
"Чөкө ата, Чөкө ата, токтой туруңузчу!", - арт жагынан баланын кыйкырганын угуп, Чөкө токтой калды.
- Ой, эмне болду? – деп сурады ал энтигип калган баладан.
- Сизди Керимбек атаныкына жентек тойго чакырып жатышат, алар кыздуу болушту, атын Суусар деп коюшту.
- Эмне дейт? – деди Чөкө таң калып,- эркектер да кыздын жентек тоюна барчы беле? Жок, мен барбайм; азыр аялыма айтам – ошол барсын, менин ансыз деле иштерим көп, - деп териккен үн менен жооп берип, үйүн карай бет алды.
Тойго чакырган жерге барбайм дегенди биринчи жолу уккан бала анын артынан апкаарый карап калды. «Бала төрөлгөнү бул эң чоң кубаныч да, бирок бул киши ушундай кескин түрдө баш тартты»,- деп ойлоду капаланып калган өспүрүм Чөкөнүн үйүнүн жанындагы дөңдөн түшүп келе жатып.
Үйгө кирээри менен Чөкө алдынан кубанып жүгүрүп чыгышкан эки уулун сүйүнүч менен кучагына тосуп алып, колдорунда теңселте баштады. Уулдары бул жашоодогу анын эн чоң сыймыгы жана зор бактысы эле.
Узун бойлуу, кең далылуу, чымыр денелүү, бардык келбети анын сейрек учурай турган күчтүү адам экендигин айгинелеп турчу. Ал майрамдарда айылдардын ортосунда уюштурулган чоң мелдештерде, ар кандай улак тартыш, ошондой эле эркин күрөштөрдө такай жеңишке ээ болчу. “Балдарым чоңоюп, менин ордумду татыктуу түрдө басышат жана бардык иштеринде дайыма алдыңкылардан болушат”, - деп көп кыялданчу.
... Эки узун таякты чанаанын таманындай кылып байлап алып, Чөкө алардын үстүнө кыйылган бутактардын чоң таңгагын жүктөдү. Кыштын кычырап турган мезгили эле, үйдө мурунтан даярдап койгон отун-суу жетишерлик эле, бирок ал дарыяга муз калың тоңгонун көрүп, аркы өйүздөгү токойдон барып дагы отун алып келейин деп чечти. Ага жардам бере турган эч ким жок эле, ошондуктан эгерде кыш создугуп кетсе, отун жетеби деп тынчсыздангысы келген жок.
Жай бою ал аттын тезеги менен уйдун жампасынан көң даярдады. Чоң үймөк кылып, аны калың тегерекче жасап жайып, үстүнө суу чачып, ат менен тебелетип аралаштырып ийледи. Анан үстүн тегиздеп, кургаганча калтырып койду; каткандан кийин күрөк менен сайып, кертип, аны сарайга жыйды. Айылдагылардын баары эле ушунтишчү - көмүр анда жок эле, ал эми Суусамырдын кышы узак жана катуу болор эле.
...Сүйрөп келе жаткан оор жүк өткөн күндөр жөнүндөгү оор эскерүүлөргө тартты. Анын эки уулу тең атасындай узун бойлуу жана дени сак, чымыр болуп чоңоюшту. Акырындап кыздарга да көз салып калышты, эне-аталары үйлөнүү тойлорго камына башташты, уулдары удаа, ортосу бир жаш эле жана куда күтүү тойлор деле алыс эмес болуп калды...
Бирок каргышалуу 1941-жылдын июнь айы бардык үмүттү жана кыялдарды ойрондоп салды. Эки баланы биринчилердин катарында аскер комиссариатына чакырышып, фронтко жөнөтүштү. Адегенде алардан тез–тез каттар келип турду, анан акырындап токтоп калды да, соңунда эки уулуна тең: "Дайынсыз жоголду" деген кара кагаз келди. Бирок бул кагаз аларга бир аз болсо да үмүт калтырды, уулдары бир жерден адашып, жоголуп калышкандыр жана жакында табылат го деп чоң ишеним менен ойлоп жашашты. Жылдар өтө берди, балдары дайынсыз бойдон кала беришти...
Бир жолу кимдир-бирөө райборбордон кубанычтуу кабар алып келди, туткундарды алмашуу башталыптыр деген. Балким биздин балдар арасында бардыр деп, сүйүнгөн бойдон Чөкө үйгө жүгүрүп келип, кой союп, аялы боорсок бышырып, жайылган дасторкондун четине отурушуп, балдарын күтүп башташты. Күндөр өтө берди, алар терезенин тыкылдаганын укпай калбайлы деп, кезектешип укташчы болушту.., акыры уулдары оор жарадар болуп, кайсы бир госпиталдарда өз аттарын да эстей албай жатышат го деген үмүт менен калышты.
... Кайгылуу ойлорун кичинекей баланын үнү бузуп кетти:
- Чөкө таята, токтосоңуз, мен сизге жардам берем.
Бурулуп карап, алты-жети жаштагы кичинекей баланы көрүп, таанып жана анын суранычына таң калып токтоп калды.
- Бир нерсе болдубу?
- Жок,- деп жооп берди Окин, - баланын аты ушундай эле, - мен жөн эле сизге жардам бергим келди.
- Ой, сен эмнени жасай аласың, сен али абдан кичинекейсиң, мен өзүм эле акырындык менен жеткирип алам; үйүңө чурка, болбосо үшүп кетесиң.
-Жок,
- Макул эми, айтканыңдай болсун, чарчап калбасаң эле болду.
Чөкө жүгүн тартып жөнөдү, артынан баланын бышылдаганын жана отундун таңгагынын бир капталынан экинчи жагына чуркап өтүп, кантип жакшылап бекем кармап алышты ылайыктай албай жатканын укту. Негизи ал жардам бергенине караганда көбүнчө тоскоол болуп жатты, бирок тырышып алып айтканынан кайткан жок.
Бир маалда Чөкөнүн жүрөгүнө болуп көрбөгөндөй чоң кубаныч толуп кетти, өткөн узак жылдардан бери ага эч ким деле жардам берген эмес, баарын аялы экөөлөп эле өздөрү жасашчы. Баланын жакындыгы, анын жардам бергенге аракеттенгени, ал жөнүндө кам көргөнү Чөкөнү жашытып салды. Көздөрүнөн жаш куюлуп, аны токтото албай, бир жагынан токтоткусу деле келген жок, жалгыздыктын узак жылдарында ага ушундай баланын жылуулугу кандай гана жетишпеди...Бирок кубаныч менен бирге анда кандайдыр бир түшүндүрүлгүс күнөөнүн таң каларлык сезими пайда болду.
Чөкө дөңсөөнүн алдынан токтоду да, балага мындан ары өзүм алып кетем деди. Ыраазычылыгын ага билдирип, чекесинен өөп, анан күтүлбөгөн жерден ушунча жылдар бою эч качан эстебеген окуя оюна кылт этип пайда болду. Бул эсине түшүүсү ага чагылган жарк эткендей болду: дал ушул жерден көп жылдар илгери аны жентек тойго чакырышкан, дал ушул жерден ал ага баргандан баш тарткан жана дал ушул жерде ошондо бала төрөлгөндүн кубанычына кайдыгерлик кылып койгон кыздын уулу азыр аны сүйүнүч менен карап турду.
Чукул бурулуп Чөкө үйүнө жөнөдү, аны көргөндө, аялы бир нерсе болгонун дароо түшүндү. Демин кыстырып жаткан өксөп ыйлоосун токтотпой ал аялына мындан далай жылдар мурун туура эмес иш кылып койгонун, аны эч качан эстебегенин, азыр болсо ошондогу мамилеси аны абдан чоң өкүнүчкө жана кабыргасы кайышууга алып келгенин айтып берди.Чөкөнүн башынан кучактап алып, аялы кошо ыйлады. Канча жылдан бери чогулган кайгысын, кусалыгын кучакташып, эч тартынбай, Кудайга жеткендей үнү менен ыйлашты.
Бул алардын балдарынын келбей калганына көздөрү жетип, биринчи кошок менен ыйы болду. Көпкө чейин ыйлашты, кой деген киши болбоду. Анан ыйын токтотуп, беттерин жууп унчукпай, баштарын жерден көтөрбөй олтурушту, ар кимиси жүрөгү менен балдары менен коштошту...
Эс алып, алар Суусардын үйүнө барышты, Чөкө анын уулу үйгө отун сүйрөп жеткиргенге жардам бергенин айтып берди. Суусар экөө "жаманбай" уруусунан эле. Кайрат-күчүн жыйып, ал сөзүн баштады.
- Суусар, көп жыл мурун, сен төрөлгөндө мен жентек тоюңа чакырыкты кабыл албай койгом; мындай иш чараларга эркектердин барганы туура эмес деп эсептеп, мен бой көтөргөндүк, текеберлик кылган экенмин. Сен билгендей, менин эки уулум бар эле, Кудай бизге кыз берген жок. Бирок, эгерде сендей кызыбыз болгондо, бүгүн менин жээним мага жардам берет эле. Мен туура эмес иш кылыптырмын, мен кесир кылган экенмин,- деди ал.
- Эчак өтүп кеткен иш үчүн капаланбаңыз,ал өттү, кетти. Андан көрө сиз үмүтүңүздү үзбөңүз, Кудай буйруса, балдарыңыз үйгө келип калар, - деп жооп берди да, энесине ыктап жабышып отурган кичинекей уулунун башын жароокерлик менен сылап койду.
Окин алардын сөздөрүнүн эч нерсесине түшүнгөн жок, бирок аны мактагандарын абдан эле жакшы түшүндү да жана аны менен сыймыктанып калды. Ал улгайган кишиге жардам берди, жомоктордогу анын сүйүктүү каармандары сыяктуу жакшылык кылды, жакшы иш жасады.
Күнүгө кечинде атасы - кыргыз тили жана адабиятынын мугалими, ошондой эле мектептин директору, - ага ар кайсы дүйнө элдеринин жомокторун окуп берчү. Бирок Окин алардын баарын чогуу эле "Андерсен" деп атачы. Ал атасына ушундай эле айтчы: мага "Андерсенди" айтып берчи деп, себеби ал биринчи уккан жомогу Данияннын эн мыкты жазуучусу Ганс Христиан Андерсендин жомок китебинен эле.
... Чөкө узак өмүр сүрдү. Каза болордон бир аз мурда ал айылдаштарынын төбө чачын тик тургузган жана райондун партиялык жетекчилигин кыжырдантып, каарына калгандай адаттан сырткары жосуну жок жорук жасады. Айылда Тася деген фельдшер бар эле, анын күйөөсү Гриша мыкты жыгач уста жана колунан көөрү төгүлгөн чебер адам эле. Чөкө Гришадан ага мүрзө казып бер деп суранды, анткени балдары эмдигиче келишкен жок, ал эми туугандарын убара кылгысы келбеди.
Мүрзөнү казышты, ага капкак жасашты да, аны менен кире беришин жаап, үстүн топурак менен бир аз көөмп коюшту. Мүрзөнүн устүнө жыгачтан төрт бурчтуу, капталдары ачык чатырча күмбөз орнотушту. Чатырынын үстүнө Гриша жыгачтан оюп жасаган кушту орнотуп койду.
Бул боюнча райондон кишилер келип, жалпы айылдагыларга чоң жыйналыш болду. Мындай окуя эч жерде болгон эмес, бул биринчи жаңжал эле. Чөкөгө нааразы болгондор бул эмне деген жорук, буга кантип даап барды жана биз кантип анын мүрзөсүн казбайт элек дешти.
Чөкө кылган жоругу үчүн жалпы элден кечирим сурады. Ал бирөөнү капа кылайын деген оюм жок эле, жашоо ушундай болуп калды, - деди... Ушул жерде отургандардын арасында бир да адам жок согуштун залакасы тийбеген, мени баарыңар жакшы эле түшүнүп жатасыңар. Балдарым мени акыркы сапарга узатып, баланын милдетинен кутулгандай эле элес жасайын дегем. Билесиңер, алар дайынсыз кетишти, бирок менин жүрөгүмдө түбөлүкө тирүү бойдон калышты, - деп түшүндүрдү чогулган элге...
Чөкөнүн сөзүн эл баш ийип кабыл алды...
"Айткан сөзгө кандай жооп болорун, билүү аны бизге берилген эмес."
(Ф.Тютчев, орус акыны, ойчул, XIX к.).
30. 07. 2023 ж.