О'Шакир: Адам өзү - Кудай. Жаратман!

  • 23.03.2024
  • 566

Буддадан осуят

Жакырчылык, жан алгычтай тооруган,

Качкын андан качкан сымал оорудан.

Жакырчылык көп кылмышка себепкер:

Көзүң өтүп башкалардын тоогунан.

 

Жакырчылык – жалпы дүйнө көйгөйү!

Басынгандар көрүп ылдый, өйдөнү –

Жолу кырсык – кылмыш, алдоо, уурулук,

Жонундагы жыртык үчүн көйнөгү.

 

Адам кургур кээде колдо жогунан –

Адашмагы бар заматта жолунан.

Кандай гана жосун кылбайт тобокел,

Кайыш тилген кезде турмуш жонунан.

 

Кембагалдар ыйлап, соолуп жаш калбай,

Алмуздактан бери көзүн жаш чайган.

Жаныңды тың багыш үчүн мээнет кыл,

Жакырлыктан кач жырткычтан качкандай! 14.03.24

Будда айткан насыйкат

Түшүнүктөр тарайт бу кайдан,

Ырыскыны күтөр Кудайдан?

 

Жер бетинде толо ырыскы,

Ар ким билсе эмне кылышты.

Кудай берет дешиң адат ал,

Мээнет гана баарын жаратар.

 

Адам өзү – Кудай. Жаратман.

Акыл-эс, күч жумшап табат баар.  15.03.24

 

Өлкө мусулмандарына собол

Эл өзүнүн эл экенин туюнткан

эне тилге эн белгисин уюткан.

 

Ар улуттун нарк, дөөлөтүн,керетин

асыл кенчтей, сактап келген эне тил.

 

Улут-кулпу,а тил жалгыз ачкычы,

ачкычы жок-барбы түгөл бактысы?

 

Бешик ырдан сезим,эсиң ойгонот,

наристелер эне тилде ой жорот.

 

Кас-кас туруп,там-туң баскан кезиңде,

калыптанат эне тилиң эсиңде.

 

Бара-жүрө кошуп сөздөр курамын,

байытасың өз тилиңдин булагын.

 

Курап сөздү кичинеңде баарыңар,

кудуретке ээсиң дүйнө тааныган.

 

Антсе дагы бар соболум бергенге,

Алланы биз тааныганга келгенде...

 

Эне тилде айтып каалоо кебиңди,

эне тилде Тааныйбызбы Теңирди?

 

Эне тилде айталбасаң дубаңды,

бөтөн тилде тааныйсыңбы Кудайды?

 

Азан айтсаң айт мукамдуу оболу,

араптардын кайрып мейли обонун.

 

Куран,намаз кыргызчасы болобу?

Кудай эмне, кабыл албай коёбу?

 

Арап тилби жалгыз эле себепчи?

Аллага же котормочу керекпи?

 

Эгер Алла туйса тилек, каалоону-

эне тилди не билбейбиз баалоону?

 

Кыргыз тилин Кудай кабыл албайбы?

Кыргызча ниет же Кудайды алдайбы?

 

Эне тилди жаратпасак келмеге-

бир Кудайдын кудурети эмнеде?..

 

Өз тилинде ниет кылса мусулман-

барбы мисал шарият жолу бузулган? 16.03.24.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз