О'ШАКИР: ЖАЗМЫШ

  • 11.12.2023
  • 1292

Кемелине келип турган кезинде

Кетти канча арабыздан мыктылар.

Каркыбарлар оту жанып көзүндө

Катар кемип, топ жарыштан чыктыңар.

 

Ажал мойсоп арчалардай суюлдук,

Арчалардай жашыл бойдон, жаш бойдон.

Алга беттеп өрт, курч кезде жулундук.

Азыр чанда кезигишүү аш-тойдон.

 

Кайран кезең дуулдаган капарсыз,

Каткырыктай капилеттен үзүлдү.

Өстүргөнгө жетпей мурут, сакалсыз

Өттү көбү көрбөй өмүр күзүңдү.

                        18.11.23

 

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз