Дилазык: Кыял жөнүндөгү икая

  • 02.09.2024
  • 1274

Монти 16 жашка чыкканда чоңойгондо ким болгусу келери тууралуу дилбаян жазууну суранышкан. Монти көпкө азап чегип, бир нече саат ойлонуп кыялын кагазга түшүрөт. Ал качандыр бир кезде фермер болгусу келген. 200 акр ферманы майда-чүйдөсүнө чейин кенен сүрөттөп жети барак жазып, бардык имараттардын, мал сарай, жолдордун долбоорун чийген эле. Ал тургай кура турган 4000 чарчы фут үйдүн абдан деталдуу планына чийген десең. Эртеси Монти мугалимге дилбаянын берди. Эки күндөн кийин мугалими дилбаянды кызыл түстөгү 2 жана «Сабактан кийин кал» деген жазуу менен кайтарып берди.

Сабактан Монти мугалимге келип, дилбаянына эмне үчүн жаман баа алганын сурайт. Мугалим мынтип жооп берет: «Анткени сендей баланын мындай кыялы ишке ашышы мүмкүн эмес. Мындай ферма сатып алуу үчүн көп акча керек. Сенде андай акча жок. Сен абдан жакыр үй-бүлөдөнсүң. А кыялыңа жетүү үчүн эч кандай жол жок. Бул мүмкүн эмес. Сага айтарым: ҮБашка дилбаян жаз, анда башка, реалдуурак кыялыңды сүрөттө, ошондон кийин сага башка баа коём». Бала үйүнө  келип, атасынан кеңеш сурайт. Ал: «Уулум, мен бул жерде сага жардам бере албайм деп корком. Менимче, бул сенин гана чечимиң, бул сен үчүн абдан маанилүү чечим деп ойлойм."

Монти бир жума бою атасынын айтканын ойлонду. Акырында ал ошол эле дилбаянын мугалимге кайтарып: «Жаман баа кала берсин, бирок мен кыялымды алмаштырбайм», -- деди.

Убакыт өтүп, Монти мектепти эбак бүтүп, турмуш жолун улантты. Ал окуяны угуп жаткан топко кайрылып: «Мен бул окуяны силерге айткан себебим, бүгүн баарыңар менин 200 акр жеримдин дал ортосунда салынган 4000 чарчы фут үйүмдө отурасыңар. Ал дилбаян очок үстүндөгү рамкада илинип турат». Монти сөзүн улады: «Бул окуянын эң таң калыштуу жери, мындан эки жыл мурда жайында, ошол эле мугалим бул жерге 30 мектеп окуучусун алып келип, алар менин ранчодо бир жума лагерде туруп эс алып кетишти.

Кетеринде мугалим мага: «Ук, Монти, мен бул тууралуу азыр айта алам. Сенин мугалимиң болуп жүргөн убакта, мен кыялдардын уурусу элем. Ошол кезде көп окуучулардын балалык кыялдарын уурдаганыма азыр абдан өкүнөм. Бирок мен өзүңдүн кыялыңды коргоого кайрат тапканыңа абдан кубанычтамын».

Эч кимге кыялыңды уурдап кетишине жол бербе. Алар сени кандай айнытышса да, жүрөгүңдүн айтканын ээрчи!

Комфорт зонасы жөнүндө кыска икая

Күн сайын бир чымчык адам жашабаган чоң чөлдүн ортосунда куураган дарактын бутактарынан башпаанек табар эле. Күндөрдүн биринде катуу шамал даракты тамыры менен жулуп кетти. Ал эми байкуш чымчык баш калкалоо үчүн жүздөгөн чакырымдарды учуп өтүүгө аргасыз болду. Акыры ал суусу шарылдап, мөмө-жемиштери шагы ийилие бышкан жыпар ​​жыттуу бакчага учуп жетти.

Кургак дарак кулап калбаганда, эч кандай күч кушту көнгөн жеринен кетүүгө мажбур кыла алмак эмес.

Которгон Абийрбек Абыкаев

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз