(Калемдешим Каныбек Иманалиевге арнайм)
Темир тордо түзөп лотос - мандашты,
өзүм менен токтотподум кармашты.
Дейди ойлор кетпейт мээни көсөгөн,
демди тыңшоом - жымжырттыкка көзөмөл.
Дем чыгарып, дем тартканым угулбас -
шыбыр үндөй: "Жандүйнөңдүн муңун бас".
Жымжырттыкта демди ичке тартканым -
жүрөк тыңшайм: "Көөдөнгө жүк артпагын".
Ыргак бузбай чыгарганым демимди -
жүрөк устат: "Калтырба, - дейт, - кегиңди".
Будда - дзэн- уч кыйырсыз мейкиндик,
бүтүн дүйнө - сүйүү, бакыт, бейпилдик.
Мандаш токуп мен отурган "түрмө" бу -
маанисине жетип оңдоо дүйнөнү.