Сүрөт https://illustrators.ru/ булагынан алында.
АҢГЕМЕ
I
Караңгы түн, күз мезгили. Бөлмөсүндө аркы-терки басып жүргөн карыя банкир мындан он беш жыл мурда күзүндө сый тамак бергенин эстеди. Бул кечеге акылман адамдар арбын келип, өтө кызыктуу баарлашуулар болгон. Көп нерселер айтылып, атүгүл негедир өлүм жазасы жөнүндө да кеп козголгон. Коноктордун арасында илимпоздор, журналисттер да бар эле, көпчүлүгү өлүм жазасына терс көз карашта экенин, жазалоонун бул ыкмасы эскиргенин, христиан мамлекеттерине ылайыксыз жана адеп-ахлаксыз деп белгилешти. Кээси бардык өлкөлөрдө өлүм жазасын өмүр бою эркинен ажыратуу жазасына алмаштыруу керектигин айтышты.
– Мен силерге кошула албайм, – деди банкир. – Мен жазаланып көргөн эмесмин, бирок эгер, күнөө кынтыксыз далилденсе, анда түбөлүккө түрмөдө отуруудан көрө өлүм жазасы гумандуу жана туура деп эсептейм. Анткени өлүм жазасы дароо өлтүрөт, а эркинен ажыратуу акырындап кыйнап өлтүрөт. Кайсынысы адамдыкка жатат? Сизди бир нече мүнөттө өлтүргөнүбү же өмүр бою каныңызды соргонубу?
– Эки ыкма тең адамгерчиликке жатпайт,— деди бирөө коноктордун арасынан,— анткени экөөнүн тең түпкү максаты — өмүрдү кыйуу. Мамлекет – кудай эмес, адамдын жанын кайтарып бере албаган соң, тартып алууга анын акысы жок.
Меймандар арасында чамасы жыйырма бешке чыгып калган жаш юрист отурган. Анын пикирин сураганда ал мындай деди:
– Өлүм жазасы да, өмүр бою эркинен ажыратуу да эч бир адамдыкка жатпайт, бирок эгер мага өлүм жазасын же өмүр бою эркинен ажыратууну сунуштаса, албетте, экинчисин тандамакмын. Өлгөндөн көрө эптеп да болсо күн чубактап жашаган түзүк эмеспи.
Анан кызуу талаш-тартыш башталды. Ошондо ал кезде жаш, кызуу кандуу банкир күтүүсүздөн ачуулана үстөлдү бир коюп, жаш юристке кайрылды:
– Келжир сөз! Кел, мелдешели! Сен беш жыл отурсаң, мен сага эки миллион берем!
– Эгер чыны менен айтсаңыз, анда мен даяр. Мен беш эмес, керек болсо он беш жыл отуруп берем!
– Он бешпи? Жарайт! – Банкир кыйкырды. – Мырзалар, мен эки миллион сайдым!
– Мен макулмун! Сиздин эки миллионго мен өз эркиндигимди сайдым! – деди юрист.
Ошентип бул акылга сыйбаган, маани-маңызы жок мелдеш бекемделди! Акчасына эсеп жетпей, көзүн май баскан, көпкөн, жеңил ойлуу банкир кубанычка батып турду. Кечки оокатта ал жаш юристти мыскылдап отурду, аягында кеңешин айтты:
– Акылыңа кел, жигит, али кеч эмес. Мен үчүн эки миллион акча эмес, сен болсо жашооңдун гүлдөгөн учурун, үч-төрт жылын жоготосуң. Үч-төрт дегеним, сен андан ашык отуралбайсың. Шоруң каткыр, билесиңби, өз ыктыярың менен отуруу, жаза алып отургандан алда канча оор экенин? Андан тышкары, эркиндикке каалаган убакта чыгып кете алам деген ой абакта өтөгөн өмүрүңдү ого бетер уулантат. Сизге боорум ооруйт!
Ушинтип банкир ошол окуяны эстеп, бурчтан бурчка басып жүрдү, өзүнө өзү суроо берди:
– Ушул мелдеш кимге керек? Он беш жылдык өмүрү текке кеткен юристкеби же эки миллионун жоготкон магабы? Жок, жок! Өмүр бою эркинен ажыратуу өлүм жазасынан жаман, же жакшы деп кимге далилдейт? Эч кимге! Жеткен акылсыздык, сандырактык. Мен курсагы ток, көпкөн адамдын кесирдүүлүгүн, а юрист – акчага болгон кадимки ач көздүгүн ашкереледи...
Окуянын ошол кечтен аркысын ал андан ары эстеди. Юрист банкирдин багында, чакан үйлөрдүн биринде, кыраакы көзөмөл астында мөөнөтүн өтөмөк болду. Ал он беш жыл бою үйдүн босогосун аттап сыртка чыкпайт, адамдарды көрүү, сүйлөшүү, кат-кабар, гезит алуу укугунан ажырайт. Музыкалык аспапка ээ болууга, китеп окууга, кат жазууга, шарап ичүүгө жана тамеки тартууга уруксат берилет. Сырткы дүйнө менен шартка ылайык, атайын жасалган кичинекей терезе аркылуу үнсүз-сөзсүз алыш-бериш жасайт. Керектүү нерселердин баарын, китеп, нота, шарап жана башкаларды атайын кат жазып, каалаган санда, бирок терезе аркылуу гана алууга укуктуу.
Келишимде бардыгы, майда-чүйдөсүнө чейин сыдыра жазылды жана юрист үчүн он беш жылдык жалгыз отуруу эрежеси иштелип чыкты. Абакта отуруу мөөнөтү 1870-жылдын 14-ноябрында саат 12де башталып, 1885-жылдын 14-ноябрында саат 12де аяктайт. Эгер юрист тарабынан белгиленген мөөнөт бузулса же бузууга аракеттенүү болсо, мисалы: мөөнөттүн аягына эки мүнөт эле калганда чыгып кетүүгө ишарат кылса, бүттү, банкир ага эки миллион төлөп берүүден баш тартат.
Камакта өткөргөн алгачкы жылы юрист анын кыскача жазылган каттары билдиргендей, жалгыздыктан жана зеригүүдөн абдан кыйналды. Ал отурган үйдөн пианинонун добушу күнү-түнү тынымсыз угулуп турду. Ал шарапты, тамекини таштады. Шарап, каалоолорду козгойт, ал эми каалоолор туткундун биринчи душманы. Анын үстүнө жакшы шарапты жалгыз ичүүдөн не пайда, эч ким көрбөгөн соң кызыгы жок, ал эми тамеки бөлмөдөгү абаны булгайт деп жазат ал. Биринчи жылы юристке негизинен жеңил мазмундагы китептер берилди: чиеленген интригалуу сүйүү романдары, детектив, фантастикалык жана күлкүлүү аңгемелер, ж.б.
Экинчи жылы музыка угулбай калды, ал классика ноталарын талап кылууга өттү. Бешинчи жылы кайрадан музыка угулуп, туткун шарап сурады. Терезеден байкоо жүргүзгөндөр ал жылы бою жалаң ичип-жеп төшөктө жатканын, оозун ачып көп эстегенин, өзүнчө ачуулана сүйлөнгөнүн билдиришти. Китепти ачпай калды. Кээде түндө отуруп жазат, көпкө жазып, кайра эртең менен баарын майдалап, айрып, тытып салат. Анан ыйлаганын көп жолу угушту.
Алтынчы жылдын экинчи жарымынан баштап туткун чет тилдерди үйрөнүп, философияны жана тарыхты изилдеп, аябай тырышчаактыгын көрсөттү. Ал бул илимдерге ынтызарлык менен катуу киришкендиктен, банкир керектүү китептерди таап бергенге араң үлгүрчү болду. Төрт жыл ичинде анын талабы боюнча алты жүздөн ашык том абакка киргизилди. Ушундай эргүү мезгилинде банкир туткундан төмөнкүдөй кат алды: «Урматтуу түрмө ээси! Бул саптарды сизге алты тилде жаздым. Катты билимдүү адамдарга көрсөтүңүз. Окушсун. Эгерде алар бир да ката таппаса, анда мен сизден көптөн көп өтүнөм, бак ичинде мылтык атууга буйрук бериңиз. Мылтык үнү менин аракетим текке кетпегенин билдирет. Бардык доорлордо, өлкөлөрдүн генийлери ар башка тилде сүйлөшөт, бирок баарынын жүрөгүндө бир эле жалын күйөт. Эхх! Сиз менин дүйнөдө жок бактыга ээ болгонумду билсеңиз кана, себеби мен эми аларды түшүнөм!»
Абактагы адамдын суранычы аткарылды. Банкир бак ичинде эки жолу мылтык атууга буйрук берди. Андан соң он жылдан кийин юрист үстөлдө кыймылсыз отуруп, бир гана Инжилди окуду. Буга чейин төрт жыл ичинде алты жүздөн ашык татаал томдорду казып окуп, акылмандыктын туу чокусуна жеткен адам, бул жука, жөнөкөй, түшүнүктүү китепти бир жылдай окуганы банкирге кызык көрүндү. Инжилден кийин диндердин жана кудай таануунун тарыхтары башталды.
Акыркы эки жылда камактагы адам ой келди жана өтө көп окуду. Бир ирет табият таануу менен алектенсе, экинчисинде Байронду, Шекспирди талап кылды. Ал бир эле учурда химия, медицина боюнча окуу китептерди, романдарды же философиялык жана кудай таануу боюнча трактаттарды жөнөтүүнү суранып жазган күндөрү болду. Анын мындай аракети деңизде кыйраган кеме сыныктарынын арасында жалгыз калып жан сактоону көксөгөн, тактайдын сыныгына жабышып, анан ач көздүк менен экинчисин мыкчый калып, далбастап сууда сүзүгөн кишиге окшоду.
II
Карыган банкир баарын эстеди, азапка түшө катуу ойлонду: «Эртең саат 12де ал эркиндикке чыгат. Шарт боюнча мен ага эки миллион беришим керек. Эгер берсем, бүттү: банкрот, мен толук сызга отурам..."
Мындан он беш жыл мурда миллиондогон акчалардын эсебин билбеген банкир азыр өзүнө суроо бергенден коркот: эмнеси көп – акчасыбы же карызыбы? Биржадагы кумар оюндары, тобокелге салган алып-сатарлыгы, жана карып баратса да сабыр тута албаганы, кызуу кандуулугу, өжөрлүгү акырындап банктын ишин солгундатып, эч нерседен коркпогон, текебер бай адамды ортозарга жетпеген банкирге айлантып салды. Азыр ал калтырап-титиреп баалуу кагаздардын өсүшүнө, төмөндөшүнө көз салып олтурат.
– Каргыш тийген мелдеш! — күбүрөнгөн карыя айласы кете башын мыкчыды. –Эмне үчүн бул адам өлгөн жок? Ал азыр кырк жашта. Эртең ал менин эң акыркы каражатымды алат да үйлөнөт, ыракаттанат, биржада ойнойт, а мен кайырчыдай көз артып карайм, ал болсо мага кайрылып айтат: «Өмүрүмдөгү эң чоң бакыт үчүн мен сизге ыраазымын, ошол себептен сизге садага берем!" Жок, жок! Бул чексиз аша чапкандык! Банкроттон жана шерменделиктен кутулуунун бир гана жолу бар – бул анын өлүмү!
Саат үч жолу урду. Банкир тыңшап турду: үйдөгүлөрдүн баары кызуу уйкуда, терезе сыртында үшүгөн дарактар гана шуулдайт. Дабышын чыгарбоого аракет кылып, отко күйбөс шкафтан он беш жылдан бери ачылбаган абактын ачкычын алды, шинелин кийип, үйдөн чыкты.
Бак ичи караңгы жана суук. Жамгыр жаап жатат. Катуу соккон нымдуу шамал бак ичинде шуулдап, дарактардын жанын жай алдырбайт. Банкир көзүн жүлжүйтсө да бут алдындагы жерди, аппак айкелдерди, абак үйдү, дарактарды да көрө албады. Карайлап абайлай басып үйгө жакындады, күзөтчүнү эки-үч жолу чакырды. Жооп болгон жок. Түшүнүктүү, ал жамгырдан качып, азыр ашканада же күнөсканада кызуу уйкуда.
«Ойлогонумду орундатууга күчүм жетсе, — деп ойлоду карыя, — биринчи кезекте күзөтчү күнөөгө жыгылат».
Ал караңгыда тепкичти жана каалганы сыйпалап, алдыңкы далиске, анан чакан коридорго кирди, ширеңке күйгүздү. Бул жерде бир да жан жок. Төшөнчүсү жок керебет турат, бурчта чоюн мештин карааны көрүнөт. Туткундун бөлмөсүнө кирүүчү эшикке басылган мөөрлөр бүтүн бойдон экен.
Ширеңке өчтү, жүрөгү титиреп опкоолжуган карыя кичинекей терезеге карады.
Бүлбүл күйгөн шам бөлмө ичине жарыгын араң чачкансыйт.Туткун ары карап отургандай. Анын бүкүрөйгөн далысы, чачы, колдору гана көрүнөт. Үстөл үстүндө, эки креслодо жана үстөлдүн жанындагы килемде ачылган китептер чачылып жатат.
Беш мүнөт өттү, туткун кыбыр эткен жок. Он беш жылдык абактагы жашоо кыймылсыз отурууга үйрөткөн окшойт. Банкир терезени сөөмөйү менен черткиледи, туткун үн дебеди. Анда банкир этияттык менен эшиктин мөөрлөрүн сыйрып, кулпуга ачкыч салды. Дат баскан кулпу чыйк этип, каалга кыйчылдады. Карыя ошол замат ач-айкырыкты күттү, бирок үч мүнөт өтсө да, туткун эшик тарапты карабады. Банкир бөлмөгө кирди.
Адамга эч бир окшобогон неме үстөлгө эңкейип кыймылсыз отурду. Тармал чачы аялдыкындай узун, уйпаланган сакал баскан бети тери каптаган скелетке окшош. Өңү саргайып топурак сымал, жаактары шимилген, бели узарган, баш жөлөгөн илмийген ичке колдорун карагандан коркосуң. Ак аралай баштаган чачтарына жана бырыш баскан арык жүдөө жүзүнө карап, ага кырк жашты бере албайсың. Ал кызуу уйкуда экен... Үстөл үстүндө, бет алдында майда тамгалар менен жазылган бир барак кат жатыптыр.
"Бечара пенде! – деп ойлоду банкир. – Уктап, балким, түшүнө миллиондор кирсе керек! Мен азыр бул чала өлүктү керебетке ыргытам да, жаздык менен тумчуктуруп көзүн тазалайм, эң мыкты эксперт да мунун киши колдуу болгонун билбес кылам. Алгач, катты окуп көрөйүн...”
Банкир үстөл үстүндөгү баракты алып, төмөнкүлөрдү окуду:
«Эртең күндүз саат 12де мен эркиндикке чыгам, адамдар менен баарлашууга укук алам. Бирок мен бул бөлмөдөн чыгып, жарык күндү көрөр алдында, сизге бир-эки ооз кеп менен кайрылууну эп көрдүм. Үстүбүздөн карап турган кудай алдында таза абийир менен сизге айтаарым: мен эркиндикти да, жашоону да, ден соолукту да жана сиз берген китептерде жазылган дүйнө жыргалын да, бүт баарын жек көрөм!
Он беш жыл бою мен бул жашоону кылдат изилдедим. Ырас, мен жерди, адамдарды көргөн жокмун, бирок сиз берген китептерден жыпар жыттуу шарап ичтим, обон создум, токойлордон кийик аттым, камандарды сая кубаладым, аялдарды аймаладым... Сиздин акылман акындарыңыз жараткан, сыйкырлуу булуттарга окшогон, абадай жеңил сулуулар мага түн ичинде келип, менин башымды айландырып мас кылып, керемет жомокторду шыбырап айтып беришти. Сиздин китептеги Эльбрус менен Монблан чокуларына чыгып, ал жерден күндүн эртең менен кантип чыкканын, кечинде асманды, мухитти, тоо чокуларын кочкул-кызыл, алтын боёкко бөлөп батканын көрдүм. Мен ошол жерден чагылгандын так төбөмдөн жарк этип, булуттарды жарып өткөнүн көрдүм; жашыл токойлорду, талааларды, дарыяларды, көлдөрдү, шаарларды көрдүм, сиренанын обон созуп ырдаганын жана койчунун чоор ойногонун уктум, кудай жөнүндө сүйлөшүү үчүн мага учуп келген сулуу азезилдердин канат серпкенин сездим... Сиздин китептериңиздеги түпсүз туңгуюктарга боюмду таштадым, керемет иштерди жасадым, өлтүрдүм, шаарларды өрттөдүм, жаңы диндерге үгүттөдүм, бүтүндөй падышалыктарды басып алдым...
Сиз берген китептер мени даанышман кылды. Кылымдар бою адамзат талыкпай жараткан бардык асыл ойлор менин мээме уюп, кыт куйгандай орун алды. Эми мен баарыңардан акылдуу экенимди билем.
Ошону менен бирге мен сиз берген китептерди, дүйнөнүн бардык жыргалын жана даанышмандыгын да жек көрөм. Баардыгы закымга окшоп маңызсыз жалган жана чириген куру кыял. Мейли, сиз сыймыктуу, текебер, акылман, сулуу болсун, бирок ажал сизди жер астындагы көр чычкандарга кошуп дүйнө бетинен жок кылат. Ал эми сиздин тукумуңуз тарых менен генийлердин өлбөстүгү жер шары менен кошо тоңот же өрттөлүп күм-жам болот.
Баарыңар айныдыңар, туура эмес жолдо баратасыңар. Чындык деп жалганды, сулуулук деп чирикти кабыл алдыңар. Кандайдыр бир жагдайдан улам алма менен апельсин дарактарына мөмө-жемиштин ордуна кескелдирик менен бака өссө же роза гүлү терге чөмүлгөн атка окшоп жыттанса, силер албетте, таң каласыңар. Ошо сыяктуу мен да асманды жерге алмаштырган силерге абдан таң калам. Мен силерди түшүнбөйм жана түшүнгүм да келбейт.
Силер тандаган жашоону жек көргөнүмдү иш жүзүндө көрсөтөм: бир кезде бейиштин төрүнө чыкчудай кыялдангам, азыр болсо мен жек көргөн эки миллиондон баш тарттым. Аны утуп алуу укугумдан өзүмдү ажыраттым, мен келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттөн мурда беш саат эрте чыгып кетем, дал ушинтип келишимди өз эрким менен буздум...”
Муну окуган банкир катты ордуна койду, эсин жыйды, таң калтырган кишини кучактап башынан өптү да, бышактап ыйлап үйдөн чыгып кетти. Биржаларда эбегейсиз чоң суммаларды чачып, кумар ойноп сансыз акчаларды уттурса да, ал өзүн азыркыдай эч качан жек көргөн эмес. Үйүнө кирип эле керебетине жыгылды, бирок ашкере баткан санаадан жана ыйдан кийин көпкө уктай албай жатты...
Эртең менен таң атпай, өңдөрү кубарган күзөтчүлөр чуркап келип, абактагы киши терезеден бакка түшкөнүн, дарбазадан чыгып, анан белгисиз тарапка кетип калганын айтышты. Банкир кызматчылары менен дароо абак үйгө барды, өзүнүн туткуну чын эле качып кеткенине ынанды. Дайынсыз ушак-айыңдар чыгып кетпес үчүн үстөл үстүндөгү тил катты алды да, өз бөлмөсүнө кайтып келип, отко күйбөс шкафка салып, бекитип койду.
Орусчадан оодарылды.
Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.