Диссидент акындын эне-атасын зарлаткан коммунисттик режим

  • 29.05.2023
  • 4628

Иосиф Бродскийдин ата-энеси уулуна жолугууга уруксат сурап 12 жолу бийликке кайрылышкан, ал тургай 1978-жылы Бродскийдин жүрөгүнө операция болгондон кийин да анын ата-энеси АКШга келип, оорулуу уулуна кам көрүү керектигин өтүнүп клиникадан расмий кат жолдонот. Тилекке каршы, уулуна зарлаган ата-эненин өтүнүчү суу кечкен эмес.

Мария Моисеевна Вольперт минтип арыз жазат: «Мен 71ге таядым, башка адамдар сыяктуу мага деле эки өмүр берилген эмес, бул балким өмүрүмдөгү акыркы жолугушуу болуп калар... Карыган чагымдагы энелик өтүнүчүм эң эле жөнөкөй: болгону уулумду көрүп келүүгө 2 ай сурангамын». Дагы 2 жылдан кийин: «Мен 73 жаштамын, уулум менен бул жолугушуу акыркысы. Суранам».  

Американын элчиси Артур Хартманга ата-энесине АКШдагы уулуна барууга жардам берүүнү өтүнгөн Иосиф Бродскийдин каты: «Мен ата-энемди Америкага чакырууга 9 жылдан бери аракет кылып келем. Биздин кырдаал Хельсинки келишимине толук ылайык келет, арийне, мен алардын жалгыз баласымын. Бирок бир-эки жума мурун бизге кайрадан баш тартышты. Бийлик муну орунсуз сапар деп эсептөөдө!»

1981-жылдын 20-сентябрында атасы Александр Иванович Бродский уулуна барууга уруксат берүү өтүнүчү менен арыз жазат: «Мен 80 жаштамын, байбичем үч ай мурун каза болду, аны менен кырк беш жыл чогуу жашап, акыры жалгыз калдым... Туугандарым да, жакындарым да жок бул куракта жесил чал болдум. Оору кетпей, жүгүм оорлоп, мен дайыма кол карап калган кезим...»

Мария Моисеевна 1983-жылы көз жумуп, артынан бир жыл өтүп-өтпөй Александр Иванович каза болот. Энесин да, атасын да акыркы сапарга узатуу зыйнатына келүүгө Бродский эч уруксат алалган эмес. 1964-жылы абак күндөрүндө ал биринчи инфарктка кабылат.

Иосиф Бродский андан кийин да 1976, 1985 жана 1994-жылдары инфарктка чалдыгып, аталган оору аны 4 жолу мертинтет.

«...Алар акыркы он бир же он эки жыл бою менсиз кантип жашашканын билбейм. Бул мага таптакыр туңгуюктагы белгисиздик, муну экөөнүн көндүм турмушу болуп калгандыр деп боолголоп, өзүмдү сооротуп, атүгүл мунун өзү алар үчүн оңдуу чечим болгон деп ойлогонум жакшы. Алар акча жагынан тартыштыкка кабылбас үчүн мүмкүн менин кайрадан камалып калышымдан коркуп, эркиндикке чыгышымды күтүп, күнүмдүк тартипти сакташкан чыгар. Экөөнү карылык жакадан алып турган тушта жөлөк-таяк болбосом да, куру дегенде экөө көз жумар мезгилде маңдайында боло алсам не...»

Бродский «Бир жарым бөлмө» аттуу эссесинде ата-энеси жөнүндө англис тилинде эссе жазып, бул адилетсиздик үчүн «өч алган» болду: «Мен алар жөнүндө англис тилинде жаздым, анткени экөөнө эркиндикти эселеп кайтаргым келет... Түшүнөм, мамлекетти тил менен жуурулуштуруп болбойт, жалгыз уулун көзү өткөнчө чет өлкөгө чыгууга уруксат алуу үмүтү менен он эки жыл бою мамлекеттик канцеляриялардын, министрликтердин эшигин сагаалап, канча жолу кыдырган эки карыпка жоопту ар дайым орус тилинде кайтарышкан. Бирок мамлекет мындай сапарды «акылга сыйбастык» деп эсептеген...

Оңбогур Орусиячалык бир да өлкө өз букараларынын жанын майып кылуу өнөрүн өздөштүргөн эмес. Колуна калем алган эч ким мунун дартына дабаа болалбайт. Жок, буга бир гана Жараткан Теңирдин кудурети жетмек, буга Жараткандын гана убактысы толтура. Менин маркумдарымды англис тили коргосун…»

Виктория ЧУЛКОВА

Кыргызчалаган Бек ТАМЫРЛАН

Булагы: https://web.telegram.org/k/#@whiswh

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз