АГАРТУУЧУГА БОШТОНДУК -5

  • 15.09.2023
  • 2642

                                                              АГАРТУУЧУГА БОШТОНДУК -5

Abdybakyt Aibashev:

Тил кесмек жок кыргызда! Өз ойун айталбай жалтак болуп, бири бирибизди сатып кылым жашадык, жетет! Кордобогула, ачык сүйлөгөндү. Андан көрө ичтен былгыткан душмандан корккула!

Алиман Абдыкеримова:

Олжобай Шакирдин постторуна каршы пикир айтканым көп эле болгон бирок, кеп азыр ал тууралуу эмес, сөз эркиндиги жөнүндө. Ал такыр башка маселе. Коомдогу көйгөйдү айтып чыкканды эле көтөрүп чабуу туура эмес! 

Аман Кармышаков:

Туура, акын-жазуучулар өлкөдөгү саясий иштерге өз пикирин билдирбей калганы көп болду. Ошонун айынан коомдогу терс көрүнүштөр өтө эле көбөйүп кетти. Руханий жактан жардылык өкүм сүрдү. Бийлик да өз доорунун акын-жазуучуларын өз убагында кепке тартып кеңешип, акыл- кеңешин алып туруш керек эле. Ошондо балким өлкөдөгү азыркы кейиштүү абал болмок эмес. Тилекке каршы буга чейинки бийликтер да, азыркы бийлик да өлкөнүн орчундуу маселелерин чечүүдө бул маселени колго алган жок. Коомдук акыл-кенчтин, руханий баалуулуктардын жаратуучулары, маданияттын көрөңгөсүн алып жүрүучүлөр ушул акын-жазуучулар эмеспи. Албетте бул кейиштүү көрүнүшкө кандайдыр бир деңгээдде өз убагында унчукпай жатып алган акын-жазуучулар да күнөөлүү, деген пикир анда-мында айтыла калчы. Олжобай Шакир дээринде мекенчил инсан. Албетте ар бир чоң иштин жаңылыштыктары да болот. Бирок аны камап коюу туура эмес. Талаштан тактык жаралат. Аны эскертип койсо деле болмок. Бийлик ушундай иштерге кылдат мамиле жасашы керек! 

Kuban Saparaliev:

Олжоке "Рухэш" сайтын ачкандан бери дүйнө элдеринин миңдей жомогун кыргыз тилине которуп, балдарыбызга тартуулаганы эле эмне деген эрдик!

Салтанат Орозобекова:

 Олжобай Шакир ар тараптуу инсан. Жазуучу, акын, котормочу, журналист гана эмес, агартуучу. Бүтүндөй бир институт, коомдук уюм аткара турган ишти мойнуна алып, учур адабиятына чоң салым кошуп аткан, эл-жер деп күйгөн азаматыбыз. Көз карашын билдирген кылмыш эмес! Тескерисинче, Олжобайдай мыктыларды мамлекет колдосо, жасап аткан ишине көмөк көрсөтсө дурус болмок. Олжобай Шакирге боштондук!!!

Риза Савай:

Китеп окубай, сабатсыздыкка ыктап бараткан заманда коңгуроо болуп кагылган агартуучуларды беш колдой колдоп алган коом гана өсүп-өнүгөт. Бул алмустактан келаткан жазылбаган мыйзам. Олжобой Шакирге боштондук!

Самаган Орозалиев:

АКЫЙКАТ СӨЗҮН АЙТПАСА АКСАКАЛДАН НЕ ПАЙДА!

КАЛЫС СӨЗҮН АЙТПАСА КАЛЫҢ ЭЛДЕН НЕ ПАЙДА!?

Демекчи, кайрылууга бүтүндөй интелегенция кошулууга милдеттүү!

Эгер бийлик мындай (сокур, дөөпүрөс мамилени токтотпосо) анда элдин толкуп чыгышына саналуу гана убакыт калыптыр.

Абдинаби Даабеков:

Айыл адабиятын алдейлеген айкөл эле, акыйкат үчүн, адилеттүүлүк үчүн бошотулсун!

Нурила Айдарова:

"Айткандын оозу жаман, ыйлагандын көзү жаман" болбосун!!! Олжобай Шакир агай сыяктуу инсандардын "бирөөнү мөгдөтө коёюн" деген ич ириткен арам ойлору болбойт. Калк үчүн жанын сайып, өмүрүн сарптап, убактысын, билгенин аянбаган адамдардын сап башында турат. Педагог, муун тарбиясына, келечегине жоопкер инсан катары айтып жатам...

İbragim HanTürk:

Норвегияда мага кайдан келдиң?, - деп сурашат. Кыргызстандан келдим, деп жооп берем. Адам укуктары, адилеттүүлүк, тең укуктуулук боюнча бетибиз жерди карабасын десек анда сөз эркиндигине жол бериш керек. Ошондо Кыргызстанды сактаганга себепчи болсун деп Олжобай Шакир байкенин эркиндигине кол койгула деп айтат элем. Аны узак жылдардан бери тааныйм. Чыгармаларын которгом. Чет элдиксиң дебей мага да түз айткан адам. Кыргызстан жаратылышы менен гана кооз болбой, акыйкатчылыгы менен да таанылсын.

 

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз