1980-жылы болсо керек. Коммунизмдин жеңиши беле же мына-мына аз калды беле, айтор, мектептен үйгө келсем үстөлдө: “Дима! Бананга кезекке туруп, кезекти ээлеп койдум. Биздин номур – 1278. Түшкү тамак үстөлдө даяр. Курсак тойгузуп, дароо жашылчага жөнө! Атаң".
Атам ал күнү экинчи сменде иштемек. Мен да өз кезегим менен биринчи сменада иштеген апама кат жазып койдум. Баса, киши башына 1 килограмм банан колго тийчү.
Жүйөлүү себепке карап, ал күнү атамды жумуштан эрте бошотушуптур, бананды ашыкча килограммы менен сатып алсын дешип. Узун кезектин ушунчалык көкөйгө тийгенин айт. 19:30. Жарым сааттан кийин жабылат деп чарылдаган “Маяктын” ачуу үнү жаңырды... Котологон эл термелип, бүгүндөн калса эртең банандан куру калышарына сары санаа. Эбин тапкандар эптеп тааныштык менен жетсе жетип, жетпегендери ич ара талап кылып баштадык:
– Акыркы банан калганга чейин жабылбасын!
Соода борборунун жетекчилигине ультиматум коюу үчүн демилгелүү топ түзүлө калды. Дирекция болжол менен мындай жооп кайтарды:
— Хрен силерге, жолдош гегемондор! Бул жерде бир аз мурда Тольяттиде автобус айдоочуларынын иш таштоосу болгонун унутпагыла, бул жөнүндө капкайдагы Би-Би-Си, «Эркин Европа» жана башкалардан кабарлашты.
Шаардык комитет кезектин алдына сорок этип чыга калды. Мына сага! Кезекте тизилгендердин арасы уу-дуу түшүп калды. “Энеңди гана с...” деп ызырынгандар соода борборун талкалайбыз болуп калышты. 20 мүнөткө жетпей партиянын райком өкүлдөрү жетип келишти. Алар кырдаалды туюп, элге жана мага майдай жаккан талапка жооп берер милдетти коюшту:
– Акыркы банан калганга чейин жабылбасын!
Түн жарымына чейин бананга “марыдык”. Апам, атам, мен – үч килограмм алдык. Анан калса үч килограмм банандын баары жапжашыл сөңгөктөй десең. Белгилей кетер жери, ата-энем өмүрүндө экинчи жолу банан сатып алгандыктан, алар банан боюнча тажрыйбалуу керектөөчүлөр болушкан. Бул жашыл кабыктуу сөңгөктөрдү бир нече күндө “бышып-жетилсин” үчүн кийиз чокойго сойлотуп, шкафка катып коюшар эле.
Мына анан керемет: эне-атам мага шкафтан сары, жумшак, даамдуу банандарды алып чыгып карматышты! А мен он эки жашар баламын анда. Көйрөңдөнүп, колума көздөн учкан дефицит бананды көтөрүп алып, канаттарым жайылып, оозум кулагыма жеткенче жылмайып, көчөгө чыктым. Бет маңдайымдан жашы 35ке караган коңшу эжеке кезигип:
– Дима, алдагы жеп атканың эмне? – дейт.
– Света эже, бул деген банан да. Сиз деле биз менен узун кезекке турдуңуз эле го...
– Алар жашыл сөңгөк эмес беле!
– Чийки кези да ал. Булар деле помидор сыяктуу. Мөөнөтү келгенче катып коюш керек.
– Түфү! – деди Света эже. – А биз сегиз саат бою кезекте туруп, түнкү бирде үйгө келип жеп көрсөк, ооздо жыгач даамданат. Бананды чийки жегенге болбойт турбайбы деп... кайнаттык. Түшүнүксүз бир клейге айланды. Ошону менен туалетке төктүк. Көрсө, сонун турбайбы мунуң!!! Дим, ооз тийгизчи кичине.
Мен ага банан сундум. Ал эңкейди да, этияттык менен банандын учун тиштеди... Өңү ушунчалык өзгөрүп:
– Мляяяят! – деди. – Биз кандай маңбашпыз. Мындай экенин ким билиптир...
35 жашка келген аял ошондо гана өмүрүндө биринчи жолу банандын даамын татты.
Кыргызчалаган О`Шакир
Материал https://web.telegram.org/ булагынан алынды.
Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.