АҢГЕМЕ
Чалдын жашы сексенден ашкан, жарым жылдан бери эле басалбай кышылдап калды. Өмүр бою кара күчтөн жаны тынбаган, колу-буту шадылуу, бою эки метр болгон олбурлуу алп киши үчүн минтип жарым көчө баса албай калуу кыйынга турду.
Чолок көчөдөгү Төрөнүн үйүнө да жете албай үйдө демигип отуруп калды. Айылдын доктуру тамырын тыңшап көрүп, эч нерсе дей албады. Болгону аспириндин төрттөн бир бөлүгүн берип кетип калды. “Жылына бала туугандан колу бошобогон жүдөө байкуш нени белсин” – деп ойлоду, ичи чоюлган, жоолугу бир жакка кыйшайып, кир халат кийген келинди узата карап. Аңгыча шаарда иштеген небереси бир жумага эс алганы келип калды. Ушул кызды ал өзгөчө жакшы көрөт. Кенедейинен өзү багып чоңойткон. Ага ыймандай сырын айтып, демигип жатканын көрсөттү.
Небереси эс алуусун токтотуп ой-боюна койбой шаарга алып жөнөдү. “Ой эми акча-тыйын жокто, балнийся албайт ко мени солдойтуп” деп жолду катар сүйлөнөт, небереси аны укпамышка салып унчукпайт. Шаардагы ооруканага сүйлөшүп жаткырары менен диагнозу чыкты. Бул жүрөк деген неме карыганда жакшы сого албай калат тура. Эскирет экен бул деле...
Өзүнөн кийинки беш инисинин азабын атадан эрте калганга өмүр бою тартып, андан кийин беш аялга үйлөнүп, үчөө төрөттөн өлүп, бирөө кетип калып, анан аягында эмчеги сүттүү болгудай деп алган бою кичинекей ак жуумал келин ага эки кыз төрөп берип, кыздарынын тагдыры да жакшы болбой, бирөө эрден эрге тийип, экинчиси эринен таяк жеп, айтор, ушунун баарын көтөргөн жүрөк эскирип кетиптир да көрсө. “Буга батарейка тагыш керек” деди ак жуумал жаш догдур жигит. Небере кызынын көзү чакчайды таң кала, сексенге чыкканы өзү деле жүрөккө батарейка тагарын укпаптыр ботом.
“Батарейка 900 доллар, операция дагы ошончо турат. Батырак таап келбесең таятаң өлүп калат”, - деп тигил жигит небересине толтура кагазды карматты. Сексендеги неменин чекесинен тер кетти, доллар дегенди өмүрү укпаптыр, анан калса жүрөккө батарейка дегени неси... Болгону шалдайып, шаабайы сууп, өңү кубарып кеткен небересин аяды. Ал көзүндөгү жашын улам ары карап сыгып алып жатканын байкады. Улуу кызынын биринчи күйөөсүнөн төрөлгөн бул кызга ал өзгөчө жакын, алты айында эле багып алгандыктан, өз баласынан да артык көрөт. Кичинесинен зирек болуп чоңойду, шаардагы университетке өз күчү менен өттү. Тынбай китеп окуйт, “Манасты” жатка билет, болгону бул кыздын да багы кемдей, бирок көп деле атасына ичин ачып, эмнеге костьюм шым кийген, тыкыйган күйөөсү менен чогуу жашабай калганын айтпайт.
Экөө бир бөлмөлүү батирге келишти, төртүнчү кабатка деми кыстыгып араң чыкты. Улам башы айланат... Небере кызы анан түнү уктабай, күндүз тыным албай тыкылдатып эле китепке окшош экранды ачып алып иштеп отуруп калды. Мурдагыдай экөө бажылдап сүйлөшпөйт...
Небере кызы ушинтип тынбай бир ай иштеди, күндүз ишине кетет, түнкүсүн эки саат чырм этет да тура калып тигил экранды ачып, машинке басат... “Көзүңдүн курчу кетип бүтмөй болду, каражаным”, - дейт байкушту аяп, небере кызы ушул күндөрү өтө эле арыктап да кетти. Туура бир айдан кийин ал ишинен жаркылдап кирип келди. “Ата, сага батарея алганга акча чогулттум, операциянын акчасын да таптым”, – деп чөнтөгүнөн жашыл кагаздарды алып чыкты.
Улам жөтөлүп, улам тердеп, деми кыстыкканы күчөгөн чал “Балам кантип таптың?” деп таң калды. Кызы жылмайды: “Түнү-күнү иштедим, тилмечтик кылдым. Тилмечтерге жакшы төлөйт”, - деди. Эми бул акчанын наркын билгиси келди. “Канча жылкы алса болот буга?”- деп сурады. “Эки, же үч тай алса болот ко, же балким үч торпок...” – деп койду илмийген арык кыз. “Аа анда мени операция кылбай эле, бир жылкы алып көөмп койгула, эми сексенге чыктым да, жашты кудай берди балам”, - деди чал канча күндөн берки оюн жашыра албай. Небере кызынын өңү кубара түштү, унчукпай басып келди да, үстөл үстүнө бир тарелканы коюп, ичине шашпай тигил жашыл акчаларды санап салды.
Ширеңкени алып чыгып “Сени сактап кала албасам анда муну азыр өрттөйм!”, - деди. Чал чочуп кетти. Өрттөйт бул көк бет, ушундай жиндилиги бар неме. “Мейлиң балам, өкүттө калба, мейли эми жүрөккө батарея деген шумдукту салдырайын”, - деди... Небереси аны кыса кучактап, бетинен өптү. Эки күндөн кийин наркоздон акырын көзүн ачса эки эмчеги эки иттин башындай болгон толук аял ага тамчылатма ийне сайып жатыптыр. Жанында күлүмсүрөп небереси турат. Чалдын биринчи эле суроосу “Ээ балам, мобул аялдын эмчеги өзүнүкүбү, же жасалмабы?” – деген болду.
Палатадагы абышканы жаалап караган жаш каридохирургдар, небере-кызы болуп кыраан каткы күлүп жиберишти. “Батарея ишке жараптыр!”, - деди көзү бакырайган, ак халатчан бою узун жигит небере кызын колунан кысып...