Ак-Бууранын аркы өйүзүндөгү Гүлү кемпирдин жалгыз уулунан башка эч кимиси жок. Өзү айткандай «эрин эрте эле жеп алган» кемпирдин не каралашары, не багар-көрөрү жок, оокаты илең-салаң болгондуктан, эр жетип келаткан уулу байдын эшигинде мандикер жүрүп, эптеп тиричилик кылышат.
Жигит эртели-кеч байдын минчү атын сугарганы сууга апкелип, дарыянын наркы өйүзүнөн теңтуш кыздары менен ээрчишип, койкоё басып сууга келген Алмаканды көрүп, көңүлү удургуйт. Жаз алды сайдагы талдар бүчүр байлап, кыздын майда өрүлгөн чачтарындай саамайын сууга ийип, тумсак көк бариги бөртүп чыгып келаткандагы маалда, биринчи жолу аркы өйүздөн анысы, берки өйүздөн мунусу сүйлөшүп алгандай, көзү-көзүнө чагылышып, астыртан кыйлага тиктеше калышкан. Жигиттин өткүр көз карашынын жалыны сулуунун тулкусун каптагандай болду. Каректердин сырдуу жебесинен кимиси кандай абалда калды? Алмакандын көңүлү дегдеп, мурун-соң кабылбаган калтыс абалынан өзүн коёрго жер таппай калган. Жигиттин турган-турпаты, келишимдүү келбети көзүндө сүрөт болуп калды. Сай тарапка басканда эле ошол көз карап тургандай ашыгат, сынагандай кымырыла кысылат, жакшы сөз айтчудай аптыгат. Талдын далдоосуна бекинип, ат сугарганы келген тааныш караанды издейт. Өзүнчө келгенден коркот, жанына курбусун алып, сууну шылтоолоп жөнөйт. Мындайда жүрөк кургур сезгич, мындайда дегдеген жүрөк кургур алдай албайт…
Жазда кирген Ак-Бууранын шарынан кыйкырсаң да эчтеме угулбайт. Таштан-ташка урунуп-беринген агымынын толкундары жаалданып, күркүрөп-күүлдөп, добушу бир укмуш, өзүнө шимирип, кулагың тунуп, мындайда дудук бол же дүлөй бол, болбосо айлаң жок. Суу киргенде Ак-Буура сүрдүү дагы, айбаттуу. Ак жалдуу толкундар ашыгып-чамынып, оп тартып алчудай албууттанган суунун жанында өзүңдү кумурскачалык эле сезесиң. Ак-Буура кээ күндөрү гана тынчып, чарчагандай мемиреп сулк агат.
Жигитке канат бүткөнсүп, жүрөгү элеп-желеп, эки көзү Дубананын коргону тарапта. Айылга аты чыккан Алмакан сулуу үйү ушул тушта деп кеп кылышканын кулагы чалган. Түшүндө көргөнсүп, түшү эмес эле, өңүндө көзмө-көз сүйлөшүп, сулуу жүрөгүнө чок таштап койбодубу...
Ишин арыдан-бери чампалап бүткөргөнчө шашканы-шашкан, дарыяга азгырылып, байланып калганын кантесиң. Жигитти кыз жөнүндөгү аңыз дагы, айылдагы «ал ашык, бул ашык» деген кептер да кызыктырбай, көңүлүнө мөөр басканы менен көзмө-көз сүйлөшсөм деген тилек тынчытпады.
Алмакан оюндагысын Теңирим угуп жөнөткөндөй, белгисиз ааламдан издегени жерден табылып, көңүлү уйгу-туйгу ойдон бир шексинип, кайра ширин кыялына балкып жүрдү. Атын билбеген жигитке атап, дасормол (кол жоолук) токуп, четин кештелеп, жоогазындын сүрөтүн тартып, күн түспөл сайма сайды. Эл катары жарды болмоктон, ким болсо да, кедейликти намыс көрбөй, бар-жогуна, ач-тогуна каниет кылып, көңүлү түшкөн кишиси менен бирге болууну самады. Кыз кезинин кызыгын көрсөтпөй, насипсиз тагдырга зордоп башын байлаган өз энесине көңүлү ооруганын да жашыра албады. Анан ортагы Тургунга көңүлүнө бүлүк салган жигит жөнүндө сыр кылып айтты.
Дубанадан качып, эгер карааны көрүнсө жоон талдардын далдоосуна жашырынып, ортагы экөө челек көтөрүп, сууну шылтоолошуп, баягы атын сугарган жигитти издеп жүргөн күндөр билинбей өттү.
Жигиттин эки көзү Ак-Буура жакта калат. Атын жууп-тарап, ары-бери бастырымыш болгону менен, кош кареги сууга келген келиндерде, алардын кай тараптан чыгышын күтүп жүрүп, санаасы тынбайт. Арзыганы Алмаканды күндө көрүү кайдан? Кээ-кээде ашыгынан адашкан күкүктөй болуп, безеленген кайрыгын кайра-кайра шаңшып жаткандай жигитке, сулуусу бир көрүнүп, зарыктырып көпкө жок болот. Кыялында далай ирет ашыгына батынып сүйлөгөнү менен, алыстан карааны көрүнгөндө тилин жутуп алгандай, майда калтырактан апкаарып, баданин баскан нымшыган терден өзүн коёрго жер таппай, жанынан маңкайып өткөн сулууга кысынып, бир ооз сөз айта албайт.
Оюнда Алмаканды Тургундан бөлүп алып сүйлөшкүсү келди. Эки ортак киндиги туташкан немелердей, бирге басышат, биринен-бири бир карыш узабайт. Алардын көөдөндү көзөп, жаныңды жыргалга бөлөгөн шыңгыр күлкүсүн буркан-шаркан аккан суунун шоокуму бирде жаңыртып, бирде жапырып, бирде угузуп, бирде угузбай, ак жалдуу толкундары менен кошо агызып жөнөйт. Ошол күлкүнүн керемети кулакка сиңип калгандай, кез-кез дарыя боюнан жардын башынан, бадалдуу коктулардан угулуп, жылаажын үндүн азгырыгында жигит мас болуп жүрдү.
Жигиттин энеси: “Кызды өз төркүнүмдөн эле таап берем, атаң болбосо, мендей жесирге ким эле кызымды ала кой деп ынасын. Өзүмө окшогон бирөө-жарым кызын чоңойтуп жаткандыр, тууган-уругумдан эле сага ылайыгын караштырам”, - деп жүргөн күндөрдүн биринде жигит атагы аңыз болгон сулууга болгон сүйүү дартинин чекесин чыгарды.
Х Х Х
Арадан эки-үч ай өтпөй, Дубананыкына корбашынын алиги жуучусу кайра келди. Бул жолу ал көпкө олтурбады. Үйгө да кирбей, чайга да күтпөй, эшиктеги сөөрүгө көчүк баса, Абдырайымдын буйругун угузуп кетти.
- Алмакан сулуу жарды-жалчынын теңи эмес, - деди корбашы. - Күйөөлөп берсе, жакшылыкча берсин дейт. Болбосо, тууган-уругун бирден союп, таш-талканын чыгарып, кызды уурдап алдыртам. Сөзүм эки болгон күнү Абдырайымды өлгөн экен деп билсин деди корбашы! - деп жуучу озуйпасынын калетсиз экенине айласыз баш ийгендей, айтарымды айттым деди да, жүрүп кетти.
Жүрөк үшүн алган кабарды уккан Дубананын жек-жааты бүт чогулду, “Алмаканды берип кутулбасаң, бектен кутулушуң кыйын. Тагдыр бешенеси ушул болсо, кандай айла кылабыз?” - дешип, бир бүтүмгө келишет.
Корбашынын шаштырганына “лам” деп ооз ачалбай, Дубана кургурдун заманы тарып, кошунанын келин-кесегине, кыз-кыркынына жеңил-желпи кызга сеп жасаттыра баштайт. Тамак-ашка отура калганда, карындашын тиктей албай, көзүн ала качат.
Ак-Бууранын наркы өйүзүндөгү Гүлү кемпирдин чалынын авлатинан эки аял жуучулукка келди. Дубанадан ыйбаа кылып, аркы-берки сөздөн чаргытып: “Жалгыз жетимдин багы ачылып калгысы бардыр. Илгертен: “Кызга бергис жубан бар” деген кеп калган, тууганчылыгыбыз деги бар, кызыңардын колун сурап келдик,” - дешип чөк түшүп, отуруп калышат.
Дубананын ныгыра-ныгыра сүйлөгөн, сөз билги аялы кептин чоо-жайын бөлөккө буруп, минтип сурайды:
- Кызыбыз мурда энебиздин тагасына келин болгонун уккан эмессиздерби дейм да?
- Билебиз, укканыбыз бар.
- Жубан алган деп, кийин соң теңтуштарынын алдында сөзгө сөлпүк, кепке кемтик болуп жүргүчө, айдай кыз алып бергиле эжекелер. Жакшы тилегиңерге шүгүрчүлүк, не мындайды салт көтөрбөйт деп, экөөнү жолго салат.
Эки ооз сөз айылдын ар тарабына таруудай чачылып, уу-дуу кептин сели каптады.
Корбашы болжошкон күнгө жеткирбей төрт түлүктөн тогуз кара, нан, кант-шириндиктер менен кымбат баалуу мата салынган тогуз себет, алтын теңгесин уучтатып, келиндин калыңын бердиртет. Эки эңгезердей катынга коштуруп, үч-төрт жигитине кайтартып, түн ичинде шек-шыбыртын билдирбегиле деп катуу буйруп, Алмаканды төркүнүнөн көчүртүп кетет.
Х Х Х
Жердин жети түбүнө барды дейби, ким билсин? Атчандар эки күн жол жүрүп, чарчап-чаалыгып, көз жашын мөндүрдөй төккөн кыздын алын сураган жан болбой, Папандын Бука деген жайлоосуна барышат. Ошондо басмачылар качып-тозуп, алыскы-алыскы жайлоолорду мекендеп калышкан кез экен. Чокусунан мөңгүсү шаңкайып, учтугуй аскалары көк мелжиген, чар тарабы бийик тоолор менен курчалган чылгый жапжашыл коктунун койнундагы ажайып кооз өрөөн Алмакандын дилине жакты. Жел менен желпилдей соккон тумсак абанын каңылжарды как жарган тазалыгы, ичи-койнуңа имериле калган аруулугу көңүлүнө сыйбайт. Башка түшкөндү көтөрбөскө чарасы жок тагдыры аны ошердин жашоосуна көндүрдү.
Басмачылар качып-тозуп, алыскы-алыскы жайлоолорду мекендеп калышкан кез экен. Күн алыс кызылдардан коркуп, орун которо бергенден айласы куруп, жаңы келген келинге мурдагыдай үзүлүп түшө албай, сулуулугуна өңгөчү өмөктөй, тамакайы так болгон кечээги Абдырайымдан элес жок. Төртүнчүлөрдүн отряды басмачыларды бирден терип, көзүн тазалап келатат экен деген каңшаардан тынч отура албай ойдолоктоп, эки көзү менен кулагы шырт эткен дабышка сак тургандан башка аргасы калбады.
Каз-катар тизилген корбашынын катындарынын боз үйлөрү жаңы келинге ушунчалык суук көрүнөт. Эси-дарти өрөөндөгү өөндө, туулуп-өскөн айылында, оорукчал апасында калган келинди кимсиң деген жан болбойт. Үч-төрт катынына өз-өзүнчө үй тиктирип, катар отургузган корбашынын да шаштысы кетип, кабагы ачылбайт, эртели-кеч жигиттерин жиберип, душмандарынын шек-шыбышынан дерек алдырат. Кээде өзү атына минип алып, тээ чокудагы кароол дөбөгө чыгып, дүрбү тартат. Заман мурдагыдай эмес. Ош жактан, чөл тараптан Совет бийлиги орноп, кызылдардын жеңип, жаңы заман келатканы жөнүндө ар кандай сөздөр тоо-ташты аралап, үй тиричилигинен колу бошобогон катындардын да кулагына жеткенсийт. Кебетеси мурункудай эмес чабармандар кабар жеткире электе аялдар үрпөйгөн тооктой үйлөрүнө кире качышат.
Бир күнү Абдырайымды карагери ала качып, үзөнгүгө буту илешип чыкпай, бир кыйла сүдүрөп барып, долононун жыш жерине жеткенде так токтойт. Кудай бетин көрсөтпөсүн, катындары биринен-бири озуп чуркап барып, бети-башы канга боёлгон бектин үстүнө баары үйрүлүп түшөт. Жигиттери колмо-кол көтөрүп, боз үйгө жеткиришет. Бектин жаратын таңып, капилет кокустук жаңы келген келиндин аягынан, бу жакшылыктын белгиси эмес дешип, Алмаканды көзүнүн түбү менен теше тиктей жек көрүп карашат.
Алмакан кайгыдан кан жутуп, көз жашы салаалап, боз үйгө камалып отуруп калат. Кызарган өңү саргайып, кабагы ачылбай, корбашыга токолдукка келгенден бери эч кимден жакшы сөз укпаган келиндин заманасы куурулуп, бу тирүүлөй тозоктон кантип кутулуунун жолун ойлой баштайт.
Эки көзүн карагерден албайт. Жанагы жаман окуядан кийин кызматчылар атты тушап коюшту. Мурда ээн-эркин жүрүп, төрт туягы менен ааламды кезип жүргөндөй маңкайып, жылтыраган жал-куйругу менен тулкусуна көз арттыртып, шамалга жалын таратып, көкүрөк сырын ачкан жаныбар кишенделгенде ушунчалык азынап, турган ордун астын-үстүн кылып жиберчүдөй жер чапчыганын айт.
Алмакан канткен менен бир тобокелге салып, качуунун амалын ойлоп жүргөн күндөрдүн биринде, келгенине бир айга жетпей айылынан “апасы пастап калды” деген кабар келет. Жүрөгү бир жамандыкты сезгендей болуп, бир жигиттин коштоосунда бала салып койгон тору бээге минип, Төлөйкөндү көздөй жол тартат. Кенжесинин келер кабарына илинип, каргадай караанына көзү чачырап, кемпирдин жаны араң чыккан экен.
Апасынын көзүн көрбөй, дидарына тойбой калган Алмакандан армандуу жан болбоптур ошондо. Керээзин укпай каңырыгы түтөп, көз мээрине балалык көкүрөгү тойбой, жарыкчылыктан тапкан мээнет-санааты менен кошо агартып уул бакканына, кызартып кыз тапканына ыраазылык сезимин укпай, “кош, апаке” дегенге жарабаганына ичи күйүп-өрттөнүп, жер кучактап чыңырып-чыңырып, ботодой боздоп эстен танат.
Бир оокумда көзүн ачып, энесинин жаназасы окулуп, жыгач табытка салып жатканын көзү чалат да, шамалдай ыргып туруп, сары кыжым жабылган табытка бой таштайт. Катындар каруусунан капшыра мыжыгып, эки жактан жөөлөп, сөөк дарбазадан чыкканга дейре кармап отурат да: “Сабыр кыл каралдым, апаңа айтаарың жок беле, кулагы сен тарапта калып, кетип баратса керек...” - дегенде, өзүн токтотуп, көйнөк-көлөчүн эми көргөндөй сыйпалап, акылын пештеп туруп, кайгы менен муңдан кайышкан, арман менен күйүттөн куйкаланган кошоктун обонун созолонтот.
Сүтүккөн түбү сүт татыйт,
Сүттү бир сүткө куяйын.
Сүттөн бир ширин сөздөрүң,
Эми кимден угайын?
Оо-уу, оо-уу, өх-өх!
Балдыркан түбү бал татыйт,
Балды бир балга куяйын.
Балдан бир ширин сөздөрүң,
Эми кимден угайын?
Оо-уу, оо-уу, өх-өх!
Эркек аттуунун баары жай башына кетти. Өңчөй аялдар боз үйдөн сыртка чыгып, тегерете орнотулган жыгачтан жасалган орундуктарга көчүк басып, Алмакан кошокчунун ырына кулак төшөп, демин ичине катып, айласыз сызылып аккан көз жашын аарчыганга чамасы келбей, этек-жеңи менен калкалап, буулуккан ыйдан мүрүлөрү алмак-салмак өйдө-ылдый серпилип турду.
Шакек бир колун жойбогон,
Самаган ишин койбогон,
Оймок бир колун жойбогон,
Ойлогон ишин койбогон,
Ак болот ийне саптаган,
Ак добар көрпө каптаган.
Көк болот ийне саптаган,
Көк добар көрпө каптаган.
Көк добар көрпө жүк көркү,
Кагылсам апам үй көркүм.
Ак добар көрпө үй көркү,
Айлансам апам үй көркүм
Оо-уу, оо-уу, өх-өх!
Таң атардын боз салкын,
Түштү бекен бетиңе?
Боз топурак катуу жер,
Өттү бекен этиңе?
Күн чыгардын боз салкын,
Түштү бекен бетиңе?
Кара бир жердин катыгы,
Өттү бекен этиңе?
Кагылсам апам күйөрүм,
Күйбөй бир кантип жүрөйүн?
Оо-уу, оо-уу, өх-өх!
Алмакан көпкө кошту. Апасынын беш көкүл кыздарын жанына отургузуп, сайма сайдырган, оймо ойдурган ууздугун, ченеми жок чеберчилигин кошту. Жайчылар мүрзөдөн келип, салттагы өкүрүктү коё берерде муңдуу ажайып үн бу дүйнөнүн көңүлүн өзүнө буруп алгандай, жан аттуунун баарын арбап алгандай, ошол үндүн таасиринен чыга албай, эркектер да чөк түшүп, отура калып угушту... Энесинин элде жок ууз болгону жалганбы деп, эл муюп угуп, сөздүн кудуретине тан беришти.
Эне-бала, эки ууз, эки чебер эми минтип ажалдын айынан бири-бирине жетпей, мурдагыдай саймага оюн кештелеп сайбай, арманын бир айтып түгөтпөйт, миң айтып түгөтсө кана?
Х Х Х
Апасынын үчүлүгүнөн кийин Алмаканды баягы коштоп келген жигит тоого алып кетти. Өңү кара, сурданган, чанагынан чыкчудай көзү чакчая тиктеген жигитке эч ким каяша айталбады. Алмакан үйдөн кошогун созуп кандай чыкса, карааны көрүнбөй калгыча туугандары ошондой үн-сөзү жок узатышты.
Жайлоого келишкенде корбашынын шаштысы кетип калган экен. Байбиченин боз үйүнүн жанында жакын санаалаштары топурап турушат.
Алмакан өөнгө кеткенде, Совет өкмөтүнө жардам берген төртүнчүлөрдүн башчысы “силерди жараштырабыз” деп корбашыга киши жиберет. Аты сүйрөп кетип жаракат алган Абдырайым көпкө ойлонуп, элүү-алтымышка чамалаган жигиттери да күндөн-күнгө азайып, күч-алдан тайып баратканына көзү жетип, тобокелге бел байлайт да, ортомчулардын чакырган жерине барууга аргасыз болот. Бети-башы тытылган, колу-буту кыймылдатса жан чыдатпаган оорудан жаны кашайып турганда, ылдыйкы коктунун оозуна болжошкон жерге жетейин дегенде, кай тараптан чыкканы белгисиз желдей сызган октон, көкүрөк тушун кармаган бойдон жыгылат. Бекти эптеп турган конушка алып келишет. Дем алышы оорлоп, тирүү менен өлүктүн ортосунда жаткан Абдырайым бектин саналуу убактысы калганда, мурунку катындарынын көңүлүнө көк таштай тийген Алмакан келип калбаспы.
Байбиченин чыңырып ыйлаган үнүнөн конуштагылар корбашынын жан таслим болгонун сезишти. Эки тоонун ортосундагы жайыгыраак коктунун ичи ызы-чуудан бир көтөрүлүп, кайра тынчып, корбашынын сөөгүн жерге берүү зыйнатына даярдык башталды.
Бийликти байбичеси колго алган шекил. Улагада кысынып-кыпчылып отурган Алмаканга карап:
- Сени кыйын кошокчу дешет. Бектин көңүлүн азгырып, колуна кондурган тоту куштай койкоңдоп, доорун сүрдүң эле. Эми, бекке кошуп ырда! Аянбай ырда, кандай кошокчу экениңди буердегилер да билсин, - деп буйруду.
Апасынын күйүтүнөн өзүнө келе албай, эми минтип тагдыры тайып, арсар ойдон башы айланып, не кыларын билбей, нес болуп отурган келиндин үстүнө муздак суу куйгандай селт эте, ордунан козголуп, кыйлага чейин сөзүн таба албай бушайман жейт. Берки катындары да анын оозун карап отургандай, жаалап жиберишти...
- Ий, имне оозуңа талкан салып алгансыңбы?
- Имине, бектин койнунда кутуруп жүрө берем дедиң беле?!
- Ушу келгенде жамандыктын баары башталды!..
- Келиндин аягынан дейт, сулуусунган немеге имерилип, өйдөгө кете албады бегибиз.
Катындар биринен-бири өтүп, заар тилин чача баштаганда, Алмакандын оозуна мындай саптар келе калбаспы:
Ат башында тизгин бек,
Ажалы жеткен биздин бек.
Күмүш жүгөн тизгин бек,
Күнү бүткөн биздин бек.
Арам өлгүр күрөң ат
Колуңдан чыгып кеттиби?
Адамды көрсө шок эле.
Алдыңдан чыгарың жок беле?
Оо-уу, оо-уу, өх-өх!
Кара сакал оруска
Казат кылам дедиңби?
Карып жаның тозоктон
Азат кылам дедиңби?
Арам өлгүр күрөң ат
Алты чакса туз артып.
Арткы мойнуң кызартып,
Аттарчыга жолуккур
Жети чакса туз артып,
Желке мойнуң кызартып,
Соодагерге жолуккур.
Оо-уу, оо-уу, өх-өх!
Эрте менен кайнаган,
Чайым элең бекзадам.
Эртеден бери сүйлөшкөн,
Пайым элең бекзадам
Кою бир келет түз менен,
Козусу келет из менен.
Кокуюң тартып жүргүчө,
Кошо эле кетпей сиз менен.
Оо-уу, оо-уу, өх-өх!
Армандуу Алмакандын айтканына муюп, ишенген тоосу кулаган бектин жесирлери көзүнүн сызылып чыккан жашка муунуп калгандай кыйлага солкулдап барып, буулуккан үндү коштой жоктогон кошогун созушту. Сөөктү каерге алпарып коюшканын сураган жан болбоду.
Мурда убадалашкандай, Алмакан Төлөйкөнгө коштоп барган бектин жигитине бир ууч сөлкөбайды карматты да, өзү түнү менен кирпик какпай, таңдын атышын күтүп жатты. Эртеси таң заардан ээр-токуму даяр, азатка чыккан карагерди минди да, желдей сызган бойдон коктудан атып чыкты.
(Уландысы бар)