1. Акыл,ойлор,идеялар үрөнү
асыл бермет китептерден топтолот.
Адамзатты китеп алга сүрөдү-
деспотторду,түркөйлүктү ноктолоп.
Адабият-бүт адамзат мурасы,
Адабият-кең дүйнөгө саякат.
Адабият-билим,акыл сурачу
зор мугалим,эң гумандуу саясат.
Адабият-адамзаттын устаты
кылымдардан кылымдарды карытар.
Илимдеги китептердин кызматы-
караңгыда чырак-жолду арытар.
2. Адабият- жер шарынын мектеби,
окуучулар эрте кирген,кеч кирген.
Агер тайыз болсо билим чектелүү,
ач китепти акыл-мурас жеткирген.
Ата-эне берер мурас чектелүү.
Адабият-мурас,кенч.Түп,чеги жок.
А түркөйлүк канча азап чекпеди-
казып табар илим-билим кени жок.
Эне-ата жетик өрнөк бералбас,
берсе дагы сүйүү,нуска,мээримин.
Эс-акыл-кенч: өрт жалмабас,жер албас,
чексиздикке тереңдетер зээниңди.
Агер мурас кылсам үй-жай,бак-шак жык-
атаң демек,сага кылган акмактык... 20.03.24.