Сагындык Өмүрбаев: Көчкү

  • 07.07.2024
  • 5250

АҢГЕМЕ

I

Кар тунган тоо арасы кулак-мурун кескендей жымжырт.

Коктулар мелт-калт, адыр-белестер аппак, жумуру.

Тик чоку ак шамдай созолонуп, анын боорунан кеткен көчкөдөй будуң-чаң түшкөн буурул булут бар: а балким көчкүдүр?..

«…А балким булут эмес көчкүдүр?» — өзүнчө ушинтти ошо тушту тиктеп турган Акбаев. Тоодон каа жан, каа мал көзгө чалынбайт. Мал-жан түгүл канаттуунун үнү кана?! Айтор, тирилик, тири-жандыктын баары бир жакка жер ооп кетип калгансыйт бул чөлкөмдөн. Тири жандык түгүл тоо көркү – жапалак арча, караган-бута кана? Жандуу-жансыз жамы баары улуу түшкөн карды оор жамынып алп уйкуда, кыймыл жок: кыймылдуудан бир гана тетиги буурул булут жоболоңдуу удургуйт.

Демейде келе жүргөн тоого эмес, адашып түндүк уюлга түшүп калгансыган үчөөндө үн сөз жок: тунжурап сулк жаткан тоонун дүлөй жымжырттыгынан сестейип турушту: бирок буга жооп да жок, тири жан да жок, көзгө чалынары мына – тунган кар, будуң-чаң удургуган булут!

— Оо, Баа… — деп барып басылды Шамырат: бул үнүнүн барынча кыйкырмак эле өздөрү издеп келишкен Батыйдын атын атап, Акбаев аны карыдан алып силкип токтотту:

— Кыйкырба! Билбейсиңби, көчкү жүрүп кетерин?!

Шамырат тып басылып, оозу ачылган бойдон ыңгайсыз күлүмсүрөгөн болду. Мындайда катуу табыштан, дегеле үндөн көчкү жүрүп кетерин билет ко Шамырат, ошондо да чыдамы кетип…

— Ана! Ана тигинде!.. — аңгыча Акбаев колу менен көргөздү күңгөй бетти: буурул булут удургуп көккө түрүлүп, мына ошонун алдынан өчкөн өрттүн ордундай капкара жылга көрүндү. — Ана көчкү! — Акбаев кайра айтты. — Көчкү кеткен тура!

Ошол жерди төтө караган Шамырат колун кайдыгер шилтеди:

— Э, мейли.

— Неге «мейли?»

— Анткени, ал жерде мал-жан жок да, ээн күңгөйдөн көчкөн экен.

Ушу тапта туурадан иттин үргөнү кар тунган жым-жырттыкка жаңырык таштады да үчөө туурага селт-селт карашты: капталдан чыга калган карала ит буларды карап үрүп да, карга чумуй секирип да келет. Карала иттин изине салган эки жөө көрүндү; белчесинен кар жиреген алар экөө тең колундагы таягын арыштата шилтеп, анан да артынан сүйрөй келаткан жүгү бардай көкүрөктөрү алга жүткүнөт: узунду-кыскалы экөөнүн тең баштарында жоолук…

Өздөрүнө жакын кирип келгиче бүшүркөштү тигил экөөнө Акбаев да, Шамырат да өздөрүнчө: «бирөө го Батый, а берки узуну кайсы чабандын аялы болду экен?»

Аңгыча тигил экөө бет маңдай келип да калышты: анын бирөө чымырынан келген чарчы бойлуу кадимки Батый: Батыйдын демейки кызыл тору жүзү жок, карарып үшүккө алдырган бет туурулуп, карга карыккан көз жаш чайып кыпкызыл, башында думбалай байлаган боз жүн жоолук, үстүндөгү ичигинин эки өңүрүн өйдө кайрып, чылбыр менен бек курчанып алыптыр. Батыйдын жанындагы далысы эңиш, узун жото, үстүнө бая чабандардын чолок тонун кийген, башында кара жоолугу бар… а жоолугу го жоолук, мынабунун бетиндеги сакал-муруту эмне?.. Мына шумдук! Аялга сакал-мурут чыкчубу?!

Бир заматка беркилер ушинтип ойлой калгыча так ошо сакалчан «аял» салам айтып ийбеспи!

— Ассалоому алейкум!

Беркилер алик алыштан мурда анын түсүнө тигиле карашты да Акбаев ал сакалчан «аялды» эми тааный коюп, алыша кетти:

— О, сен Коомансыңбы?

— Об-ба… аксакал, ме… мен…

Коомандын карылдап бүткөн үнү угулду: карыккан көзү кызарып түйрүлүп, андан аккан жаштын өзү бетинде ак мончок болуп тоңуп, оозун басып калган сакал-мурутуна да муз тоңгон экен.

Ушул азыр бир шумдук көргөндөй ага көзүн тостойто тиктеп калган Шамырат бышкырып ийбеспи:

— Хи-хи-хи!

Акбаев аны карыдан аткыды: «…басыл!»

Аңгыча анын жанынан Батыйдын үнү аптыга, кардыга чыкты, анан өзү бери булар жакка жүткүнө жашыды:

— …Аай, айланайында-ар! Акыры келдиңерби?! А биз ушинтип… биз кыйын алда калдык го-о!.. Айланайын аксакал!.. Айланайында-ар! Койдун көбү кырылып… өзүбүз минтип… эми кандай айла-а?!.

— Батый, Батый! — деди өзүнүн карысына сүйөнө шолоктоп ыйлап турган аялды сооротуп. — Коюңуз эми! Акыры өзүңөр барсыңарбы? Акыры балдарыңар аманбы деги?!

Батый баягыдан бетер жашка мууна буулдады:

— Аманы курусун! Көрүп турбайсыңарбы, араң дегең-де…

Акбаев ага:

— Батый, Батый, эс токтотчу?!

— Эс… эс токтоткону курусун! Эсибиз болсо ушул алда калат белек! Ушул абалда минтип… Эрди-катын экөөбүз ушинтип талаада… калмак белек!.. — ушинтип буркураган аялдан чочуду Акбаев: «Бул өзү, ыя?! Бу балдарынан да… мунун балдарын да көчкү алып кеттиби ыя?! Балаа болгон го!.. »

— Батый, кана, кана эми эсиңизди жыйыңызчы, — Акбаев али аны сооротуп турду. — Айтыңызчы, деги балдарыңыз аманбы?

Карыккан көзүнүн жашын жоолугунун учу менен сүрткөн Батый үшкүрө солуктап сүйлөдү:

— Балдар аман эле: балдар да өзүбүз да эптеп аман калдык ко, малыбызды көчкүгө алдырып ийбедикпи!..

— Э, болду, — деди Акбаев жайкай кетти тигини… — Балдарыңар, өзүңөр аман калсаңар болду! Башыңар эле аман калса болду, мал го эч нерсе эмес, мына Кооманың да аман экен го…

Акбаевдин жылуу сөзүнө аралаш, жүзүнө саал жылмаюу жөргөлөгөн Батый жанында турган кара жоолукчан эрин карап, күлө сүйлөдү:

— …Ушу Кооман курусун! «Этиң түгүл табагыңы таап ал», дегендей мал түгүл тигинтип башындагы тебетейинен да ажырап, маминтип эри өлгөн катынча кара жоолук салынып калбадыбы!..

— …Ии, «тебетейинен ажырап…» — Акбаев Батыйдын айтканын күлө бага кайталады, бирок бу сөздөн негедир күмөнсүй чочуду: «…бу не кеп?.. эркек киши тимден тим жоолук салынып калчубу?»

Ошо замат Акбаевдин эсине эркекти ардантар кеп келди: «Башыңда тебетейиң барбы?! Бу не кеп?.. Эркек киши салтта жок жерде зайыптын ишин кылганда, не эркектин намысын булгаар жосунуна ачынганда айтылчу кеп го: а Кооман көз көрүнө жоолук салынып, а жоолук салынганына өзгө түгүл мынабу өз аялы Батый тигинтип күлүп отурушу кандай кеп ыя?..» ушинтип, Акбаев мынабу Коомандын көрүнүшүнө күмөндөр карап турганда Батый аны дароо туюп, эрине кара жоолук салып кеткен кырсыкты күйүгө баян этти.

II

Апта бою көз ачырбай, апта бою бурганактаган кар тоого тунду. Демейде жайынан-кышына жайытта жүрчү кой короодон чыкпай, кый туруп калды. Тээ жазгы үзүмчүлүккө сары майдай сактап отурган азыноолак чөптү чачып берип отуруп, мына бир гана чөмөлөдөйү араң мына…

— Ээ, кудай! — деди күндүн ороюн көрүп үрөйү учкан Батый. — эми эмне кылчубуз?! Кой төлдөөрүнө он чакты эле күн калбады беле: чөпсүз тууган койдун күнү не болмок, жаш төлдүн айласы кантмек э кудай?! — аялынын минтип чебеленгенин угуп, Коомандын да аргасы түгөнүп турду: кар тунган тоону айланта караган ал бир оокумда тээ күңгөй беттен бая бир жоготкон малынын караанын көрө койгонсуду, анан өзүнчө калдастап, аялын шаштырып калды:

— Батый! Бол, койду чыгаралы!

— Э, ботом, чыгарганда… — сөзүнүн артын үзгөн Батый тигинткен Кооманды суроолуу карады эле Кооман болсо аны бери жетелеп, сөөмөйү менен тээтиги бетти көргөздү.

— Ана, тетиги күңгөйдү көрдүңбү?

— Көрүп турам, — деди Батый.

— Ана, көрсөң ошо тиги, — минткен Кооман кожогой сөөмөйү менен көчкөн булуттун астын сайып көргөзүп. — Бая Ышкындуу-Беттин кары түндө көчкөн тура!

Тик беттин карарган тилкесин Батыш эми дааналап көрдү.

— Ошо бетке чыгарсак дейсиңби?

— Чыгарсак дебей эле мына азыр чыгарабыз! — Кооман кесе айтты. Башка арга жок, антпесек койдон кол жууп калабыз.

— Кар терең, — деди Батый, — кой өтө албас бекен күнгөйгө?

— Өткөрөмүн! — Кооман кесе сүйлөдү. — Өткөрөмүн, алдына атчан түшөмүн да жиретем карды, (бул демейки карда деле ошентип чубуртчу эле койду) алиги алы саал чабырларын гана бөлүп, мында алып калуу керек, а калганын, кар жиретип жеткирем.

Кооман айтканындай койду аттын изи менен чубатып, кары көчкөн бетке чыгып баратты.

— Кырр-оой! Кырр-оой!

Алдыдадан ушул үндү угуп, жедеп ушул үнгө ээрчип көнгөн калың кой карга чумуй секирип, тобу менен жол талаша күргүштөдү!..

Кой баласы ушу, алдынан баштаганды көргөндө күкүктөгөн дайрага да чогуусу менен чуркурай кирет.

— Кырр-оой, кырр-оой!.. — үнүн оозунан аяз ала качып бубак баскан сакал-муруту жапкан оозунан боз буу үн менен кошо бургуган Коомандын көзү тээ бийик бетте эле.

Ошо күңгөйдө жал болуп турган кереге таштын үстүнө чыгарат койду. Ана, кере жайган ак шейшептей тиги беттеги карарган тилке Коомандын көзүнөн учууда…

Кыштын тутам күнү ушул экен: Кооман короодон коюн чыгарып жатканда аппак аска башынан жаңы шыкаалаган күн эми мына заматта чак түшкө таяп, бозоргон асманда жапыс тунарат. Карды жирей, чуркурай тырмыша берип, тиги кара тилкеге чыгып барган калың кой тоңголок бетке эт-бетинен кетип жармашты. Кар алдынан баш көтөрүп-көтөрө албай кылайган жерге житиңки бетеге, шыбакты муз каптап тоңгон экен: ошо тоң бетегени кычырата оттогон кой жаныбар жаналакетте.

— Оолда, жаныбарларым ай!.. — өзүнчө кобурады Кооман. — Жайыттын отунан көзү ката калган да! Мына, силердин шыбагаңарга мынабу Ышкындуу-Беттин кары көчүп кеткен экен түндө…

Ушинтип, өзүнчө кобурап, өзүнчө күдүңдөгөн Кооман өзү да калдаңдап аттан түшүп, атынын ооздугун чыгарды. Ооздугу чыгарылган ат тиги кой баласынча бет келди жармаша калбады жерге, кадимки жылкы баласынын салтында тээп оттоп кирди тоңду…

Кой гүү төгөөрүнө мына, ончакты гана күн калганын, ошондо булардын канчасы эгиздээрин да көңүлүндө санап, былтыркы эгиз тууган койлорду өңүнөн чыгарып, жайытта жамбаштаган калыбында бозчаңгыл асманды карады Кооман. Аяздуу чаңгыл асмандын тээ тоого тийген чекесинен тунарган күндүн жарымы ошо тоо артына жашынаарына мына-мына жакын калыптыр.

— Оо, жарыктык кыштын тутам күнү! — деди Кооман өзүнчө комутта калып, тиги бозчаңгыл асман жээгинен ары кылкылдап бараткан тунарыңкы күндү жылчыя карап, — «токту тойбос, чөмүч кургабас ай» дечү эле карылар ушул айды: ушул ай бекен, же мурункусубу? — Бул саал бүдөмүктөдү, эскиче күн эсебин, ай атын биле алчу эмес, анан тиги энесинен уккан сөз маанисин ошо укканынча кайталады: — токту тойбосу ырас да: кой эми кызуу оттогондо тигинтип күн батып баратат… А чөмүч кургабасы да ырас — мына, эртең мененки жармабызды жаңы ичкендей курсак бөксөрө элек, үйдө жарма куйган чөмүч кургай элеги да бышык… хе-хе! — минткен Кооман эми аттанып, коюн имермек болду: — эрте жарыкта короого айдап жетип албасам…

Кар тунган тоого кара күүгүм жөө тумандай жылып келатты.

Эртеден бери мында чабырга короонун бир бурчуна чөп чачып берип, анан короонун тоңун тегиз күрөп чыгарып, түпкө үйүлгөн кургак кыкты тегиз чачып кой жатаар жерин кургактап бүткөн Батый да мына жылып келип калган кара күүгүмдү өзү турган короодон көрдү.

Короого күтпөгөн бирөө кирип келгендей адеп селт этип башын көтөрүп үнү чыкты:

— Ээ, ботом! Күүгүм кирген тура! Ээ, ботом… — өзүнүн ушул үнүн кайталап, колундагы жалкындуу жыгач күрөгүн таяна саал энтиге тээ бийик бетти карады. — Кооман кана? Кой кана, ботом?!

Ана, күндүүдөн кере жайылган ак шейшептей шаңкайып жаткан карлуу бет азыр көгүш-буурул тартып, бүдөмүктөп, а тиги кары көчкөн Ышкындуу-Бет бүдүр ала киргилденин, ал туштан мал-жандын карааны көздөн учат… Бу маалда кайра короого кирмек эмес беле кой?!

Короого кирмек түгүл тиги беттен бери түшүп келаткан койдун карааны көрүнбөдү эмгиче!

— …Э, ботом, эми эмне болчу?! — Батый алдастап калды.

Үйүнө кирип, оттон улуу жагып, балдарын очок тегеректеткен ал ичигин кийип, белин бек курчанды:

— Коомандын өзөгү карарды го, — минтти да жапкан нандан экини бүктөп коюнга катып, не бар не жок деген ойдо бир боо ширенкени ички чөнтөгүнө катып, тышка ашыга чыкты.

Таң эртең менен кой кеткен чыйырга салган бул колундагы ыргай таягын арыштата шилтеп, өр талаша чыгып баратты, чубап келаткан кой көрүнөбү? Кой айдаган Кооман көрүнөбү?

Жок! Бирде-бири көрүнбөй көздөн мал-жандын карааны учат… Ал эле түгүл Ышкындуу-Беттин өзү да көрүнбөй киргил-буурул туман басып калгандай, мындан бир эле көзгө чалынганы тетиги — күүгүмдөгү буурул аттын жалындай болуп күүгүм буурул беттин төмөнүрөөгүндөгү кереге таш… Эртең менен койду да так ошол кереге ташты карай чубаткан Кооман. Эми Батый да эртең мененки чубаган калың койдун туягынан куду бороз салгандай тилинген аппак коочо жол менен өр таянып баратты.

Буга жооп кылып буурул күүгүм уюган көгүлтүр кар гана, ушул көгүлтүр карды оор жамынган бийик бет гана дүлөй жатты кулак-мурун кескендей… Ана, өрүдө бая кереге таш гана улам берилеп келаткандай көрүнөт… Арыштата шилтеген таягына чирене, өргө жүткүнгөн аял күйүккөнүн да, мынабу кечки аязды аяз билбей алка-шалка терге түшкөнүн да туйбады; кар бетиндеги буурул-күүгүмдөн издегени кой менен Кооман жок! Кыбыр эткен жан жок, не караан, не табыш жок!

Калкайган кереге таш бет алдында. Батый таягына сүйөнгөн калыбында тура калды; өрүгө чыгып келген аттай күшүлдөп энтигип турду. Тыным алып демин баскан соң тегерегин айланта карап, кайра да табыш тыңшады: жок, ың-жың жок! Аялдын жүрөгү опколжуду:

«…э, кудай бул эмне шумдук?! Бир балаа го бу?! Көчкүнүн жолуна келген го Кооман шордуу?! Кой-мою менен көчкү алып кеткен го айланайын?! Антпесе… андай балаа болбосо бир табыш чыгат эле го айланайын?! — ушинткен аялдын жүрөгү түрсүл какты. Эсинде, көзүндө Кооман гана, кой гана? — Дегеле неси болсо да, — деп токтой калган аял өзүнчө муну ойлоп тапты: — дегеле үн салып көрөйүнчү, табыш берип калгысы бардыр?..

— …Оо-уу!.. Коома-ан! Оо-уу!..

Көз ирмемге болгон жок, бир шумдуктуу табыш чыкты ушул күнгө улай «гүү-шаа» эткен!..

Ары бийиктен акбуурул «сел» шуулдап келатканын көзү чалган Батый кереге таштын алдын карай ойт берди.

Касаба таштын алдына заматта бүрүшө калган аял ошо касабанын эки жанынан куду кирген дарыядай түрмөктөлө оргуштаган ак-чамбыл көчкүнү көрдү.

— Ку…ку…кудда-ай!..

Аялдын жанталашкан чаңырыгы так ошо ак чамбыл көчкүгө аралаша аласалды. Тоо үстүндөгү кар көчкү эмес, ушу тоонун өзү тоо башы менен олутунан бир булкунуп, оодарылып «Гүрр!.. Шуу!» этип токтогондой болду…

Аска түбүнө бүрүшө түшкөн аял бет алдында тирелип турган ак касабаны көрдү! Таш түбүнө таш болуп катып калган аял бир оокумда эс-учун жыйды да өз кыйкырыгынан көчкү жүргөнүн баамдады, ошо эс-учун жыйып келатып минтти: «…деги мен тирүүмүнбү?! Көчкү астында калдымбы? же…»

Ташка жөлөнгөн аял бутунан-башына чейин, ичек кардынан бери калтырап чыкканын билди: «…үшүгөнүмбү?! Тоңуп баратамбы?! — ушинткен анын эсине эми баарыдан мурда от келди. — От… бир жылынып алар от болсо!..»

Ал тоңгон колу менен ич чөнтөгүн аңтарды – жүргөн экен, жүргөн экен баягы бир боо ширеңке… А жүргөндө эмне жакмак! Аял жан жагын кайсалай-темселей карады.

Кереге таштын ала-телек түбүнөн караган-шилби көрүндү буга! Батыйдын тоңуп бараткан колу дароо ошого жармашты.

«Кырса-кырс» сынган караган-шилбиге бат эле кучак толук чыкты. Кереге таштын түбүнө шилбини калап, койнундагы нан орой келген гезиттен тиги шилбинин арасына ичеги кылып тамызды.

Гезити кароолонто чыккан сары жалын шилбиге жармашып, бир оокумда нымкыл түтүн бүрккөн саргыч- күрөң алоо көрүндү шилби коңулунан.

Аска түбүндөгү жалгыз аял кожоюп үшүк алган колун жалынга кайсады. Оттун табы мунун денине эле эмес, көңүлүнө да жарыгын тийгизип жылытып ийгенсиди

Э, кудай! — аялдын кардыккан үнү өзүнө калтырап угулду. — Ырас шилби болгонун карабайсыңбы!..

Көгүш түтүн арасынан кызыл учкун жабалактаткан саргыч-күрөң жалын кереге таштын бодур бетин жалап- жуктап, улам үстүнө ташталган шилбини аймап күч алып барат. От түбүнөн чок да көрүндү мына.

Тоңуп бараткан дене-бою жазылган Батый эми от башынан турду, турду да ошо бойдон жол улап, өргө чыгып кетмек болду: «…кой, урушта туруш жок! Мен ушу кереге таштын түбүнө түнөмөк белем, курган Коомандын күнү не болду?! Кой кантти экен?»

Аял аз эле мурдагы жаны кулагынын учуна чыккан коркунучун эми мынабу от жээгине калтырып, ордунан турду да, мынабу кар тунган тоону, бүт тириликти үстүртөн ныгыра баскан аяздуу түндү, а түгүл аз эле мурда «гүү-шаа» жүргөн көчкүнү кошуп унутуп, кайра да өргө жөнөмөк болду. «Кооманды да, койду да түнү менен таппасам, ушу түнү менен кайра үйгө кирип барбасам ээн калган балдарымын күнү не болчу. Эс тарта элек эмелер коркконунан элирип кетсе не болчу?!»

Эң улуусу жетиден сегизге караган, кичүүсү жаңы баскан төрт баласы да көзүнөн кетпеген Батый ушул азыр ушул кереге таштын түбүндө кымындай токтой алгыдай эмес.

Жаккан оту али балбылдап күйүп турган таш түбүнөн бери жүткүнүп эки-үч кадам шилтедиби, жокпу кайра да ышкырган кардуу бороон бет маңдайынан уруп буркулдайт. Бая бул жерге жетердеги боз-чаңгыл асман көрүнбөй, көгүлтүр кар тунган тоо бети көрүнбөй, жадаганда кар үстүнөн куду бая кар үстүндөгү жөө тумандай калкып келаткан буурул-күүгүмдүн өзү да мындан төмөн ооп кеткендей, асман-жерди чалмакейлеген кардуу бороон гана аязын камчыланып улуп-уңшуйт…

— …Эми эмне… эми кандай кылчумун?! — Батый энтигип токтоду. — Бу ыя… бу бастырбайт ко мени!.. Олдаа, Кооманым ай! Курган гана байкушум ай! Эми кандай кылчумун!..

Бет алдынан улам көмөлөтө койгон бурганак муну бастырбай койду. Карыш жыла албай койгон аял кайра ордуна келди аргасыздан. Жанагы алоологон жалын өчүп, азыноолак шилбинин гана ийри бутактары кароолонуп, ошо кароолонгон бутактар алдында додолонгон чок калыптыр. Ташка жөлөнө жүйүртө баскан аял алаканын чокко кайсап, ошо чокко кайсаган алаканын жаагына басты да, куду тиши катуу ооруган жанча бетин жыйыра кабак чытып алды.

«…эми эмне күн болчу?! Кооман кантти? Тирүүбү деги?!».

Аял жүйүртө баскан калыбында эки алаканы жаагында, шилбинин чогун гана көз ирмебей тиктеген ал куду ошо чок арасынан бирдеме көрүп, аны менен сүйлөшүп тургандай эле. «Эми ушул жерде отурамбы түнү бою? Ушу жерден атырамбы таңды, э кудай!..»

«…Ушу жерде отурасың! Ушу жерден атырасың таңды!» — ушинтип буйрук бергенсиди бирөө ичинен…

Бироокумда бороондун улуп-уңшуганы саал басаңча тартты.

Кар тунган тоо кырынан түнөргөн бороондуу асмандын кырка этеги агыш-кызгылт тартканын көргөн Батый эркек төрөгөндөй сүйүндү:

— Оо, кудай! Мына, таң сүрдү! — анан ак тилегин айтты. — Жакшылык алып келгей эле таң?! Кырсыгыңан сактай гөр кудай!..

Ары-бери карагыча таң да аппак атты. Таңды тосо удургуй тытылган буурул булут адеп ышкын түпкө салган ак койдун терисиндей саргайып анан күнгө жайылган манаттай кызарып чыкты.

Кечке бороон-чапкын болоорун кызарган күндүн тейинен көрсө да көрмөксөн Батый белин бек курчанып жатып бая койнундагы жапкан нандын жарымын үзүп чайнап, өзөк жалгады. Калганын колтугуна кысып, ичинен күбүрөдү: «…Кооман кургур да бир чайнап албаса…»

Ушундан чай кайнам өткөн жок, ыргай таягын арыштата шилтеп, кереге таштын колтугунан жогору суурулуп калган Батый капыстан чыккан «гүү- шаа» табыштын эпкининен көмөлөнүп кетип, томолонуп тура калды.

Боз буурул сел өркөчтөнүп оргуп келаткан экен. Кар тунган тоо башы менен аңтарылып кетип, «гүрр» этип көчүп келаткандай бир шумдук алаамат көрүндү! Шуулдап оргуй аккан мөңгүгө аралаш ири боз таштар тобу менен төмөн карай күдүрөңдөп баратат. Нес болгоңдой көз ирмем селее калган Батый өңү-түшү экенин билбей ою будуң-чаң түшүп, бир чаңырып ийди:

— Ай-ай! Ай-аай! Коома-ан!..

Капыстан көчкү жүрүп кеткенин көрдү Батый. Көчкү койлорду алып баратканын көрдү. Аңтарыла аласалган карга аралаш күдүрөңдөгөн «боз таштар» — койлор эле!.. Кирген дарыянын шарына кеткендей топ койдун арасынан сорок-сорок көрүнө калып Кооман да… Оо, шумдук! Оо, шумдуктуу дүйнө! «Мен эмне көрдүм?!

Бир бакырып нес болгон Батый өзү да көчкүгө кеткендей көзү караңгылай түшүп, таман астынан жер көчүп, ак тоо аласалып кеткенсиди.

— Коо-ма-ан!.. Ко-ой! — ушинтип күбүрөп, өзүнөн же үн чыкпай, же буту шилтенбей, куду коркунучтуу түштөй бул көрүнүштөн карап туруп тула бою шал боло калгансыды. Өңү же түшү экенин өзү да бир заматта кайра албай, дел боло түшүп анан эсин жыйды. Бет алдындагы касаба карды көрдү. Азыркы эле коркунучтуу «гүү-шаа» табышы да жок көчкүнүн, ошо көчкүгө кетип бараткан күдүрөңдөгөн койлор да жок, көчкү арасынан бир гана булаң дей түшкөн Кооман да жок, жымжырт… Кайдан-жайдан чыга калган сыйкырчы заматта күндү жайлап, бу чөлкөмгө улам алаамат салып, каарын тигип тургандай эле.

Мына, али эси эңгиреген аялдын көз алдында кар тунган тоо гана, ошо тоо боорунда суйдаң боз туман гана каалгып, андан бери кереге таш гана, бет маңдайында касаба кар гана…

Заматта тил-оозу буулуп, селейген аялга кайра тил бүтүп, сыздап ийди:

— Куда-ай! О, куда-ай! Балдарымы… көрбөй калдымбы?!

— Ал азыр ачык жер үстүндө эмес, ашуудагы муз жаракасына түшүп кеткендей эле: арты — аска, алды — найза бойлобос кар касаба…

— Көчкү Кооманды алды, койду алды! Заматта баары жок, баарынан айрылган Батый эми өзү да кошо жоголчудай алдастады:

— Балдарым!.. Балдарыма!..

Мунун көзүнө ушул азыр балдарынан өзгө эчтеке көрүнгөн жок. Мынабы касабага дароо көмүлүп калаары да, же азыр көчкү жүрүп кетери түк туюлбай, же аны туюп турса да эси-учун өзү таба албай так ошо касабаны карай жанталаша тырмыша берди. Бирде белчесинен күрткүгө кирип, кайра суурулуп ташка урунуп, кош колдоп ошо ташка жармашкан аял бир оокумда жонго чыга түштү.

— Өлдүм-талдым менен араң…

Касабадан тирүү чыкканына көзү жеттиби, катуу күйүккөн Батый энтиге күбүрөдү. Эки алаканы ташка айрылып, тизеси ташка жарылганын да элес албады, айланасын гана алактай карай берди:

— Коомандан кабар жок! Койдон дайын жок!..

Эми араң эсине келди, эси менен кошо оозуна мына ушул келди. Биртике демин басып-баспай алды жакка жүткүндү. Күрткүгө белчесинен чумуй тырмыша жиреди алды жагына. Канча кадам жылды, аны аңдай албады, бирок анын көзүнө күрткүдөн чыгып калган койдун шыйрактары, кээсинин узун куйруктары көрүнө калды. Ал эле түгүл кой эле түгүл! Э, шумдук!..

Демиккен Батыйдын жүрөгү көөдөндөн чыга каччудай тарсылдап оозуна каптала калды: анын көзүнө өтүк… куду тиги койлордун шыйрагына окшоп күрткүдөн чыгып соройгон кирза өтүктүн башы мына!

Батый кардан карыккан көзүн ашыга укалап алды да, кадала тиктеди кардан чыккан колжогой өтүктү:

— Кооман!.. Кооман!!!

Ушинткенин бир билет, бирок үнү чыктыбы чыкпадыбы — аны өзү билалбай… кээ бир түштө кишинин кыйкырган үнү чыкпай, шилтесе буту баса албай калат ко, дал ошол абалда эле азыр Батый. Ошол абалында өтүккө жармашып тартты эле, өтүк суурулуп колуна келип, анын ичиндеги кийиз байпагы калды бутта:

— Кооманым! Кооман!.. Ай, айрылдымбы сенден, кокуй!..

Ушинтип, өзүнөн өзү күйүгө сурады, ошо калыбында күйүүгө алдастап, анын берки бутундагы өтүккө асылып, чирене тартты. Бул буттун өтүгү кийиз байпагы менен кошо суурулуп колуна келди Батыйдын. Эринин чор баскан согончогун ашыга кармалап ийди аял, бут жылуу эле.

— Кудай! О, кудай, айланайын! Жаны… бар го! Куда-ай!!!

Аптыккан аял эми карды кош колдоп шилеп жатты. Жаналакетке түшүп шилеген мунун көзүнө бироокумда эринин тулкусу көрүндү.

Башын карай аңтарыла түрүлгөн тону мына!.. Ошо тонду бери булка сыйырып алган Батый аптыга-энтиге кыйкырды:

— Коома-ан! Коо-ма-ан! Айланайын! Бар… барсың-быы-ы?!

— Коомандын иреңинде кан-сөл жок купкуу эле. Адеп аялынын үнү анын кулагына алыстан чыңылдап, анан бара-бара жакындан… Аял болсо али жаналакетке түшүп жатты. Тонун чечип, эки колунан тарткылап, эки карысына асылып, далысынан копшоп, башын өйдө көтөрдү:

— Кооман! Кооман, көзүңдү аччы айланайын, Кооман!

Жээкке ыргытылган балыктай адегенде оозун ача алсыз гана дем тарткан Кооман оо, бир оокумда барып жылтыраган көзүн ачты. Аны көргөн Батый ого бетер алдастай калды. Аялдын көз алдында: ажал-азап да, коркунуч менен кубаныч да, күйүт менен үмүт да аралаша аласалып турган эле…

— Айланайын! Кудай айланайын!.. — деди кайра да куду шыргалаң сууга чөгүп баратып чыккандай энтиккен аял эринин эми гана араң ачкан көзүнө тигилип.

Батый Кооманды балача кучактап турду. Алсыз дем алып, алсыз үшкүргөн күйөөсүнүн көзүндөгү чолок жашты көрдү; аялдын өзүнүн карыккан көзүн да жаш чайып турган эле…

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз