Нигинабону Ахмедова: Кексе аялдын ибараты (конкурска №6)

  • 03.03.2023
  • 2382

АҢГЕМЕ  

Менин үч уулум бар. Күндөрдүн биринде улуу баламдын үйүнө бардым. Эртеңки багымдат намазына даарат алайын деп келинимден жылуу суу алып келүүсүн өтүндүм. Даарат алдым. Намазымды окудум. Суунун калганын жаткан жериме төгүп койдум. Күн көтөрүлүп калганда келинимди чакырып:

– Кызым, айып этпе, карылык деген ушул экен да! Жаткан ордумду бир аз нымдап алдым, – дедим.

Келинимдин жини бетине чыкты. Оозунан ак ит кирип, кара ит чыкты да шейшептерди жууп коюуну буйруду. Мындан ары мындай кылбай жүргүлө деди. Шейшептерди жууп, кургатып, үтүктөп койдум.

Андан кийин ортончу улуумдукуна бардым. Баягы ишти дагы кайталадым. Келиним аны зиркилдеп дароо уулума айтып берди. Уулум аялына лам деп сөз кайтарган жок.

Алардыкынан чыгып, кенже уулумдукуна келдим. Дагы баягы иш кайталанды. Таң атканда келиним жаныма келди эле, ага да осол иш кылып койгонумду айттым. Ал:

– Апаке, бул жерде кыжаалат боло турган эч нерсе жок, бул табигый нерсе. Биз деле кичинекей кезибизде апаларыбыздын кийимдерин суулап койчубуз. Сиздер эч бир эрикпей, урушпай этпей эле баарын тазалап койчусуздар. Эч нерсе эмес, апаке, мен бат эле тазалап коём, – деди.

Андан кийин келиниме мындай дедим:

– Кызым, бир курбум менден шакек сатып кел деп абдан суранып калды эле. Мен анын бармагынын өлчөмүн билбейт экенмин. Бирок анын колдору болжолу менен сеникиндей эле болсо керек. Сенин өлчөмүң канча? – деп сурадым.

Баарын билип алган соң уулумдун үйүнөн чыгып түз эле зер буюмдар сатылган дүкөнгө бардым. Болгон акчамдын баарына бир нече шакек шуруларды сатып алдым. Көп эле акча чогултуп койгон элем.

Кечинде уулдарымды келинчектери менен кошо баарын үйгө чакырдым. Дүкөндөн сатып келген алтын шакек шуруларды алардын алдына таштадым да, болгон окуяны айтып бердим. Көрпө төшөккө заара ушатып койгондой кылып суу төгүп койгонумду айттым. Анан алтын буюмдардын баарын кенже келиниме бердим да:

– Карылыкка моюн сунган кезимде эч бир ойлонбой таяна турган да, чогуу жашай турган да ушул келиним экен. Мен мындан ары булар менен бирге жашай турган болдум, – дедим.

Анан эки улуу балама карап:

– Силер да дал ушундай өкүнүчкө даяр болгула! Анткени силердин мага кылганыңар албетте, өз балдарыңардан кайтат. Мен экөөңөргө жакшы тарбия берем деп аракеттенип, тарткан азаптарым бөөдө кеткенине абдан өкүнөм. Иншалла, силердин иниңер акылдуулугунан улам жакшы жашап, Жараткандын астына жарык жүзү менен барат. Өкүнүчтүүсү, силер апаңардын кадыр-баркын аялдарыңарга билдире албаганыңар үчүн мындан куржалак каласыңар! – дедим.

Өзбек тилинен которулду.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз