Өткүр Хашимов: Ак мармар, кара мармар (конкурска №9)

  • 07.03.2023
  • 5382

АҢГЕМЕ

Көктөм дубалдардын күңгөй бет этегинен башталбайт. Көктөм арыктардын күңгөй жээгинен башталбайт. Көктөм көрүстөндөн башталат. Алгачкы көк майсалар муңдуу дүпүйгөн мүрзөлөрдүн капталынан өнүп чыгат. Туңгуч гүлдөгөн сыягүлдөр эң алгач жымжырттыкка чөмүлгөн көрүстөн үстүндө үнсүз коңгуроосун чалат. Кучагы кан кызгалдактар биринчи болуп мына ушул жерде ачылат.

Ким билсин, табияттын маркумдар рухуна бир жолу көрсөтө турган ырайымы мүмкүн ушулдур. Чоктой кызарган кызгалдактар, сап тарткан гүлкайырлар арасынан мармар таштар көрүнөт. Ак мармар, кара мармар, көк мармар... "Энеке, сизди түбөлүккө унутпайбыз", "Энеке, элесиң жүрөгүбүздө түбөлүккө жашайт..."

Ак мармар, кара мармар... Бул сөздөрдүн ар бир тамгасына канчадан канча көз жаш тамганын билемин. Балким, булар адам баласынын жашоодогу эң акыйкат сөздөрүдүр. Болгону... ар качан аларды окуганда бир нерсени ойлойм: мына ушул сөздөрдү чын жүрөктөн түйшөлүү менен айткан перзент энеси тирүү кезинде канчалык көңүлүн алды экен? Аялына кымбат баа тон сатып алып берип жатканда энесине бир кийимдик көйнөк кошуп алуу эсинен чыкпады бекен? Өз үйүн чет элдик эмеректер менен толтуруп жатып, энесине жок дегенде бүйрөдөй болсо да килем белек кылууну унутпады бекен? Кызынын туулган күнүндө атлас көйнөк, уулун велосипед менен куттуктап жатып энесине жөнөкөй бир байпак алып берүүнү эсинен чыгарбады бекен?

Билбедим... Болгону бир нерсени анык айтышым мүмкүн. Эгерде Жараткан маркумдарга кайрадан өмүр берип, энелер тирилип калса тирүү кезинде мээрим төккөнбү, төкпөгөнбү – баары бир перзенттерин мактап сүйлөгөн болор эле. Энелер керек болсо өлгөндөн кийин да ЭНЕ бойдон калат.

... Көктөм дубалдардын күңгөй бет этегинен башталбайт. Көктөм арыктардын күңгөй жээктеринен башталбайт. Көктөм мына ушул жерден башталат. Мүрзөлөрдүн үстүнөн коңгуроо чалган сыягүлдөр, чоктой жанган кызгалдактар энелердин перзентин жубатуу үчүн тартуу кылган гүлдөрү болсо ажеп эмес...

*                     *                    *

Апа, мен келдим... Угуп жатасызбы, апа, мен дагы келдим... Караңызчы апа, кайрадан көктөм келди. Эсиңиздеби, ар жылы көктөм кириши менен сизди адырга алып чыгар элем. Сиз ысып чыккан күндү, тунук асманды, көпкөк майсаларды көрүп кубанчусуз. Эсиңиздеби, неберелериңиз терип келген байчечекейлерди көзүңүзгө сүртүп "амандык" кылчусуз...

Бүгүн... өзүңүздүн үстүңүздөн байчечекей өсүп чыгыптыр... Жок, жок, апаке... Ыйлаганым жок. Билем, мен ыйласам сиз кыжаалат болосуз. Азыр... азыр өтүп кетет. Мына болду...

Эрте мененчи, апа... жамгыр жаады. Катуу жамгыр жаады. Сиз көктөм жамгырын жакшы көрчүсүз. Кийин күн чыгып кетти. Карасаңыз, күн кайнап жатат... Эсиңиздеби, сиз мага аптап тууралуу жомок айтып берген элеңиз. Ошол аптап кайнап жатат. Көрүп жатасызбы...

Эсиңиздеби, апа... сиз бөбөгүмө алдей айтчусуз. Мен алдейдин ыргагына мас болуп, уктап калчумун. Ошол бешикте мен жаткам. Сиз айткан алдейден мен да ыракат алгам. Эмне кылайын, апа... мен алдей айтканды билбейм. Кабырыңызды сылап койсом эс аласызбы? Мына, апаке, мына... Жок, жок... ыйлаганым жок. Азыр, азыр өтүп кетет...

Эсиңиздеби, апа? Сиз бир жолу... болгону бир жолу, ошондо да тамашалап: "Мени да китеп кылып жазсаңчы, балам" – дегенсиз. Мен: "Сиздин эмнеңизди китеп кылам, апа?" – деген элем. Капа болбоңуз, мен да тамашалаган болчумун. Мына, ошол китеп. Жок, аны мен жазганым жок. Аны сиз жазгансыз. Болгону мен аны кагазга түшүрүп, адамдарга таркаттым. Мен аны дүйнөдөгү бардык энелердин окушун каалар элем. Билем, дүйнөдөгү бардык энелер да сиздей сонун болсо керек. Ошондой болсо да алардын бардыгы сизге окшогонун каалайм...

Өзбекчеден которулду.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз