АГАРТУУЧУГА БОШТОНДУК -10

  • 06.12.2023
  • 1176

АГАРТУУЧУГА БОШТОНДУК -10

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, белгилүү манасчы Самат Көчөрбаев калемгерге тагылган айыптар негизсиз деген ойдо. Ал мындай жол менен эртең башка маданият өкүлү да жеке пикири үчүн жоопкерчиликке тартылып калат деп чочулайт:

“Негизи эле камап коркуткан жолду өткөн тарыхыбызда бир нече жолу басып өткөнбүз. Камаган не болуп калыптыр, четинен аткан учурлар да бар. Бирок кыргыздын табиятына тиешелүү ички духун, мекенчилдик сезимин мындай жол менен токтотуу мүмкүн эмес. Тескерисинче ал чыңалууга алып келет. Азыр ошондой чыңалуунун кадамдары чоң-чоң шилтенип бараткандай. Эч ким революцияны каалабайт, бирок жеке пикирин ачык билдирип чыккандар түшүнгөн адамга ошол нерсенин алдын алалы деген коңгуроо да.

Өзүм билемдикке жол бербейли, эл менен эсептешели, эл байлыгы элдин өзүндө болсун деп конституциялык укугун пайдаланып, төрт пансионат башкаларга кетпесин десе, ал мекенчилдик эмеспи? Андай болсо мыйзамдуу жайын өкмөт элге көрсөтүп койсун да. Ошондо Олжобайга окшогондор түшүнмөк. Анан антпей сүйлөгөн эле кишини камай беришеби? Маселен, мен манасчымын, мен да чыгармачыл адаммын. Ошол эле Олжобай Шакир ойлогон ойду мен да ойлоп, төрт пансионат жөнүндө айтып чыгып, же болбосо сөз эркиндиги кысымга алынууда, келгиле тынчтык митинг кылалы деп койсом, анда мен деле ушул тагдырга бет келип калам да. Митинг бул – тынч жыйналып пикир билдирүү деген эле сөз. Үнүбүздү жогору жакка жеткирели деген сөзү төңкөрүш жасоого чакырык катары кабыл алынып жатканына түшүнбөй турам. Олжобай Шакир же жалгыз төңкөрүш жасап сала турган кишиби? Жеке пикиримде Олжобай камаса, андай ойлонгон он Олжобай, жүз Олжобай, миң Олжобай бар экенин унутпашыбыз керек”.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз