О'Шакир: Гүлзардагы муң-зар

  • 23.03.2024
  • 641

(Америкада жашаган мекендешим Кылыч Кыргызга арнайм)

Бук көңүлүм жазды

булбул үнү наздуу.

Өксүк,өкүт күндөр-

өттү көппү,азбы...

 

Жаздыгымда жадап,

жаткан жайым абак.

Сыртта булбул үнү

сыйрып жүрөк канап...

 

Жазгы таңда булбул,

жан сыздатат кургур.

Тереңдикке сүңгүп,

терезеде турдум.

 

Тилиң безеп булбул,

тилип жүрөк турдуң.

Аяганың бекен-

абакта деп кургур.

 

Жакын бизге гүлзар.

Жаңыргансыйт муң-зар... 14.03.24.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз