Саул Абрамзон: Умай Эне культу

  • 21.08.2023
  • 1975

Умай эне культу кыргыздардын байыркы диний культтарына кирет. Бул культту кароого киришүү менен баарынан мурда мунун байыркы түрктөрдүн диний түшүнүктөрүнүн татаал системасынын курама бөлүгү болгондугун белгилеп кетүү керек.

Бул диний түшүнүктөрдүн бүткүл жыйындысын карап чыгууга болгон аракет Л. Н. Гумилевге таандык. Бирок да алардын генезисин Түндүк уюлдун аркы жагында жаткан жана сандардын дин ишенимдери менен орунсуз салыштыруу аркылуу түшүнүү мүмкүн боло койбос. Байыркы түрк бирлештиги түзүлгөнгө чейин Борбордук жана Чыгыш Азияда үстөмдүк кылган диний системалардын табигый өнүгүшүнүн продуктусу катарында байыркы түрктөрдүн динин, биринчи кезекте — алардан мурда жашаган хуннулардын жана сянбийлердин динин изилдеп-үйрөнүү бир кыйла натыйжалуу болор эле.

Дагы бир маанилүү багыт — кечээ жакынга чейин түркий тилдүү элдердин дин ишенимдеринде сакталып келген байыркы түрк дининин калдыктарын изилдеп үйрөнүү болуп саналат.

Байыркы түрк рун тексттеринде Умай теңири жөнүндө айтылган менен, ал жөнүндө ырааттуу маалымат жок. А. Н. Бернштам П. М. Мелиоранский менен В. В. Бартольддун айткан пикирлерине таянып, Умайды аял теңири, үйдүн колдоочусу, укум-тукум сактоочусу катарында карап, мындан аялдардын эне культунун калдыгын көргөн. Мунун баары кандайдыр-бир даражада туура. Бирок Умайдын образы алда канча көп кырдуу болгон.

Кыргыздарда аял теңири, балдарды колдоочу катарында качандыр-бир убакта өтө өнүккөндүгү жана кеңири тарагандыгы талашсыз болгон жана Умай эне жөнүндөгү түшүнүк азыркы кезде көөнөрүп, бүдөмүк, ачык эмес бир калдык түрүндө сакталып калган. Бердибаева Жаңылча[1] бизге айткандай, илгерки аялдар Умай энеге сыйынышчу, Умай эне Батма, Суура аялдардын энеси.

Кыргыз-мусулмандар байыркы теңирдин образын жана анын атын да мусулмандар кадыр туткан аялдардын: Фатиманын (Мухаммеддин кызы, Аалынын аялы) жана Зухранын образдары жана ысымдары менен бириктиришип, аларды бирге аташкан (Батма Зуура же Суура).

Айтууларга караганда Умай эне жерге келгенде анын изи кээ бир аскаларда жана таштарда калган. Аларды Умай энеңдин тагы деп аташат. Кыргыздарда эмчи-домчу жана бүбүлөр төрөт учурунда жана балдарды эмдегенде Умай энеге кайрылышып: менин колум эмес, Умай эненин колу деп айтышкан. Балдарды, ал түгүл чоңдорду да бир жакка жөнөтүп жатышып, кемпирлер аларды Умай энеге тапшырдым деген сөздөр менен узатышкан. Бирок өзгөчө кызык нерсе, Умай энени алда канча жакшылыктуу жана түшүмдүү жылдарда эскеришкен. Түшүм мол болуп, мал көбөйгөндө Умай эненин эмчегинен сүт агат деп айтышкан.

В. В. Радлов да шорлуктарда кыргыздардын түшүнүгүнө окшогон түшүнүктөрдүн бар экендигин белгилеген, алар «умай» деген ат менен жакшы периштени — балдарды колдоочу периштени жана өлгөндөрдүн жанын ала турган периштени аташкан[2], телеуттарда «маi анасi» же «маi аназi» — балдарды сактоочу-периште. Ошол эле телеуттарда, ошондой эле туваларда жана лебединдиктерде эң жогору турган жакшылык периштесинин аты «паjана».

М. С. Андреевдин билдирүүсү боюнча, Арашан капчыгайындагы (Бишкек шаарына жакын, азыр Арашан курорту жайгашкан жерде) аскадагы Будданын сүрөтү азыр «Умай-Ана», б.а. байыркы түрктөрдүн молчулук кудайы Умайдын аты менен Умай-эне аталып, айлана-тегерегиндеги кыргыздардын эркек-аялдары келишип, зыярат кылышат22. М. С. Андреевдин пикиринин тууралыгына Г. П. Снесаревдин изилдөөлөрү да бизди ынандырып турат, ал Хорезм өзбектериндеги Амбар-она[3] деп аталган аялдарды колдоочунун образын толук сүрөттөп берет. Амбар-онанын милдеги — төрөт учурунда жардам берүү, аны жеңилдетүү. Бирок Амбар-онанын дубалдарында бул образдын асман, көлдөр, талаа ж.б. сыяктуу айлананы курчап турган жаратылыш менен байланышы байкалып турат. Амбар-онанын образынан Г. П. Снесарев түшүмдүүлүктүн мусулмандашкан кудайын көрөт, биз муну генетикалык жактан теңир Умай менен байланыштырууга укуктуубуз. Чынында да бул эки образ тең баланын киндиги түшкөн күнү өзбек аначы кемпир «доянын» дубасында, а түгүл кошо айтылганын көрөбүз.

Мына ошентип, байыркы түрк кудайы Умай жалаң эле Саян-Алтай элдеринин гана эмес, Орто Азия элдери — кыргыздар менен өзбектердин диний ишенимдеринде кечээ жакынга чейин жашап келген деп толук негизде айтууга болот. Ал гана эмес, бул образдын көп белгилери байыркы түрк Умайын — түшүмдүүлүктүн культу менен байланышкан эң алгачкы кудайлардын бири катарында кароого мүмкүнчүлүк берет. Мындай корутунду байыркы жана азыркы түрк, моңгол тилдериндеги айрым сөздөрдүн семантикасы менен да ырасталып отурат.

Брокельмандын сөздүгүндө umai сөзүнө Nachgeburt мааниси берилген, б. а. атасы өлгөндөн кийин төрөлүү, ошондой эле — (медиц.) баланын тону. Байыркы түрк сөздүгүндө umai — баланын тону, баланын орду, эненин жатыны, uma тибетче — эне. Волга боюндагы татарларда «ума» — «ич» деген мааниде. Моңгол тилинде умай «курсак» деген маанини берет. Бардык ушул түшүнүктөр баланын төрөлүшү менен, аялдын төрөгүч кудурети менен тыкыс байланышкан.

Каралып отурган образдын эзелки замандан келе жатканын айгинелеген дагы бир жагы бар. Кыргыздарда «умай» деп атала турган оюмдук белги бар, андан да кызыгы, оюмдун бул элементи кушка окшош келип, анын сүрөтү катарында кабыл алынат. Кыргыз тилинде болсо «умай» абадагы уяда жашаган жомоктогу зымырык куш катарында белгилүү. Бул сөз перси тилинен (Huma) алынып, ал дүйнө дарагында жашаган кушту билдирет. Ал «бүркүттөрдүн эң эле зору, жакшылыктар үчүн жаралган эң эле асыл жана кең пейил куш» катарында сүрөттөлөт. Кыязы, теңир Умай жөнүндөгү түшүнүк качандыр-бир убакта күн кудайы (ал көпчүлүк убакта куш катарында кабыл алынат), бардык жандуу нерселерди жараткан, тукумдуулуктун, түшүмдүүлүктүн символу болгон куштун байыркы жалпы адамзаттык мотиви менен байланышта болсо керек.

Хорезмдик легендалардын биринде, уулун издеп жүргөн Амбар-она куш катарында сүрөттөлөт («абада куш болуп учуп жүрөт»). Бул якуттардагы аккуу-белимчи түшүмдүүлүктүн кудайы, якуттарды сактоочу Аисыттын өзү деп эсептеле тургандыгы менен дал келет.

Орто Азияда кезиге турган, балдарга арналып жасалган куш түрүндөгү зооморфдук топурак идиштер, өзбек жана тажик топуларынын орнаменттериндеги куштардын (мисалы, бактек - «мусичтин») сүрөтү, аял төрөп жаткан учурда «албарстыны» кууп жиберүү үчүн казактардын бүркүттү пайдаланганы, үкүнүн канатынан жана тырмагынан балдарды, кыздар менен аялдарды жамандыктан коргоо үчүн жасалган тумарлардын кеңири таралышы (кыргыздарда, казактарда, өзбектерде ж.б.) диний түшүнүктөрдүн ошол эле чөйрөсү менен байланыштуу болушу мүмкүн.

Байыркы түрктөрдөгү, алтайлыктардагы, кыргыздардагы Умай, өзбектердеги Амбар-она, жакуттардагы Аисыт генетикалык жактан алганда бир эле образдын ар түрдүү көрүнүшү. Кыргыздардагы теңир Умай жөнүндөгү түшүнүк, биз көргөндөй, миң жылдыктарды башынан кечирген диний ишеним, мекени Борбордук Азия болгон эң байыркы культтардын калдыгы болуп саналат, ал эми азырынча белгилүү болгондой, анын таралышынын чектерине Алтай, Тянь-Шань жана анын батыш тоо кыркаларына жакын жаткан орто азиялык отурукташкан дүйнө аймагы кирет. Бул түшүнүк коомдун энелик түзүлүшүнөн келип чыккан, а мүмкүн, андан мурдагы доордо пайда болгон көз караштардын категориясына таандык кылынса болот.

Жогоруда келтирилген маалыматтар Умай эненин образынан М. С. Андреев атагандай, түшүмдүүлүктүн кудайын көрүүгө мүмкүндүк берет. Умайдын образын ушундайча түшүндүрүүгө Г. П. Снесарев да кошулат. Ал, ошондой эле түшүмдүүлүк культун диндин өз алдынча болгон алгачкы формасы катарында кароо керек, бул культ дыйкандарга гана эмес, чарбанын ар кыл формалары бар элдерге мүнөздүү болгон деген пикирди айтат. Анын пикири боюнча, түшүмдүүлүк культу тарыхтын башталышында пайда болуп, ар түрдүү элдерде өз өзгөчөлүгү менен өнүгөт жана өнүккөн диний системалардын калыптанышы менен ал системага сөзсүз кошунду катарында кирет, кээде өзүнүн автономдуулук үлүшүн сактап калат. Бул менин жогоруда Умай эне жөнүндөгү түшүнүктүн генезиси жөнүндө айткан пикириме өтө жакын.

Демек, VII—VIII кылымдардагы байыркы түрк тексттеринде эскерилген кудай Умай асман кудайы теңир жана жер-суу кудайы менен катар бизди алыскы өткөн доордо кеңири тараган түшүмдүүлүк культунан (бул культтун ар түрдүү көрүнүштөрү жөнүндөгү «Табият культу» деген бөлүмдөн караңыз) кабардар кылат, ошол эле убакта күн культу менен болгон кээ бир байланышты билдирип турат. Бул болсо азыркы кыргыздар менен уруулардын жана конфедерациялардын байыркы түрк чөйрөсүнүн ортосундагы этногенетикалык байланыштардын учугун ишенимдүү чубап чыгууга мүмкүндүк берет.

Аялдар менен балдардын ырайымдуу кудайы Умай эненин антиподу — кыргыздарда албарсты деген ат менен белгилүү болгон кара ниет жиндер болгон, бул түшүнүк кыргыздардын арасында гана эмес, түркий тилдүү элдердин арасында да (албарсты, албыс, алмыс), тажиктердин жана башка элдердин арасында кеңири тараган. Бул жиндер жөнүндө казактардын жана кыргыздарын арасынан жазылып алынган маалыматтарды, атап айтканда, Ф. В. Поярков келтирет[4].

Бирок албарстынын образы, М. С. Андреев аныктагандай, татаал жана карама-каршы. Анын пикири (кээ бир изилдөөчүлөр кабыл албаган пикири) боюнча бул образ эң алгач төрөттүн эң байыркы кудайы болгон жана ал төрөттүн учурунда катышып турган, бирок кийин гана өзүнүн карама-каршысына — төрөгөн аялдарга атайылап зыян кыла турган аял жинге айланып кетет. М. С. Андреев ошондой эле бул жиндин — Умм-ус-Сабиян (Балдардын энеси) деген арабдашып кеткен атын келтирет. Албарстынын милдетинин көп түрдүүлүгүнө токтолуп, М.С. Андреев мындай деп жазат. «Кайсы бир жерде бул келет да уктап жаткан адамдын үстүнөн басып, ага кыймылдоого мүмкүндүк бербейт, ал эми башка бир жерлерде (мисалы, татарларда) ал атайы тандап алган эркек адамга аял түрүндө, аялга эркек түрүндө келе баштайт, ал келип жүргөн адам чүнчүп, өлүмгө жакындайт. Дагы бир жерде ал жолоочуларды жолдон адаштырат жана д.у.с.»

Ушуга байланыштуу Л. П. Потапов билдирген албарсты жөнүндөгү маалымат кызыктуу. Ал мындай деп жазат: «Карахолдук тувалыктарда болсо, албарсты түндүк алтайлыктардын түшүнүгүндөгү жылаңач аялдын образындагы тоонун жин-ээсинен (тагдын ээси) эч айырмаланбайт, ал мергенчилер менен (аң уулоо учурунда) ойнош болуп, мергенчилердин олжолуу болушун камсыз кылат. Биз Алаша дарыясынын жогорку агымына барган кезде тувалык мергенчилердин албарстылар менен ойнош болгондугу жөнүндөгү ар түрдүү сөздөрдү бир нече жолу уктук».

Бул маалымат албарстынын образына жаңы белгилерди берип, М. С. Андреевдин мында бир ат менен мүнөздөрү боюнча ар башка болгон жиндер менен кудайлардын функциялары айкалышып кеткен деген оюн ырастайт.

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.

[1] Сообщила Жангылча Бердибаева (сел Малтабар, Чуйская долина, 1948 г.).

[2] В.Выгиполъский. Медико-топографические очерки Иссык-Кульского уезда (Пржевальского) Семиреченской области с описанием преобладающих болезней, в зависимости от почвы, климата и бытовых условий среди населения уезда. Военно-мед. журн, 1895, X. стр. 146.

[3] Талызин. Пишпекский уезд. Исторический очерк. Памятная книжка Семиреченского обл. статистическ. комитета на 1898 г.. Верный, 1898.

[4] Поярков Ф. Джинны. Из области киргизских верований. «Этнографическое обозрение», 1894, № 1.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз