Махабат Касеинова: Келин

  • 03.01.2023
  • 2827

АҢГЕМЕ

Канча жылдан бери келем деп эңсеп жүргөн жерге бүгүн келди. Айылдын үстүндөгү адыр бетин каптап өскөн коюу шыбакты аралай жүрүп отуруп, бир таштын үстүнө жай алды. Жазгы желге термелген шыбактардын бирөөсүн кармап, бүрүн алаканына сыдырып алып шуу жыттады. Мына, келинди канча жылдан бери сагындырган балалыктын жыты, айылдын жыты. Айылдан кеткенине көп болду. Мектепти аяктап шаарда окуду, андан соң турмушка чыкты.

Айылга жыл сайын келсе да, шыбак өскөн адырларга келүүгө шарты болбой жүргөн. Бул жолу чыгынды. Бала кезде коңшу кыздар менен далай жолу келгенин эстеди. Ойноп, оюн соңу шыбак терип кетише турган. Кучак толо терилген шыбакты тыкыйта байлап, шыпыргы жасашчу. Анан эшиктин алдын, көчөнү, суу сээп алып жарышып шыпырган учур өзгөчө жагымдуу эле. Эми эле чаңызгып турган жерге суу себилгенден кийинки топурактын жытычы?.. Бирин бири элеңдеп карап, “мен биринчи шыпырып бүтөйүн” деп шашкалактаган кыздарчы?..

Өткөн жайда келгенинде ошол кыздардын бир-экөөнө жолуккан. Балалыкты эстеп бир күлөбүз го деген ойдо эле. Андай болгон жок. Бири машинелүү болгонун айтса, бири чоң үйлүү болгонун айтып, бири кайын-журтун жамандап, көптөн бери катышпай жүргөнүн саймедиреди. Өзү кайын-журту менен чогуу тургандыктан коңшу кыздын айтканы ага өөн учурады. “Кантип катташпайт” деген ой турду ичинде.

– Жакшылык-жамандыктачы?.. – деп суроо узатып баратты эле, коңшу кыз түшүнгөндөй:

– Күйөөм жалгыз барат, – деди. Ошол бойдон сөз уланган жок. Башка эмнени сүйлөшмөк? Аларга кошулуп барган жерин жамандайт беле? Же алар менен тең жарышып мактанмак беле? Жарышып шыбак тергенге, жарышып көчө шыпырганга бул турмуштун жарышы окшобойт экен да. Ойлоп көрсө жашаганы эл катары, мактана турган деле эч нерсеси жок экен.

Келиндин турмушка чыкканына үч жылдан ашып калды. Келин элдин келининдей эле. Жалкоо дейин десең жалкоо эмес, жасаган-неткени орду менен. Жалкоо эмес дейин десең, дайыма тытынып оокат жасап жүргөнүн да көрбөйсүң.

Кайрадан бала кезин эстеди. Шарактаган кыздардын үнү, тигинде Сайраш жүрөт. Бир кучак шыбакты жерге таштап, четинен байлап шыпыргы жасоого киришти.

“Тээтиги булактан суу ичип,
Карагат тергени барганда.
Жайдары бир өмүр кечирип,
Жашасак экен шул жалганда”.

Бул ырды Сайраш эле ырдачу. Кызык, өз оюнан чыгарып ырдачу бекен?.. Кийин бул ырды башка киши ырдаганын уккан жок.

Азыр ошол шаңкылдаган Сайраш кандай келин болду экен? Жамилачы?.. Кыздар кайда барса унчукпай ээрчип жүрө берген Розачы? Кимиси кандай болуп өзгөрдү экен? Өткөн күндөрдү ойлошобу, шыбак терген кездер эстеринде бекен? Балким алар шыбак тууралуу ойлошпойт деле чыгар?.. Шыбак түгүл кадимки шыпыргылар унутулуп, ордун электр чаң соргучтары ээлеп калганы качан.

Айылдагы өзү теңдүү келиндер алда качан чаң соргуч колдонуп калганын айтып, ичин күйгүзөт. Бирок келин дале шыпыргы колдонот. Кайненеси айткандай шыпыргыны да элден башкача колдонуп, тез эле жарактан чыгарып коймойу бар. Элдин шыпыргысы башынан желип, түгөнсө мунуку белинен сынат. “Ошончо күч менен шыпырасыңбы?” – деп кайненеси таң калганы таң калган. Бир ирет кайнатасы сынган шыпыргыны жыгачка бириктирип шакшак өңдөнтүп таңып коюптур. Анысы деле кыйлага жеткен жок. Жыгачы бир жакта, шыпыргысы бир жакта калды...

Өткөн жайда уулуна жентек той берерде, апасына “чаң соргуч да алып келгилечи” деп өтүнгөн. Көптөн күткөн, жетем деп жетпей жүргөн буюму ошол.

Той болгон күнү ата-энеси, ага-жеңеси, эжелери келди. Алып келген буюмдар үйгө киргизилип, коноктор дасторкон четинен орун алды. Келиндин ою чаң соргучта, бирок көзүнө илинген жок. Ал-жай сурашып, кызуу сөзгө кирген кайын-журту менен төркүндөрүнө бир сыйра чай куйду да, сыртка жөнөдү. Атасынын машинесине барып, аяк-биягына көз жүгүрттү. Жок. Алып келбептир. Ызалана үйгө кирди. Ою бир жерде болбой, эмнеге алып келбегенин апасынан сурай албай кыйнала берди. Алып келишкенде гана... Келин шаша-буша кутусунан чыгармак, фирмасын, кубаттуулугун, өңүн көрүп, атүгүл дыңылдатып иштетип да жибермек...

Бул келишинде апасынан, “ошондо неге чаң соргуч алып барган жоксуңар?”-деп сурай алган жок. Жеңесинен сурады эле:

-Ата-энеңдин амандыгын тилечи, сага чаң соргуч эле керекпи?-деп бурк этти.

Тилебегенде анан, ааламдын тынчтыгын, андагы жалпы адамзаттын амандыгын тилеп жүргөн келин ата-энесинин амандыгын тилебей коймокпу?.. Чаң соргуч эмне,  бир буюм да. Ага жетсе жетип калар, жетпесе өмүр бою шыпыргы колдонор. Эмнеси бар экен? Бул деле өзүн теңсинбей жүргөн кайнежесине, коңшу келиндерге бир көрүнүп коюну максат кылгандыр. Оюнун ушул жерине келгенде мойну шылкыйды. Өзүн аяп да алды күлкүсү да келди...

“Бир шыпыргылык шыбак терип алсамбы?” деген ой келди капыстан. Анан шыбактарды карап туруп, тергиси келбей кетти. Шыпыргы болуп жерде жатканча, жешилгенче, сабы бөлөк, башы бөлөк болуп сынып ыргытылганча талаада көйкөлүп өсүп турганы жакшыдай сезилди. Шыбактын бүрүнөн алаканына сыдырып алып шуу жыттады да, айылга карай жөнөдү.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз