
(Жеке ишкер, жарандык коомдун өкүлү Жодар Сайдилканга арнайм )
Падышаны теңеген эл Кудайга,
өзү шорлоп тебеленген ылайга.
Өкүмдарды Күнгө теңер улуттар,
өзүн кулга айландырып куруткан.
Падышаны атагандар пайгамбар,
падышанын карегиндей айланган.
Так ээсинин амирине ийилген
элди бийлик чыгырыктай чимирген.
Бийлик ээси элдин өзү болмоюн -
бир падыша элге дайым тоң моюн...
Кандар, шахтар каалагандай эсирген -
караламан калктар канча эзилген?..
Эл башчыда эс-акыл, нарк жогунан,
эчен улут арылбаптыр шорунан.
Кыйын канча империя, каганат
кыйраган соң - эли калган сагалап.
Так талашта бирин бири төңкөрөр -
талкаланып жок болгон көп өлкөлөр.
Куу пенделер колун жайып жалбарар.
Кудай дагы эч куткара албаган.
Эл корголбойт бийлик ээси болмоюн.
Эл башчылар - кулу бийлик, ордонун.
Бийлик ээси болмоюнча калк өзү -
бийликтин эч таза болбойт аркасы.
Элдик бийлик орномоюн оболу,
эл башчылар бузат түбү Жобону!
08.04.24.
Аллегория
(Иликтөөчү-журналист Асел Сооронбаевага арнайм)
Канаттуу көп эркиндикте самсыган.
Жемин издейт, кекиртектин зарпынан.
Жер бетинен эч ылгабас олжону,
жемсөөлөрү нык шыкалса болгону.
Башкалардан тарп талашып жан багып,
баркы жок эч куш көп жүргөн сандалып.
Берген менен кудай тумшук, тырмакты
андай куштар тапкан эмес урматты.
Урмат-сыйдан, кадыр-барктан тайбаган
капастагы куштар болот сайраган.
Акын артык - эркиндик деп какшаган,
капастагы куштай тили катпаган.
07.04.24.