О'Шакир: Зар заман (Белгилүү адабиятчы Үмүт Култаевага арнайм)

  • 29.01.2024
  • 1410

Сагыныч коштоп адатта,

санаа-ой эзип абакта:

сабалап учкан куш көрсөм,

жабышкым келет канатка.

 

Жаңырган кезде ай көктө,

жалдырап көзүм айнекте.

Жанымдай сүйгөн түгөйүм

жарк этип жүрөт кай жакта?..

 

 Көрүшө албай бетме-бет

сүйүүбүз неге чектелет?!

Табылбай калыс,адил сот

 тагдырым неге экчелет?

 

 Көнгөндөй келип үйүмө,

көңүл жай жетип сүйүүмө...

көзүмдү ачып ойгонсом,

көргөн түш алдайт күнүгө!

 

Темир тор курчап жашоому,

эрким жок кетер баш ооду.

Кыргызга күйсөң ушукен:

кыянат соттор - баш оору.

 

Жаткандар басып бийликти,

жар салып жарлык,буйрукту:

зарлатып жанды какшаткан

зар заман келди - туйдукпу?.. 24.01.24ж.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз