Табылды Муканов: Жол жана кайың

  • 09.04.2020
  • 4822

Бул жол менен кеткен майданга
уландары биздин айылдын,
кылымдарга калып аттары
денесинде жапжаш кайыңдын.
Азыр аны колдор сыйпалап,
азыр ага көздөр жаш төгөт,
кеберсиген куба эринден
үшкүрүктөр чыгат таш көзөп,—
ак сүйүүнү дале туу кылып
жесир бойдон жүрөт келиндер!..

Ээн бойдон жатат узун жол
көздөрүндө ак чач апанын,
жыттап коёт, үмүт чубактап,
жалгызынын эски чапанын,
анда калган туздуу тер менен
махорканын ачуу жыттары.
Тоңбойт үмүт толгон жүрөктөр,
о, өмүрдүн ызгаар кыштары!
... бул жол менен келген майдандан
жалгыз солдат
Жеңиш көтөрүп.
«Күнүм...» — деген, кайың түбүндө
күткөп теңи гүлдү төшөнүп.
Канбай кумар, жанбай сагыныч,
жандан чыкпай сүйгөн ардагы
жөлөк болуп, чолок жигиттин
колдон түшкөн жыгач балдагы!

АКЫН

С. Эралиевге

Карек кылып бул турмушту көзүнө,
кабагына күн кадаган,
кадам шилтеп
кайраттуу адам,
келе жатат
кечип турмуш чоң сууларын...
кечип турмуш толкундарын...
кылым менен кыздай сырдашып.

Турмуштун тууруна конгон өмүрү —
туйгун экен талбаган,
туу кылып бекем кармаган
туулган күндөн талантты.

Кээ акындын кыялы —
шампан аткан пропкадай...
Жок!
Бул адамдын, бул акындык кыялы
аралаган жылдыздардын мекенин,
максат аткан ракета сыңары.

Көрүнбөй эч адамга,
көз жетпеген ааламга
барып келген турбайбы,
ошол жактан дастанын
жазып келген турбайбы!..

Ооба,
келе жатат ал адам
заман экөө бир басып,
аалам менен аялындай сырдашып.

ТИРҮҮ ЭСТЕЛИК

Жүргөнүмдө дан сугарып,
түрүлүп жең, багалек,
чаркыраган үнү ачуу
согуш чыкты кара бет:
кыйрап жатты шаарлар менен
мээм бирге,
акылдардын имараты урандыга айланып,
темир жолдор менен бирге жатты
чорт-чорт үзүлүп
кан тамырым,
тарамышым шайды алып,
Күн желеси болуп калды жүлүнүм,
көпүрөлөр менен сынып кыр арка,
анткен менен булчуңдарым — танктарым,
муштумдарым — фугастар
болуп берди улуу арка.
Баласына көргөзбөйлүк төкөрдү,
деп токойлор балдак болуп
мени күнгө көтөрдү.
Мен бекемин жыгылчу —
арча мисал жулунган
колдорумдун ордуна
өсүп чыкты Кызыл Туу!
Мен бекемин жыгылчу!..

КҮЗ СҮРӨТҮ

Шамал ырдайт жеткенсип
марасына байгенин.
Агын суулар булдурайт
тагынып көз айнегин.

Булбул кончу бутакта,
карк-карк этет каргалар.
Жаан ордуна жаап бүткөн,
тамылжыган алмалар.

Куйрук-жалы төгүлгөн,
Булут кадим чоң жорго.
Мотураңдап мөндүрлөр,
ойноп жүрөт жолдордо.
1966.

ШАМАЛДУУ КҮН

Тоону мээлеп кыйчылдады флюгер...
Тармалынан жанып кетти табийгат,
Гүлдөр бийлеп,
зымдар кылдай зар ыйлап,
музыкалуу сулуу жер...

Мүчөсүнө жылдыздарды кадаган
шаңкылдашты кытыгылуу айымдар...
Көлмө суусу кыяктардай тартылып,
сүрөттөрүн жоготушту кайыңдар...

Ак булуттар каздардай
тайгаланат асман-муздан көк жалтаң...
... Өтөр белең шамалдай,
эх, наристем, ушул күнү көз жарсаң!

КЕРЭЭЗ

Атам жатты чеңгелинде ажалдын
күндөй ээрчип каректери бир мени.
Көз жаштары көңүлүмө тамчылап,
үмүт өчүп баратканын билбеди —
тиктей берди, тиктей берди...
(Эх, кандай,
аянычтуу, коркунучтуу ошол көз!)
Бүлк-бүлк этип кургап калган эрини:
«Тилектерим өзүм менен кошо өлбөс...
БЕРДИМ САГА БҮТКҮЛ ЖАРЫК ДҮЙНӨНҮ!
Уулум, суу?.. Суу?..
Узак жашап мен өңдүү,
Өлөөрдө эмес, тирүүңдө бол берешен!»
18. 03. 1967.

*      *      *

Эриген алтын сымак күн нурлары
көлкүлдөп аштоолордой колоттордо,
киттердин жондорундай адырларда...
Карагай, арча баткан белчесинен
калың карга.
Зыркаардай күндө жорткон кынык ала
издери карышкырдын, калтарлардын
бетке чыккан чечектей чыбыр ала...
Бузасың жымжырттыкты чыккынчыдай,
сүйгөнүм сырларыңды шыбыраба!
20. 09. 1967.

*      *      *

Булуттар эмчек сүтү диркиреген
бээлердей...
кулундардай тыбырашкан желеде.
Шаркыратма — саба жарып сапырылган бал кымыз.
Капчыгайлар — казан асчу кемеге...
Дүйнө — боз үй, а Күн —алтын түндүгү,
тоолор куду жыйыла элек жууркандай,
шырдак салган төрлөр — жердин мейкиндиги, түздүгү!
Адамдарчы? Ошол залкар кооз үйгө
таңдай келип,
кечтей кетчү
жылдыз өмүр меймандар...
28. 09. 1967.

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз