О'Шакир: Ага - досум

  • 21.02.2024
  • 770

(Публицист, адабиятчы Жолдош Турдубаевге арнайм)

Жокем бар - ага, досум, каралашым,

байлаган калыстыкка кара башын.

 

Жүрөбүз баалай албай, барктай албай,

эл болсок ушул экен артта калган.

 

Тээ качан көздөгөнү - илим - билим,

санаасы - элибиздин биримдиги.

 

Муюбай коом агартуу көздөгөнү,

муюткан мөңкүп жүргөн кезде мени.

 

Акырын тизгинимди тартып турат,

азоолук жүрүш кооптуу - айтып турат.

 

Кээде мен кеткенимде кыялым чаап,

кеңешин айтып калат кыябын таап.

 

Жиндилик мүнөзүмдү оргуштаган,

Жокемдин адаты бар: оң нускаган.

 

Эскертип чектен ашып баратканым:

билемин мага жүрөк канатканын.

 

Жоругум кармап канча жөн жүрбөдүм,

жоошутуп Жокем койбойт көндүргөнүн.

 

Ага-дос мамиле бар арабызда,

агартуу иши дайым санаабызда...

 

Айткыла, Жокем айтса - күчөнөмүн,

атпай журт көрөт анда бүт өнөрүм.

 

Айткыла, Жокем тыйса - жиндилигим

ашынып: арта берет ийгилигим!

 

А балким Жокем койсо какшаганын - 

андале О'Шакирдин аксаганы!

                  27.01.24

Рухий майып коомдо Ж.Турдубаевдей публицист, адабиятчыларыбыз жокко эсе. Жокко эсе дегеним кандай? Бар бирок жок адамдар толтура бизде. Баары эле жазмакер, баары эле билерман. Адабиятчылардын көбү оозеки адис болуп алышкан. Оозеки ой бүркүп коюу баарыбыздын колубуздан келет, бирок Ж. Турдубаевдей туруктуу калем ээлери өтө аз. Публицистика же адабиятка тийди качты, үстүрт мамиле кылгандар. Буга келгенде  тыным билбес Жокебиз коомдо болуп жаткан баардык процесстерде бурчтан шыкаалап жатчу митайымдардан эмес. Өзүн интеллигенция санаган митайымдар толтура: "Саясатка аралашпайм" деп өздөрүн "булгагысы" келбеген тунуктар алар!

Жокебиздин артыкчылыгы - ар дайым коом агартуу мүдөөсүн жарым жолго таштап койбоду. Фейсбукта түрдүүчө коомдук талаштар күчөгөндө ортодо калыс пикир тутунган жалгыздардын бири ал даа! 

Оболу коомдун сапатын, элдин аң-сезимин калыптачуу рухий дөңсөө болбосо, баары эле кургуйга куюлган кум кулактар көбү. Эл массасын ээрчип кетчүлөрдү Жокеме окшогондор токтотот. Болбосо баары эле боордон ылдый тоголонгон таштай адыраңдап паска кетсе, элдин көрөңгөсү кантет?! "Жүрөбүз баалай албай, барктай албай, эл болсок ушул экен артта калган" дегеним ошол. Мен какшаган рухий күрөштүн алдыңкы сабындагы Жокемден алаар өрнөк көп...

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз