Теннесси Уильямс: Парадайз-Бейиш мырза (конкурска №14)

  • 12.05.2023
  • 3140

Сүрөт pechorin.net/articles/ булагынан алынды.

Теннесси Уильямс (1911–1983) – америкалык драматург, азыркы америка адабиятынын көрүнүктүү өкүлү. Адабияттагы Пулитцер сыйлыгынын лауреаты. Кичинесинде үйдө ата-энеси болор-болбоско чаң чыгара жаңжалдашып, бул жеткинчектин жан-дүйнөсүн бүлдүрүп, психикалык жактан травма алып эр жетет. Бала чагында көргөн азап-тозоктон алынган сюжеттердин негизинде чыгармаларды жаза баштайт.

1929-жылы Колумбиядагы Миссури университетине журналистика факультетине тапшырып, драматургия жаатында чыгармаларды жаратуу ишин андан ары улантып, театралдык группа менен кызматташа баштайт. Драматургияда иши жүрүшүп, ал жараткан пьесалар сахнада биринин артынан экинчиси коюлуп, көрүүчүлөрдүн жылуу колдоосуна арзыган.

Теннеси Уильямс жараткан пьсалар азыркы күнгө дейре дүйнөнүн булуң-бурчунда сахналарда коюлуп келет. Анын пьсалары америка театрында улуу бурулушту алып келген. Жыл сайын Жаны Орлеанда драматурга арналып адабий фестиваль өтөт.  

ПЬЕСА

Катышуучулар:

Кыз

Парадайз-Бейиш мырза

Көшөгө: Жаңы Орлеандагы француз кварталындагы тамтыгы чыккан эски резиденция.

Кыз: Парадайз-Бейиш мырза сизби?

(Пауза. Киши аны элейип карап калат.)

Кыз: Энтони Парадайз-Бейиш?

(Киши ооба дегенсип акырын баш ийкейт. Аны көргөн кыздын жүзүнөн жылмайуу тарап баштайт. Кишиге таң кала карап калат да, сумкасын ачып, жупкадай ырлар жыйнагын сууруп чыгат.)

Кыз: Бул китептин ээси сизби?

Парадайз-Бейиш мырза: Сатып алдыңбы?

Кыз: Ооба.

Парадайз-Бейиш мырза: Анда бул сага таандык.

Кыз: Жок. (Бала кыял баёо түрдө.) Искусство – бул товар эмес, мырза. Аны акчага сатып алганга болбойт. Ал жараткан адамга гана таандык. Кирсем болобу?

Парадайз-Бейиш мырза: Албетте.

(Кызга акырын жол бошотот. Кирип келген кыз тамтыгы чыгып чачылган бөлмөнү байкамаксанга салат.)

Кыз: Мен жазган каттар сизге жеттиби?

Парадайз-Бейиш мырза: Ооба.

Кыз: Үчөө тең?

Парадайз-Бейиш мырза: Ии.

Кыз: Анда неге жооп жазбадыңыз?

(Киши илен-салаң бурулуп, терезе тарапка басып барып, парданы ачат.)

Парадайз-Бейиш мырза: Габриилдин сурнайы[1] чалынбаса, мен эмнени укмак элем, кызым.

Кыз: Эмнени айтып жатасыз?

Парадайз-Бейиш мырза: Мен өлгөн барабар акыретте тириле элекмин али. Бул китепти кайдан таап жүрөсүң?

Кыз: Апам экөөбүз кварталда эски буюм-тайымдар сатылган жайларды кыдырып жүрүп, Бурбон көчөсүндөгү чакан дүкөнгө кирип калбайбызбы. Ал дүкөндөн кытайдын чай ичкен чакан үстөлүн көзүбүз чалды. Үстөлдүн бир буту кыска болгондуктан, кылтаңдабаш үчүн анын астына ушул китепчени төшөп коюшуптур. Апам үстөлдү жактырып, аны сатып алган соң, айдоочу аны авто-унаага жүктөгөнү сыртка көтөрүп жөнөгөндө, китепче жерде калды. Сатуучу китепчени карабай чекеге чыгара тээп, басып кетти. Ыргытылып жаткан китепти көрсөм, куйкам курушат. Өзүм да анча-мынча ыр жазымыш болуп калам. Ошого ар бир китеп барагы үчүн канча мээнет кетерин жакшы билем. Китептин ыргытылып, унутулуп же үстөл бутуна төшөлүп жатышы эмне деген шумдук, эмне деген кесирлик! Жерде жаткан китепке эңкейип карасам, мукабасы бозоруп, тамгалар араң окулат. Ошого карабай китеп сыртынан сиздин ысымды окудум: Энтони Парадайз-Бейиш. Бул ысым жан-дүйнөмдү удургутуп, китепти жерден алар замат бир сыйра барактадым да, сатуучуга:

– Бул эмне кылганыңар? Ырлар жыйнагы тебеленип жерде жатат, – десем, сатуучу:

– Ырлар жыйнагы? – деп кайра менден сурайт.

Анда мен:

– Муну кайдан алдыңыз? Бул жакка кантип келип калды? Качантан бери жатат? Энтони Парадайз-Бейиш ким экенин билесизби? – деп суроо үстүнө суроо жаадырдым.

Сатуучу кайдыгер жылмайып:

– Ит билсинби. Муну ушуга окшогон ыпыр-сыпырга кошуп тээ илгери сатып алсам керек эле. Тагыраагы, сатып алган эмесмин, сатып алынган шкафтын ичинде кошо келген. Шкафты кимден сатып алганым эсимде жок. Мындай китептерди кайсы келесоо сатмак эле. Буларды от тамызгы катары гана колдонбосом, мага кереги деле жок, – десе болобу.

Муну укканда:

– Мен алам бул китепти. Канчага бересиз? – деп сурадым.

Ал кол шилтеп:

– Бекер, – дей салып, ары басып кетти.

Бир маалда айдоочу кирип келди да, мени апам күтүп жатканын айтканда, китепчени сумкага салган бойдон сыртка жүткүндүм. Биз башка кечеге чапкылап жөнөдүк. Колледжден каникулга таркап үйдө элем, ошого эки күндүн биринде ушундай шаан-шөкөт. Барган кечебиз маанайсыз өттү. Маанайды ар дайым көтөрүп жүрүшкө эмнеге болбосун. Бир келген өмүрдө буркан-шаркан дайрадай ташып өткөнгө не жетсин. Адам аттуунун баары бир келген жашоодо майда-чүйдө таарыныч, керексиз ыпыр-сыпырга маани берип бок талашып согушуп-чырдашпай, деңиздей чалкып, туйгундай туйлап жашап өтсө, атаганат. Үстүнкү кабатка чыктым да, ушул китепчени барактап жатып качандыр бир кезде кимдир-бирөө менден Брин Мор мага жагар-жакпасын сураганы эсиме түштү. Ишенсеңиз, эңсегеним эми колума тийгендей жанып эргиди. Бул мендеги көңүл кирдеткен ыпыр-сыпырдын баарын жууп кеткендей болду. Буга эмне дейсиз?

Парадайз-Бейиш мырза: (Жай гана.) Сен китепче тууралуу айтып жатасыңбы, кызым?

Кыз: Ооба… Ооба, албетте!

Парадайз-Бейиш мырза: Ммм, жакшы. Бул китепче басылып чыкканына он беш-жыйырма жыл болду окшойт. Азыр бул китепчени эч ким эстебей деле калган. Эч кимдин эсинде жок бу кургур.

Кыз: Эч ким эстебесе, мен эстейм. Үстүнкү кабаттагы бөлмөдө китепчени улам-улам окуй берипмин, окуй берипмин. Канча сыйра окуганымды бир кудай билет. Жан-дүйнөмдү аруулукка чакырган коңгуроо ичимде кагылып жаткандай сезимге бөлөндүм. Салтанат коңгуроосу ичимде кагылып жатты! Бир маалда артымдан издеп келген апам кыйкырды:

– Э, кокуй, бул жакта олтурганы эмнеси! Сени баары кечеден качып кеттиби деп жатышат. 

– Уфф! Дагы эмне болуп кетти, апа? – дедим. – Энтони Парадайз-Бейиш мырзаны билчү белең? Качандыр бир уктуң беле ушундай улуу ысымды?

Апам бул тууралуу укпаптыр да, көрбөптүр.

Кийин бул акынды издебеген жерим калбады: китеп дүкөндөрүн карадым, китепканаларды аңтардым, өзүм тааныган жазуучу атпайдан бүт сурадым. Эч майнап чыкпады. Жер жутуп кеткенсип жок. Акыры айла куруганда китепченин артына жазылган басма үйдүн дарегине аны издегеним тууралуу кат жаздым. Көп өтпөй басма үйүнөн Парадайз-Бейиш мырза басмаканага мындан он беш жылдай илгери бир ирет келгендиги, ошол кезде анын жашаган жери Жаңы Орлеандагы эски француз кварталында экени, андан бери далай мезгил, далай суу агып, азыр ал кишинин өлүү-тирүүсүнөн кабар жоктугу тууралуу кыска-нуска кат келди. Сизге дагы бир кызыкты айтып берейин: Сиз жашаган дарек мага кол жеткидей жакын тура – болгону он беш мүнөттүк жол. Муну билгенде, ойлонбостон туруп дарек боюнча сиз жашаган жайга жөнөдүм. Каникул убагы аяктап бараткан, маалкып жүргөнгө убактым тар эле. Басмаканадан алган жыйырма жыл мурда сиз жашаган дарек боюнча келсем, эшик жабык, үйдө эч ким жок. Анан сизге кат жаздым, жооп келбеди. Бир аз күндөн соң каникул аяктап, окууга кеттим. Кийин мен ооруп калгандыгым тууралуу айтып анткорлонуп, ошондон улам сизге бара албай жаткандыгым тууралуу эки ирет кат жаздым. Эч жооп жок. Албетте, мунун себебин сизден сурап жатканым жок. Бул кишиге акыры бир жолугам деп көшөрдүм. Купуя адамга жолугуш мен үчүн улуу ачылыш менен барабар! Ошентип, ошентип!.. Азыр маңдай-тескей, сиз тигинде, мен мында, Парадайз-Бейиш мырза!

Парадайз-Бейиш мырза: «Сиз тигинде, мен мында»… Бул айтканың ырас. Муну менен эмне айткың келет?

Кыз: Сиз муну билесизби? Сиз муну туйдуңузбу? Мен сизди кайра жашоого кайтаргым келет!

Парадайз-Бейиш мырза: Эмне дейт бу?! Жашоого кайтаргым келет?

Кыз: Ооба, сизди сүрүп салган адилетсиз сокур, опасыз жалган жашоого.

Парадайз-Бейиш мырза: Мен унутулуп калганыма кайыл болуп ал жашоого кетпесемчи?

Кыз: Менден минтип кутулам деп эч ойлобоңуз. Мен эми сизди такыр коё бербейм! Сиз мага учкаштыңыз, мен сизди алып баратам!

Парадайз-Бейиш мырза: Анда токтой тур, кызым. Мен түшүп калайын.   

Кыз: Жок. Мен бул тууралуу белгилүү инсандарга, аттуу-баштуу жазуучуларга, басма сөз ээлерине алдын-ала кабарлап жазып койгом. Сизди өзүм менен ала кетем.

Парадайз-Бейиш мырза: Кой, айланайын кызым, кой!

Кыз: Ошондой, мырза. Генийди баалай билген чөйрөгө алпарам сизди. Ыр ышкыбоздоруна адабий кечелерди уюштуруп, адабиятчыларга лекция өтөсүз.

Парадайз-Бейиш мырза: Адабий кечелерди? Кимге?

Кыз: Адабий ийримдерде, мектептерде, жазуучулар уюмунда автордук ырларды окуп, лекция өтөсүз.

Парадайз-Бейиш мырза: Лекция? Эмне боюнча лекция өтөм?

Кыз: Сулуулук! Искусство! Поэзия!

Парадайз-Бейиш мырза: Кудай сакта. Деги гезиттен анча-мынча жаңылыктарды окуйсуңбу, кызым?

Кыз: Эмнеге?

Парадайз-Бейиш мырза: Бүгүнкү күндө дүйнөгө курал-жарак маанилүү. Поэзия үнүн тарсылдап атылган ок, дүңгүрөп жарылган бомба үнү басып калган маал. Акындын азыр дүйнөгө кереги жок, дүйнөгө азыр жаңы ойлонуп табылган эч бир теңдеши жок ок атуучу жана жардыруучу курал керек. Мындайда акын кургур акыретте эле тирилбесе, бу жалганда кайра туулушу кыйын. Энтони Парадайз-Бейиш аттуу акынды биротоло талкалап жок кылыштын эң оңой жолу – бул дүйнө эли адам кейпинен кеткен Жонаттан Жонсту ээрчип, анын этегине намаз окуш. Көрбөй турасыңбы? Ушундай кебетеси менен адам элге лекция окуп жатканын элестетип көрдүңбү деги? Көздү чооң ачып кара. Маңдайыңда ким турат?

Кыз: Сиздин сырткы көрүнүшүңүз анчалык деле мааниге ээ эмес.

Парадайз-Бейиш мырза: Жок, мунун мааниси бар. Буга али мезгил бышып жетиле элек. Мүмкүн сага анчалык мааниси жоктур, сен айкөл жан көрүнөсүң. Китепче сага аманат, мен апендини анча-мынчада эстеп койсоң эле болду, каралдым. Некрологдон өлгөндөрдүн тизмесине көз сала жүр. Бир күнү Жонаттан Жонстун өлгөнү тууралуу некролог окуп калсаң, дароо мени издеп ушул жайга кел да, Энтони Парадайз-Бейишти тап. Жонаттан Жонс өлгөндө гана менин кайра жашоом уланат. Жонаттан жана Парадайз-Бейиш – бет карашпаган каршылыктар. Жонстун доору гүлдөп турганда, Парадайз-Бейишке бир жакшылык күн жок. Бул сага жалган, мага чын.

Кыз: Сиз кайрадан Энтони Парадайз-Бейиш боло албайсызбы? Бир кездеги Парадайз-Бейишти эми көрбөйбүзбү?

Парадайз-Бейиш мырза: Жок, кызым. Эми баары кеч. Менин азыр бир бутум жерде, бир бутум көрдө. Башка келген өлүм гана менин абийиримди сактайт. Сен кайра келген жолуңа түш, кызым. Эч ким дүнүйөгө түркүк болбогон. Согуштук куралдын да доору бүткөн күн келет, сабыр кылгыла. Ок-дарынын доору бүткөндө гана, адамдар жерде тебеленип жаткан, дааратканада жаткан, от тамызгы болуп меш түбүндө жаткан китептерди таап чыгып, кайрадан китеп текчеге тизишет. Ал кезде жердеги тирүү тозоку – Жонаттан Жонстун доору эбак ойрону чыккан болот. Көпкөк асманда күн күлмүңдөп, сыдырым жел өрөөндүн көк майса чөбүн аймалап, чыт курсак балдар суу жээктеп кумда бейгапар оонап жаткан күн келет. Дүйнөнү мээрим менен айкөлдүк башкарып, эртеңкиси бүгүнкүдөн ыракаттуу күндөр адамзатка койнун ачат. Анан жалбырактай дирилдеген, аккан суудай шырылдаган поэзиянын назик үнү бийик угулуп баштайт: мажүрүм тал саамайын сылап өткөн сыдырым желдин үнү, дыбыраган жамгыр үнү, эзелки акындардын коңур үнү. Муну укканда, эзелтен кан көксөгөн замбиректин, мылтыктын үнү да чыгып баштайт. Бирок поэзия үнүн чекеге такалган тапанча, желкеге тушталган кылыч да баса алган эмес. Поэзиянын тили буулуп калышы – убактылуу көрүнүш. Ал өлбөс-өчпөс – эзилген сайын чыйралат, муунткан сайын тирилет, басынткан сайын буттанат. Андан бетер күчтөнөт. Өлүм аны жерге сүйрөсө, тирүүлүк аны көккө жетелейт. Муну көөдөнү сокурлар гана сезбейт. Акыркы жыйынтык дайыма тирүүлүктүн жеңиши менен аяктап келген, каралдым. Тирүүлүктүн! Жер бетин жексен кылар согуштук куралың менен да тирүүлүктү жок кыла албайсың. Биз бүткүл жер жүзүндө тирүүлүк менен бейпилдик толук өкүм сүргөнгө дейре ырларды жарата беребиз, ырдай беребиз.   

(Ушул маалда сырттан авто-унаанын сигналы сурнай чалынгансып угулат: Биип-бип-биип!...)

Парадайз-Бейиш мырза: Сенин айдоочуңбу?

Кыз: Ооба.

Парадайз-Бейиш мырза: Анда жөнө, кызым.

Кыз: Парадайз-Бейиш мырза.

Парадайз-Бейиш мырза: Кулак сенде.

Кыз: Сиздин айтканыңызда да жан бар. Китепчени тумардай сактап, сизди унутпай эстеп жүрөм.

Парадайз-Бейиш мырза: Некрологдон өлгөндөрдүн ысымын да карай жүр.

Кыз: Макул. Убакты-сааты келгенде, менин тилимди аласыз бирок.

Парадайз-Бейиш мырза: Ыракмат, каралдым. Сенин тилиңди сөзсүз алам.

Кыз: Сизди эч качан таштабайм деп ант берем. Сиздин келечекти өз колума алам. Коштошордо мени бир өөп коёрсуз, Парадайз-Бейиш мырза?

Парадайз-Бейиш мырза: Жок.

Кыз: Эмнеге?

Парадайз-Бейиш мырза: Акактай тунук, жибектей жумшак аруулукка шакмар колду тийгизиштен айбыгып турам.

Кыз: Эхх, Парадайз-Бейиш мырза (Ага оң колун сунуп). Жакшы калыңыз.

Парадайз-Бейиш мырза: Жакшы бар, кызым.

КӨШӨГӨ

Англис тилинен которулду.

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.

[1][1] Габриилдин сурнайы – Ыйык китептерде акыреттеги сурак күнү маркумдарды тирилтүү үчүн Габриил периште сурнай чалат деп айтылат. Ислам дининде Жабраил периште деп аталат.

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз