О'ШАКИР: КОШ КАНАТЫМ

  • 16.10.2023
  • 1069

КОШ КАНАТЫМ

Эрте ажырап энеден,

экөө анда кенедей.

Боздоп ыйлап үчөөбүз,

бошой түшкөн керегем...

 

Батпай кайгы кейитсе,

барар элек бейитке.

Балбалактап жаш төгүп,

бата кылып шейитке...

 

Ыйлап, ыйлап бырылдап,

Ырдап кайра кыңылдап,

Соорончубуз тез эле,

Сооронбосок кыйын деп.

 

Өттү турмуш ал дагы,

өчү менде калбады.

Өксүп жүрүп балдарым,

өз жолдорун тандады.

 

Кошо жасап чоң ишти,

кош канатым болушту.

Өстүк чогуу үчөөбүз,

өстүрдүк үч добушту.

 

Сырдаш, муңдаш чоңойдук,

ыйлаак болбой оңолдук.

Кош канатым экөөсү.

Экөө жокто болом бук.

 

Адам болдук астадан,

ар ким өзүн таптаган.

Ишенимдүү дос болдук,

ичте сырды катпаган. 03.10.23

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз