Саул Абрамзон: Кыргыз коомунда көп аял алуунун себептери

  • 13.07.2023
  • 2526

ПОЛИГАМИЯ

Патриархалдык-феодалдык коомдук мамилелер үстөмдүк кылган шарттарда көп аял алуу үстөмдүктүн жана баш ийүүнүн бүткүл системасынын табигый жандоочусу болгон. Ал ошону менен бирге аялдар эмгегин эксплуатациялоонун формаларынын бири катары пайдаланылган.

Кыргыз калкынын басымдуу бөлүгү өткөн убакта да бир никеде жашагандыгына карабастан, калктын психологиясынын өзү никенин жол берилген жана жагымдуу формасы катары көп аял алууга феодалдык-байлык көз караштарга жык толгон. Бул көз караштар жана салттар көп никелүүлүктү кубаттаган мусулман дининен гана эмес, адат укугунун нормаларынан да колдоого алынган. Ошондуктан, көп аял алуу практикасы кыргыз коомунун эмгекчил катмарына да бир аз өткөн. Бирок көп аял алуунун мында жолуккан учурлары көбүнчө айрым турмуш-тиричилик себептеринен келип чыккан.

Көп аял алуу, кээ бир башка эски калдыктар сыяктуу эле дин жактан келип чыккан көрүнүштөргө таандык деген оозеки түшүнүк бар. Эгер иш чынында ушундай болсо, көп аял алуу кыргыздарда кандайдыр-бир өнүгүү эле, анткени мусулман дини аларда өткөн убакта терең тамыр жайган эмес жана анын догмалары менен укук нормалары эмгекчил чөйрөдө өтө үстүртөдөн гана өздөштүрүлгөн. Башка көп элдер сыяктуу эле полигамиянын кыргыздарда бир кыйла илгерки башаты бар. Бул жөнүндө баарыдан мурда качандыр-бир убакта кыргыздарда өкүм сүргөн патриархалдык чоң үй-бүлөнүн көп сандаган эски калдыктары далилдеп отурат. Анын мүнөздүү белгиси полигамия болгон.

Кыргыздардын арасында XVI—XVII кк. кийин таркаган ислам ага чейин эле кыргыздарда болгон полигамияга санкция гана берип, аны «аластаган». Кыргыздарда полигамиянын тамырынын тереңдигинин ынандырарлык далили катары кыргыз генеалогиясынын материалдары кызмат кылат. Бир катар кыргыз урууларынын урук башчыларынын — кыргыздардын башкаруучу төбөлдөрүнүн чөйрөсүндө көп аял алуу кадимки көрүнүш болгон. Бул XVII к. алгачкы үчтөн бир бөлүгү — ислам кыргыздарда диндик идеология катары үстөмдүккө жетиле элек мезгил.

Генетикалык жактан көп аял алуу азыркы убактагы кыргыздардын ата-бабалары болгон уруулардын курамында калыптанган этностук жалпылыктардын арасында таралган расимдерге барып такалат. Байыркы түрк урууларынын төбөлдөрүндөгү полигамиянын расми жөнүндө байыркы руникалык эстеликтерде даректелет. Маселен, Күлтегиндин урматына орнотулган эстеликте (Чоң жазууда) «аталаш энелер», б.а. Күлтегиндин атасы Билгекандын аялы эске алынган. Мына ошентип, кыргыздарда полигамия салттарынын байыркы дареги бар.

«Токмок уездинин каракыргыздарынын (Кара ордо же жапайы таштак) расимдери» деген кол жазмада мындай деп көрсөтүлгөн: «Көп аял алууга калың төлөөдөн тартынбастан өзүнүн ички сезимин, ошондой эле чарбалык жактан пайданы канааттандырууга мүмкүнчүлүгү жеткен бай адамдар гана жол бере алат. Кембагалдарда гана бирөө (аялы — С. А.) болгон. Уруктук принциптер боюнча ар бир кыргыз тукумун көбүрөк таратууга умтулган, анткени уулдары уруктун санын жана таасирин арттырат, ал эми кыздары карым-катнаш мамилелерди кеңейткен, мына ошондуктан төрөбөгөн аял үйлөнүү үчүн маанилүү шылтоо болгон.

Эң акырында, аялдардын эмгеги менен гана кармалып турган чарбаны жүргүзүү үчүн аялдар зарыл болгон. Манаптардын арасында мактаныч үчүн гана ашык аял алган адамдар жолуккан.

Революцияга чейинки убакта кыргыздарда көп аял алуу кыргыз коомунун бардык таптарына бирдей даражада таралбагандыгын 1913-жылы жарыяланган статистикалык маалыматтар далилдейт. Бардыгы болуп Наманган уездинде 7452 кыргыз түтүнү болгон. Аларда эки аял алуунун 363 учуру жана үч аял алуунун 19 учуру белгиленген. Бул учурлар белгиленген түтүндөрдө уезддин кыргыз болуштуктарында жалпысынан бардык түтүндөрдүн 5,12 процентин түзгөн. Бирок түтүндөрдү кармаган малы боюнча топко бөлгөндө таптакыр башкача көрүнүш түзүлөт. Малы аз түтүндөрдө эки аял алуу өтө сейрек кезиккен (I топто 0,5 процент, II топто 1,7 процент). Бирок V топто алар үй-бүлөлөрдүн бардык санына карата 10,2 процентти түзгөн. Мал боюнча VII топто үй-бүлөлөрдүн башчыларынын чейрекке жакыны полигамияда жашаган, ал эми эң жогорку, IX топто полигамия үй-бүлөлөрдүн 52,6 процентинде белгиленген.

Жогоруда аталгандардан тышкары көп аял алуу үчүн башка себептер жана жүйөлөр да болгон: биринчи аялынын төрөбөстүгү, ошондой эле левират расиминин таркагандыгы.

Полигамия манаптар менен байлардын идеологиясы жана социалдык практикасы менен ушунчалык тыгыз байланышкандыктан «атактууларды жана байларды» биротоло жок кылганга чейин ага каршы күрөшүү зор кыйынчылыктар менен коштолгон. Турмуш-тиричилик көрүнүшү катары көп аял алууну кыска мөөнөттө жоюуга күч жетпеген.

1920-жылдарда эле көп аял алуу бир кыйла кеңири таркаган. 1930-жылдарда гана кыргыз калкында көп аял алуу социалдык турмуш-тиричилик көрүнүшү катары негизинен жоюлуп, моногамия толук жеңишке жетишкен.

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз