Назар Нажмиге
Уфада бар кыйышпас бир жан досум,
Жүрөгүмдө жүрөт дайым ал досум.
Ал экөөбүз кыйын күндө ант берип,
Ажырабас дос бололу дешпедик.
Табышпадык шарап ичип отуруп,
Же зор сыноо башыбыздан өткөрүп.
Бир турпактан өнгөн элек кош талдай,
Өскөн элек бир тамырдан чыккандай.
Кеткен элек бир айылдан калаага
Бир уядан кош балапан учкандай.
Окуп-чокуп... Сонун мезгил жигиттик!
Бир табактан, бир кашыктан жеп-ичтик.
Чөнтөгүбүз бош болсо да, турчу эле
Шаттыгыбыз көңлүбүздү элиртип.
Андан кийин кан майданга бир кетип,
Бирге жүрдүк от аралап, суу кечип.
Өлгөн жокпуз, денелерге так салып
Кайра кайттык өлүм менен кездешип.
Өмүр акты. Жаш төрөлдү. Кары өлдү.
Чачыбыз да ак тозоңго бөлөндү.
Биз экөөбүз бирге болдук дайыма
Катар чыккан тамыры бир тал өңдүү.
Шаттык болсо, жүрдүк аны бир көрүп,
Кайгы болсо, жүрдүк аны тең бөлүп.
Мен оорусам, түн күзөттү уктабай
Баш жагымда бир тууганым өңдөнүп.
Үйгө келсе отурбастан созулуп,
Ойноп кетчү балдарыма кошулуп.
Менин апам кирип келсе эшиктен
Ага дайым орун берчү озунуп.
Узатчу эле сапар тартсам алыска,
Кошо чыкчу мени тосуп алышса.
Жетип келчү өзү сезип, айттырбай
Биздин үйдө казан-аяк кагышса.
Муну уккандар кеп кылышар шыпшынып:
«Сел алса да кебелбес бул досчулук!»
Бирок, аттиң, көзгө илешпес мителер
Коёт тура дөөнү дагы мерт кылып.
Капысынан мен чоң болуп калдым да,
Досум болсо иштеп калды алдымда.
Бирок андан доо кеткен жок достукка,
Баары калды баягы эле ордунда.
Ал узатты жолго чыксам аттанып,
Кайра кайтсам, жүрдү дайым каршы алып.
Кайгырганда карыш жылбай жанымдан,
Кошо болду турганымда шаттанып.
Үйгө келсе отурган жок созулуп,
Ойноп жүрдү балдарыма кошулуп.
Менин апам кирип келсе эшиктен
Мурдагыдай орун берди озунуп.
Мунун баары себеп болду чагымга,
Кеп тарады биз экөөбүз жайында:
«Бири – төрө, экинчиси – көшөкөр
Бөйпөңдөгөн төрөсүнүн жанында.»
Чыккан ушак отуз тиштүү пендеден
Отуз жакка тарап кетти жел менен.
Ал ушакты дуулдатты ал анан
Ак-каранын айырмасын көрбөгөн.
Оозу боштор экөөбүздү аябай
Көпкө дейре эрмек кылды жадабай.
Чоңдор дагы баш чайкады сурданып:
«Абайлабай калыптырбыз, ай, ай, ай!»
Ал күндөрдө дос экөөбүз тиштенип,
Араң бастык жаалыбызды ичтеги.
Айткылачы, жаманатты болгудай
Айып-күнөө кылдык беле биз деги?
...Уу-дуу тынды. Силер, балким, өкүнүп
Айтарсыңар: «Болгон экен чекилик,
Атаганат, сүттөй таза достуктун
Коюшкандыр ыраспаасын кетирип?!.»
Шүгүрчүлүк, катуу шамал зуулаган
Жапырса да достугубуз турду аман.
Биз чынында эмес элек эгиз тал
Тамырыбыз алда качан куураган!
Мамилебиз баягыдай калса да,
Достун көзүн бир көлөкө капкара
Чалгансыды. Таш ыргытып түбүнө
Тунук сууну ылайлашты тек гана.
Уфада бир жашайт менин жан досум,
Жүрөгүмдө жүрөт дайым ал досум.
1956-жыл.
Башкыр тилинен которгон Салижан ЖИГИТОВ