(Йога өнөрү боюнча мастер Медер Бишкекке арнайм)
Мага жаза колдонушар ар кандай,
күрөшүмдү улай берем тайманбай.
Ал күрөш не? Эркин ою адамдын.
Эркиндикти эңсейсиңби? Кадам кыл!
Биздин күрөш-жасоо эмес төңкөрүш,
тынч,бакубат ирденсе дейм өлкөбүз.
Күрөш биздин-куруу жаркын өлкөнү,
келечек муун өссүн үчүн өркөнү.
Элибиздин эгемендүү эртеңи-
дүнүйөнүн атаандаштар кең чеги!
Күрөшөлү мүнөз күтүп тайманбас,
фейктердин эч жалаасынан арданбас...
Биздин күрөш-рухий күрөш:агартуу,
каалабайбыз өлкөбүздө жалаң чуу.
Төбөбүзгө чыкпас үчүн наадандар-
күрөш керек илим билим бааланган.
Мойнубузга минбес үчүн акмактар-
күрөш керек маданият,нарк сактаар.
Жонубузга чыгалекте түркөйлөр-
күрөш керек рух ойготкон үлкөндөр.
Маңызы бар рухий күрөш алдыда,
максаты зор: аянбаган жанды даа! 01.02.24.