, Жантемир! Адиңден ашып кеттиң! Рахим эмес, кудум сен фашист экенсиң! Адам убалы бир пул экен сага! (127-бет)
Повестте немис улутундагы Иохандын тагдыры кызыктуу, ары аянычтуу, ары таасирдүү, өтө кылдат чеберчилик менен берилген. Анын кыял-жоругу, ар тураптуу образынын штрихтери насилинде кандай адам экени чыгарманын сюжетиндеги турмуштагыдай ишенимдүү, ары кейиштүү, ары жан тарткызган окуяларда берилет, композициялык өзөккө бириктирилген майда деталдар, эпизоддор аркылуу, карама-каршылыктуу сюжеттерде ачылат. Күйөөсү согуштан кайтпай калган Акнур менен болгон мамилеси акырындап отуруп ортодо чоң сүйүүнү жаратты. Эки жаштын арзуу сезими кантип баралына жеткенин автор окуялардын ыгы, жүрүшү менен баяндайт. Кокустан боло калган, зордоп киргизилген же сюжеттин окуяларын көбөйтүү же азайтуу максатында колдонулган “жолбун, жасалма” эпизоддор жок эсе. Ички туюмдун тартылуусунан, сезим отунун жалбырттаган жалынынан жаралган ышкы оту эки жаштын түтүн булатып, чогуу жашап калышын шарттады.
Чыгарманын тили жөнөкөй, куюлушуп жазылган, берейин деген ойго ширелген тема менен идея биринен сала бирин толуктап, байытып отурат. Жазуучунун көркөм сөз каражаттарын кылдаттык менен пайдаланганы окуянын элестүү, таасирдүүлүгүн арттырган. “Эл жайчылык заманга караганда кыйың кезеңде бири экинчисине далысын жөлөп жашайт” ( 80-бет), “Кай жерге барса, ушундай каакым даам кеп угат” (81-бет), “Шол токумдай кара булут Гитлердин кара шинелине окшоп көрүндү” (102-бет), “Иохандын көзүнө дан эмес, күн жуткан кыпкызыл ыр саптары болуп туюлуп, ыр саптары мыкты эргип-көлкүп алган Иохандын көөдөнүнөн:
Айдарым жел “гыр-гыр”.
сапырылган кызыл дан
шыр-р-р... шыр-р-р... (104-бет)
“Жердеги адам макулуктун ит кылбас жоругун” (113-бет), “Төшүнө балчая отуруп алгандай кара мышык” (112-бет) өңдүү сүйлөмдөр ойдун эмоционалдык, көркөмдүк кудуретин күчөткөн. Чыгарманын көркөмдүк түзүлүшүнө ичкеритен устун-тирөөч болуп бере алган троптун жөнөкөй түрүнө караганда татаал түрү арбын кездешет.
Чыгарма поэтикалык синтаксистик жагынан өзгөчөлүккө, боёктуу, ажарлуу, индивидуалдуулукка ээ экенин баса белгилөөгө тийишпиз. Тагыраак айтканда, образдарды түзүүдө, эпизод курууда, композициялык ансамблди ыргалдуу өнүктүрүүгө көмөктөшкөн сөздөрдү жана алардын түз, өтмө маанисин кылдат, кунттуу иштеген. Каармандардын жана автордун кеби орундуу, табигый чыккан. Элдин тилин түштүктүн диалектисин бузбай, эл кандай сүйлөсө, так ошондой сүйлөтүү менен алардын түшүндүрмөлөрүн, чечмеленишин өзүнчө берген. Карапайым эл-журт ата-бабасынан келаткан генетикалык салтын кармап, тилин буруп, алмаштырып же адабий тилдин нормасын кармаганга ашыкпайт эмеспи. Чыгармадагы: жөкөш, төтөнчө, кесел, дарт, шөнт, нанүшта сыяктуу жана башка бир канчалаган диалектилик сөздөр оркоюп, чочуркап бөлүнүп турбастан, автордун да, каармандардын да речинде сыйымдуу, боёктуу, өз ыгында колдонулган. Бул жагынан жазуучуга ыраазычылык сезимиңди билдирбей коё албайсың.
Дареметтүү, таланттуу жазуучу Аскаралы Ражабалиевдин жеке калемине таандык өзгөчөлүктөрдүн бир канчасын бөлүп көрсөтүүгө тийишмин. Көркөм чыгарма жаратуудагы артыкчылыгы А.Ражабалиев китептин жалпы көркөмдүүлүгүн, окумдуулугун, элестүүлүгүн, фантазиясын күчөткөн образ-мүнөз (ар бир чыгармасындагы жеке жана типтүү образдар) образ-пейзаж (Көкдайрадан тартып, Көпөлөктүү өрөөнгө чейин) образ-предмет (улардын шаңшыгы: - кы-ы-ык-к-у-ук! –ы-ы-ык-к-у-ук!, паровоздун үнү: -пу-пу-у-уп! пу-пу-у-уп!, бир куштун; кы-ы-ыйк, кы-ы-ы-ыйк!,у.с.ж.б.)
Айдарым жел “гыр-гыр”
Сапырылган кызыл дан
“шыр-р-р... шыр-р-р...!”
Албетте, жазуучу жогоруда аты аталган эки көлөмдүү эмгеги менен улуттук адабияттын казынасын байытканга чоң эмгек жасаган. Чыгармаларынын идеялык-тарбиялык, эстетикалык-этикалык, философиялык-агартуучулук, акыл-насаат-дидактикалык маани-маңызы дагы көптөгөн адабий-илимий эмгектердин жаралышына түрткү болору шексиз. Биз атайын бөлүп кайрылган чыгарманын мыкты жетишкен артыкчылыгы менен бирге мына мындай азын-оолак ыр саптары аксатып турат.
Көктө ыдырап кеткен кара булуттай,
житип кетсин фашисттердин карааны.
Бетховенди, Гётени жараткан,
немис элим адамзаттын алдында
айыптуудай тартпасынчы санааны,
Адамзатты жарга түрткөн Гитлердин
оюлсунчу кан тепсеген таманы. (103-бет)
Акырында макалабызды жыйынтыктап жатып автордун “Мусаапыр” чыгармасы жанры боюнча поэма-повестке таандык экенин эске алганда, акын Иохандын ырларындагы поэзиянын тили айрым бир ыр саптарында бошоң, чабалдык кылып, уйкаштык, ыргак, ритм, рифма сыяктуу ырга таандык элементтердин бири-бирине жуурулуша албай, арабөк калганын белгилеп коюуга тийишмин. Балким, Кунцтун чөнтөк дептериндеги ырларын бышырып, абдан ийлеп, төрт тарабын келиштире ширелиштире иштегенде, поэманын көркү ого бетер ачылмак, наркы ого бетер көтөрүлмөк деген ойдомун.
Ризван ИСМАИЛОВА, филология илиминин кандидаты, ОМЮИ доценти