АГАРТУУЧУГА БОШТОНДУК – 9

  • 06.12.2023
  • 1542

АГАРТУУЧУГА БОШТОНДУК  – 9

Акын Азамат ОМОШ

О'ШАКИРГЕ КАТ

Бирине жаксаң, жакпадың дагы бирине,

Каргаган болду: "Тибиртке чыксын тилиңе!"

Апенди чалыш мүнөздүн тартып азабын,

Түшүнбөй койдуң окшойт го заман тилине.

 

Деп баштап катты, чачырайт улам ойлорум,

(Сапарым Бишкек, чубалган ийри жолдомун.)

Кейийм да, кайра куржуну толуп чыгат деп,

Кубанып коём Олжобай деген молдонун.

 

Караңгы түндүн артынан кайра атат таң,

Күчтүүлөр курчуйт башына түшкөн азаптан.

Олжобай молдо дебестен анан не дейин,

Күрөшкө чыксаң селдең - ой, калем жаракчан.

 

Калбады окшойт акчадан башка – ыйыктан,

Экенбиз пенде көргөндү бачым унуткан.

Манасты деле сөгүнчөөк Чубак жөлөсө,

Жыландай жылма Абыке, Көбөш куруткан.

 

Он беши айдын караңгы, жарык он беши,

Жарыкта нечен сыноону тартат эр башы.

Бардам бол, ага, сөккөндөр сезер катасын,

Сыноого сынбайт жигиттер бекем бардашы.

 

Жазылчу сөз көп, бүгүнчө катты бүтөйүн,

Жакында сотуң, сотуңду, агам, күтөйүн.

Эзелтен элде тил кесмек деген жок эле,

"Тилиңди" кеспейт деп тилек кылып кетейин...

 

О'ШАКИРГЕ ЭКИНЧИ КАТ

Күзгү жамгыр жаап жатат себелеп,

Күндөн күнгө суук өкүмүн билдирет.

Басам ойлуу, жалбыракты тебелеп,

Бир ай мурда бутакта эле дирилдеп.

 

Анда ушул жалбырактын жанында,

Балким булбул сайрагандыр тил безеп.

Дарак жаңы барик байлайт жазында,

Булбул ырын ырдайт кайра, ким билет,..

 

...андагыдай Күн чубактап чыгыштан,

Күн батышка батып жатат күүгүмдө

Баса калып кокус бирөө жылмышса,

Баягыдай өтүп жатат бул дүйнө.

 

Бирде өйдө, бирде ылдый дүйнөдө,

Башкача ой жүгүртмөк да азап чын.

Мекен майлуу жилик дешип жүргөндөр,

Курч бычагы эт шылыган касаптын.

 

Кызык үчүн турмуш кыйла чуркапмын,

Кызык болбой Кыргызстандын тагдыры.

...ишке шашам кайгысынан курсактын,

Ичиркентет күздүн муздак жамгыры.

 

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз