О'Шакир: Талант тагдыры

  • 22.03.2024
  • 442

Акын эле алабарман, көңүлчөк,

тирлигинде жалкоочалыш,эринчек.

Тагдырына көп таарынган,кызганчак

таап алган бир анык кокуй келинчек.

 

Сулууларды сүйдү,чапты өпкөсүн,

жакчу ага ойношчулук, шок жосун.

Дили кирсиз баё болчу ишенчек,

ажыратчу эмес кургур кас досун.

 

Ичпеймин деп өзү менен күрөштү,

бирок болбой жармач-достор илээшти.

"Тартып ийчи жүз граммды калтырбай,

талантсың!"- деп жондон таптап сүрөштү.

 

Бук жазылбай ичсе дагы күнүгө,

бутун сүйрөп жетип-жетпей үйүнө...

жетелешип жүрүп кайран таланттын

жетти акыр жармач-достор түбүнө! 13.03.24.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз