
I
Адам эмне үчүн жаратылган, бул тууралуу кандайдыр бир түшүнүктү агам экөөбүз бир аз эрте алдык. Жаңылбасам, ал кезде мен он жашта, иним сегизге чыгайын деп калган. Бул маалымат бизге кыска афоризм же аны коштогон жагдайлар боюнча, тагыраак айтканда парадокс түрүндө жеткен. Ошентип жашоо максатынан тышкары, ушул эки грек сөзү менен тил байлыгыбызды байыткан элек.
Бул июнь айынын аптаптуу, тынч күндөрүнүн биринде түшкө жакын болду. Мемиреген жымжырттыкта иним экөөбүз калың күмүш теректердин көлөкөсүндөгү тосмого отуруп алып, тайпагай жыгач челектеги сасыган сууга кайырмак салып олтурдук.
Биз ал убакта жашоонун максаты жөнүндө, кымындай да түшүнүккө ээ эмес элек, балким, ушул себептендир, бир жумага жакын убакыттан бери биздин сүйүктүү ишибиз — тосмодо, тайпагай жыгач челекке, жөнөкөй жез илмектерди ыргытып, тагдырдын бизге өзгөчө ырайымы менен, бул челектен кайырмагыбызга "чыныгы", тирүү балык түшөт деп күтмөй эле.
Чынында, бул сыйкырдуу челек турган короонун бурчу тирүү балык болбогон күндө да өзү эле көптөгөн жагымдуу жана азгырыктуу нерселерди тартуулачу. Биз билген жакын айлананы түзүп турган бакчалардын, огорддордун, сарайлардын, короолордун, үйлөрдүн жана үйлөрдүн жанындагы майда курулуштардын арасында бул бурч ушунчалык ыңгайлуу жайгашкандыктан, ал эч кимге, эч нерсеге кереги жок болчу; ошондуктан биз өзүбүздү анын толук ээлериндей сезчүбүз, бул жерде тынчыбызды эч ким алчу эмес.
Эки тарабы бакча жана анда өскөн бак-дарактар менен тосулуп, ал эми калган эки тарабын курчаган бош сарайлардын дубалынын ортосундагы мейкиндикте, кичинекей тар жолдон башкасын үйүлгөн чоң таштанды ээлеп жатчу. Жамаачысы чубалып жыртылган чокой, кимдир бирөөлөр сарайдын чатырынан ашырып ыргыткан сынган балта, бийик такасы асманды карап жаткан өңү өчкөн булгаары өтүк, ар кандай баалуулугун жоготкон кандайдыр бир эскирип эмне экени билинбей аралашып калган буюмдардын жыйындысы — анын сыртындагы аздыр-көптүр ызы-чуулуу жашоодон кийин бул тынч бурчта түбөлүк бейкуттугун тапчу...
Үйүлгөн таштандынын эң үстүндө качандыр бир көп мезгилдер мурда кызматын аяктап көчөлөрдө, короолордо көрүнбөй калган эски-престиждүү фантастикалык экипаждын кузову жатчу. Бул өткөн замандын арбагы сыяктанган сынык араба, балким, курчап турган имараттар курула электе эле бул жерге ыргытылгандыр, эми минтип ок темирин өйдө каратып, колу жок мунжу жамбаштап жатып алып, чиркөө алдында боорукер адамдардан кайыр сурап жаткансыйт.
Сакталып калган бир эшигинин каалгасынын жарымында кайсы бир гербдин боёкторунун калдыктары жана капталдарындагы кылыч кармаган кол бүдөмүк тактан бөлүнүп чыгып, таажыга окшошуп калган. Калган бөлүгүнүн баары талкаланып, жарылып, майдаланып, жыртылып, кыялданууга эч кандай каршы тоскоолдуктарды коё албагыдай деңгээлге жеткен; балким, ошондуктан эски скелет биздин көз алдыбызда чыныгы алтын арабанын бардык формаларын, бардык артыкчылыктарын жана бардык кооздугун оңой эле алчу.
Биз, иним экөөбүз чоң короолордогу жана көчөлөрдөгү чыныгы жашоонун таасирлеринен чарчаганыбызда, бул обочолонгон бурчка келип, арабага олтурчубуз, – анан бул жерден эч ойлонбостон ушундай сонун фантастикалык арабага олтурушуп, белгисиз алыскы жана коркунучтуу жолго аттанышкан адамдар гана башынан өткөрүүчү эң сонун укмуштуу окуялар башталар эле. Иним көпчүлүк учурда арабакечтин ролун аткарууну жакшы көрчү.
Ал таштанды үймөгүнөн табылган курдан жасалган камчыны алып, олуттуу жүзү менен унчукпай арабадан эки жыгач тапанчаны алып чыгып куруна кыстарып, ийнине жыгач мылтыкты асынып, белине мен чатыр жапкан темирдин сыныгынан жасап берген чоң кылычты илип алчу. Анын башынан аягына чейин куралданганын көрүп, ошол замат мен да тиешелүү нукка түшүп, ар бирибиз өз ордубузду ээлеген боюнча, бир да сөз айтпастан тагдырыбыздын агымына багынып берчүүбүз!
Бул бизге ошол эле мүнөттөн баштап келе баштаган жалпы коркунучтарды, укмуштуу окуяларды жана жеңиштерди баштан өткөрүүгө тоскоол болчу эмес. Албетте, окуялар ар дайым араба менен айдоочу тарабында дал келчү эмес, анткени мен жеңиштин даамын татып кубанып жаткан учурда, айдоочу өзүн кыяматтын четинде сезчү... Бирок бул эч нерсеге тоскоолдук жаратчу эмес. Анда-санда мен терезеден катуу аткылай баштаганымда, айдоочу капысынан божуну чирене тартып алат эле да нааразы болуп:
– Оо, кудайым! Сен эмне кылганың!.. Бул деген мейманкана да...
Ошондо мен аткылоомду токтотуп, арабадан түшүп, меймандос мейманкананын ээсинен кечирим сурачумун, арабакеч аттарды арабадан чыгарып, челектен сугарып, а өзүбүз бир аз болсо да эс алар элек. Бирок мындай пикир келишпестиктер мен көп өтпөй эле өзүмдүн сырткы көрүнүштөргө байланышпаган таза кыялдарыма кире баштаган сайын сейректей берчү.
Сыягы эски арабанын жаракаларын илгертеден бери, азыркылар айтмакчы, кандайдыр бир эзелки окуялардын уюткусу ээлеп алган сыяктуу, бизди дароо эле өз тузагына алгандыктан унчукпай, дээрлик кыймылдабай, олуттуу кебетебизден кайтпай, эртең мененки чайдан түшкү тамакка чейин отура берер элек.
Мына ушул эртең мененки тамактан түшкү тамакка чейин аралыкта биз бир нече жумага сыяр саякаттарды башыбыздан өткөрчүбүз: мейманкаларга токтоп эс алып, токойду аралаган ичке жолдор менен жүрчүбүз, ээн талаада уктачубуз, кызарган күндү узатып, чагылгандуу жаанда тоо коюнунда калар элек, агарган таңда каардуу каракчылардын чабуулуна туруштук берчүбүз, акырында келечекте бул бизге жакшылык алып келеби же жамандык тартуулайбы деп олтурбастан бет пардасын чечпеген аялдарды залим каракчылардын туткунунан бошотуп алууга жетишчүбүз...
Ушунун баардыгы тайпагай челек, эскирген араба жана үйүлгөн таштандылардан башка эч нерсе жок бакча менен сарайлардын ортосундагы бурчта болуп өтчү... Айтмакчы, мындан тышкары бакчанын жашыл жалбырактарын жылуулугу менен эркелетип, бакчаны ичиндеги өсүмдүктөрдү жаркыратып түркүн боёктор менен кооздогон күндүн жарык нуру бар эле; дагы челектин жанында эки тактай, анын алдында чоң чөөт бар болчу. Анан мемиреген жымжырттык, жалбырактардын билинер-билинбес дирилдеги, бадалдагы кайсы бир чымчыктын былдырап сайраганы... көлөкөлүү жерде өскөн козу карындар сыяктуу жамырап өзүнөн өзү жаралган кыялдар, – биз ушунчалык бай жана ашып-ташкан мол кыялдарды таң каларлык жеңилдик менен башка эч жерден таба алган эмеспиз... Качан тар көчө, сарайлардын чатырынан ашып бизге жеткен түшкү тамакка же кечки чайга тажатма чакыруу келип жеткенде, биз бул жерге тапанча, кылычтарыбызды, жомокко окшогон кыялдарыбыз менен маанайыбызды сырткы кийимибизди чечкен сыяктуу чечип таштап, кийин кайра келип дароо кийип алчубуз.
Бирок инимдин башына теректин ийри бутагынан кесип алып, ага ак жиптерди байлап, жез илмектерди илип, кайырмагыбызды короо бурчундагы чоң тайпагай челектин табышмактуу тереңдигине салууга аракет кылуу идеясы келгени, биз үчүн бир жума бою алтын арабанын бардык сонуну таркады.
Биринчиден, биз экөөбүз тең эң таң калыштуу абалда, алдын ала учтарын тегиздеп сындырып салган челектин бурчун чарпып өткөн кашаа кырында олтурчубуз. Экинчиден, үстүбүздө теректин күмүш сыяктуу жаркыраган жашыл жалбырактары термелип, айланага жыпар жытын, жыбыраган күндүн нурларын чачып турчу. Үчүнчүдөн, тайпагай челектен кандайдыр бир өзгөчө жашоо деми, көнөк баштар сыяктуу майда көп сандаган жандыктар пайда болгон сууга мүнөздүү бырыксыган жыт урчу. Кызыгы, ал сасыган жыт бизге жагымдуудай сезилип, тайпагай челек жайгашкан бурчтун көркөмдүгүн толуктагансып турчу...
Биз тосмодо сааттар бою жашылт тарткан сууга көз чаптырып отурганыбызда, челектин тереңинен бул таң калыштуу майда жандыктардын үйүрү улам-улам пайда болуп, жез төөнөгүчкө окшошгон ийкемдүү баштары суу бетин акырын кыймылдатып сүзүп жүрүшкөндө куйруктары кичинекей жыландарга окшоп кетчү. Бул жашыл көлөкөнүн астындагы өзгөчө дүйнө болчу, чындыкты айта турган болсок, кайсы бир эң сонун көз ирмемде биздин кайырмактын калкымалары кыймылдабайт, түбүнө тартпайт жана андан кийин кимдир бирөөбүздүн кайырмагыбызга күмүштөй жаркылдап, титиреген тирүү балыкты тартып чыкпайбыз деп толук ишенген эмеспиз.
Албетте, акыл-эстүүлүк менен ой жүгүртүп көрсөк, мындай окуя болушу мүмкүн эмес деген жыйынтыкка келбей коё алмак эмеспиз. Бирок биз ошол мүнөттөрдө сергек ой жүгүрткөн жокпуз, жөн гана тосмодо, челектин үстүндө, солкулдап, шыбырттаган жашыл чатырдын астында, сонун арабанын жанында, жашыл көлөкөлөрдүн арасында, жарым уйку жана жарым жомок атмосферасында отурчубуз...
Анын үстүнө, ал кезде бизде жашоонун максаты жөнүндө эч кандай түшүнүк болгон эмес...
II
Күндөрдүн биринде биз ушинтип, көзүбүздү тайпагай челектин жашылт тереңдигинен албай кыймылсыз калкымаларды тирмийип тиктеп олтурганыбызда, чыныгы дүйнөдөн, б.а. биздин үй тараптан малай Павелдин жагымсыз жана курч үнү биздин жомоктогудай бурчубузга келип жетти. Ал кыясы өзү да бизге жакындап калса керек:
- Эй, жаш мырзалар! Үйдү карай жөнөгүлө!
Анын “Үйгө карай жөнөгүлө” – дегени бизди бир аз таң калтырды. Биринчиден, эмне үчүн тамак ичкиле дебестен “үйгө жөнөгүлө” деди. Анткени, бул күнү башка күндөрдөн айырмаланып, атабыз кызматына барбай үйдө калгандыктан, түшкү тамак эрте берилиши керек эле. Экинчиден, күндө апакебиз жиберчү үй кызматчысы Килимка келбей, эмне үчүн атам өзгөчө учурларда гана жумшачу Павел келе жатат. Үчүнчүдөн, жаңы гана кайырмагыбызга илинер алтын балыкты үркүтүп жибергенсип, бизге бул чакырык жаккан жок. Анткени Павел өтө олуттуу адам эле, анын олуттуу жүзү менен айткан акыл-насааттары күлкүңдү келтирип, биздин далай-далай таттуу кыялдарыбыздын быт-чытын чыгарган.
Жарым мүнөткө жетпей Павел көздөрүн алайтып, бизди таңыркай карап жаныбызда турду. Биз уялып турсак да, жашыра албасыбызды билгендиктен, азыркы абалыбызды өзгөртпөстөн кыймылдабай тура бердик. Чынында, биздин дүйнөбүздө пайда болор замат Павел тайпагай челектен балык кармоо соо адамдын оюна келбеген иш экендигин, а колубузда чыныгы кайырмак да эмес, болгону теректин ийри бутагына жип байлап, башына жез илмектерди кайырмакка окшотуп алганыбызды көрүп, бул кылыгыбызды келесоолук деп ойлоп жатканын даана туйдук.
— Эй, — деди Павел, бир аз эсине келип, — Бул жерден эмне кармаган жатасыңар?
— Жөн эле... — иним күңк этип койду. Павел менин кайырмагымды алып, бир сыйра айлантып көз жүгүрттү да мындай деди:
— Ушундай да сап болобу? Кайырмактын сабын жаңгактын бутагынан жасаган жакшы.
Анан жипти кармалап көрдү, бул жерде аттын куйругу керектигин, аны да туура эшүү талап кылынарын айтты; анан илмектерге көңүлүн бөлүп, бул илмегиңер балыктын күлкүсүн келтирерин, илмектин учунда тиштери болбосо илген курттар балыкка бекер жем болорун түшүндүрдү. Анан барып тайпагай челекти кырынан кармап күчтүү колдору менен ары-бери чайкаганда бизге түбү жоктой сезилген жашылт суу ылайланып, майда жандыктарга акыр заман келгендей будуң-чаң боло көрүнбөй калды. Кийинки мүнөттө челектин түбү көрүндү – жашыл балыр жабышкан эки жазы тактайдан көбүктөр көтөрүлүп, мурда биз сезип жүргөнгө окшобогон, жагымсыз сасыган бур дей түштү.
— Сасып кетиптир, — деди Павел жийиркенип. — Үйгө баргыла, атаңар чакырып жатат.
— Эмнеге?
— Барганда билесиңер, жөнөгүлө.
Мен ушул кезге чейин биздин кыялыбыз менен Павелдин жүзүндөгү турмуштун чындыгынын кагылышын чагылткан сезимди түк унуткан жокмун. Биз өзүбүздү таптакыр келесоо сезип, кашаа кырында балыкчыларга окшоп олтурганыбыз канчалык уят иш болсо да, Павелдин көзүнчө кашаадан түшүү андан да оңойго турган жок. Бирок башка аргабыз жок болчу. Биз кашаадан түшүп, кайырмак сөрөйүбүздү ыргытып жиберип үйдү көздөй жөнөдүк. Павел кайырмагыбызды дагы бир жолу карады да, суу болгон жипти кармалап көрүп, челектеги дагы эле көбүктөнүп жаткан суудан чыккан сасыган жытка жийиркенгендей мурдун чүйрүп, бурулуп келатып жанында жаткан арабаны тээп өттү. Араба онтолоп жибергендей калдырай түшүп, бир аз кыймылдап барып токтогондо капталындагы тактайдын бири суурулуп барып таштандыга аралашты...
Биздин балалык кыялыбызга жашоо мааниси, адам эмне үчүн жаратылганы тууралуу афоризм тартууланардын алдындагы мүнөттөрдөгү абал дал ушундай болчу...
III
Биздин үйдүн кире беришиндеги таш төшөлгөн короодо чогулган эл топурап турушкан экен. Биздин короодо үч үй бар эле, бир чоң үй жана эки кичине үй. Ар бир үйдө, чоң үйдүн жертөлөсүндөгү эки бөлмөнү ижарага алып жашаган пан Уляницкий сыяктуу жалгыз бой тургундарды кошпогондо, ар кандай сандагы кызматчылары менен өз-өзүнчө турушкан үй-бүлөлөр жашашчу. Мына ушул адамдардын дээрлик бардыгы короого чогулуп, күнгө какталып биздин эшигибиздин алдында турушуптур.
Иним экөөбүз мынча эл чогулуп келип талкууга алгыдай эмне күнөө кылдык эле дегенсип бири бирибизди чочулай карадык. Бирок үстүнкү тепкичте олтурган атакебиздин маанайы жакшы экен. Атабыздын жанынан ичке көк түтүн чыгып, бул ушул жерде аскер дарыгери полковник Дударев бар деген белги эле. Улгайып калган, бир аз толмочунан келген, көп сүйлөбөгөн бул адам биздин үйдүн жашоочуларынын арасында өзгөчө билимдүү адамдардын бири, анын былжырап көп сүйлөй бербегени, өз пайдасын ойлобогондугу кандайдыр бир жөнөкөй адамдардын аң-сезиминде түшүнүксүз коркуу сезими аралашкан урмат-сыйды пайда кыла турган...
Кээ бирде көп кыялдарыбыздын арасында өзүбүздү дарыгер Дударевдей болсок деген кыялдар да кездешчү, эгерде инимдин эшик алдында же олтургучта алчадан сындырып алган таякчаны тиштеп алып, түтүн чыгырып жаткансып оозун толтуруп, үйлөп олтурганын көрсөм – демек, анын тынчын алыштын кажети жок болчу. Алча таякчасынан тышкары, чекесин өзгөчө түрдө бырыштыруу керек эле, ошондо көздөрү өзүнөн өзү бир аз ойлуу, олуттуу боло түшчү. Ал алча таякчасынан чыгып жаткансыган түтүндү үйлөмүш болуп олтурганда өзүн бош убактысында, оорулууларга жардам берүүнү ойлоп, унчукпай трубкасын улам соруп күн чубактап отурган боорукер, акылдуу дарыгердей сезчү. Бул учурда өзүндө кандай ойлор болгонун айтуу кыйын; баарынан маанилүүсү, ал ойлуу жана олуттуу болчу, балким, анын узак убакыт бою ал абалдан тажабай олтурганына караганда абдан жакса керек...
Менин көзүмө атам менен дарыгерден тышкары апамдын сулуу, акылдуу көздөрү көрүндү. Ал ак боркогунун жеңин түргөн боюнча турган эле, сыягы эч бүтпөгөн үй тиричилигин тыштай коюп эле бир аз убакытка чыга калгандай. Биз алты бир тууган элек, анын жүзүндө түмөн түйшүгү күчөп турганда жасаган ишин таштап чыга калганына өкүнүп жаткандай сезим байкалат. Короодогу элдин арасында турган нерсени көргөндө денеси жыйрылып, жүзүндөгү мыйыгынан жылмаюнун издери бир көз ирмемде коркуу менен терең аянычтын белгилери менен алмашкан сыяктуу...
Короодо кичинекей, оюнчуктай болгон арабада, элдин үшүн алып турган көрүнүшкө кенедей да көңүлүн бурбаган адам олтурган экен. Чоң башындагы бакырайган көздөрү кубарган жүзүндө бир жерге токтобой кыбыңдайт. Тулку бою кичинекей, далысы куушунан келип, төшү менен курсагы ак аралашкан батек сакалынан көрүнбөй калыптыр, ал эми колдорун... инимдики сыяктуу эле көздөрүмдү тостойтуп алып карасам да көрө алган жокмун. Бул шумдуктуу адам ичке узун буттарын арабага сыйбай калгансып, жөргөмүштүн буттары сыяктуу тизесинен бүгүп, жерге салаңдатып алыптыр.
Бул тарбайган буттар бир эле убакта ошол кишиге да, арабага да таандыктай болуп, жаркыраган күн нурунун алдында чогулган элге, мына эми качырып кирүүгө даяр жөргөмүш кебетеленген желмогуз сыяктуу жагымсыз кара так болуп турду.
– Келгиле, келгиле, жигиттер, тез өткүлө. Силер жаратылыш тартуулаган кызык окуяны көрүүгө мүмкүнчүлүгүңөр бар, – деди жасалма эркелеткен үнү менен пан Уляницкий биздин артыбыздан элди аралап келе жатып.
Пан Уляницкий биздин короодо кайдан келгенин бир кудайдан башка эч ким билбеген карт бойдок эле. Ар бир таңда, ар дайым белгилүү бир убакта, ал тургай белгилүү бир мүнөттө, анын терезеси ачылып, адегенде чачылуу кызыл топусу, андан соң жылаңач этине халат кийген денеси көрүнчү... Кошуналардын терезесине тынчсыздана көз жүгүртүп (аялдар жокпу дегенсип), ал кенен халатынын өңүрү менен жылаңач сандарын жаап алып бурчка кирип кетчү. Ошол учурда биз жаныбызды үрөп анын терезин көздөй умтулуп, анын табышмактуу бөлмөсүнө көз жүгүртүп калууга аракеттенчүбүз. Бирок бул оюбуз эч качан ишке ашчу эмес, анткени Уляницкий акырын аңдый басып келип бурчтан чыга калчу, биз туш тарапка чачырап качып жөнөгөндө ал эңкейип жерден колуна таш тийеби, таяк тиеби, ала коюп биз тарапка ыргытчу.
Түштө ал башынан аягына чейин жасана кийинип, эч нерсе болбогондой биз менен короодо жашаган айымдар тууралуу кеп баштай турган. Ал учурда анын үнүнөн биздин кулагыбызга жагымсыз жасалма жагынуу угулуп турчу...
– Ардактуу мырзалар, короо тургундары, ак көңүл адамдар! – деп баштады арабанын жанындагы узун мурутчан, чүңүрөйгөн көздөрү ойноктогон адам мурду менен сүйлөп.
– Мына бул эки жаш жеткинчектин келиши менен, ата-энесинин кубанычына аларга кудайым ден-соолук берсин... баарыңыздар толук болдуңуздар окшойт, ошондуктан сиздердин алдыңыздарда турган өзгөчө адамды, тагыраак айтсам, укмуштай таланттуу адам, Заславскийлик дворянин Ян Криштоф Залускийди тааныштырып кетейин. Өзүңүздөр көрүп тургандай анын эки колу жок, ал тубаса майып.
Ал өзгөчө адамдын кичинекей баланыкындай күрмөсүн, анан көйнөгүнүн чечти. Мен көзүмдү жумуп жибердим, – мага колдун белгилери да жок мулжуйган жылаңач, кууш ийиндин көрүнүшү тири сууктай көрүндү.
– Көрдүңүздөрбү? – деп кошумчалады ал арабадан куртканы кармаган боюнча артка чегинип, – эч кандай көз боёмочулук жок...
Ал чүңүрөйгөн көздөрүн ойноктотуп турган элди ага ишенбөөчүлүк менен карап жатышканына көнүп калгансыган көз карашы менен бир айланта карап алды.
– Урматтуу мырзалар, бул алдыңарда турган өзгөчө адам менин тууганым, Ян Залуский – өтө билимдүү адам. Мунун башы көпчүлүк колу бар адамдардыкынан жакшы иштейт. Андан тышкары, кадимки колу бар адамдар жасаган нерселердин баардыгын жасай алат. Ян, сенден суранам: урматтуу мырзаларга ийилип таазим кылып койчу.
Өзгөчө адамдын буттары кыймылга келе баштаганда, муну күтпөгөн эл селее түштү. Бир нече секунддан кийин сол бутунун жардамы менен оң бутунун өтүгүн чечип жиберди. Анан бутун өйдө кылып, башындагы чекелери кырылган кепкасын алып, күлкү келерлик сылыктык менен башынан ашыра көтөрүп, моюнун эңкейтип таазим кылды. Анын өткүр кара каректери селейген элди шылдыңдагандай кадала тиктеп турду.
– Оо, кудай!.. Иисус-Мария... Кудай, садагаң кетейин, касиетиңден айланайын деген күбүр-шыбыр үрөйү учкан элдин арасынан, ар кай тилдерде угулуп, бир гана арткы катардан малай Павелдин одоно, орунсуз катуу күлкүсү жаңырганда, жанында турган кызматчылардын бири аны чыганагы менен түртүп, токтотууга туура келди. Ошондон кийин айлана тымтырс боло түштү. Кара каректер кайрадан жүзүбүздү ынтаа коюп бир сыйра карап өттү да, өкүм сүрүп турган жымжырттыкты анын бир аз дирилдеп, бирок даана, катуу чыккан үнү бузду:
– Айланып чык!
Узун мурут буйрук эрте берилди дегенсип буйдала түштү. Анын чечкинсиз көз карашын көргөн мунжу жини келгендей кайталады:
– Келесоолонбо... тур, айланып чык!..
Полковник Дударев түтүнүн көккө үйлөп, мунжуга кайрылды:
– Кадырлуум, сиз аягынан баштап жаткан жоксузбу?
Мунжу тез бурулуп, аны таң калгандай карады да, узун мурутка сөзүн өжөрлөнө кайталады:
– Айлан, айланып чык!
Мага ал узун мурутту кандайдыр бир душмандык аракет кылууга жиберип жаткансып сезилди. Тигил адам калпагын алып тепкичтин алдынадагы элдин жанына келип, бели бүгүлгүчө ийилип таазим кылды да, суроолуу тиктеп калды. Ал жерде турган аялдар колдон келишинче тыйын-тыпырларын берип, ошол учурда апамдын жүзүнөн дагы эле мунжуну алгач көргөндөгү жагымсыз сезимдин издери кете элегин байкадым; дарыгер да тыйын таштады. Уляницкий узун мурутту кыжыры келгендей карап, андан соң айланасына бейкапар карап унчукпай калды. Кызматчылардын арасынан садага бергендер болгон жок. Мунжу элдин берип жаткандарын көз жаздымынан чыгарбай карап, анан чогулган тыйындарды буту менен санай баштады да, бир монетаны бутуна кыпчып өйдө кылып, дарыгерге тийишкенсип башын ийип таазим кылды:
– Пан дарыгер... Абдан жакшы... сизге ыраазымын.
Дударев, анын шылдың аралаш сөзүн түшүнбөгөнсүп, көк түтүнүн буркуратып көңүл кош үйлөп койду, түтүн созулуп барып абага тарап жок болду, бирок мага ал өзүн ыңгайсыз сезип, бир нерседен уялып жаткандай сезилди.
– Укмуш! Таң калыштуу иш, – деди пан Уляницкий жасалма үнү менен. – Таң калыштуу, ал сиздин дарыгер экениңизди кантип билди? (Дударев ак чыптама, жез топчулары бар кемсел кийип олтурган)
– Оо! Ал өткөндү, азыркы учурду жана келечекти айта алат, ал эми адамдын ичинде эмне барын бир караганда эле көрөт, – деди узун мурут ишенимдүү, алгачкы ийгиликтүү чогултуу ага дем бергендей ишеним менен.
– Ооба, мен өткөндү да, азыркы учурду да, келечекти да айтып бере алам, – деп үн катты мунжу Уляницкийге карап, анан узун мурутка кайрылды. – Бул панга жакын барчы... Ал өткөндү өзүнүн беш манжасынан да жакшы билген бечара мунжуга дагы бир монетасын бергиси келип жатат... Биз Уляницкий карбаластап каптал чөнтөгүн аңтара баштаганын таң калуу менен карап калдык. Ал жез монетаны алып чыгып, бир аз калтыраган, тырмактары өскөн манжалары менен кармап турду да... акыры аны калпакка таштады.
– Андан ары уланта бер, – деди ал узун мурут жардамчысына. Узун мурут ордуна келди да сөзүн улантты:
– Мен бул бечара тууганымды арабага салып жүргөнүмдүн себеби, ал жакшы баса албайт. Бечара Ян, кел сени тургузайын...
Ал мунжуга өйдө турууга жардам кылды. Мунжу араң турду, анын өтө эле чоң башы эргежээл денесин ылдый ныгырып жаткансыйт. Жүзүнөн кыйналганы көрүнүп, ичке буттары титиреп кетти. Ал кайрадан арабасына олтура калды.
– Ошентсе да ал өзү жылып жүрө алат.
Арабанын дөңгөлөктөрү капыстан кыймылга келип, чочуп кыйкырып жиберген эл эки жакка чачырап жол бошотушту; буттары менен теминип арабаны кыймылга келтирген шумдуктай адам эми даана эле жөргөмүшкө окшошо түштү. Ал короо ичинде бир айланып келип мурдагы турган жерине токтоду. Мунжу кыйналганынан, өңү кубара түшкөн экен, анын арабадан мени тиктеген бакырайган көздөрүн гана көрүп турдум...
– Ал буттары менен далысын тырмап, ал тургай тарана да алат.
Узун мурут мунжуга тарак берди. Ал аны буту менен алып, эпчилдик менен батек сакалын тарады да, көпчүлүктүн ичинен көзү менен издеп таап, чоң үйдүн терезесинин алдында турган үйдүн кожоюнунун үй кызматчысына буту менен өөп жаткансып ишарат кылып, салам жиберди. Терезенин жанынан кайрадан Павелдин каткырыгы угулуп, ал кайрадан муштум жегенге үлгүрдү.
– Акырында, мырзалар, ал буту менен чокунат. Ал өзү барып мунжунун баш кийимин алды. Эл жымжырт боло түштү. Мунжу көктү карап, жүзү бир көз ирмемге кызыктай абалда катый түштү. Ал кыйынчылык менен бутун чекесине, андан кийин ийиндерине, төшүнө тийгизгиче айлананы ээлеп турган жымжырттыкты, арткы катардан чыккан аялдын туталанып ыйлаган ыйы бузду. Мунжу чокунуп бүткөндө мурдагыдан да муздак көз караш менен элди сыдырып карап, чарчаңкы бирок, кескин үн менен узун мурутка сөз ыргытты:
– Айланып чык!
Бул жолу узун мурут түз эле карапайым элдин катарына кайрылды. Үшкүрүнүп, кээде чокунуп, кээси көз жашын сүртүп, карапайым эл өз алына жараша күкүмдөрүн алып чыгышып, арабакеч кафтандардын чөнтөгүн аңтарып, шашыла чуркашкан ашпозчулар арабанын жанында түртүшүп, садагаларын берип жатышты. Короодо оор, жагымсыз жымжырттык өкүм сүрүп турду. Кийинчерээк мен карапайым жүрөктөр ырым-жырым менен байланыштуу болсо, алдамчылыкка анча маани бербестигин көп жолу байкадым.
– Пан дарыгер?.. – деди мунжу суроолуу, бирок Дударевдин кыжаалат болгонун көрүп, узун мурутту Уляницкийге багыттады да, кандайдыр бир жини келгенсип Уляницкийдин өз эркине каршы дагы бир монета таштаганын көзүн албай карап турду.
– Кечирип коюңуз, – мунжу капысынан апама бурулду...– Ар бир адам колунун келишинче тамак таап жейт.
Анын үнүндө өзгөчө, аянычтуу нота бар эле. Дарыгер күтүлбөгөн жерден буркурата көк түтүн чыгарды да, чөнтөгүнөн күмүш тыйын алып чыгып мунжуну карай ыргытты. Мунжу монетаны жерден алып, мындай деди:
— Пан дарыгер, бул монетаны алдыман чыккан биринчи жакыр адамга берем... Ян Залускийдин сөзүнө ишенип коюңуз. Эй, эмне туруп калдың, уланта бер?! – күтүүсүздөн узун мурут жардамчысына бир тийди.
Мунжу буту менен тамак ичип, күрмөсүн чечип, ийнени саптагыча бул көрүнүштүн таасири дагы бир канча убакыт сакталып турду.
– Эми, урматтуу мырзалар, – деп жарыялады узун мурут салтанаттуу, - ал азыр буту менен аты-жөнүн жазат.
– Андан тышкары насаат берүүчү афоризмдерди жазам, – мунжу сөзгө аралаша кетти. – Эгер кааласаңыздар, урматтуу мырзалар, акыл-эске пайдасын тийгизип, жан-дүйнөнү байыткан афоризмдерди жалпыңарга же ар бир каалоочуга өзүнчө, бутум менен, өзгөчө акы үчүн жазып берем. Кана эмесе, Матвей, канцелярияны алып чык.
Узун мурут жол баштыгынан өтө чоң эмес папкени алып чыкты, мунжу буту менен калемсапты алып, кагазга аты-жөнүн оңой эле жазып салды:
“Заславскийлик дворянин Ян Криштоф Залуский”.
– Эми, – деди ал элге кайрылып, – кимиңиздерге афоризм жазып берейин!?.. Урматтуу мырзалар, учурду, өткөндү жана келечекти билген адамдан насаат болуучу афоризм!..
Мунжунун курч көздөрү мында тургандардын жүздөрүн сыдыра карап, бирде бирине, бирде экинчисине токтоп, тандоосу кимге токтолсо, аны ошол жерге көз карашы менен мык сыяктуу какчудай сезилди. Мен бул үнсүз көрүнүштү эч качан унутпайм. Мунжу арабасында, каз калемсабын бир аз өйдө көтөрүлгөн оң бутуна кыпчып, илхамын күткөн адамдай отурду. Анын бүт фигурасында, карикатуралык турушунда, мыскылдуу көз карашында элдин арасынан өзүнүн курмандыгын издеп жаткан сыяктуу бир нерсе бар болчу.
Карапайым элдин арасында бул көз караш түшүнүксүз башаламандык жаратты, аялдар бири-биринин артына жашынып, бирде күлүп, бирде ыйлап жатышты. Кезек ага жеткенде Пан Уляницкий айласыздан жылмайып, чөнтөгүнөн дагы монета алып чыгууга даяр экендигин билдирди. Узун мурун эпчилдик менен ага калпагын тосту... Андан соң мунжунун көз карашы бир саамга атама токтоп, андан ары Дударевдун жанынан жылып өттү, апама карап сый-урмат менен таазим этти, күтүлбөгөн жерден ал көз караш мага кадалганын сездим...
– Бул жакка кел, кичкинтай, сен дагы, – деп инимди да кошо чакырды.
Бардыгы бизге кызыгуу жана боор оруу менен карап калышты. Биз жерге кирип кетүүгө даяр элек, бирок барар жерибиз жок болчу. Мунжу кара көздөрү менен бизди теше тиктеп турду, а атам күлүп жатты.
– Болуптур, баргыла, – деди ал кээде бизди коркунучтан арылсын деп караңгы бөлмөгө камап койчу учурдагы үнү менен.
Экөөбүз тең ошол буйрукту аткаруу үчүн караңгы бөлмөгө баратканда жаралгандай коркуу сезими менен алдыга чыктык... Биз, кичинекей, уяң жеткинчектер, бизди карап күлүп турган шумдуктай жандыктын арабасынын алдына барып башыбызды жерге салып турдук. Ал бизге Павелдин көзүнчө тосмодон түшкөндө уят болгон мүнөттөн да жаман, өмүр бою унутулбаган уятка калтырар нерсени жасайт деп ойлоп жаттым...
Балким ал бир нерсе айтып берер... бирок эмне? Балким бир нече мүнөт мурун анын түрү суук жылаңач кебетесин көргөндө бүткөн боюбуз жыйрыла түшкөн сыяктуу, келечекте мен бир жаман, жийикеничтүү иш жасармын... Көздөрүм жашка толуп, бирок мага тумандын арасынан көрүнүп жаткансыган арабадагы чоочун адамдын жүзү негедир өзгөрүп, мени акылдуу, ойлуу, жумшарып бараткан жумшак көз караш менен карагандай сезилди. Анан ал тез эле калем сабын кытыратты, буту менен мага тегиз, сулуу тамгалар жазылган ак баракты сунду. Мен баракты алып, эмне кылышты билбей туруп калдым.
– Оку, – деди атам жылмайып.
Мен атамды, анан жүзүндө тынсыздануусу бар апамды карап, баракта жазылган сүйлөмдү окудум:
— “Куш учууга жаралган сыяктуу, адам бактылуу болуш үчүн жаралган”...
Мен афоризмдин маанисин дароо түшүнгөн жокмун, апамдын мунжуга ыраазы болуп караган көз карашын көргөндө гана биз үчүн окуя жакшы аяктаганын түшүндүм. Ошол учурда кайрадан мурдагыдан ишенимдүү, бекем чыккан мунжунун үнү шаңк деди:
– Айланып чык!
Узун мурут ийкемдүүлүк менен ийилип таазим кылды да, калпагын алып элди айланып кыдыра баштады. Бул жолу баардыгынан апам эң көп бергенине шегим жок. Уляницкий, берешендигимди жана эле көрсөтпөдүмбү дегенсип, кулачын жайып, узун мурутту өткөзүп жиберди. Калпакка тыйынды акыркы болуп менин атам салды.
– Жакшы айтылыптыр, – деп жылмайды ал тыйынды салып жатып, – бирок бизге бергениңиз насаат берген афоризмге караганда парадокско көбүрөк окшогонсуйт.
– Сиз дагы жакшы айттыңыз, – деп мыйгынан күлдү мунжу. – Бул афоризм, ошол эле убакта парадокс. Өз алдынча бул афоризм. Ал эми мунжунун оозунан чыкканы парадокс...Ха-ха! Бул акыйкат сөз! Мунжу да адам, бирок ал учуу үчүн жаралбаганы чындык...
Ал унчукпай калды, бир көз ирмемге анын көздөрүндө жаш кылгырып, жашылданып барып токтогонсуду...
—Бактылуу болуу үчүн дагы...— деп кошумчап койду, өзүнө айтып жаткансып үнүн акырын чыгарып.
Бирок бир заматта анын мурдагы муздак, турмуштун ырайымсыз тагдырына көнгөн, андан өз энчисин жулуп алганга маш көз карашы кайрылып келди.
– Гм! – деди ал үнүн бекем чыгарып узун мурутка. – Башка арга жок, Матвей, кадырлуу көрүүчүлөрдү дагы бир жолу айланып чык.
Оюн көрсөтүү бүттү деп ойлоп калпагын кийип алганга үлгүргөн узун мурут буйдала түштү. Кыязы, адамга жагымсыз, сый-урматка татыксыздай көрүнгөн чүрүшкөн кебетесине карабай, анын жүрөгүндө абийирдин кандайдыр бир үлүшү сакталып калгансыйт. Ал мунжуну карап олку-солку туруп калды.
– Сен эмне түшүнгөн жоксуңбу! – деди мунжу катуу. – Башында биз урматтуу мырзалардан афоризм үчүн алганбыз, а бул жерде парадокс да жаралды... Парадокс үчүн да алуу керек... Парадокс үчүн бергиле, урматтуу мырзалар!.. Бутунун жардамы менен көп балалуу чоң бүлөсүн багып жаткан бечара мунжуга парадокс үчүн садагаңарды аябагыла...
Калпак ошол учурда бүткүл кыска көчөдөн келип кошулган көрүүчүлөрү толо короону дагы бир сыйра айланып чыкты.
IV
Түшкү тамактан кийин мен короодо турганда жаныма иним келди.
– Билесиңби, – деди ал, – жанагы... мунжу... дагы эле кете элек.
– Ал кайда жүрөт?
– Биздин үйдө. Апам аны тамак ичип кет деп чакырыптыр... Узун мурутту дагы. Ал ага кашык менен тамак берип жатат...
Аңгыча биздин үйдүн бурчунан арыкчырай, тартайган узун мурут чыга калды. Ал бир аз алга жүткүнүп, эки колун аркасына алып, арабада мандаш токунуп олтурган мунжуну сүйрөп келаткан. Дарыгер жашаган кичинекей үйдүн жанынан өтүп барып, көк түтүн чыгып жаткан терезеге карап башын ийкеди да, узун мурутка: “Бол, тез айда!” деп шаштырды. Уляницкийдин каз тамак гүлдөрүнүн сүрөтү түшүрүлгөн парда тагылган жапыз терезелеринин тушуна жеткенде ал капысынан кыймылга келип кыйкырып өттү:
– Кош болуңуз, боорукер адам... Мен өткөндү, азыркыны жана келечекти өзүмдүн оң колумдун беш манжасындай эле билем... жок колумдун беш манжасындай.. ха-ха! Жок колумдун манжасындай, менин кайрымдуу адамым... Бирок бул мага өткөндү, учурдагыны жана келечекти билүүмө тоскоол болбойт!
Андан соң араба дарбазадан чыгып кетти... Биз иним экөөбүз сүйлөшүп алгансып, тыз коюп жүгүргөн боюнча кичинекей үйдү айланып өтүп, үй артындагы кичинекей короого жетип бардык. Кыска көчө чоң үйдү айланып келип, ушул жерге жакын өтмөк, биз мунжуну дагы бир жолу көрүп калганга үлгүрмөкпүз. Биз ойлогондой, жарым мүнөткө жетпей эле кыска көчөдө араба сүйрөгөн узун муруттун тартайган фигурасы көрүндү. Мунжу шылкыйып олтурган экен. Анын жүзү чарчаңкы, бирок мурдагыга караганда жөнөкөй жана жагымдуурак эле.
Аларга каршы көчөнүн аркы жээги менен сегиз жашар чамасындагы кызынын жетегинде келаткан карыган кайырчы көрүндү. Аларды көргөндө узун муруттун жүзүндө бир саамга тынсчыздануунун белгилери пайда боло калды, бирок ошол замат эч нерсе менен иши жок кишидей, билмексен болуп кайсы бир ырдын обонун кыңылдап, бейкапар кишинин кебетесин жамынды. Мунжу узун муруттагы көз алдында өтүп жаткан өзгөрүү эволюциясын мыйыгынан күлүп, аны шылдыңдагандай карап, анан ага кайрылды:
– Матвей!
Анын үнү жай чыккандыктан, узун мурут укмаксан болуп сапарын уланта берди.
– Матвей!
Узун мурут эми токтогонго аргасыз болду, мунжуга нааразы болгондой карап күңк этти:
— А! Кудай урсун, бул келесоочулук!..
— Алып чык, — деди мунжу.
— Балким!..
— Алып чык!..
— А балким?.. — деди таптакыр шөмтүрөй түшкөн узун мурут, ошентсе да чөнтөгүн аңтара баштады.
– Ал жакта эмес, – деди мунжу жини келгендей, – дарыгер берген күмүш тыйын оң чөнтөгүңдө... Чоң ата, бир аз аярлай тур.
Кайырчы токтоп, калпагын кармап, аны тиктеп туруп калды. Узун мурут катуу таарынган кишидей тултуюп, оң чөнтөгүнөн күмүш тыйынды чыгарып, кайырчынын калпагына ыргытты.
– Бул жанбактыларды кайдан шайтан айдап келе калды, – деп кобуранды узун мурут кайрадан арабанын ок жыгачын жерден алып жатып.
Кайырчы эки колу менен калпагын кармаган боюнча башын ийип таазим кылды. Мунжу чалкалай калып каткырып жиберди... Араба бизди карай жакындап келе жатты.
– А сен бүгүн өтө эле кайрымдуу болуп кеттиң го, – деди узун мурут жактырбай.
– Кандайча? – деди мунжу кызгуу менен.
– Бир карасам жагымдуу афоризмдерди жазасың, анан туруп ач-жылаңчтарга күмүш тыйын таратасың... Эл сени кандай бактылуу адам деп ойлоп жатышса керек!
Мунжу өзүнүн ачуу каткырыгы менен каткырганда, негедир бүткөн боюм дүр дей түштү.
– Ха-ха! Анда-санда берип койсо эч нерсе болбойт... анын үстүнө биз эч зыян көргөн жокпуз... Көрдүңбү жагымдуу афоризм да кээде акча алып келет. Сенин эки колуң болгону менен башың эч нерсеге жарабайт, байкуш Матвей!..
... Адам бактылуу болуш үчүн жаралган, бирок бакыт дайыма эле ал үчүн жаралган эмес. Башка адамдардын колу-буту бар. А мага жараткан эки кол чаптаганды унутуп койгон, а сага баштын ордуна ичи көңдөй ашкабак тагып коюптур... Ха-ха! Бизге бул жагымсыз болсо да, ал жалпы эрежени эч өзгөртпөйт...
Сөзүнүн аягында мунжунун үнүндөгү жагымсыз нота жоголуп, жүзүндө мага афоризм жазып жаткан учурдагыдай муңайым маанай байкалды. Бирок дал ошол мүнөттө араба биз кашаанын кырын кармап, жылчыктарынан шыкаалап турган жерге келип жетти. Бизди көрө калган мунжу кайрадан жагымсыз күлкүсү менен каткырып жиберди.
— А! бекерпоздор! Мунжуну дагы бир жолу бекер көрөлүк дедиңерби? Силерди эмне кылсам! Менин силерге окшогон жээндерим бар, аларды мен багам, тентек кылышса бутум менен сабайм... Каалайсыңарбы, байкап көргүлө... Аябай кызык. Ха-ха-ха! Коркпогула, силерге тийбейм... Адам бактылуу болуш үчүн жаралган.
Афоризм жана парадокс эки эсе баа менен... Дарыгерге мунжудан таазим кылып, ага айтып койгула, баардык адамдар тамак таап жеши керек, а жараткан ийиндериңе кол чаптаганды унутуп койгондо, бул өтө кыйын... А менин колу-буттары аман жээндерим бар... Болуптур, кош болгула, эсиңерде болсун: адам бактылуу болуш үчүн жаралган...
Араба андан ары кетти, бирок көчөнүн аягына жакындап калганда мунжу дагы бир жолу артка бурулуп, башын өйдө көтөрүп, асманда айланып учкан канаттуларды көргөзүп, бизге кыйкырды:
– Адам бакыт үчүн жаралган. Ооба, бакыт үчүн, куш учуу үчүн жаралган сыяктуу.
Анан ал бурчка кирип көрүнбөй калды, а биз иним экөөбүз бирде бош көчөнү, бирде күндүн нуруна толуп, чайыттай ачык турган көк асманда каалгып, бийик учуп жүргөн чоң кушту карап көпкө тунжурап турдук...
Биз кайрадан өз бурчубузга барып, кайырмактарыбызды колго алып, сасыган сууга ыргытып, унчукпай күмүш балыктын илинишин күтө баштадык... Бирок бул бизге баштагыдай ыракат тартуулаган жок. Тайпагай челектен сасык жыт чыгып, тереңдик өзүнүн табышмактуу сырын жоготуп койгондой, таштандылардын үймөгү, күндүн көңүлсүз жарык нуруна чулганып, кандайдыр бир бөлүкчөлөргө бөлүнгөнсүйт, ал эми арабанын сыныгы эч нерсеге керексиз таштанды экенин көрдүк.
Түнү бою иним экөөбүз тең начар уктадык, эч себеби жок эле кыйкырып, ыйлап чыктык. Айтмакчы, себеби бар болчу: көзүбүз илинип, үргүлөй баштар замат уйку-соо арасында мунжунун жүзү көз алдыбызга тартылып, анын бирде муздак, таш боор, бирде ичинде жашырып жүргөн азабын, күнү-түнү жан-дүйнөсүн кемирген сырын чагылдырган аянычтуу көздөрү көрүнүп жаткан...
Апам улам туруп дубасын окуп, наристе балдарын жаш жүрөктөрүнө жана алардын акыл-эсине тикенектей сайылган турмуштун карама-каршылыгынан жаралган алгачкы соккудан коргоого аракет кылып жатты...
1894
Которгон Абийрбек Абыкаев