Кыргызда жакшы сөз бар ”Бир үйдүн жарыгы экинчисине тийбейт” деген. Улуу сөз, ак сөз, чындык сөз. Ар бир үй-бүлө өзүнчө чакан мамлекет. Ар бир үй-бүлө өзүнүн жашоо образы, үй-бүлөлүк баалуулуктары, үрп-адат, каада-салттык нормалары менен жашайт.
Үй-бүлө курардан мурда, анын пайдубалы, тирөөчтөрү, экономикалык-финансылык жагдайын ойлонуш абзел. Илгертен эле биздин элде ата-эне уулду үйлөгөнгө, кызды чыгарганга милдеттүү деген көз караш бар. Ошол милдеттен кутулуш үчүн ата-эне колдон келгенин жасайт. Мезгилге жараша ата-энесине оордугун тийгизбей, тойго кеткен чыгымды өзү топтоп, өз киндигин өзү кескендер бар.
Эгемендүүлүккө оңой жеткен, өз түндүгүн өзү көтөргөнгө мүмкүнчүлүк алган биздин өлкөнүн эң башкы маселесинин бири – үй бүлө институтту. Бизде барбы? Болсо эмне иш кылды? Элге пайдасы тийдиби же жокпу деген суроо туулат.
Үй-бүлө институтту бар экенин өнүккөн өлкөлөрдүн мисалынан эле билбесек, бизде жок. Али бери ойлоно турган оюбуз да жок... Болбосо, эгемендүүлүккө эришкен отуз жылдан ашык убакытты камтыган мезгилдеги үрөй учурган көрүнүштөргө, окуяларга, фактыларга баа берген, анализдеген, талкууга алган же чара көрүүдөн улам интернетке чыга калган аялдарга, ымыркайларга, секелек кыздарга, өспүрүмдөргө, кары-картаңдарга, майыптарга, оорулууларга, кала берсе бир жыныстууларга көрсөткөн зомбулук, кыянатчылык, уруп-согуу мындай турсун, жанын тындым кылган, жанын кыйдырган мыкаачылыктын арааны, айбандар жасабаган кылыктын кыяпаты, зомбулуктун зардабы азаят беле деген ой келет...
Азыркы үй-бүлөлөр кечээги союз кезиндегиге таптакыр окшошпойт. Жашоо образыбыз, көз карашыбыз, мамилебиз жада калса кийингенибиз да өзгөрдү. Бирок үй-бүлөгө, анын баалуулуктарына, касиет-сапатына, ариет-намысына, анын бекем жана кебелбестиги үчүн күрөшүбүз чабал. Жокко эсе. Сөз болгондо эсибизге тык эткени менен эшикке чыкканда унутуп калабыз. Анткени бул маселеден эч ким тыйын таппайт, эч ким өз пайдасын чыгара албайт...
Мени жемелеңиз, бирок азыркы ой-тилек, максат тыйын-тыпыр табуудан башканы ойлобойт. Бирөөнүн убайымын, кайгысын, ташпишин шыпшынып ушактагандар бар, бирок ошол кишинин көйнөгүн кийип, же батинкесин, же туфлисин бутуна салып көрүп, анан сөз кылгандар жок эсе...
Кишинин табияты кызык. Коңшусунун үйү өрттөнүп баратса, ошол өрттөн эч убакта жабыркабастай сезет өзүн... Ошон үчүн ар бир үй-бүлөнүн жашоосу караңгы токойдой. Токойдо эмне болуп жатканын, кандай кайгы же көйгөй чырмап турганын бирдемеден бирдеме чыгып, “жарылып” кеткенде эле билинбесе, билиш да, сезиш да кыйын. Ошол жарылууга чейин билдиргенге аракеттенсе, “Эл билсе уят, эл эмне дейт?”, ”Тууган-уруктун, куда-сөөктүн алдында ким болобуз?”, “Жабылуу аяк жабылуу бойдон калсын” деп куру намыска жашырынып, тымпыйып, билдирбей жүрөбүз. Намыс деген кыйын да. Намыс кылар нерселерден (мектеп жашындагы бала түндөсү төшөгүнө заара кылса, атасы күндө ичип келип жаңжал чыгарса, энеси тиричилигин карабай, айылчылап жүрсө, аты жаман оору менен ооруп калса, дагы башка мисалдар көп) кылбай, намыстанганга болбой турган нерселерге намыстанганыбыз кызык.
Эң жөнөкөй мисал. “Апа, сен мени кантип туудуң, кайдан жаралдым?” деген баланын суроосуна туура, түз жооп беребизби?.. Туурасын айткандан уялгансыйбыз, “бу балада да, бала деген баладай эле болбойбу...” деп жактырбамыш этебиз.
Түштүк Кореяда аялдын боюндагы түйүлдүгү үч айында кулагы уга баштайт, ал эми беш айлыгында сырттагы үндөрдү угуп, ажыратып, айырмалай алаарын ички түйүлдүк кезиндеги тарбия деп аташат. Бул корейлер үчүн өзүнчө маданият. Түйүлдүк кезинде музыка коюп беришет, кош бойлуу аял өзү баланын органдары туура, түз өсүшү үчүн йога, балет же гимнастика менен машыгат. Төрөлгөндө бир жашар баладай эле кабыл алышат.
Биздин көптөрүбүз ойлогондой, бала бала бойдон жүрбөйт, бала бойдон өзү жүрүп эле чоңойо бербейт экен. Анын кичинекей, назик, аярлуу, кыялкеч дүйнөсү сырттагыларды, айлана-тегерегиндегилерди жумшак кебездей өзүнө сиңирип ала берет. Баланын балалыгы бактылуу болсо, канчалык ата-энеси жагдайга жараша орду менен (ашыкча кетпей) эркелетип, суроолоруна так, туура, ишенимдүү жооп берип, аталык-энелик мээримин аябаса, сөз менен айтып жеткире алгыс сүйүүсү менен өстүрсө, келечекте андай балдардын колунан жаман иштер, кишинин өмүрүнө кол салуу сыяктуу жүрөк титиреткен жоруктарды жасабайт дешет окумуштуулар. Ата-энеден, бир туугандарынан ишенимди, жароокерликти, мээримди, сүйүүнү көп алган балдардын жүрөгү жумшак, кенен, айкөл, боорукер болорун жапон окумуштуу-педиатрлары айтып келет.
Дүйнөлүк басылмалар жазгандай, учурда психологдор менен психиатрлар айрыкча ушул тармактын окумуштуулары ар кандай оор тагдырга туш болгондор, тагдыры кыл учундагылар, суицид, өлүм жазасына тартыла тургандар менен иштешкенде оболу балалыгына кызыгышат, балалыгы кандай өткөн, жакындары жөнүндө маалымат алышат. Баладагы психологиялык өксүктүн (комплекс) түпкү тамыры баланын балалык доорунун өйдө-ылдыйы, кем-кетиги (бир нерседен коркуу, чочулоо, тынчсыздануу, өзүнө ишенбөө, айланасындагыларга кайдыгерлик ж.б. у.с. субъективдүү жана объективдүү факторлор) менен байланышары маалым.
Эми реалдуу турмушка кайрылалычы. Эсимде, 1990-жылдары Оштун дүкөндөрүнө кирсең, жылан сыйпагандай бүт товар, азык-түлүктөрдү эл талап кетишкен. Ширеңкени, тузду, кир самынды пачкелеп жүктөгөндөр болгон. Ачарчылык же жокчулук ар бир адамды коркутпай койбойт, бирок бала тарбиясы, үй-бүлө баалуулугу ошондой деңгээлде чочутпайт, адамдын борбордук нерв системасына ачарчылыкты элестеткендей, сайылып да турбайт.
“Өлбөсө, чоңойор деп” канчалаган жаш үй-бүлөлөр балдарын ата-энесине, тууган-уругуна, тааныштарына, жат бирөөлөргө ишенип таштаганга мажбур болушту. Мен аларды жектегенден, күнөөлөгөндөн таптакыр алысмын, турмуштук муктаждык, айласыздык ошол жолду тандатты. Экономикалык каатчылык, ички-сырткы миграция күчөшү, бийликтин туруксуздугу, коррупциянын арааны ачылып, оозуна тийгенди жалмап, бийликке сабатсыз, жигерсиз, билимсиз, компотентсиз, өз байлыгын, капиталын көбөйтүш үчүн гана келген “аталардын” өлчөөсүз айыбын, кечирилгис катасын “балдары” тартып жаткан замандын күбөсүбүз... “Элине жараша президенти, президентине жараша эли” деген аныктаманын накта мисалыбыз. Азыркы учурда деле балдардын тарбиясынын тайкылыгынан, айыгышкан карама-каршылыктуу адат-кылыктардан, кыял-жоруктан мүнөздөр келишпей, тил табыша албай, өз балдары өзүнө чоочун болуп калган канча ата-энелер жүрөт?
Балдардын бактысын кимге, эмнеге уурдаттык? Элде “ар кимди өзү менен өзүн кыйнасын” деген сөз бар. Жаманбы-жакшыбы, ата-эне үчүн өз баласынан артык эч ким жок. Жиндиби-кындыбы – бала үчүн өз ата-энесинен өткөн жакшы адам жок. Бул табият мыйзамы, бул генетикалык мыйзам-ченемдүүлүк. Ошол мыйзамдын чегинен чыкпай, ата-эненин кучагында чоңойгон бала менен бирөөгө, жакындарынын колунда чоңойгон баланын психологиясында, жүрүм-турумунда, нравалык аспектисинде асман менен жердей айырма бар. Чоң ата, чоң эне, таята-таенеси кандай жакшы кишилер болбосун, канчалык бапестеп бакпасын, өз ата-энесинин ордун баса албайт.
Бала өзүнүкүнө эркелегендей эркелеп, оюндагысын эркин айтып, каалаганын алдырып, кубаныч-кайгысын тең бөлүшө албайт. Сезим-туюмдагы бир көзгө көрүнбөгөн-билинбеген тоскоолдук бар, физиологиялык жагын айтпаганда деле, психикалык барьерлер күчтүүлүк кылат. Эсимде, облустук “Ош жаңырыгы” гезитинде иштеп жүргөнүмдө, шаардагы “Боорукердик” мектеп-интернатына барып калдым. Беш-алты жашар Боря (кыргызча аты болуш керек эле) деген баланы атасы балдар үйүнө ээрчитип келип, таштап кеткен экен. Кийин атасы бир-эки жыл кабар алып, кандайдыр бир себептерден таптакыр келбей коёт. Бала күн сайын чоң дарбазанын жанында туруп, атасын күтүп, атасынын караанына окшогон кишилерди ээрчип жүрүп, күн өткөрдү дешти ошерде иштегендер. Сүрөт тартат эле... Жаздыгынын астында тартылган сүрөттөрдүн дээрлик бардыгы ата менен бала жөнүндө; атасы жетелеп бараткан бала, атасына кучагын жайып чуркап келаткан бала, атасынын мойнуна минип эркелеген бала, атасы менен жетелешип, китеп баштыгын көтөрүп, мектепке бараткан бала... Ошол сүрөттөрдү өз көзүм менен көргөнмүн.
Менин бир тууган сиңдимдин жалгыз уулу төрт-беш жашында менин колума келди. Өзү иштегени Москвага кетти. Күндөрдүн биринде сабак окугун деп, бөлмөнү жаап койдум. Балдырап эле бирдемелерди айтып жатат. “Ыр жаттап жаткан го” деп ойлодум. Эшикке кулак төшөсөм:
– Апам Яшиядан (Россия деген сөзгө тили келбейт эле...) качан келет? Апамы сагындым. Апа, мени алып кет, Яшияга! – деп безилдеп бетине китепти тутуп алып, ыйлап да, бакырып да жатты... Жүрөгүм канап кеткенсиди. Мен аны күндө май токоч менен баксам да, өз апасы жедирген кургак нанга окшобосун билет элем.
Баланын эркиндиги деген курсагын тойгозуп, каалаган кийимин кийгизип койгон менен чектелбейт. Бала канча жашта, кайсыл куракта болбосун, жан дүйнөсү эркин болуш керек. Суроолоруна жоопту туура берүү зарыл. Кызыккан нерсесин өз колу, фантазиясы менен жасаганга жол бериш керек. Анын ар бир аракетин, жасаган ишин мактап, алдыга сүрөп, стимул берип туруу зарыл.
Бизде балансынтып, конок келгенде чогуу отургузбай, майрамдарда гана жакшы көргөн кийим-кечесин кийдирип, ойнотконун милдет катары көрүп, “аны бүтүрсөң, муну жасасаң барасың” деген ультиматум коюлат. Албетте, баланы кичинесинен эмгекке көндүрүү керек, өз алдынчылыкка үйрөтүү зарыл. Баланын кыялындагы буюмун же ойной турган инструменттин алып бербесең, акыры жадаганда уурулукка чейин барат.
Шаардык балдардын бош убактысы көп. Ал эми айылдагы балдарга тыным жок, иш бүтпөйт. Өзүм айылда, пахтанын ичинде чоңойгондон улам жакшы билем. Азыр колхоз болбогону менен менчикке өткөн үлүш жерге пахта, шалы, тамеки, жүгөрү айдалат, мал-кой багышат. Жер тартыш, алакандай жерин коруп, чабышкандар көп. Баланы кулдай иштетип, анын билим алуусуна, эс алганына шарттар деле жок (айылда бирин-экин футбол, баскетбол аянтчасы болбосо, маданият үйү, клуб, мончо, китепкана дегендер жоголгон) башкача кылганга биздин өлкөнүн итке минген абалы жол бербейт. Буга окшогон моралдык жана психологиялык зордук-зомбулукту майда деп этибарга деле албайбыз.
Баласы өз огородундагы жүгөрүсүн (мака) жедирип же коюн жоготуп койсо, даракка таңып туруп, чучуктай чыңыртып сабагандар бар. Аны көрүп тургандар “лам” деп ооз ачпайт, кайра таяк баланы бышырат, чыйралтат деп эсептейт. Мас болуп келип, аялынын чачынан сүйрөп, балдарын туш тарапка дыркырата кууп жүрүп таяктагандарды арачылаган киши жок азыр. Күйөөсү кечке мандикер иштеп тапкан акчасына жаңы модадагы ханзунун көйнөк, жоолугун сатып алып, желпилдеп көчүгү жер жыттабаган, балдарынын эртеңки күнүн ойлобогон айылчы, бекерпоз аялдарды тыйган, кой дегенге жарабаган коом бар азыр.
Балдар-кыздары кандай чоңойгонун билбей, ичинде эмне деген ой-санаасы барлыгынан кабарсыз, чоң ата-чоң эне, таята-таенесинин же жакындарынын көзүн карап, айтканынан чыкпай жеркөз,түртмө, жалтанчаак, уялчак, тартынчаак болуп өсүп калганын көрүп туруп, ичинен эзилген, ичинен сызган мигрант ата-эненин ички ой-сезимин, таарыныч-арманын уккан барбы азыр? Атасы-апасы менен телефон аркылуу гана сүйлөшүп, дээринде кайнаган ой-тилегин жутуп, “ата-энем жанымда болсо, мен деле ушундай кылмакмын деп, ата-энелүүлөргө көз арткан (жаңы маркадагы смартфонго, каалаган нерсесине жете албай), суктанган, ичи ачышкан өспүрүмдөр, боз уландар, тал чыбыктай буралып бой тарткан кыздар менен сырдашкан эң жакындары айда-жылда бир келсе келет, келбесе жок. Алар ички дарттын кимге айта алат?
Бу жарыкчылыкта бала тарбиясынан өткөн оор, машакаттуу, ой-санаалуу иш жок. Бала тарбиясынан өткөн жекече, купуя, табышмактуу, сырдуу, аёолуу, назик маселе жок. Үйдөн ата-энесин сагынып, куса болуп жүргөн баланы мектепте эмнеге жакшы окубайсың, тартибиң начар, ремонттун, китептин, кароолчунун, пол жуугандын, майрамдын акчасын качан алып келесиң деп тилдеген эжекенин жемесинен кийин баладагы маанайдын, баладагы психологиялык сынуу, жарылууну, ой туманынан чыга албай кыйналганын баарыбыз эле сезе бербейбиз. Кыздар ыйлап-сыктап, көз жашын чыгарып жеңилдеп алышат. Ал эми эркек балдар ичинен ыйлайт, ичине салып, ичинен кайгырат, психологиялык ар тараптуу зомбулук акыры ойго келбеген кесепетке да алып келет.
Үй-бүлөдөгү эркиндик баарына бирдей, баарына тегиз, баарына мыйзамдуу. Ал кагаз жүзүндөгү эркиндикке караганда алда канча чоң, салмактуу жана ченемсиз. Ата-эненин эркиндигин өзүнчө сөз кылса болот, бирок турмушта энеге караганда атанын эркиндиги үстөмдүк кыларын жашообуз далилдеп берет. Аялдын түгөнбөс түйшүгү, табиятынан берилген камкор, тиричиликке жооптуу инстинкти үйдө көнүмүштөй каралганы менен эшикке чыкканда, коомчулуктун алдында бир-эки кадам артка сүрүлөт. Коом өзү алдыда кетип бараткан аялзатын акырын муштумун кезеп, тыйып турат.
Айрыкча акыркы кездерде диний ишмерлер, молдокелер аялдар жөнүндө айтканда, күйөөсүнүн көзү менен тең айланган айымдар “туура эле бейишке кирет” деп, эркектин ордун, ролун, статусун атайылап, жасалма жол менен көтөргөнгө жандалбасташат. Аларга гендердик теңчилик деген жакпайт, уккусу да келбейт, каалабайт дагы. Улуу пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллаху алайхи ва салламдын ондон ашык аялдары болгонун мисалга келтирет да, эмне үчүн, кандай шартта, эмне себептен ошончо аял алганга мажбур болгонун эстен чыгарып коюшат.
Көп аял алуу жагынан пайгамбарга теңелгиси келген дымактуулар (кана эми, жесир, багар-көрөрүнөн ажырап, көп баласы менен калган тул катынга, зайыптарга үйлөнсө...) никесине алгандардын баарына тегиз, бирдей мамиле жасаганга шартым бар, кудуретим жетет дебейт. Көзү артканы – жаш кыздар.
Күйөөсүнүн мыкаачылыгынан жан берген аялдардын тагдыры так ошол коомчулуктун кайдыгерлигинен, “эри бар аял калтак жейт” деген көз караштын күчүндө калганынан (биздин каныбызга сиңген патриархалдык мамиленин сынбаганынан ”камчынын уусу аялдын шайтанын кетирет” деген көз караштын жоголбогонунан), болбоду деп ким айта алат?
Ырас, бизде кыз балага караганда эркек баланы илгертен артык көрүү адатка айланган. Бирок ошол жоокерчилик замандан келаткан көз карашты өзгөрткөн, бузган, кыз деле уул баладай ата-энеге камкор, жеңилин жерден, оорун колдон алган, керек болсо Курманжан датка энебиздей эл башкарганга жөндөмдүү, татыктуу экенин далилдеген, турмуштук фактылар, мисалдар толтура. Ошого карабастан аялдын табиятынын (күч жагынан) алсыздыгы, бала үчүн жанын берүүгө даяр инстинкт айынан эркектин кордугуна, басмырлаганына, көржемесине чыдап келаткандар канча.
Сиздер деле жакшы билген дүйнөлүк маанидеги белгилүү психолог, бир канча бестселлердин автору Луиза Хейдин бир мисалын келтире кетейин. Эки кошуна бар, бири аябай бай жашайт. Заңгыраган үч кабаттуу хансарайдан төрт кымбат нарктагы автоунаа кирип-чыгып турат. Кызы түнкү клубдарга, уулу карта ойногону казиного, атасы көңүл ачканы ойношуна, апасы дагы өзү билген жакка кетет. Алардын жанындагы жөпжөнөкөй тамда карапайым бир үй-бүлө бар, качан көрсөң бирге тамактанып, бирге сейилдеп, үй жумуштарын бирге аткарып, мамыр-жумур, тынч, ынтымактуу жашашат. Алардын кимиси бактылуу? Алардын кимисинде үй-бүлөлүк баалуулуктар сакталган, кадырланат, баркталат деп суроо берген.
Баланы дегеле адам баласын байлык, көр дүйнө, оокат-аш, саны жок акча, кызмат, ар кандай чин, даражадагы мансап бактылуу кыла албасын баарыбыз эле моюнга алгыбыз келбейт. Аны кулакка жагымсыз угулган бир нерседей, аргасыз макул болгондой түр көрсөткөнүбүз менен ичибизден алардан баш тарта албайбыз, кайра аларды артынан кубалап жүрөбүз.
Үй-бүлөдөгү көрүнөө жана көмүскө зомбулуктун белгилерин санай берсек түгөнбөйт. Жылдан жылга педофилдер азаймак тургай, көбөйүп баратканы эмнени каңкуулайт? Алсыз, назик, ишенчээк, таттуу нерселерге бат алданган, акыл-эси али өөрчүп жетиле элек жаш балдарга кол салуу, болгондо да өз канынан жаралган, камыр сыяктуу али толук жетиле элек эселектерди кордогондорду тыя албаган кандай коом болдук?
Илгерки ата-бабалардын жазылбаган мыйзамдарына салып, тартипке келтиргенге ким тоскоолдук кылат? Келин-кыздарды кордогонду (урбай-сөкпөгөнү менен, наалып, сөз менен эзип, бир нерсени шылтоолоп, атайын сайыла берген, мүчөсүндөгү айрым бир кемчилигин бетине кармап алып шылдыңдап, кемсинткен) адатка айланткан эркекти биле туруп, унчукпай мелтиреген үй-бүлөнүн оозун жапкан ким? Же болбосо эркегинин мойнуна минип алып, айтканынан чыгартпай, өзү каалаган жагына басып кетип, акча үчүн абийирин, намысын саткан, айрым бир пулдуулардын (ОБОН) кол жоолугуна айланган аңги аялдардын, энелик укуктан ажырагандардын кайдан чыга калганына таң калгандын кереги жок.
Коомдун өнүгүшүн экономикалык кубаттуулуктан издөө аздык кылат. Коом руханий, моралдык, этикалык, экологиялык жактан агарбаса, тазарбаса, адам табиятындагы асыл сапаттар (акыйкаттык, чынчылдык, ак ниеттик, адал эмгек, бешене тер менен табылган тиричиликке ыктоо ж.б. ж.б.) адамгерчиликтүү нарк-насилдер шам чырактай жанып турбаса, белге чыккан балчыктан чыгып кетишибиз кыйын.
Ризван ИСМАИЛОВА, журналист, илимпоз-адабиятчы