О'ШАКИР: КЕЗЕҢ КЕРБЕЗ

  • 06.11.2023
  • 2145

(Пикирлешим, жарандык коомдун өкүлү Евраз Осмонго арнайм)

  1. Оң кайрык

Илим-билим, жаратмандык мураты,

Сергек, дилгир эс-акылы, уяты,

Замандаш көп учурбапка умтулган,

Уюп жаткан улуттун күч-кубаты.

 

Улуу максат, сапарларды көздөгөн,

Улутпуз деп кем калбаган өзгөдөн.

Алар даяр чоң дүйнөлүк жарышка,

Дем-күч, шыгы элди ойготуп, козгогон!

 

Сабатсыздар, түркөй, маңкурт, караңгы

“бузуку” деп атап келет аларды.

Ооба, чындык! Бузукулар – жаңычыл!

Эски, чирик оңойт кыйын абалды.

 

Таштагыла, эски доордук кусаны,

Келгис артка өткөн өттү, узады!

Өзгөрүүсүз системаны, чирикти

Талкалайлы, эскиликти бузалы!

 

Арабызда “бузукулар” арбысын,

Караңгылар жаадырса да каргышын!

Жарандык коом жарыктантсын жашоону!

Жарандык коом аянбасын бар күчүн!

 

Көрөсөндөр кайратынан тайбаган

Көрктөйт, оңдойт эл турмушун кайрадан.

Өзгөрүүдөн наадан, түркөй караңгы

Эскичилер коркот тили сайраган!

  1. Терс кайрык

Сабаты жок, түркөй, караңгы

Сапатсыз сан, ар бир жаранды,

Өздөштүрбөс өрнөк, нусканы –

Өлкөбүздүн санайм душманы.

Уктап жаткан максат, кыялы

Чоң алардын коомго зыяны.

Керегине элдин жарабас,

Өзүмчүлдөр алар кара баш.

Мал сыңары жанын баккандар,

Макулуктай баарын аткарган!

Өссүн үчүн өлкө жогору

Көбөйбөсүн алар оболу:

Эртеңки коом кооптуу курулуп,

Кылмышкерлер туулат чубуруп!

                                   22.10.23

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз