Диктатуранын кадамдары жана арам жолу

  • 11.11.2024
  • 4842

“Диктаторду ак-караны айырмалоого үйрөтөм деп убара болбо, тескерисинче, ал сага анык көргүлүктү ошондо көрсөтөт.” – Станислав Ежи Лец, поляк жазуучусу, философ.

“Диктатор өз сарайына тулку-бойду сөйрөйтүп көрсөткөн күзгүлөрдү илүүгө буйрук берип, андан өзүн көрүп, жыргап күлчү. А жакшынакай күзгүнү эч жерге илдирчү эмес.” – Станислав Ежи Лец.

“Ал сага татыктуу жашоо жөнүндөгү кыялыңды ишке ашыруу үчүн керек болчу. Бирок анын оорусун күчөтүп, кааласаң канкорлугун кандыруу үчүн гана керексиң. Диктатор дайыма курмандыкка муктаж.” – Даниэла Стил, америкалык жазуучу.

“Деспотизмдин табиятында: жогорудагылар паска түшүп, пастагылар кор болуп турууга тийиш.” – Николя де Шамфор, француз жазуучусу, ойчул.

“Деспоттордун жек көргөнү – атаандаштык.” – Мигель Анхель Астуриас, гватемалалык жазуучу, Нобель сыйлыгынын лауреаты. 

“Деспотко айланасындагылар жойпоңдоп турганы жагымдуу.” – Пьер Буаст, француз лексикографы, юрист.

“Жаагы жап элде деспотизм жаралат.” – Евгений Антонюк, орусиялык жазуучу.

“Диктатор – мамлекеттик башкаруудагы башаламандыктан көрө зулумдук менен тартип орнотууну артык деп санайт.” – Амброз Бирс, америкалык жазуучу, журналист.

“Өкүмдардын алдында эң асыл адамдар да тектүүлүгүнөн ажырап, жагымпоздукка көнүп, колдоруна тагылган кишендин буроосун өздөрү бекем бурап, өпкүлөп турушат.” – Иоганн Готфрид Гердер, немис ойчулу, теолог.

“Агер таш боор адамдарга каршы турбасаң, демек, алардын өкүм-зордугуна шыр көнүүгө үйрөнөсүң.” – Эрсин Тезджан, түрк жазуучусу.

“Деспоттордун жеткен дөөдүрү, адамзаттын аты-затын шерменде кылар эң зыяндуусу эле дин кызматкерлеринин өкүм-зордугу.” – Вольтер, француз философу, жазуучу.

“Күн уясына кирмейин түн ордунан козголбогондой, сөз эркиндиги жок өлкөнү диктатуранын калдайган карааны каптайт.” – Чарльз Калеб Колтон, англис жазуучусу.

“Диктатура мылтыктын сүрү менен орнойт. Эркин өлкөлөрдө гана адамдар өз эркине ээ.” – Клод-Адриан Гельвеций, француз адабиятчысы, философ.

“Цензура – элдин өзүнө болгон ишеним жоктугун туюнтат, ушунун өзү авторитардык режимдин эн тамгасы.” – Поттер Стюарт, америкалык мамлекеттик ишмер, сот.

“Либерализм ички тынчтыкты бекемдөө үчүн демократиялык башкарууну көздөйт. Демократия ошон үчүн революциялык институт эмес.” – Людвиг фон Мизес, австриялык экономист.

“Демократия – бул, караламан топтун башкаруусу эмес, анын парламенти өз милдетин аткаруу үчүн улуттун эң мыкты саясый акыл-эсинен куралууга тийиш.” – Людвиг фон Мизес, америкалык экономист.

“Демократия – революция тургай, революцияны четке жөөлөп чыгууга умтулат.” – Людвиг фон Мизес.

“Демократияга жамынгандөн өткөн жийиркеничтүү деспотизм жок. Ал тирандарды жаратат”. – Пьер Буаст, француз лексикографы.

“Чиркөөлөрдүн акылмандыгына эзели ишенбе. Ал миңдеген жылдардан берки жападан жалгыз диктатура”. – Эрих Мария Ремарк, немис жазуучусу.

“Диктатура баарын теңдеп коёт, бирок мыйзам алдында эмес, диктатордун алдында.” – Аркадий Давидович, орус жазуучусу.

“Диктаторлордун жан-жөкөрлөрү керме сыяктуу илең-салаң болушат”. – Ашот Наданян, армян шахматчысы.

“Экономикалык коопсуздукка, көзкарандысыздыкка жетмейин, чыныгы эркиндикке ээ болуу мүмкүн эмес. Жумушсуз, карды курулдаган калк – диктатуранын кадрлары.” – Франклин Рузвельт, АКШнын 32-президенти.

“Ач-жылаңач, жумушсуз калк – диктатуранын курулуш материалы.” Франклин Рузвельт.

“Диктаторлор өз котормочусу менен өз тиш доктурунан коркууга тийиш, анткени өзүнө караганда ошолор күчтүү.” – Уинстон Черчилль, Улуубританиянын премьер-министри.

“Коррупция деспотизмге киндиктеш болгондой эле, чынчылдык менен эркиндик да ажырашкыс.” – Анатоль Франс, француз жазуучусу, адабиятчы.

Кыргызчалаган О`Шакир

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996700532585 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз