Денени муздатып, жүрөктү шуулдата далысын салган КАРТ ТАРЫХТЫН:
- Мен КИММИН?!- деген суроосуна жооп табылды.
СҮЙҮНЧҮ!!!
- Мен КЫРГЫЗМЫН!!!
Майда калтырак баскан дүйнөмдү аралап, сөөк жылытып, жүлүнгө жеткен бу сөз жаңы да эмес, эски да эмес, же жакшы, же жаман да эмес, жөпжөнөкөй типтирүү СӨЗ эле. Тирүүлүктүн тирүү сөздөрүн ач көз, суук сөздөн кызганып турдум.
Тирүүлүктөн гана тирүү сөз жаңырат. Үчүнчү миң жылдыкта КЫРГЫЗ тирүү!!! Демек, мен, сен, ал, бул – топураган масса эмес, өзүбүздүн уңгубуз, уюткубуз, көрөңгөбүз бар – түптүү ЭЛБИЗ, ЖУРТПУЗ!!!
Досту сүйүнтүп, душманды күйүнткөн эки ооз сөз борбор калаабыздагы М.Горький паркында, 2017-жылдын 19-сентябрында чамалайдын чак түшүндө, расмий жарыяланды. Үркөрдөй топтун алдында.
* * *
Эс тартып калган учурум болчу. Үйдөн апамдын акчасы күндө жоголот имиш. “Бөрүнүн оозу жесе да кан, жебесе да кан”. Апам мени ууру тутту же атам. Шектүү – экөөбүз. Атам арак иччү, а мен пахта терип, тыйын кармап көргөм. Ошентип шек бизге түштү.
Атам коркутту, сурады алган-албаганымды. Ага чейин апамдан таяк да жедим. Коркуп кетип, жүгүрүп эле нанды көтөрүп жетип келип, карганып ийдим:
– Алган эле болсом нан урсун, – деп. Атам ишенди. Анан экөөлөп үйдөгү ууруну тутмай болдук. Мага айтып берди, не кылышымды.
Сиңдим 1-класста окуйт анда. Аңдый баштадым. Бир күнү мектептен чогуу кайтып келатып, мага коржик берди. Жедик. Анан каяктан алгандыгын сурадым. Эртеси мектептин буфетине бардык, менин көзүмчө коржик сатып алды. Билдим, уурунун ким экенин. Атамдын сөзүн эстедим, болбосо таяк жеп ачынып калган мен, сабап таштамакмын. Үйгө атам келери менен айттым, көргөн-билгенимди. Мени тыйып койду, өзү сурак жүргүзмөй болду.
Тизип олтургузуп алып, сурак жүргүзө баштады. Байкуш сиңдим өз апасынын акчасын уурдап, ууру болуп жүргөнүнө деле акылы жетпептир ошондо. Эмне болуп атканыбызга деле түшүнбөйт, бала бойдон эле да.
Бир сыйра сурак жүргүзүп, өкүм чыгардык:
– Сен уурусуң, – деп.
Анан жазаламай болдук. Мен эки колун кармап бердим, атам колдоруна ийне сайды. Байкуш сиңдим бакырып ыйлап берди, ишинен келип калган апам ооз толтура ата-баланы каргап, кызын жетелеп чыгып кетти, баласынын жүрөгүн түшүрүп койдук да, биз.
Анан апам кызынын коржигине өзү акча берип жүрдү, сиңдим мени менен жарашыш үчүн мага да коржик берчү:
– Мен уурдабадым, апам өзү берди тыйын, – деп. Экөөбүз коржикке тоюп алчубуз.
Кийин бойго жетип, турмуш курган учурунда деле жолдошунун көйнөк-шымын жууш үчүн чөнтөктөрүн өзү тазалабай, күйөөсүнө тазалатып жүрүптүр. Акыры тажаганда күйөө балабыз сиңдиме өкүрүп-бакырып, чөнтөктөрүн тазалаганды үйрөтүптүр.
Азыр ойлосом, атам баласынын психикасын оңдогон экен ошондо. Көз жумуп койсо, кызы ууру болмок.
Мамлекет деле үй-бүлө. Кыргызстанга кандуу системаны орноткон М.Акаева, Ж.Бакиев, А.Атамбаев, А.Жээнбековдорго өз мезгилинде профилактикалык иштерди жүргүзгөн киши болбогондугунан, бүгүнкү реалдуулукта жашап жатабыз.
19.04.18.
* * *
Чоң атамдар – Сауд Арабиясы, а биздин үй-бүлө – Авганстан өлкөсү. Авган элинин энеси кызыл чиедей балдарын витаминдер менен баккысы келчү. Кызы мени, чоң атамдын алма багына уурулукка киргенге үйрөттү. Айылда өлөт тийип өлгөн тооктун тарпын, сөөк-пөөк, нан-жугунду, иши кылса, чоң атамдын алапар итин бактыра баштады, мага. Себеби, ит биз ошо уурдагыбыз келген алманын түбүндө байланчу. Азыр ойлосом, эр экем. Породистый иттер эле да.
Апам курсагымды тойгузуп эрте жаткырчу, түн бир оокумда элдин баары уйкуга киргенде ойготчу. Кашаанын түбүнө чогуу келип, мени күтүп турчу. А мен алманын чокусуна чыгып, этегим толгончо, көтөрө алганымча терип апама жеткирем, апам үйгө ташыйт.
Биринчи жылдары билбей жүрүштү, себеби алманы ар тараптан терчүмүн, ошентип үйрөткөн мага. Кийин шекший башташты. Кышы менен кырсылдатып алма жеп атсак, ким шекшибейт. 3-4 жыл тердим окшойт.
Акыры тутулдук, чоң атама. Абамдын балдарына тутулганда, кудай бетин салбасын, элестетким да келбейт. Чоң атам таңкы намазга туруп, эшикке чыкса… Көзүң жамандыкты көрбөсүн, кашаанын түбүндө келини. Мен да билип калдым, дарактын башында элем. Чоң атам келди, сурады, неге тургандыгын, апам айтты; кызы бар экендигин.
Түштүм дарактан. Чоң атам мени, мен чоң атамды жек көрчүбүз, этегиме толтуруп алган алмамды көтөрүп, кашаадан өткөнү атсам, апам байкуш:
– Алмаңды атаңа бер, – дейт.
– Бербейм, мен тердим муну, – дедим.
Алмам менен кашаадан өтүп, үйүмө кирип жатып алдым. Чоң атам талашпады деле. Ошол кышы чоң атам катуу ооруду. Жазында биздин үйгө алма көчөт тигип берди.
– Экинчи уурдаба, өзүңдүн алмаңды терип же,– деп атайын мага суу куйдурган. Болбосо көчөткө суу куюп берчү киши ошончо. Күзүндө негедир алмасы, анары, бадамы начар түшүм берген.
1993-жылы кыш айларында көзү өттү, чоң атамдын, мени жек көргөн боюнча. Баш ийчү эмесмин да. Мени таң калтырып алма, өрүгү кийинки жазда көктөгөн эмес, куурап жок болгон, ошол жылы.
19.04.18.
* * *
Коңшубуз эккен сабизди жайы менен термелеп терип жеп жүрдүм, талаада. Коңшум ууруну таппайт, акыры билиптир, мен экенимди, бирок тек коюптур. А мен сабизин ар жерден терип жейм. Көрсө суюлтуптурмун, анымды өзүм деле билбейм, коңшумдун тек койгону ошондон экен.
Күзүндө апама бир кап сабиз берип, жайы менен менин не кылганымды, түшүмү кандай болгондугун, көчөдөгү коңшуларга да бир сумкадан таратканын айтыптыр. Апам мени урушуп да жүрдү, күлүп да жүрдү.
19.04.18.
* * *
Телефон чалдым. Жолукмай болуп, макулдаштык. Бардым, барчу жерге. Келди, келчү киши. Ал-жайды сураштык.
- Не болду анчалык, жолуккуң келип?
- Иш жок. Зериктим.
- Кирдиңби кабинетке?
Жооп бергим келбеди, үнсүз тиктештик.
- Түшүнүктүү, демек заявка бербеди.
Ар кимибиз өз ойлорубуз менен жөн гана олтурдук. Акыры жарылдым:
- Эмне, тымтырс оюнун ойноп жатабызбы?
- Эмне дешим керек эле сага?
- Билсеңиз, агай, бу желмогуз өзү деле өлдү дегенде...
- Билем. Кийинкисин айт.
- Мына карасаңыз...
- Каратпай эле айта бер да.
Мени бир тиктеп:
- Мына карадым.
Жиним келе түштү:
- Сүйлөтөсүзбү?
- Конкреттүү сүйлөп үйрөн да.
- Макул. Конкреттүү айтканда не кылса болот? Же не кылыш керек? Ушуга башым жетпей атат.
- Не болду эле буга чейин?
- Сиз сурабаңыз, мен айтпай эле коёюн. Болчусу болуп, боёсу канды.
- Ту-уу-уй ат-аа, анда иш чатак. Унчукпай эле сабап ташта, эң жакшысы.
– Ошо, колго түшсө сабаймынбы, тутсам чачын жулуп, колуна карматып коймокмун, сана деп туруп.
- Тут да, сен. Анан неге Кубаттын окуучусу болуп жүрөсүң, бир желмогузду тута албасаң.
Олтурдук. Кеңеш берди.
- Ойлонуп эмне кыласың? Ойлоно берсең, Кубат аке болуп каласың. Жакшысы тут дагы, “надо, Федя, надо”,- деп туруп сабап эле ташта.
- Мен Текебаевди жек көрүп атам, причем тут Достоевский?
- Эмне, бир эле ошол Федя бар бекен?
- Анан кайсы Федя?
- Таап ал, өзүң.
- Мени убара кылбай эле, айтып коё бербейсизби?
- Эшматтын бекер кырманы жок. Кой, давай, мен кеттим.
- Федяны жарык жазда таап алайынбы?
- Ошент.
Тарадык. Улуу Ата-Мекендик согушта да «перекур» болуптур, менде да «перекур» башталды. Ушу Өмүрбек агайсыз «таң атпай да, күн батпай» калса дагы.
Л.Гайдайдын фильмин көрүп олтуруп, кокусунан баягы Федяны таптым. Салыштырып көрүп, каткырып күлөм. Буга чейин көрбөгөндөй, бир жыргап көрдүм дейсиң, просто нет слов.
Телефон чалдым:
- Агай, бу мен, сүйүнчү!
- Эмне, төрөдүңбү?
- Жо-о-ок. Федяны таптым.
- Аа, мен да төрөгөн го десе. Сабадыңбы, анан?
- Мен сабабайм, алдайм. Бу киши точно – Федя.
- А сенчи?
- Мен Шурик.
- Молодец, таап алыпсың. Не кылышты билип алдың да.
- Ооба.
Өмүрбек агайга бир диск «падарке» кылмай болдум. Бу диск менен УКМКга тутулсам, эч кандай шек деле жаратмак эмес. Тыюу салынбаган фильм. Кийин билсем Акүйгө диск, курал-жарак, наркотика, баракча көтөрүп киргенге тыюу салынган экен.
28.04.18.