Бродский аны эң жакын досум деп санаган. Атүгүл рифмасы күчтүү орустун мыкты акын дечү. Тек, СССР ыдыраганга чейин Владимир Уфлянддын ырларын дээрлик эч ким көзгө илген эмес.
Бир курдай СССРден чыгып кеткен Иосиф Бродскийден анын мекенинде акындардын кимиси ага жакын болгонун, кимиси мыкты экенин сурашат. Бродский “чү” дегенде эле: “Ленинградда жашаган Владимир Уфлянд деген эң сонун акын бар. Негедир аны эч ким тааныбайт, эч ким басып чыгарбайт, бул таптакыр керемет акын”, – дегени бар. Акын ошондо Уфлянды өзүнүн устатым деп атап, анын таасири менен олуттуу ырларды жаза баштаганын айтат.
Ал тургай Бродскийден өз ырларыңдан окуп бер дешкенде ал минтип жооп бериптир: «Андан көрө Уфлянды окуп бергеним оң. Анын өлкөсү – Уфландия. Ал өзүнүн укмуштуудай орусча рифмалары, боёктуу темир тосмолору, үй-бүлөлүк драмасы, сезим чени, эстутуму менен белгилүү. Анан да анын өлкөсүнүн саясый түзүмү – конституциялык балакет-салакети укмуштай туруктуу.
Киши жеген уруубуз.
Салт-нарк болуп калган ал.
Дасторконго олтурсак,
Бирин бири жалмаган.
Агер коңшу коңшуну
Жей албаса тирүүлөй,
Калды дей бер тамаксыз.
Шунтип тирлик жүрүүдө.
Өзүм ыйлап жибердим,
Досторумду жегенде.
Ошентсе да бузбастан
Кармандым салт дегенди.
Бутагында дарактын
Мөмө-жемиш эсепсиз.
Жакын, тууган, таанышты
Жеп-жутсак, эй, жесек биз.
Тамак көрүп бир-бирин –
Ошол биздин ырыскы.
О жапайы салтыбыз!
Тажагыдай кылышты!
Киши жегичтин даты, 1974-жыл.
Ленинградда 1937-жылы туулган Владимир Иосифович Уфлянд ыр жазууну мектепте окуп жүргөндө эле баштаган экен. Ал өзүнүн биринчи адабий тажрыйбасын поэзиядагы кокустук деп санаптыр. «Аныгында, кайдан-жайдан Блокту окуп, Блоктун так өзүндөй жазгым келди, Ахматованы окуп, Ахматовадай, Пастернакты окусам, Пастернактай жазгым келчү», - дейт Уфлянд.
Ленинград университетинин тарых факультетине тапшырып, «Красильников чөйрөсү» — диссидент-студент Михаил Красильниковду курчаган жаш акындардын тобуна кирет. Ал университетте жаңыдан бутуна кас-кас туруп келатканда мурдагы шериктери менен бирге антисемитизм боюнча ирониялык көркөм акция үчүн окуудан чыгып калган. Жоро-жолдоштору менен жазуу-сызуусу бар көйнөктөрдү кийип, лекциялардын ортосунда колдоруна себет көтөрүп, отурган жерлеринде жалпы идиштен квас ичишчү экен.
Красильников Сталин өлгөндөн кийин гана акталат. Уфлянд да дал ошол убакта университетке тапшырган экен. Ышкыбооз акын кийинчерек «Красильников чөйрөсүндө» Лосев, Сергей Кулле, Александр Кондратов деген каймана аттуу Лев Лифшиц менен таанышат. Красильников камакка алынган 1956-жылы Уфлянд өзүнүн формалдуу эмес адабий тобун өнүктүрүүнү уланта берген. Анысы далай жылдардан кийин бүтүндөй «филологиялык мектепке» айланган.
Акынды бүгүн "акыркы обэриут" аташып, кээде Александр Введенский, Даниил Хармс, Николай Заболоцкий менен бир катарга коюп келишет. Арийне, Уфлянд өзү «Обэриуттарды» өтө кеч окуганын, бирок андан кийин чындап эле аларды көп жагынан белимчидей туураганын моюндаган. Акын, эч качан жогорку билим алган эмес, себеби марксизм боюнча семинарларга катышпаганы үчүн университеттен куулган.
Чыгармалары самиздатта, жана да Александр Гинзбург редакциялаган «Синтаксис» бейрасмий поэзия жыйнагында жарык көргөн. Ушуга байланыштуу «Бекерпоздор Парнасска оонайт» деген макаласы үчүн “Известияда” Уфлянддын сазайын окутушкан. Бирок чын-чынында акын эч качан койнуна котур ташын каткандардан эмес эле. Эрмитажда ал колго урунган иштин баарын жасаган.
Ырас, 1959-жылы ал Ленинграддын «Крест» деген түрмөсүндө милийса кызматкерлерине кол көтөрдү деген жалган айып менен сот процессин күтүп бир нече ай отурган. Милийсага кол салуу дегендин өзү оңдурбай турган чоң кылмыш эле, бирок мыкты адвокаттын аркасы менен сотто Уфлянд жөн гана ур-токмоктон өзү коргонгону далилденет.
Тополоңдун чоо-жайы мындайча болуптур, милийсага ал: «Сен Будённыйдай жакшы адам экенсиң» деп койгону үчүн ур-токмокко алышат. Окуя 1959-жылдын 1-январь таңында болуптур. Комплимент мазактоо катары кабыл алынган. Дагы бир жолкусунда Уфляндды машине тебелеп кетип, көптөгөн сыныктары менен ооруканага түшөт. Акын деген акын да, ал өжөрлөнө арыз жазуудан караманча баш тартып: «Кырсыктын жүйөлүү себеби бар, айдоочу өтө шашып бараткан болчу» – дейт.
Дал ошол кезде Бродскийдин "Сакаяр болгон Волосик" аттуу ыры жазылган. Акын ал досун Волосик дечү. Бродский экөө 1959-жылы таанышыптыр. Уфлянд бул жөнүндө минтет: «Мен анын ырларын өзүнүн окуусунда биринчи жолу укканда, Женя Рейн менден: «Сага жактыбы?» — деп сурады. Мен ага: «Биринчиден, эч нерсе түшүнгөн жокмун, дикциясы өтө начар экен, анан да үн менен коштогонучу. Эч нерсе түшүнбөдүм. Бир гана нерсе айта алам: бул гениалдуулук» – дедим.
Өз ара жылдыздары келишип, экөөнүн мамилеси ынак достукка айланган. Экөөнүн ысык мамилелери аны Сергей Довлатов менен да байланыштырат. Достору аны бак-таалайдын акыны дешчү. Кабагы жаркылдап, наалычу эмес, таланты төгүлүп турчу. Лев Лосевдин минтип эскергени бар: «Уфлянд — колунан баары келген адам. Маселен, килемди келиштире токучу. Бир мерте биз кычыраган кышта токойдогу кепеде түнөдүк. Поезд эрте келмек, уктап калбаш керек болчу. Ойгонбой калсак, кокуйламакпыз. Уфлянддын мээси мээ экен, табакка кайсы бир өлчөмдөгү сууну толтуруптур да, ага чоң мыкты салып тоңдурат. Табакты болсо таштектин үстүнө кадап, таң эрте саат беште сууга тоңгон мыктын таштекти кылдыраган үнүнөн ойгонгонбуз».
Баса, Уфлянд акын катары эле белгилүү дейсиңби, жок. 1964-жылы Эрмитажда ал тарткан сүрөттөрдүн көрсөтмөсү болгон. Ал Михаил Шемякин, Олег Лягачев, Владимир Овчинников, Валерий Кравченко менен бирге «Эрмитаждын чарба бөлүмүндө иштеген художниктердин» атактуу көргөзмөсүнө да катышкан.
Эки күндөн кийин көргөзмө абстракттуу искусство деген шылтоо менен жабылып, Эрмитаждын директору Михаил Артамонов кызматынан шыпырылган. Сүрөтчүлөрдүн өздөрүн «шаарда жөндөн жөн эле кымбат маяналуу жумуш жок» деген жүйө менен жумушсуз калтырышкан.
Уфлянд азга шүгүр келтирип, байлыкка жулкунуп-жутунбады. Адабияттын бийик төрүнө да жүткүнбөдү. «Мен кандай жумуш болбосун, баш тартпай иштедим: от жаккычтан тартып, Эрмитаж жумушчусу, сахна кызматкери ж.б. Анан бара-жүрө кээ бир тааныштарым жазганды жакшы билеримди байкап, мени түрлүү долбоорлорго тарта башташты. Телекөрсөтүүлөрдө да балдар үчүн көп жаздым ", – деген эле Уфлянд.
Ал балдар журналы үчүн баш катырмаларды ойлоп таап, чет элдик тасмаларды дубляждап, кээде кинонун белгилүү бир сюжеттерине ыр жаза салчу. Алардын арасында Андрей Миронов тарткан "Асман карлыгачтары" тасмасы бар, андагы бардык ырлардын сөзү Уфляндга тийиштүү.
Уфлянд өзүнүн ырлары расмий түрдө басылбай калганына кабагы-кашын да тырыштырып койчу эмес. Анын ырларынын биринчи басылышы 1978-жылы АКШда жарык көрүп, бирок өз мекенинде 90-жылдары гана басылып чыга баштаган.
Алексей Викторовдун бул материалын кыргызчалаган Олжобай ШАКИР