Аваз Жокей:  Күтүүсүз өкүм

  • 05.02.2023
  • 2867

АҢГЕМЕ

Израиль өлкөсүнөн келген туристтер Кыргызстанды кыдырып жүрүшөт. Мен гид болуп жаңыдан ишке орношком. Алгач борбор калаадан баштадык. “Себеби, бул өлкөнүн жүзү да” деди жүүттөрдүн бир карыясы. Ал орус тилин жакшы билет экен. Макул дедим. Аябай кыдырышты, карашты...

Шаар четиндеги жаңы түшкөн конуштардын бирин көрөбүз дешти. Жаңы салынган үйлөрдүн артындагы жаңы айдалган талааны көрүп, эринбестен ага чейин жөө басышты. Кара топуракты кочуштап жыттап, тилине тийгизип көрүп баштарын аябай чайкашты. Иврит тилинде өз ара кужулдап кыйкырышып, талашып-тартышты. Мен түшүнбөй карыяга кайрылдым:

– Эмне болду? Сурооңор болсо айтыңыз.

Өкүнүп калдым, тим койсом болмок.

– Силер накта кылмышкер калк экенсиңер, силерди жазалаш керек, эл аралык сотто! Кесирлүү эл турбайсыңарбы. Убал-соопту билбейт экенсиңер. Ушундай жерди кор кылып, кара топурактуу кыртышты каңтара казып, там салып... Бул деген айыл чарба, азык-түлүк өсүмдүктөрү үчүн жаралган жер да. Бул деген улут байлыгы! Бул деген алтындан да кымбат! Мунайзат биякта калат... – деп жүүт карыя кызуулана сүйлөп, эки-үч жолу сөгүнүп да алды. Аягында “аа, сага айткан кайран сөз!” дегенсип алакан жаңсап тескери карады.

Жүрөгүм түштү, ылайыктуу жооп таппадым. Анан:

– Элдин жашай турган үйү жок...– дедим араң мукактанып.

– Тигине, турбайбы кудайдын берген тоолору! Сала бер, этегине, капталына, чокусуна... каалаган тамыңарды, үч кабат үйүңөрдү, он кабат сарайыңарды кура бергиле!.. Кыргыз элин баккан талааны кескилеп там салган, имарат курган адам – адам эмес, аны атып салыш керек!..

... Мен кокустан күнөөлүү болуп, атуу өкүмүн күткөндөй, унчукпай туруп бердим.

Бишкек ш.

02.02.2022. 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз