Аман Саспаев: Сарала ит

  • 28.04.2023
  • 16212
  • 1

АҢГЕМЕ

Мурда дайыма көрүп жүргөн, кадимки бир Сарала иттин өмүрү кийинки күндөргө чейин эсимде сакталып, көп ойлорду туудурду. Жандуулардан бул өңдүү жүүнү бош, өзүнө кайдыгер караган немени аз кезиктиребиз. «Дүйнөдөгү ар бир нерсе жашоо үчүн күрөшөт» дейбиз. Андай болсо анын жашап жүрүшү да күрөшсүз болбоого тийиш. Бирок Сарала иттин жашоосу андай эмес.

Мени да, башкаларды да ойлонто турган нерсе ушул Сарала иттин тирүү кезинде «ау» деп бир ирет үргөнүн же бирер аял короосунан кууп чыкканда, бөйрөгүнө тийген муштумдай таштын зардабынан «каңк» этип койгонун уккан эмеспиз. Ит башы менен мынчалык чыдамкайлык жана сабырдуулукту кайдан үйрөнүп алышына эмнелер себеп болгонун билүү кыйын. Мүмкүн, ал жашоо үчүн күрөшүүдөн тажаса керек. Өмүрдө кездеше берүүчү сансыз карама-каршылыктар анын жалынын өчүрүп, баш көтөргүс кылып салса керек. Карап турсаңыз, бечара ар качанда өзүнүн жалпы аалам алдында кылмышкер экенин сезген немедей кишилерге, малдарга, ал түгүл өсүп турган чөптөргө да жалтаң карайт. Эң бир өкүнүчтүү жери – байлоодогу тиши кычышкан иттер да түн ичинде аны көрсө да көрмөксөн болчу же мүлдө көрчү эмес.

Ал эми бечаранын башка иттерге болгон шыгын айтмакчы болсок: жолбун итти көргөндө жаны бар ар кандай ит кыйратып таштоочудай үрүп жетип барарын, анан ага кыр көрсөтүп, куйругун чагарактатып, а жер бу жерин жыттап көрөрүн элдин баары билет. Бирок жолбун ит кезигишип калган күндө да Сарала ит ага тик карап койгон эмес. Быйпыйып, дайыма тердеп жүрүүчү мала кызыл мурдун ишке салып, таштандыларды, уңкул-чуңкулдарды жай гана шимшип жүрө берчү. Деги анын жүрүшүнүн өзү бир башкача эле, кажет болгон бир багытты көздөй, алаксыбай шыдыр кетип баратканын эч ким билбейт. Ал эми бир эле орунга айланчыктап, шимилеп туруп да алчу эмес. Аны бирде коруктан, бирде көчөдөн, бирде короодон көрүп калчубуз. Күн күйүп турган ысыкта да бирер бактын түбүндө тилин чыгарып көлөкөлөп жатканын көрбөдүк.

Биздин көчөнүн эркектери Сарала иттин жарык дүйнөдө өмүр сүрүп, ары-бери басып, тапканын жеп, жан сактап жүргөнүн капарларына да алышпайт. Ал эми көчөнүн аялдары кандайдыр көңүл буруп, аны «ууру ит» деп жаман көрүшөт. Бечера Сарала ит таяк жеп, короодон куулуп чыккандан кийин өзүнүн алсыздыгынан көргөн кордугун жарым секундда унутуп коюп, дагы баягысындай эле эч нерсе болбогонсуп башын салып, жай басып баратканын көрөр элем. Ал көбүнчө күнөөсүз эле куула берчү. Ошол куулуп баратып артына бир кайрылып карачу да эмес. «Карап коюунун канчалык кажети бар, карап коюу менен мен эмнени кыйратам!» — деп ойлогонсуйт  же кишилер өзүн кууп жүрүп урбай турганына абдан ишенип калса керек. Чынында да аны эч ким алыска кууп таштаганы жок. «Чык» деген сөзүнө тиешелүү өкүм сөз шалпайган кулагына жетери менен жер карап, деси кайтып ары басчу…

Ал бир санда жок макулук болгондуктан, иттер жамаатына да, адамдарга да тырмактын агындай пайда келтирбеген бойдон кетти. Эгер башка иттерди туурамыш болуп, үйүгүшкөн иттердин жанында жөн эле жандап жүргөн болсо, анда иттер жамаатына салымы бар деп айтууга болор эле. Ал эми адамга пайдасыздыгы жөнүндө айтпасак да болот.

Илгери аны канчалык таптап бакса да, бир ирет үрүп ээсин кубандыра албаптыр. Өлтүрүүгө кыйбаган соң, андан жадаган ээси: «Бар эми, күнүңдү көр!» — деп бошотуп жиберген. Эгер ал ээсинин короо-жайын коргоо максатында эмес, деги өз өмүрүнөн зеригип болсо да үн чыгарып койсо, анда ал адамдар үчүн аз болсо да эмгеги бар деп таанылмак. Сарала иттин бардык кылык-жоруктарын ойлоно келгенде, ар кандай адам анын сенделип тирүү жүргөнүнөн көрө тезинен өлүп калсачы деп ойломок. Анткени ал бир пайдасыз жан эле. Өсүмдүктөр дүйнөсү да өзүнөн урук калтырыш үчүн күн нурун талашып, биринен бири бийик өскүсү келерин ойлогонумда Сарала иттин иттигин мүлдө кечире албасмын!

Бир күнү жумурткалар жоголот, сүзмө куюлуп, асып коюлган баштыктар жарылып чөптүн арасында жатат. Адатта боло берчү мындай иштердин кабары Сарала итке байланыштуу көчөгө бат эле тарайт… Ал эми жоголгон сүзмөнү башка ит ат кулактардын түбүндө баштыгын тытып жеп жатканда Сарала ит өзүнүн бак-таалайын эски таштандылардан күтүп, арык боюнда шимшип жүргөн болчу. Сүзмөсү жоголгон катын аткулактын түбүнөн баштыгынын тарпын тапканда, Сарала ит бирдеменин жытын сезип, дал эле ошол жерге келип калат. Катын дароо эле Сарала иттин өлүгүн миң мертебе көрүп жаткандай, колу да карап турбай жерден таш ала коюп уруп жиберет.

Ушундан кийин Сарала ит ууру деген атка конуп, мурдагысынан беш бетер жек көрүмчүгө айланды. Иштин мынчалык чырга айланып баратканын, анын аягы эмне менен бүтөрүн ал мүлдө ойлогон жок. Баягы эле калыбында, этибарсыздык менен жай басып жүрө берди. Өзүнө тике караган көздөрдө жазылуу турган ички дүйнөлөрдү ит кайдан окуй алсын!

Биздин көчөдө жумуртка жей турган, ал гана эмес тооктун өзүн да жеп коё турган иттер бар. Алар ээсинин көрүнөө бергенине алымсынбай, ченебеген ынсапсыздык менен көмө жегенди жакшы көрөт. Анан ошонусуна маашыр болуп, өзүнүн башкалардан эптүү экенине тымызын кубанып, маңкайып басат. Бечара айыпсыз Сарала иттин бетине басылган тамга да ошол жойчул иттердин кесепети экени айдан-ачык болсо да, катындар аларга жаман атак бере алышпайт, кайра ээсин сыйлап сөөк ташташат.

Бир күнү жогоруда айтылган сүзмөсүн жоготкон катындын уядагы эки жумурткасын ит жеп кетиптир. Дал ошол учурда катындын эри уя жактан ууртун жалап чыгып келаткан өзүнүн төрт көз итин көрүп калат. Жарылган эки жумурткага байланыштуу катыны күмөнүн айтат. Эри болсо көргөнүн айтат. Сөзгө аралаша калган кишилер катындыкы туура дешет. Анткени катындын күмөнү Сарала итте болчу. Ал эми төрт көз ит болсо, колдо багылган, жолбун эмес, уурулук кылганын эч ким көрбөгөн… Күнөө Сарала итке артылат. Деги иттер жөнүндө чындыкты түбүнө чейин кууганга кимдер кызыкмак эле. Күнөөнү төрт көзгө арткандан көрө Сарала итке коё салуу алда канча оңой да!

Ошентип, үйдүн ээси мылтыгына окту салып, «көптүн тынчын» алган Сарала итти атып таштоо үчүн издеп чыгат. Сарала ит болсо эч нерседен капарсыз баягы эле тамактан башканын жытын сезбеген мурдун иттикке салып, таштандыларды эринчээктик менен тинтип жүргөн болчу. Мылтыгын дүрмөттөп алган киши ошол эле жердесиң го деген жеринен таап, отура калды да, кароолго алды. Сарала ит болсо мылтыгын сунган кишини карап, маңдайын тосту. «Бул киши мени эмнеге шыкаалады болду экен?» — деп ойлонмокчу болуп, эми камына бергенде, мылтык «тарс!» этти. Сарала ит «каңк!» этип кулап түштү. Ушул бир «каңк» эткен добушту өлөр алдына чейин сары майдай сактаганын билемин. Өз кездеринде, такыр колтуктарына таш тийип турганда «каңкылдай» берген болсо, мүмкүн кийинки бир жанына батканда «ау!» деп алганын өзү да сезбей калар беле, ошентип, бирде «каңк» этсе, бирде «ау» деп айбат чеге билсе, мүмкүн анын өмүрү мынчалык кайгылуу аяктабас эле!

Чындыгына келгенде «ау» деп үрүүнүн негизи «каңк» этип каңшылоо экенин бечара Сарала ит түшүнбөгөн бойдон кетти! Мылтык атылганда жумуртка уурдап жеген төрт көз ит дароо жетип барды. Анан жанталашып, тишин акшыйта шыбыраган Сарала итти көрө коюп, арсылдап үрүп коё берди.

Табасы канган катындар Сарала иттин өлүмүнө абдан кубанышты. Бирок эртеси эле бир баштык сүзмө, дагы бир нече жумуртка жоголду. Мүмкүн аны Сарала иттин өчөшкөн арбагы иштегендир…

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарийлер (1)

  • - Эрболот

    Сарала ИТ кимдин ити?

Комментарий калтырыңыз