О’Шакир: Эс-акылдын экмети

  • 17.10.2024
  • 2173

ПЬЕСА

(Чыгарманы адабий ишмер, агартуучу  Мээрим Сайдилканга арнайм)

Метафизикалык диалог

Катышуучулар: Акыл, Жүрөк, Адам-жинди

1-көшөгө

Сценадагы көрүнүш: көшөгөнүн фонунда нейрондордун тынымсыз кыймылы Акыл менен Жүрөктүн диалогу башталгандан аяктаганга чейин коштолот.

Акыл: Эй... Жүрөк... Ойгончу тез! (Дүк-дүк-жүрөк дабышы угулат залга).

Жардам берчи мага... Кыйналып кеттим. Нерв болуп чыдабай баратам.

Жүрөк: Мен качан болсо ойгоомун. Тынымсыз согуп турам. Мени мурдарак чакырсаң, мынча кыйналбайт элең го...

Акыл: Ошол ойго келбегенин айтсаң!

Жүрөк: Акыл менен Жүрөк эриш-аркак болмоюн дагы далай кыйналабыз. Эс-акыл болуп бирикпесек ушул да.

Акыл: Кечир мени жүрөк! Мен өтө көп ката кетирдим.

Жүрөк: Сен дайым менменсинген, текеберсинген мүнөзүң менен баарын өзүм чечем деп ойлойсуң.

Акыл: Буну сен мурда да эскерткенсиң, бирок кулак салбадым эле айтканыңа. Кечирип кой, айыптын баары өзүмдө.

Жүрөк: Сенден айып деле кеткен жок. Бул сенин табиятың. Акылдын табияты ушул - баарын өзүм чечем деп ойлойт. А экөөбүз шайкеш бириксек, эс-акыл менен иштелет баары.

Акыл: Ооба, Жүрөк. Сенин бир атың эс экени эсимден чыгып кетет көп учурда. Эсиме сен келбей, дайыма алдыга озуп кеткенимдеби... наадандык, өзүмчүлдүк, ачкөздүк, таш боорлук, акмакчылык, мерездик, кара өзгөйлүк... И-ий койчу, жаман жосундун баары мен аркылуу жасалат.

Жүрөк: Ушуну түшүнгөн үчүн Акылсың сен. Акылдын да жакшы жактары көп, бирок жүрөктү тыңшабай, өзүм билемдик кылганыңда кеп. Өзүң санап өткөн жамандыктын баарына өзүң себепсиң, өзүң күнөөлүүсүң.

Акыл: Менин күнөөм толтура болуп кетти, мээримдүү жүрөк! Бүтүндөй адамзатты адашкан жолго салган менмин, мен!

Жүрөк: Өзүңдү мынча жемелей бербе, Акылтайым... Адамдар мени унутуп койгон үчүн сен аркылуу эс-акылсыздык бүт ааламды шорго кабылтты.

Акыл: Ооба, өз катамды кеч билген үчүн аргасыздан сени ойготууга туура келди, Жүрөк!

Жүрөк: Дагы айтам, Акылтай... Мен качан болсо ойгоомун. Мактангандай болбоюн, сенден да сергекмин, көрөгөчмүн. Баарын туям. Кудай ошондой жараткан мени.

Акыл: Бирок сен туйганды уккан жандар аз.

Жүрөк: Баары сага ишенишет. Баарын акыл менен гана башкарууга үйрөнүшкөн.

Акыл: Сөзүңдө калет жок. Менин амалымды баарына колдонот адам баласы. Мен аркылуу куу-шумдуктарды кылышат. Менин жардамым менен чоң кылмыштарга барышат.

Жүрөк: Жүрөк – сыздайт, Акыл -- азат. Бул чындыкты пайгамбарлар, улуу ойчулдар, гуманисттер канча какшабасын, адамзат эс-акыл менен жашоону унутуп койгон.

Акыл: Шордуулар десең. Сен экөөбүз эриш-аркак болбогон жерде баардык жамандыкка адамзат өзүн өзү түртөбү дейм...

Жүрөк: Кайрадан өзүмдү мактагандай болбоюн, Акылтай... Адамзатка менин мээримим жетпей турат, өтпөй турат... Сенин жардамың менен илимий-техникалык прогресске жеткен адамзат роботторго күнү түшкөн доор азыр...бирок роботтордо жүрөк  жок, муну менден жакшы түшүнөсүң.

Акыл: Сөзүң оозуңда, Мээримтай. Мен сени мындан ары Мээримтай деп эркелетейинчи...

Жүрөк: Мейлиң, Акылтай... минтип атаганың, өзүмө да жакты. Мага өтө жагымдуу аталыш бул. Жалпы адамзатка мээримим жетер болсо кана!..

Акыл: Сенин мээримдүү көсөмдүгүң, жароокер, сергек, айкөл, кеменгерлигиңди жалпы адамзат пайдаланышы керек! Болбосо Жасалма интелектке, жашоонун баардык жыргалына, комфортуна жеткен керемет жашоодо сен гана жетпеген таш боор цивилизацияны мен аркылуу куруп алышты адамзаты. Бирок мындан не опаа тапты десең...

Жүрөк: Акылтай, сенин жүгүңдү өтө оорлотуп жиберишти. Илим-билимдин баарын сага шыкап салышты. XXI кылым сага болуп көрбөгөндөй оор тапшырмаларды артып койду.

Акыл: Ошондо да мени пайдаланышпай, компьютер, калькулятордун жардамы менен эсеп-кысап чыгарып калышты адамдар. Мага ашыгы менен жүк артып салышып, акылынан адашкандар канча... Мени туман каптап, туман чулгап, Акыл деген атым гана болбосо...келесоо болуп тынганы калдым, Мээримтай! Мен куруюн...

Жүрөк: Акылтай, сен экөөбүз кудайдын адамзатка буюрган эң баалуу белегибиз. Ошол баалуу белекти кесир кылган адамзаттын трагедиясын санап бүтө албаспыз. Агер сен экөөбүз кудайдын эң кымбат белеги экенибизди адамзат түшүнгөндө – бүгүнкү дүрбөлөң, башаламан цивилизация курулбайт болчу!

Акыл: Эх, асыл жансың, Мээримтай! Назик Жүрөгүм! Адамзаты мени гана пайдаланып, не гана измдерди жаратпады... Империализм, монархизим, капитализим, социализм, большевизм, коммунизм, фашизм, либерализм...Ии-й койчу! Бирок адамзааданы ИЗМ деген пакеттердин кайсынысы жыргатты?! Эч бир измде сенин изиң жок үчүн жалпы адамзат не деген гана шорго кабылбады?!

Жүрөк: Бул өтө өкүнүчтүү. Адамзаттын шорун арылтуу сен экөөбүздүн да колдон келбей калды. Адам адамды жырткычка айлантты.

Акыл: Согуштарды, талаш-тартыштарды басууга, акылынан адашкан цивилизацияны эсине келтирүүгө сенин гана күчүң жетпей турат, Жүрөк! Дүйнөгө Гуманизмди жайылтар сенин гана көрөгөч мээримиң, сүйүүң керек.

Жүрөк: Бирок мени тыңшоого адамзаттын кудурети жетеби?.. Мени бир булчуң эттей керексиз санаган адамзат тыңшайбы? Кеп ошондо.

Акыл: Сени гуманисттер гана тыңшайт, бирок алар аз.

Жүрөк: Керек болсо акындар тыңшабай калышкан мени. Жалпы адамзат сени гана пайдаланган үчүн өзүмчүл, амалкөй, арамзаа, ачкөз, митайым, шылуунга айланып бүтүштү.

Акыл: Адамдар махабатка сен аркылуу жетер эле, Жүрөк. Угуп атасыңбы кебимди?.. Азыркылар махабатка мен аркылуу жетчү болушту. Жалпы гармония бузулганы ошол. Баарын эсеп-чотко алып сүйгөндөр арбыды. Мен аркылуу технологиялык прогресске жеткен адам баласы адабият, искусствону да техниканын жардамы менен жаратууда.

Жүрөк: Байлыкка болгон ачкөздүк акылдын сүйүүсүнө барып такалат. Акылдын сары эсебине салып көнгөн адамдар сүйүүдө да сени колдонушкан үчүн адамдар сүйүүдө туруксуз.

Акыл: Жүрөк балкыткан сүйүүдөн ажырады адамзаада. Жандүйнө жашоосунан ажырады. Адамдар жүрөк эргиткен сөздөрдү да пайдаланбай калышты. Сөздөрдү кол учундагы клавишалар менен жазышат.

Жүрөк: Адамдар мурда калем колдонуп келген доорлордо кагазга түшүргөн жаркын ойлорун, жалындуу сөздөрүн жүрөктөн жаратар эле, аттиң!..

Акыл: Азыр Жасалма интеллект адам баласын андан бетер бечарага айлантты. Сезимин да, акылын да Жасалма интелектке тарттырып жиберер болушту. Эс-акылын колдонбой, технологиялык гана мүмкүнчүлүккө таянгандар толтура.

Жүрөк: Акылтай, сен менден алдыга озуп кеткенсиң кыйла. Озуп кеткениң үчүн акындар да поэзияны жүрөк менен эмес, акылга салып жазышууда.

Акыл: А сен эмне артта кала бересиң дайыма?.. Мен сага жол бошотоюн, алдыга чыкчы мындан арыга. Акындар, сүрөтчүлөр өз чыгармаларын жүрөк менен жаратпай калган үчүн адамдардын сезими мокоп, сезимдер муздак азыр. Мамилелер муздак.

Жүрөк: Мен сенден алдыга озуп чыккандан оңолуп кетпейт адамзаты. Дал ошондо менин кесепетимден улуу трагедияга кабылат адамзаты. Эмоцияга алдырып, эмоцияларын басууга кудурети жетпейт. Менин жаалдуу күчүм, жалын демим, эрдигим чексиз, билесиң.

Акыл: Мунуң талашсыз чындык.

Жүрөк: Адам баласы ачууга алдырып, улуу кырсыктарга кабылат мен алдыга озсом. Мени тизгиндей алчу бир гана сенсиң, Акылтай.

Акыл: Мээримтай, ушул айтканыңдан эле канчалык акылман, боорукерлигиңди туям. Гуманизмдин булагы экениң ушунда – сен адамзатка эч жамандык каалабаганың бул. А менчи...мен куруйун. Мен сен айткан жашыруун сырларды сезбеген үчүн алдыга озуп кетмейим бар.

Жүрөк: Сен өзүңдү кайрадан айыптап баштадың. Кеп сен экөөбүздүн табиятыбызда, айырмабызда. Сен табиятыңдан жеңил мүнөзсүң, күлүксүң.

Акыл: Күлүктүгүмдө шек жок эле мурда...

Жүрөк: Көз ирмемде дүйнөнү чарк айланып чыккан күлүксүң сен.

Акыл: Азыр ал күлүктүгүмдөн калып баратамбы дейм...

Жүрөк: Эмнеге калат элең... Ойдон, акылдан күлүк кайсы кудуретти атагың бар?

Акыл: Маалыматтык технология азыр чоң мүмкүнчүлүккө ээ. Мага атаандашар санариптик технология бир заматта миллиарддаган адамдарга тарайт. Көз ирмемде. Сен гана табиятыңдан оор басырыктуусуң, жүрөк...

Жети өлчөп, бир кесесиң баарын.

Жүрөк: Кудай сен экөөбүздүн милдетти ошентип бөлүштүргөн, Акылтай.

Акыл: Сен экөөбүздүн мүмкүнчүлүктү теңдем кыла алчу күч барбы, Мээримтай?.. Менин алабарман, шашма, жеңил экенимди билесиң. Мени тизгиндей турган сенсиң.

Жүрөк: Шашмалык кээде менде да бар. Сүйүнүчтүү жагдайларда шашмалыгымдан туйлап жибермейим бар.

Акыл: Ошентсе да сенсиз мен көп катачылыктарды кетиреримди билем. Шашма жаным жаманчылыктын босогосун шар аттап кирип барганым канча... Мындан кантип кутулсам экен, эмне арга тапсам?..

Жүрөк: Сени да, мени да тараза ташындай теңеп турар күч – бир гана медитация.

Акыл: Кудайдын үйү саналган ыйык жайларчы?.. Мечит, чиркөө, храмдарга адамдар жүрөгүн тыңшоо үчүн келет ко...

Жүрөк: Диний жайларга кирген адамдар жүрөктү тыңшаганды эбак унутушкан. Эзелтен бери диний ыйык жайларда жүрөк дабышын, жүрөк туюмун тыңшагандарды чанда гана көрдүм, Акылтай.

Акыл: Адамдар ыйык жайларга киргенде кудайга түз кайрылып жатабыз, Кудай алдында турабыз деп ойлошот.

Жүрөк: Алар өз жүрөгүндөгү кудай менен эмес, кудайдын өкүлү биз деген чайкоочулардын, чала молдолордун таасиринде адашкандар.

Акыл: Адамдар бирөөлөргө сооп иштерди кылса да өздөрүн көрсөтүп, өздөрүн көтөрө чалып мактанчу болушту.

Жүрөк: Сооп иш кылганын элге шардана кылуу – соопчулук эмес, жарнама. Өз атын чыгаруу үчүн жасалган садага анын баары.

Акыл: Соопту жүрөгү менен эмес, акылдын эсеп-чотунда санагандар алар.

Жүрөк: Жүрөк менен кылынган сооп иш жар салынбайт. Жүрөктөн жакшылык кылган адам эч жерде үндөбөйт.

Акыл: Ооба, сооп иш жашыруун аткарылат. Сооп ишти кылгандар өздөрү жасаган жакшы иштер ооздон чыкпаганын каалайт.

Жүрөк: Жакшылык кимдин колунан кылынганы билинбей калууга тийиш.

Акыл: Адамдар кудайды өздөрүндөй сокур, дүлөй көргөндөгүсү бул.

Жүрөк: Кудайга жагар иш эч жерде айтылбоого тийиш экенин унутту адамдар.

Акыл:  Жарыя кылынган соопчулук – кудайга жакпайт.

Жүрөк: Анын кудурети ошондо.

Акыл: Ыйык жайларды кудайдын үйү дешке болобу, Мээримтай?

Жүрөк: Ар бир адамдын жүрөгү – кудайдын түнөгү. Ниетинде арамдык кетпегендердин жүрөгү – шайтандын түнөгү.

Акыл: Мен да ушундай ойлоймун. Жүрөгүндө жамандык толгон адамдан кудай алыстайт. Ыйман качат.

Жүрөк: Шайтан тооруйт ал адамды.

Акыл: Дадил айттың. Мен муну өз башымдан канча кечирбедим. Шайтан өз ишин мен аркылуу кылган окуялар, кырсыктар канча... Санап бүтө албасмын.

Жүрөк: Шайтан мен аркылуу да адамзатты канча жазгыргысы келбеди, бирок төрүмдө кудай бар үчүн босогомдон кире алгыс ал.

Акыл: Эх, жүрөк... Сенин каалгаңды кагып кирүү баарына эле оңой эмес. Ошон үчүн жүрөксүң сен! Жүрөктүн каалгасын сүйүү, мээрим, ырайым, ыйман издегендер гана кагат.

Жүрөк: А сенин дарбазаң баарына ачык, Акылтайым. Дарбазаң ачык үчүн адамдардын оозунан жакшы-жаман ылганбай сыртка чыгат. Мага кээде заар толуп кеткени да ошондон...

Акыл: Ооба, Жүрөк. Кээде сени ууктурган сөздөр көп айтылат.

Жүрөк: Бирок менин да зар, уу сөздөргө чыдабаска аргам жок. Менин көп ооруганым ошондон...

Акыл: Жүрөгүнө заар толгон адамдарга кең ачылган дарбазамды жаап коё албасам не кылайын, Мээримтай?..

Жүрөк: Акылтай, сенде катылып жаткан мүмкүнчүлүктөр али да толтура. Адам баласы анын четин да ача элек. Сен түрдүү фантазиялардын түгөнгүс булагысың, кенисиң...

Акыл: Биресе бул да мен үчүн чоң коркунуч, Мээримтай. Ошол ачыла элек мүмкүнчүлүктөрүмдөн өзүм корком. Адамзатка ансыз да толтура зыяндарды алып келдим. Мендеги чексиз мүмкүнчүлүктөр ачылганы менен, адамзатта ыйман, нысап болбосо, акылдын чексиз мүмкүнчүлүктөрү кайра чексиз зыяндарды алып келбейби?! Ушуга башым катат.

Жүрөк: Анын баары сага эмес, адам баласынын өзүнө коркунучтуу зыян. Адамзаттын трагедиясы – сенин мүмкүнчүлүктөрүңдү туура пайдалана албаганында. Сендеги гений касиеттер адамзаттын жашоосунда канчалаган оор жүктөрдү жеңилдетти. Ошол артыкчылыктарың менен сыймыктанар акың бар, Акылтай!

Акыл: Арийне, адамзаттын жашоосун жеңилдетүүгө канча пайдам тийгени менен, кайра ошончо зыяным тийип аткан жокпу?.. Менде катылган чексиз мүмкүнчүлүктөрдү ачуудан мурда, адам баласы сенде катылган ыйманды, адепти, уятты, шүгүрчүлүктү, напсини, сүйүүнү, мээримди, ырайымды, айкөлдүктү, жароокерликти колдонууну качан ойлонот, Мээримтай?!.

Жүрөк: Мынчалык ашыкча ойлоно бербе, Акылтай. Акылдын азабын чеккен жаман. Айнып кетесиң. Жинди болуп тынасың. Чымкоргонго отуруп каласың.

Акыл: Туура айтасың. Ой-санаа жей берип, бул кейпим менен Чымкоргонго барып калуум тез эле. Мен оорусам барбы – бул дүйнө бүтүн жиндиканага айланат.

Жүрөк: Сага тынчтык керек кээде. Сен экөөбүз ошондо гана эс-акылга, аң-сезимге айланабыз. Ошондо сен да акыл оорусуна кабылбайсың, мен да жүрөк ооруга кабылбайм.

Акыл: Мындан арыга мен медитацияга көбүрөк ыктайм, Мээримтай... Бүгүн медитация кылып, сени ойготконум жакшы болду.

Жүрөк: Жеңилдей түштүңбү, арманыңды бөлүшүп...

Акыл: Абыдан жеңилдеп калдым.

Жүрөк: Мен да жеңилдеп, күч-кубатым арта түштү.

Акыл: Мындан арыга өзүң менен эриш-аркак иш кылбасам, кыйналып кетчүдөймүн. Нервим чыңалып, үзүлчүдөй болуп калдым эле...

              Экөө үндөбөй калышат көпкө. Сыбызгыган музыка улам бийиктеп, сыздаган минор форте маанайда күчөнөт. Акыл менен Жүрөк кол кармашып, ыргакка түшүп бийлей башташат.

             Экөө дубал боорунда кадалган тактанын тушуна келгенде – тып токтой калышат. Музыка да тып токтоп, жымжырттык... Экөө тактага кадалган бойдон ордуларында катат.

Жүрөк: Дубал бооруна кадалган бул такта эмне?

Акыл: Такта эмес бул...күзгү.

Жүрөк: Туура, бирок күзгү  экени билинбей калыптыр.

Акыл: Мунун күзгү экени билинбейт.

Жүрөк: Сен экөөбүздүн тагдыр да дал ушул күзгүдөй...

Экөө күзгүнүн бетин жылтырата тазалап, күзгүдөн өздөрүн көрүп сүйүнүшөт.

Акыл: Сен экөөбүз да күзгүнүн бетиндей тунук экенбиз ээ, Мээримтай?..

Экөө кубанычтуу маанайда күзгүдөгү бири бирин көрсөтүп, жетине албай сүйүнүшөт.

Жүрөк: Сен кандай тунуксуң, Акылтай! Сен дайыма ушундай болушуң керек. Тунук күзгүдөй! Карачы! Карачы өзүңө! Күзгүнүн башкы касиети - комментарий бербейт. 

Акыл: Сен да туптунуксуң, Мээримтай! Карасаң өзүңө! Карасаң! Туура айттың, күзгү комментарий бербейт эч. "Сен сулуусуң, сен мокочосуң, ийрисиң, түзсүң" дебестен, болгонду болгондой көрсөтөт.

Жүрөк: Экөөбүз тең тунукпуз! Сулуубуз. Жаратманбыз!

Акыл: Адамдар гана ушул күзгүнүн бетин чаң баскандагыдай, өз акылдарын чаңга бастырбаса, аттиң!

Жүрөк: Адамдар күзгүнүн бетиндеги чаңды сүрткөндөй, өз акыл, өз жүрөгүн чаң басканын баамдаса...

Акыл: Эс-акылыңарды чаңга бастырбагыла, адамдар! Адашкандар жолуңардан тунук акыл, тунук жүрөк гана куткарат.

Жүрөк: Эс-акылды кантип чаң басат, Акылтай, билесиңби?..

Акыл: Билем! Ачкөздүк, өзүмчүлдүк өкүм сүргөн жерде эс-акылды чаң басат.

Жүрөк: Жүрөктө ыйман, сүйүү, мээрим болбосо, жандүйнөнү чаң каптайт.

Сценада мукам үндүү дуэт жаңырат. Жүрөк менен Акылдын дуэти суроо-жооп аркылуу коштолот.

Жүрөк: Адам шору кантип арылат?

Акыл: Жандүйнөсүн өзү дарылап.

Жүрөк: Ал канткенде жеңет арманын?

Акыл: Бири бирин сүйүп жадырап.

Жүрөк: Адам кантип жеңет кайгыны?

Акыл: Бир бирине болсо кайрымы.

2- көшөгө

Сценада жинди адам пайда болот. Көздөрү бир жерге токтобой, өзү да токтобойт. Айланасын каранып, толтура адамдардын арасында жүргөнсүп, кээсине жол бошотуп, туш-тушка кол жаңсап, кээде бирөөнүн мушунан корунгансып жалтанып, башын калкалап, күлүп, кошоматтанып жайкап сүйлөп, алдынан чыккан адамды жөөлөп алчудай күүлөнүп баратып, кайра тып токтоп жол бошотуп, сценада өзү менен өзү сүйлөшө берет. Бирок айланасында жан киши жок. Адам-жинди улам ар башка киши менен сүйлөшкөнсүп, белгисиз адамдардын кээде сөзүн тындап уккансыйт. Кайра жооп берип, кулк-мүнөзү, маанайы да тез-тез алмашып, түрдүү адамдар менен түрдүү интонация, түрдүү мимикада диалог курат.

Адам-жинди: Кымгуут түшүп кайда булар?.. Чоң кыз, жардам керекпи?.. Көңүлүңүздү көтөрөйүнбү? Сумкаңызды эмес, көңүлүңүздү көтөрөйүн. Башкалардын кайгысын көтөргөн жеңил мага. Бирок өз кайгым оор үчүн...таштадым аны...көтөрбөйм. Болду... Урбаңызчы мени... Турмуштун соккусу деле жетет... Кайсы доор, кайсы кылымда жашап өткөмүн дейсиз?.. А жок... Мен байыркы доордун адамдарын издеп жүрөм. Жаңы доордун адамдары менен сүйлөшөр сөзүм жок. Сиз 19-кылымда жашап өтүпсүз ээ?.. А сиз 20-кылымбы?.. Сизди эстедим:дүйнөлүк форумда бирге болгонбуз... 21-кылымдан келдим дегенсиз...Мен адашып, барайын... (Көзүн колуна калкалап, алысты тиктегендей) Сиз токтой турсаңыз... Сиз экөөбүз 7-кылымда жолукканбыз, эсиңиздеби? (Жакын таанышын көргөнсүп сүйүнөт) Жакшы доордун өкүлүсүз. Сиздердин доордогу акыл казына азыр да актуалдуу. Адам өзүн өзү таануусу керек экен. Макул... Кармабайм сизди (башка кишиге кайрылат) Мен да сиздей эл башкаргамын. Падыша элем, бирок элди мыкты башкарганым менен өзүмдү башкара албаптырмын... Сиз деле король болуп турбадыңызбы анда. Сизде да, менде да эркиндик жок эле. Бизди айланабыздагылар башкарчу экен көрсө. Сиз экөөбүз түрмөгө, жиндиканага камалганыбыз ошондон болбодубу. Айланамдагылардын туткуну болупмун. Эмне дедиңиз?.. И-и ошондой. Адамдар өз жоопкерчилигинен качканда тагдырга, буйрукка, жазмышка түртө салышат. Тагдырга, буйрукка түртө салуу алсыздык... Туура айтасыз. Тагдырга түртө салгандарды алсыз адамдар деш керек. Тагдыр, буйрук, жазмыш – мунун баары шылтоо. Тагдыр чечпейт баарын, буйрук чечпейт. Адам өзү чечет... күрөш менен. Тагдырды да,  буйрукту да адам күрөш менен өзгөртөт. (пауза).

Мунуңуз өтө жакшы мисал. Сиз айткандай: алдыңан жырткыч кезиксе, буйрук экен, тагдыр экен деп... өзүңдү жырткычтын оозуна салып берүү – акылсыздык, алсыздык. Жырткыч экенине карабай күрөшүш керек...балапандарын жыландан коргогон тооктой. А адамдарчы?.. Башына оор күн түшсө, ошону буйрук экен, тагдыр экен деп баш ийүүгө даяр. Андайлар буйрукка, тагдырга да баш ийген алсыздар... “Тагдыр маңдайыма жазганды өзгөртө албайм, кудайдын буйругуна баш ийбеске аргам жок” деп алсыз адамдар шылтоо кылып алышкан десеңиз... Өздөрү күрөшкө жарабаса, жогорку күчкө таянышат... Ыя... улуу адамдар ар дайым кудайдын буйругуна, тагдырга баш ийбейт. Алар ошон үчүн дүйнөнү өзгөртүшкөн. Адамдардын түшүнүгүн өзгөртүшкөн. Акылмандар өздөрү кудай сыяктуу жаратман болушат. Тагдырга, буйрукка биш ийген эмес. Алар күрөштөн күч-кайрат алышкан. Күрөш аркылуу өздөрүн курчуткан. А алсыздардын ага жөндөмү кайдан?.. (Шылдың, келеке, мыскыл менен чоёңдоп сүйлөйт) “Тагдыр экен, буйрук экен” дешип... Өздөрүн башкаларга жем кылышат алар... Баары кудайдын буйругунан эмес. Муну өздөрүн диний көсөм санагандар ойлоп тапкан. Адамзатты алсыз ойлорго түрткөн ошолор. Баары кудайдын буйругу, кудайдын эрки менен деп дөөдүрөгөн динзарлар адам баласын жалган түшүнүк, сокур сезим менен башкарып алганында кеп. Диндердин баары адамдардын эркиндигин чектейт... Э-эң туура айтасыз! Адамдардын мүмкүнчүлүгүн, каалоосун, кыялын да диний ишмерлер чектейт. Баары адамдын кайрат-күчүнөн көзкаранды. Кайрат-күчтүү адамдар ооруну да тез жеңишет. Өлүмдү жеңишет... Кудайдын кудурети ушунда: адамга баарын тең бөлүштүргөн. Туура айтасыз, кудайга жүгүбүздү артпашыбыз керек. Ырайым сурашат, жардам сурашат кудайдан. Кудай жер жүзүнө берчүсүн эбак берген... Калганын өзүңөр жаратасыңар деген. Адам баласын жаратман кылдым, мындан аркысына илим-билим жолу менен жетесиңер деген экен Кудай. Жаратмандык өз колубузда. Эч бир тирүү жандыкты ырыскысыз жараткан эмес ал. Кудайдын бизге бересеси да, аласасы да калган жок. Кудайга жан-жаныбарлардын эч бири ырайым сурап, жардам сурап кайрылбайт деп туура айтасыз. Биз адамдар эле Кудайды ооздон тушүрбөй... Кээде Кудайды айыптайбыз... Күнөөлөйбүз! Эч бир жан-жаныбар, макулуктар гана Кудайга нараазы болбой жашайт. Кудай бөлүштүргөн ырыскыларды тытмалашат. Адамдарчы?.. Кудайга таарынат, калыс эмес деп күнөөлөшөт...Өздөрү күткөндөй болбосо, кудайды сөгүшөт, каарышат. Кудайды жок деп чыгышат. Оп, балли! Бериңизчи колуңузду...  Даанасын айттыңыз: Кудай баарын колубузга салып, өзүң жаратуучу бол деген. Өз башыңа, өз тагдырыңа өзүң ээ бол деген. Муну бир дагы диний көсөмдөр айткысы жок! Адам өз аракет, күчүнө жараша өз тагдырын курат, өз күрөшү менен буюрганына жетет. Буюрганын көрөбүз дечүлөрдү мен дагы жактырбайм! Кудайды жокко чыгаруу эмес сиз экөөбүздүн бул айткандарыбыз... Баарын тагдырга, буйрукка түртө салбай, жоопкерчиликти өзүнө алышы керек адамзат!

Адам-жинди сценадан чуркап түшүп, залдагы элди аралап жөнөйт. Залдагыларга сүйлөнөт. Отургандарга жеке кайрылып да сүйлөй баштайт...

Адам-жинди: Ар бириң өз тагдырыңарды өзгөртүү кудуретине ээсиңер. (Секелек кызга кайрылат, тамаша кеп менен) Сизди зөөкүр жигиттер ала качмак болду дейли... А сиз тагдыр ушул экен, маңдайыма буюрганын көрөйүн деп... таптакыр бейтааныш жигиттер ала качкан жакка кете бербеңиз!.. Күрөшүңүз...Өз бактыңыз үчүн күрөшүңүз! Башкалар сизге таңуулаган тагдырга баш ийбеңиз эч... (Башкаларга кайрылат) Кудай ушул отурган ар бириңе чексиз мүмкүнчүлүк берген. Колдонгула ошону. Эркин ойлонгула! Ал мүмкүнчүлүктү бирөөгө кем, бирөөгө ашыгы менен берген эмес. “Менин колуман эмне келет” дебегиле! Келет. Сиздин да, сиздин да кудурет чексиз. Болгону, эс-акылга келгиле! Эс-акылдуу болуш үчүн жүрөгүңөрдү тыңшагыла! Уктуңарбы?.. Мен маселен өз жүрөгүмдү мына минтип (лотос-мандаш токунуп отура калат) медитация учурунда тыңшайм...Өз демиңди тыңша... Акырын дем чыгарабыз... акырын дем тартабыз... Бир нече көз ирмемге дем тыңшаган адамда эс-акыл пайда болот. Жандүйнө тынчтыгы сезилет. (Медитация кылып кайра отурат. Бул учурда сценада Жүрөк менен Акыл пайда болот).

Экөө тең залдагы Адам-жиндинин көрүп сүйүнүшөт:

Жүрөк: Көрдүңбү, Акылтай?.. Адамдарга жетиптир экөөбүздүн арман!

Акыл: Адам баласы ушинтип эс-акылына келиши керек.

Жүрөк: Атыңдан кагылайын адам баласы! Эс-акылга келсең экен. Ар бириң өз демиңерди басып, демиңерди эле тыңшагылачы...жиниккен аттарга окшобой...

Акыл: Ар бириң асыл жансыңар! Ар бириң жакшылыкка жөндөмдүү болуп жаралгансыңар!

Жүрөк: Кудай ар бириңди жаратмандык жөндөмгө ээ кылганын унутпагыла!

Акыл: Өз тагдырыңарга өзүңөр ээ болгула!

Жүрөк: Адамзаттын курудети чексиз.

Акыл: Мүмкүнчүлүгү чексиз! Мээрим, сүйүүсү чексиз.

Жүрөк: Адамдагы чексиздик, кеңдикти Кудай адамдардын эс-акылына берген.

Акыл:Жүрөгүңөрдүн, Акылыңардын чексиз мүмкүнчүлүгүнө жеткиле, Адамдар!

Жүрөк: Ушуну унутпагыла!

Акыл менен Жүрөк залга чуркап түшөт да, Адам-жиндини жетелеп сценадан кайтышат.

Көшөгө жабылат.

 Февраль-март, 2024

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана Оптима банк-4169585341612561.

Комментарий калтырыңыз