ТЕМИР КИШЕН
Абакка кабылганда,
Колума темир кишен салынганда –
Мен өзүмдү сездим анык жазуучу:
Эркиндикти эңсеген,
Чыккан үйдөн, кеңседен!
Камалбастан үйүмдөгү бир бурчта,
Камалган оң күрөш үчүн турмушта.
Эркиндикти ким эңсесе – камалат.
Илимпозго, тарыхчыга, акынга,
Ойчулдарга адалат,
Эзелтеден маңдайына буюрган:
Түрмө, өлүм, кыйноолор...
Эркиндикти коргоого
Керек дайым далалат.
Балапанын коргогондой канаттуу,
Тырмагынан жырткычтын
Коркпогондор күрөшөт,
Түрмөлөрдө күн өтөт,
Эркиндикти жүрөктөрдө түнөтөт –
Аң-сезимдер ойгонот.
Эзелтеден Эркиндик
дал ошентип корголот.
Бийлик – жырткыч. Канаттуу куш – гуманист.
Кепилдик жок андан башка
ЭРКИНДИКке урагыс! 28.09.23